АК-СУУ БАЛДАР ҮЙҮНҮН ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТҮ

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Суу балдар үйү 1996-жылдан бери 3 жаштан 18 жашка чейинки балдарды тарбиялап келет. 120 балага ылайыкташып курулган. Жатаканасы 2 корпустан турат. Биринде жалаң кыздар, экинчисинде балдар жашашат. Шарты жагынан кыйкым издөөнүн кереги жок. Себеби жакында эле болгон текшерүүдө шарты эң мыкты деп табылып, аталган балдар үйү республикада 1-орунду ээлегендиги көңүл жибитет.
Белгилей кетсек, чачтарач, тигүүчүлүк курстары да бар. Ал курстардын ийгилиги катары турмушка чыккан кыздарга сеп даярдаганын көрсөтсөк болот. Быйыл аталган балдар үйүнөн 101 бала тарбияланып, анын ичинен 15и мектепти аяктап, ЖОЖго тапшырышты.
Балдар үйү курулган алгачкы жылдары киши ыйлаарлык абалда болуп, жамгыр жааган сайын чатырдан тамчы тамып турчу. Бүгүнкү күндө балдар үйүндөгү шарттар дээрлик талапка жооп берелик.

АР УЛУТТАГЫ БАЛДАР БИР ТУУГАНДАЙ БОЛУП КАЛЫШАТ
Кээ бир балдар үйүнөн көрбөгөн буюмду ушул жерге келгенде көрүп, мыкты делген тарбиячылардын колунда. Башкалардай билим алып, жашоого болгон көз караштарын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошентсе да бала деген бала да, кандай болгон күндө да баары бир аларга ата-эненин мээрими жетишпей тургандыгын жалжылдаган көздөрүнөн байкоого болот. Бирөөсүнүн ата-энеси каза болуп калса, экинчиси өгөйлөнүп, тууганынын үйүнө батпаган, дагы бирин таштап кетсе, башкасы жетишпеген турмуштан улам бул жерде.
Балдар үйүнөн ар улуттагы бөбөктөрдү кезиктирүүгө болот. Кыргыз, орус, дунган жана башка улуттагы балдар бир туугандай чоңоюшат. Мектеп жашына жеткенде билимди ушул эле айылда жайгашкан кыргыз жана орус мектептерден алышат. Мектеп менен балдар үйүнүн аралыгы жакын.

ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТ
Балдар үйүнө тиешелүү 2 гектар жерди эски дубал ээлеп жатканына бир топ жылдын жүзү болду. Ал дубалды буздуруп, спорт аянтчасын салууга балдар үйүнүн жетекчилери аракет кылышкандары менен, жыйынтык чыкпай келет. Бош жер керексиз жатканча, машыгууга шарт түзүлсө, балдарга бир топ эле жакшы нерсе болору айтпаса да белгилүү. Мүмкүн, аткаминерлер алгылыктуу иш жасап, бул балдар үйүнө спорт аянтчасын куруп беришер деген тилектебиз.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
18.07.2012. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишинер жакшылыка ашсын!
18.07.2012. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ий бобокторум колумдан келсе коп коп жардам бергим келет.
19.07.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акыл-эстуу балдардан болуп чонойгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо