КООН ЖЕП ЖАШАРЫҢЫЗ

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.

Жай мезгилинде коон кичинелер менен кошо чоңдордун да сүйүп жеген даамдуу азыгы. Адам коонду жеп суусунун кандырып, курсагын тойгузуп гана тим болбостон, ден соолугуна пайда алып келип, жашарып да жатканын унутпоосу керек. Эмесе, коондун сан түркүн касиеттери...
Коондун мекени – Орто жана Кичи Азия. Европада Рим империясы кезинен тарта колдонушат. Учурда Түштүк Европада, Азияда, Түндүк Америкада (АКШ), Индияда, Африкада, Иранда, Ооганстанда жана башка климаты жылуу аймактарда өстүрүлөт. Эң көп сорттору Орто Азияда. Коонду Батыш Европага эң көп экспорттоочу өлкөлөргө Кытай, Иран, Египет кирет.

АДАМДЫ ЖАШАРТЫП, БЕЛ КУБАТТЫ КӨТӨРӨТ
Коондун курамында кант, крахмал, белок, пектин, органикалык кислоталар, кремний, витаминдерден C, PP жана башкалар бар. Калийдин жана темирдин тузу да болгондуктан, аз кандуулук, боор, бөйрөк, кызыл жүгүрүк, жүрөк-кан тамыр ооруларын айыктырууда жана нерв системин бекемдөөдө колдонулат. Курамындагы кремний терини жашартып, ичегилердин иштөөсүн (ич катуудан арылтат) жакшыртат. Клетчатка организмден холестериндерди чыгарып, оорулардын жаралышына бөгөт коёт. Коон жашартуучу да касиетке ээ. Бекеринен “коон чачты жылтыратып, көздү нурдантып, каалоону күчтөнтөт (бел кубатты көтөрүп)” деп айтылып калган эмес.
Эскертүү: Коонду тамак жегенден 2-3 сааттан соң жесе, денеге толук сиңип, көбүрөөк пайда алып келет. Ашыкча жеп алуу ичегилердин иштөөсүн бузат. Кант диабети жана ашказан, он эки эли ичегинин жарасынан азап тарткандарга 1-2 тилимден ашык жегенге болбойт!

КЫЗЫКТУУ

  • Австралияда "Канталупа" анделегин 3-4кө бөлүп алып, ичин кашык менен жешет.
  • Бадыраңга окшоп кеткен жылан сымал коон (армян бадыраңы деп да аталат) Арменияда жана Кытайда өстүрүлөт.
  • Коондун сүрөттөрү Ватикандын байыркы фрескаларынан да жолугат.
  • Өзбекстан менен Тажикстанда коондон бекмес (балга окшош таттуу, коюу азык) даярдашат. Бул үчүн коондун ширесине бышырылган ак чопонун упадай майдасынан бир аз кошуп кайнатышат.

КООН АЗЫКТАРЫ ДАСТОРКОНДО
Коондон кыям, жем, мармелад, повидло, компот, цукат (кабыгынан даярдалат), коон кактарды жасашат.

КЫЯМ
Керектүүлөр:
Коон – 2 килограмм
Суу – 1 литр
Кумшекер – 2 килограмм 350 грамм
Ванилин – 1 чай кашык
Лимон кислотасы – 0,5 чай кашык

Жасоо ыкмасы:
Коон кесилип, чарчы түрүндө чоңураак тууралат. Тууралгандар кайнаган сууга 4-5 мүнөт салынып, анан муздак сууда муздатылат. Бул кезде кумшекерге сууну кошуп кайнатып, сироп даярдап алабыз. Эми сиропко тууралган коондорду салып, 4 саат коёбуз. Анан жай отто 10 мүнөт кайнатып, бөлмө температурасында муздатабыз. Кайрадан отко кыям даяр болгуча коюп, оттон чыгардан 3 мүнөт мурун ванилин менен лимон кислотасын кошуп коюу кажет. Кыям даяр банкаларга куюлуп, оозу жабылат.
Кышкыга даамдуу кыям ар дасторкондо болсо, кандай сонун!

КООН КАК
Коонду кабыгы менен уругунан тазалап, ичке тилимдерге тилип, көлөкө жерге илип 8-10 күндөй кургатуу керек. Кургагандарын 3төн бириктирип өрүп сактап койсоңуз, даамдуу азык сизге кызмат кылууга даяр.

КООН СУУСУНДУГУ
Керектүүлөр:
Коон – 300 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Лимон кислотасы – 3 чымчым
Ак шарап – 50 грамм
Суу – 650 грамм

Жасоо ыкмасы:
Кайнак сууга кумшекерди жана лимон кислотасын салып эритип, анан кайрадан кайнатып алуу кажет. Анан сиропту муздатып, ага майда чарчы тууралган коон кесимдерин салып, 30-40 мүнөт бөлмө температурасында кармоо зарыл. Суусундук ичүүгө даяр.

СУЛУУЛУГУҢУЗДУ САКТАҢЫЗ!
Чач үчүн лосьон. Коонду эзип, ширесин дакиден өткөрүп алуу кажет. Ширени чачка толук сүртүп, 20-30 мүнөттөн кийин шампунь менен жууп салуу кажет. Лосьонду аптасына 2 ирет колдонуп турса, чач жылтырап өңүнө чыгып, жумшак болуп калат.
Кургак бет үчүн сүт (молочко). Коондун ширеси канча өлчөмдө болсо, ошончо өлчөмдө сүт жана минералдык суу кошулат. Бул каражат бетти агартып, анча-мынча такты кетирип, терини серпилгич кылат.
Бардык беттер үчүн маска. Бул маска түрү бет терисин азыктандырып, жашартып, сергитет. Коон боткосун бетке 10-15 мүнөт жабуу зарыл. Айта кетчү нерсе, коондун кабыгында витаминдер көп. Андыктан аны ич жагынан бетке 10-15 мүнөт жаап маска жасаса да өтө жакшы.
Майлуу беттер үчүн маска. 1 аш кашык коондун боткосуна 1 жумуртканын агын кошуп, чалып алабыз. Бетке 15-20 мүнөт коюлган соң жуулуп салынат.
Жогорудагы каражаттардын кайсынысы болбосун моюн терисине да колдонсо, моюн терисин жашартып, мурдагы сулуулугун кайтарып алган болосуз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


Коон адамды жашартат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
16.07.2012. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеңеш экен. Тиги купальникчен жаткан аял укмуш карайт го,бир көзүн ачып алыып)))))
16.07.2012. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmm sagyndym kooon kan4adan beri bizdin koondu jei elekmin, Europada bizdikindei 4on koon jok eken, je barby bilbeim men keziktire elekmin, baary ele kolomy bizdin Andalektei bolgon koonun jep jatabyz!Sagyndym, men u4un dagy Kyrgyzstandyktar awygyraak jep koigula ee vitamin bolup kalsyn!
16.07.2012. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртен эле соссуз коондон маска жасайм.кенешинерге рахмат.
SUPER.KG видео
17.07.2012. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм, коон жегим келип кеттииии...
17.07.2012. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде коон маскага эмес жегенге жок. Болсо да даамы жок
SUPER.KG видео
18.07.2012. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гастрит болгондорго жаман экен да. Мен ага карабай жей берем баари бир )))
19.07.2012. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мен коонго токсикоз болуп жатам, шилекейим куйулуп кетти ахххх....
20.07.2012. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видео жакшы корсотпой жатат го,коон сонун да.
21.07.2012. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat, a men emi varen'e jasagandy uironup aldym))
21.07.2012. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы савет экен айрыкча келиндер колдонсо болгудай
SUPER.KG видео
22.07.2012. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коондун пайдалуу жактары коп экенин эми билдим силерге рахмат бугундон кийин эми жалан коон жеймин
22.07.2012. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карачы бизде коондун да кымбаттап кеткенин карасан,эмне баарын талап кетип жатасынар десем,маска кылабыз дешет,шумдугун кургурлар десе.Эми жегенге таппай калат окшойбуз.
22.07.2012. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо анда коонду кобуроок жеш керек экен да э.
22.07.2012. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men kondu an4a jebeim bir kesim jesem ele jakpai ketet darbyzdyda an4a jebeim tabitim jok alma jonundo savet bergile4i almany a9bai jakwy korom
21.09.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун кээде коон кессен, кээ бир жери ушундай ачуу дары кошкондой?. Бала кезимдеги коондордой таттуу коон азыр жок, тиштесен даамы жок суу еле 3 жылдан бери 1 да таттуу коон жей элекмин. андан коро тышы быдыр анаделктер таттуу болот.
13.07.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кенеш экен мага жакты. Рахмаат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо