Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (сериал)

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.

(Башы өткөн сандарыбызда)

Ошол түнү Жаныбек үйүнө барган жок. Жаннаттын жүзүнө тик кароого намысы, уяты жол бербеди. “Эмнеси болсо да болор иш болду, эми мени Жаннат кечирбейт. Балдарымдын алдында да жуулгус күнөөм бар, аларга кантип бармак элем? Кантип мен Жаннатты кучактайм? Анын жүзүнөн кантип сүйөм?..” деген ойлордун кучагында ошол түнү досу Нурландыкында жатты. Оор үшкүрүнүп, ары-бери оодарылып уктай албай жатканын досу байкап, балкондо салкын абада сүйлөшүп отурууну сунуштады. Көкүрөгүндөгү дартын бирөөгө айтып берүү да мындайда чоң жардам берет эмеспи. Жаныбек дагы ички сырларын досу менен бөлүшүп отурду. Демейде чекпеген тамекинин көк түтүнү Жаныбекти бул ирет каптап турду. Акыры эртеси Жаннаттан кечирим сурамак болду. Керек болсо анын алдында чөгөлөөгө даяр экендигин айтты.
Жаннат үйгө чыгып келгенден бери өзүн бир аз жеңилирээк сезип калды негедир. Эртең менен эрте туруп, короодогу гүлдөргө суу куят. Ооруканада узак убакыт жаткандыктан, бул үйдүн чаңын да сагынып калгандыгын Тумарга кайра-кайра кайталап айтып жатты:
– Үйдү ушунчалык сагындым, керек болсо короодо жаткан ар бир таштын баасын билдим. Ушул күндөр уктасам түшүмдөн, ойгонсом оюмдан кетчү эмес. Акыркы күндөрү "өлсөм да үйгө барып өлсөм экен" деп тиленип калгам. Өлүмдөн коркпойм. Кудай алам десе, азыр деле даярмын. Бирок балдарымдын келечегин ойлосом, таптакыр өлгүм келбейт. Жаныбек да минтип өз көңүлүн өзү көтөрүп жүрөт. Өлсөм, эртең эле сүйлөшүп жүргөн кызын алып келип, Айжамал менен Саматты өгөй энелүү кылат. Мен аны каалаган жокмун. Ооба, Жаныбекти жакшы көрөм дечи... Ким менен, кайда жүрсө да мейли, мен ага бакыт гана тилейм. Кайда болбосун бактылуу болсун! “Кайрылып кел, бизге керексиң” деп ага сүйүүм үчүн кулдук уруп жалынып барбайм. Бирок ал кайтып келсе, “кеткин, мага керек эмессиң” деп да куубайм. Кантсе да ал менин жан шеригим. Мен аны ушундай катачылыктары менен кошо сүйөм!
Ушул күнү эле түшкө жакын Жаныбек үйгө кирип келди:
– Кандайсың, Жаннат?
– Жакшы.
– Сени үйдөн көргөнүмө абдан кубанычтамын.
– Рахмат.
– Жаннат, сени менен сүйлөшө турган сөздөрүм бар эле, жүр, экөөбүз үйдөн алысыраак бир жерге барып сүйлөшүп келеличи...
– Эмне сөздөр? Айтпасаң да баарын түшүнүп турам! Сенин бутуңа жыгылып, кетпечи деп сурана турган мен эмесмин! Төрт тарабың кыбыла, кайда барам десең өзүң билесиң! Мени балдарым менен жайыма кой!
– Антпечи, Жаннат! Жүрсөң...
– Айта турган кебиңди ачык айта бер, үйдө эч ким жок. Балдарды Тумар алып кеткен.
– Кел, отуралычы... Жаннат, менин бир гана айтарым, мени кечир?! Башка эч нерсе дей албайм. “Сендей акмактын мага кереги жок!” деп кууп чыксаң да өз эркиң. Сенин алдыңда күнөөм чоң, аны билем,- деген бойдон башы шылк этип, ылдый карап отуруп калды.
Ошол бойдон көпкө чейин башын көтөрбөдү. Жаннат болсо отурган калыбында үн-сөзү жок. Көзүнүн жашы көл-дайра болуп жаак ылдый куюлуп турду. “Сени менен өмүр бою бирге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, жамандыкты да, жакшылыкты да чогуу көрөбүз” деп антташкан жубайлардын арасын ушинтип суук мамиле менен алдамчылык, чыккынчылык аралайт деп ким ойлоптур. Экөө тең унчукпаганы менен, ойлорунда ошол бактылуу кездери болчу. Бир маалда гана өзүн жаман сезип жатканын, башынын катуу ооруп чыкканын айтып, Жаннат өзүнүн бөлмөсүнө чыгып кетти. Жаныбек болсо ойго баткан калыбында ордунан козголгон жок.
Арадан бир жума өтсө да, Алинадан кабар жок. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, Жаныбектин жан дүйнөсүндө тынчтык болсочу. Экөө күндө тамактанчу жайга, Алинанын мурунку жашаган батирине, курбу-досторуна барат, айтор, эч жерден таппайт. Аны сүйүп калып, көргүсү келгенинен эмес, жаш кызга алданып, ортодо оозун ачкан эркек болуп калганына ичи күйүп издеп жүрдү.
Бир күнү кечке жуук үйүнө келаткан жеринен бейтааныш бир жигит токтотуп, Жаныбектин колуна сыртынан бекем оролгон кат таштап кетти. Ал катты Алина жазган эле...
“Жаныбек байке, кандайсыз? Мени издеп жүргөнүңүздү билем. Бирок сизге айтарым, убара болбоңуз. Мен азыр чет өлкөдөмүн. Сиздин акчаңыз менен эс алып дегендей. Акчаңызды калп айтып алганым үчүн кечирим сурайм. Милицияга арыз жазып кайрылбайсыз деп ойлойм. Кайрылдым дегиче жубайыңызга экөөбүздүн бактылуу кездерибиздеги сүрөттөр жетип барат дей бериңиз. Акчаңыз үчүн, азыркы кереметтүү эс алуу үчүн сизге чоң рахмат! Жакшы калыңыз. Алина”. Бул катты окуган соң Жаныбек аябай кызарып, колдору титиреп, ачуусу келип, түгү бетине чыкты. Бирок кимге эмне демек эле, өзүнүн күнөөсүн ойлоп, “сен ушундай мамилеге гана татыктуусуң, таптатынакай жубайыңдын, мотурайган балдарыңдын убалынан коркпой ушул ишке барганың үчүн өзүң күнөөлүүсүң” деп өзүн өзү жемелеген бойдон туруп калды.
Күндөр зымырап өтүп жатты. Жаныбек менен Жаннаттын мамилеси эч өзгөрүүсүз. Башын жерге салып күн сайын Жаныбек үйгө келет. Жаннат болсо жолдошуна бир да сөз сүйлөбөгөн бойдон бөлмөсүнөн чыкпайт. Ошондой күндөрдүн биринде Москвадан Жаныбекке жагымдуу кабар келди. Бул кабарды угары менен бардык ишин таштаган бойдон үйүн көздөй чуркады.
– Жаннат! Жаннат!
– Эмне болуп кетти, деги тынччылыкпы?!
– Тынччылык. Жагымдуу кабар. Жакшы болду, мен ушул күндү күтүп жүргөн элем. Эми сен айыгасың!
– Эмне болду, деги айтсаң боло?!
– Москвадан баягы сүйлөшүп келген дарыгер телефон чалды. Сени алып кел деди. Сенин ооруң тууралуу кесиптештерине айткан экен, келсин дептир. Камын, кетебиз, барып айыгып келесиң. Биротоло айыгасың!
– Корком, Жаныбек!
– Эмнеден коркосуң?
– Үмүтүм бир гана ошол жакта болуп калганда, алар да “дарыланууга кеч, адам болбойсуң” деп коюшса кантем? Ошондо күнүм асмандан түшүп, жашоом токтобойбу. Ансыз да акыркы кезде өзүм менен өзүм күрөшүп жүргөндө, үмүт-тилегим оңунан чыкпай калса эмне болот?
– Баары жайында болот. Сени толугу менен дарылашат. Өткөндө барганымда эле айткан, “эгер рак болсо, бул убакта абалы өтө начар болуп же эбак эле бул дүйнө менен коштошмок” деп. А сен, мына, керек болсо үйгө чыгып келбедиңби. Демек, сеники рак эмес. Баарын ташта да, эртең учууга даярдан.
Ушул сөздөрдү айткандан кийин гана, самолётко билет алууну ойлогондо гана Жаннаттын дарылануусуна деп камдап койгон акчасынын көбүн Алинага алдырып жибергенин эстеген Жаныбек тык токтоду...

(Уландысы кийинки сандарыбызда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
16.07.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыры эртеси Жаннаттан кечирим сурамак болду. Керек болсо анын алдында чөгөлөөгө даяр экендигин айтты. Ачыгын айтат экен менин харектиримдин копиясы экен. Олуп баратсан да ачык суйлоп олушун керек дейт го
16.07.2012. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эмне болоор экен? Кызыгына келгенде бутуп калдыго...
16.07.2012. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааааааааааааааа)) блин дагы кутуш керек((( :(
16.07.2012. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурдагы сериясын откоруп жиберипмин чорт десе

16.07.2012. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ai_ka, архивден окусаныз болот го
17.07.2012. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ai_ka, Архивди карап окуп алсаныз болот.
17.07.2012. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eh dostor. Baktyluu jawoo jok. Baktyluu kundor bar. Owon uchun ar bir kundu este kalaarlyk kylyp otkorgongo araket kylyw kerek. Suiuuktun janynda ekeninde kadyrlap, wirin sozdorunu aityp al. Kiyin bir mezgil kelet owol sozdu aitkanga jan werik tappai kalywybyz mumkun.
17.07.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myna kyzyk,emi kyzygyna keldi okwoit.
20.07.2012. 06:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй достор ушундан коро китеп окугула мисалы, Чынгыз Айтматов "тоолор кулаганда"......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо