Гүлжигит Сатибеков: «КҮЙӨӨДӨН ЧЫККАН КЕЛИНГЕ ҮЙЛӨНБӨЙМ»

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.

Учурда тамашалуу ыр, клиптери менен элдин көңүлүн буруп турган ырчы Гүлжигит Сатибеков төмөндө сүйүүсү, жеке жашоосу тууралуу баяндайт.

Аты-жөнү – Гүлжигит Сатибеков
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Мукур айылы
Туулган жылы – 1980-жыл, 9-январь
Бою – 173 см,
Салмагы – 73 кг,
Үй-бүлөдө – 6 бир туугандын экинчиси
Фобиясы – машинанын жогорку ылдамдыгы
Кыялы – татыктуу жар табуу
Репертуарындагы ырлары – “Коштошуу”, “Ошко сапар”, “Балама” жана башка

– Гүлжигит байке, бул ирет сиз менен жалаң гана жеке жашооңуз тууралуу сүйлөшөлү дедик. Кандай кыздарга көз артасыз?
– Аны сөз менен айтып бере албайм. Ал кызды мен бир карап туруп эле жактырып калышым керек.

– Демек, көзүңүз менен сүйөт экенсиз да?
– Сүйлөшүп да көрөсүң дечи, бирок бир караганда өзүнө тартып турган кыз болушу керек.

– Антсе да талаптарыңыз бар чыгар? Эркектер “ыймандуу, сулуу, кара көз болсун” деп айта беришет го...
– Кыскасы, жүрөгүң тандаса, көзү көк кызды деле сүйүп каласың (күлүп).

– Ошол бир карап жактырган кыз менен кантип таанышасыз?
– Негизи, мен кыздар менен көп сүйлөшө бербейм. Бирок бир кыз жагып калса, түз эле барып “кандайсың?” деп учурашып, телефон номерин алганга аракет кылам.

– Бербей койсочу?
– Башка жолдор менен бердиртем да. Мисалы, “клипке тартайын дедим эле” деген сыяктуу.

– Демек, атактуулук жардам берет турбайбы...
– Жардам берип калат. Бирок көбүнчө кыздар менен отуруш, кечелерге барганда эле таанышам. Атайын барып таанышкан учурлар аз эле болгон.

– Клиптериңизден улам сизге намаз окуган кыздар жагат го деп калдым. Аялыңыз намаз окушу керекпи?
– Эң негизгиси, түшүнүктүү болушу керек. Намазды убагы келгенде, балким, окуйттурбуз. Мен азыр намаз окубаган эле кыз менен сүйлөшүп жүрөм. Ал кыз көңүлүмө жагат. Башка эч нерсе айткым келбейт.

– Болочок жубайыңызды кандай элестетесиз?
– Чыгармачылыгыма түшүнө караган, ыймандуу, таза, тыкан... Камыр тамакты аябай жакшы көргөндүктөн, ошондой тамактарды жакшы жасаган кыз болсо жакшы болот.

– “Качан үйлөнөсүң?” деген суроо кулак-мээни жеп жатабы?
– Ооба. Көп сурашат. Кыздар менен сүйлөшкөндө азыр этият мамиле кылып калгам. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп. “Экинчи ирет жаңылып калсам эмне болот?” деп көп ойлоном. Жаш өткөн сайын кыздардын кичинекей болсо да кемчилигин таап чыга берет экенсиң. Баары жакса, мурду жакпай калат же сүйлөгөнү жакпай калат дегендей. Ошон үчүн 11-классты бүтүп, көзүң караңгылап жүргөндө эле үйлөнүп алыш керек экен. “Тандап жүрүп тазга жолугуп каламбы?” деп да ойлоп коём.

– Мурунку жубайыңыз менен сүйлөшүп турасызбы?
– Баламды сурап турам.

– Жарашайын деген ой жокпу?
– Жок. Мен аябай көк бет баламын. Ажырашып жаткан маалда “болду, жарашпайм” деп аялыма да, өзүмө да сөз бергем.

– Турмуштан чыккан кызга үй лөнө бересизби?
– Жок. Көк бет баламын дедим го. Ажырашып жатканда “жакшы, татыктуу кыз алам” деп да өзүмө сөз бергем.

– Турмуштан чыккандар татыктуу эмес болуп калабы ошондо?
– Бешенеге жазганы да. Балким, жылдызым келишип калса, үйлөнүүдөн качпайм дечи, бирок...

– Бирок эркектер кыздарга үйлөнгүсү келет да, ээ?
– Эркектин баарынын ою ошондой болот да.

– Сүйүү барбы сиз үчүн?
– Бар. Бир окумуштуу айткандай, сүйүү бул – эки адамдын ортосундагы чоң күрөш. Жыргалына караганда азабы көбүрөөк.

– Башыңыздан өткөн сүйүүлөрдүн бирин эске салсаңыз...
– Студент маалда сүйлөшкөн кызым бар эле. Аны ушунчалык жакшы көрчүмүн. Барактарга ырларды жазып колуна кармата берчүмүн. Сүйлөшөбүз деп коридордун башына барып отуруп алып “кандайсың?” десем, “жакшымын” дейт. Болду, ошону менен экөөбүз тең сүрдөп, сүйлөбөй жарым саатча отура берчүбүз. Бир маалда “кеттикпи?” десем, “ооба” дейт. Анан кетип калабыз. Күнүгө “бүгүн аябай сүйлөшүп келбесем” деп даярданып барам да, кайра эле ошол жорук кайталанат. Ал кыз кийин турмушка чыгып кеткен. Бирок алгачкы обондорум ошол кызга арналып, ошондон кийин чыгармачылыкка аралаша баштагам. Ал ырларым элге чыга элек. Азыр болсо отуздан өткөндөн кийин, Алыкул жазгандай, көңүл калуулар бат болот окшойт.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(44)
16.07.2012. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уялбай кантип айты кыз алам деп. Бойдок болсо да бир жон эле. Атактуумун деп кыз алам деп айтпашы керек . Кыздар деле уйлонбогон бойдок жигиттерге тийгиси келет. Тен тени менен, тезек кабы менен дейт кыргыз элимде.
16.07.2012. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ФОРУМЧулар жаман болдунар го кыз алабы же келин алабы ар кимдин озунун иши,терикпей бак тилеп койгула болдуда, ал бешенеге эмнени жазса ошону коробуз адамзат!!!
16.07.2012. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
merim, Лично мен бакыт каалабайм , биринчи аялын таштап , баласын таштап , анан дагы Кыз алам дегенин бети жок .
16.07.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ushundai erketerden kudai ozu saktasyn.Birinchi kyz tiet beken ?Ozu birinchi tatYktuu beken ? Ushul suroogo joop izdep anan aitsa bolmok eken .
16.07.2012. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ten teni menen tezek kaby menen,tenine ele uilonson bolmok. Men kokmun dep,koktugun maktanbai. By4akty ozuno sai oorubasa anan bawkaga saigyn. Seninda karyndawyndy je kyzyn 2aial bolup tiyise ne kylasyn!?
16.07.2012. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыздар жаман чычалапсынарго? кыз алабы келин алабы ал озунун ишида.. Атактуу ырчы болсо кыз алатда анан бойдок болсо, кайсы кыз тиет депсинер дагы ар бир адам турмушта жанылышат аны башынарга тушкондо билесинер..
18.07.2012. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
semakg, канчалык атактуулугун билбейм,чын айтсам мен да бир да ырын укпапмын.Кок бет болобу?Соз берип коёбу,жараткан эмнени жазса ошону корот.Баланыз чоноюп,анын апасына кылган мамилениз сизге кайтса (баланызда сиздин кок беттигиниз болсо)анан тушуноорсуз.Кимди алсаныз да менин кадырыма жетсин деп тилек кылыныз.СОЗ БЕРИП койдум дебей.Бактылуу болунуз.
18.07.2012. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zirek.kyz, атактуу эле эмес жон гана мумкун аялы менен болунушкондо кыз алам деп койгондур да,бул соз го жон эле аябай эле арданып ким бул дегенге чейин барыпсынар да,башка улуттардын артистери бирин алып бирин кетирсе деле чыгармасына тийштирип эч нерсе айтылбай эле журот го же жалганбы?козу ачылса озу чечет да эми,бизге эч кандай деле кызыкчылыгы жок да жеке жашоосунун.
16.07.2012. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул балага ким тиймек эле азыр кыздар дагы карыларды карабайт жаштарды карап калган,отуздан ашып калыптыр жашы,дагы кыз алам деп когонун,эми сен балким уч торт баласы бар келин алып калбагын.
17.07.2012. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
азыр аялы м.н ажырашкан балдардын тушунугу ушундай,кыз алыш керек себеби тиги аялына уят болбош керек.кордунбу сен кеттин эле мен кыз алдым деп мактаныш керек да.кызга бергис жубан бар,тайга бергис кунан бар деген соз бар элибизде ошону эске ала журсок жашы болот эле
17.07.2012. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Озу билет да.Кыз алса кыз алсын.Не эле мен лично бакыт каалабайм деп.Бактылуу болсун.Азыр куйоого чыкпай,бойдок жургон кыздар деле толтура.
17.07.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озу буга куйоого тийген кыз тийеби, башкасын коюп, страшный, как последний дунганин.
17.07.2012. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ии олом да,ушу биздин жылдыздар оозун коптуруп бирдеме болсо эле айта беришет газетага,кыйратып иш жасагансып.Кыз алам деп,андан коро аялынын баласынын абалын ойлобойбу суйлоордон мурда кандай болсо дагы баласынын апасы да,жамандыр жакшыдыр бактылуу коз ирмем болгон.
17.07.2012. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
yrchylarga zakon jok degen ushu da kok bettengenin kara
17.07.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр дегендей...бул ырчыбыздын да озуно жараша кыялы бар экенда. Эми кыз алам деп катуу суйлоп кеткенго бешенеге жазганын коромда деп кичинеда болсо суйлоо этикасын колдонбоптурда...
18.07.2012. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мактанчаактык бул. Озуно карап суйлосо жакшы болмок. Гулжигит кыз алгыдай асмандан тушкон эмес да. Туурабы????Биринчи жубайы татыктуу жар болуп бере алган эмес окшойт.
18.07.2012. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз берем дебей дагы деле уулун ойлосо болмок
18.07.2012. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болду эми туугандар анын жашоосуна тийишпей чыгармасын угуп журо берели,мумкун пиар кылып жон эле элге тийишип суйлоп жаткандыр хе-хе.бизге кандай айырмасы бар балким 11ди буткон жаш кыз тием деп калаар,ар кимдин тени бар да кимге окшобосун.баары сулуу,тын болуп калса жашоо кызыксыз болуп калбайбы достор!
18.07.2012. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozun asmanda elstetip alyptyr go, tipichnyi myrk. i pesni ego besyat,stremnie... Pfffffff
19.07.2012. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намазды убагы келгенде окуйбуз дейт. Ошол убагы келгиче жашашыбызга ким горантия берет болду экен. Аллах озу кечирсин куноолорубузду.
19.07.2012. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кыздар немецтен жаман калксынар да...
19.07.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдын аброюна шек келтирген эн жаман иш. Кыз алып, аны да кетирип, дагы кыз ала берсин, чал болуп калса да ала берсин. Акыретте жообун берет. Кантсе да эл алдындагы киши кандай суйлогону денгээлинен кабар берет. Ага теригип дарегине жаман кеп айткан туура эмес да.
19.07.2012. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
намыздуу кыздарыбыз коооп болсун!
21.07.2012. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектердин атынан эркек суйлой алат! Кандай тилин барды? Андай акмак, арам оюн менен Аксылыктардын кадырына шек келтирдин сен!
22.07.2012. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да бир согойун дедим эле менден мурун эле айтчу созумду айтып коюпсунар силерге кошулам АКМАК да сулуурак болсо таза олтурмок экен
22.07.2012. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emi emne demek elek ozunuz bilesizda.Birok aityp koetgo TEN TENI MENEN TEZEK KABY MENEN dep
22.07.2012. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beti jok kantip aittyn kyz alam dep!!!!negizi bul yrchyny taanybait ekem.Kyz alam degen sozun okup kalyp kim eken desem,ajyrashkan ele biroo turbaiby!!!!!
24.07.2012. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуларды окугандан кийин бир дагы кыз тийбей койсо экен,ошондо эшек алат эле да.
26.07.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздан артык жубан бар дегенди унутпагылачы. Бир кыз менен турмуш кура албай калып, кайра эле кыз алам дегенин тигинин. Кептин баары озундо болуш керек.Улам эле кыз кайда экен. Деле дымагын.
27.07.2012. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас! Гулжигит сени жакшы эле билем, бул айткан создорун озундун абалына жараша болбой калыптыр ((( окунучтуу. Убакыт корсотот баарын...
28.07.2012. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчинин азабын экинчи берди сазайын- деген кеп бар. бул жашоодо ар бир созубузго жооп бермек бар
28.07.2012. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз алабы, келин алабы эн негизгиси бактылуу омур суру жубайы менен! Кыз алып деле ажырашып жатышпайбы, ажырашкан келиндердин бактысын ким ойлойт?!
08.10.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birinchi ayalyn jalko ushuga okshogondordon kudai ozu saktasyn adamdyn kadyryna jetpeit
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо