ЭРЛАН АНДАШЕВДЕН "ЫЙМАН ЫРЫ"
-
“КЕҢЕШ” тобу Орусиянын 8 шаарына гастролго аттанышат.
-
Актриса НАЗИРА БЕРДИГУЛОВА ЖОЖду аяктап, кызыл дипломдуу болду.
-
АЛЕКС “Леди весна” аттуу ырын орус жана кыргыз тилдеринде жаздырып жүргөн кези.
-
ЗАМИР МЫРЗА Алайдын жайлоосунда эс алып жүрөт.
-
ЖАНЫБЕК АЛЫКУЛОВ мекендештерибиздин чакыруусу менен Москвага барып, концерт коюп кайтты.
-
ЭРЛАН АНДАШЕВ Орозого карата “Ыйман ыры” деген аталыштагы ырына клип тарттырды.
-
Рэпер ДОБР карындашын күйөөгө узатып, кайнага болуу алдында турат.
-
КАМЧЫ САРЫБАЕВ “Курманжан датка” тасмасында башкы ролдордун бирин ойнойт.
-
АРСЕН “Бир сендей” аттуу ырына Ысык-Көлдөн клип тарттыруу камында.
-
МИРБЕК АТАБЕКОВ күзүндө болчу концертине даярданып жүрөт.
-
ТАЛАНТ АНАРБАЕВ менен САНЖАР БЕРДИБЕКОВ түштүк жергесин кыдырып концерт беришет.
-
РЫСБЕК ЖАБИРОВ өзбек-кыргыз мамилесине арналган “Мезгил дарылайт” аттуу кыска метраждуу фильмин тартып бүттү.
-
Режиссёр ЧЫҢГЫЗ ТӨРӨБЕКОВ “Салам, Нью-Йорк!” тасмасын тартуу үчүн АКШга сапар тартат.
-
Легендарлуу “НА-НА” тобунун рэпери Рей Хортондун Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө.
- АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА көпчүлүктүн өтүнүчү менен күзүндө концерт берүүгө даярданууда.
star@super.kg