Токтобүбү Черикчиева: «БУЙРУТМА МЕНЕН МЕНИ САБАП КЕТИШКЕН»

№507 20-июль-26-июль, 2012-ж

«Карап, карап, кайрадан сени самап...» деген хит ырдын аткаруучусу, шайыр, баарын балп эттире айтып салмай мүнөзү бар ырчы Токтобүбү Черикчиева бүгүн сиздерге сырларын төгөт.

«УЛУУ СҮЙҮҮДӨН ЖАРАЛГАН НАРИСТЕМИН»
– Мен Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 1969-жылы 5-апрелде жарык дүйнөгө келгем. Ата-энемдин улуу сүйүүсүнөн жаралган жалгыз наристесимин. Анткени атам менен апам беш балалуу болуп, бешөө тең чарчай бергенде экөө ажырашып кетишет. Атам башка бүлө күтүп, ал никесинен үч балалуу болот. Бирок атамдын апама болгон сүйүүсү күчтүү экен, кийин кайра апама үйлөнүп, ошондо мен төрөлгөм. Ысымымды да атайын «ушул наристе токтосун» деп Токтобүбү аташыптыр. Тагдыр аларды үч-төрт жылга эле бириктирген окшойт, анткени мен 3-4кө чыкканда кайра ажырашып кетишкен экен.
Ошентип, балалыгымды апам менен жалгыз өткөрдүм. Кээде көп балалуу үй-бүлөлөрдү көргөндө ичим ачышып, «мен да ушундай үй-бүлөдө төрөлсөм эмне?» деп кейип калчумун. Апам айтчу, «абдан тентек болчусуң» деп. 5 жаштарда болсом керек, апам бээ саап жүргөндө мен айгырдын төрт туягынын ортосуна кирип отуруп алып, апам «кел-кел» деп алдап чакырса да чыкпай койгон элем. Ошондо апамдын жүрөгү түшүп, «айгыр тээп салбаса экен деп абдан коркком» деп айтып калар эле.
Апам өмүр бою соода кызматкери болуп иштеп, бүт күчүн мага татыктуу тарбия берүүгө арнады. Бала кезимде мени такыр бош койчу эмес, ар кайсы ийримдерге катыштырып, сабактарымды көзөмөлдөп турчу. Ал эми атамды элес-булас билем. «13 жашар баланын арманы» деген ырды мен алгач атамдан уккам. Комузун кыңылдатып ушул ырды созуп калчу. Анын экинчи никесиндеги балдары менен азыр катташып турам.

«БИШКЕККЕ ЖЕТКИЧЕ ЫЙЛАП БАРГАНМЫН»
– Апам мени 4-классымдан баштап эле комуз ийримине берген. 8-классты бүткөндөн кийин шаарга кетем деп туруп алдым. Мугалимдеримдин бүтүрүү күбөлүгүмдү бербей аябай кыйнашканы эсимде, «сен шаарга кетип калсаң апаң жалгыз калбайбы, аны ким карайт?» дешип. Кийин апам ортого түшүп күбөлүктү алып берди. Ошондо да мугалимдеримдин «эгер окууга өтпөй калсаң, сени ПТУга жиберебиз» деп коркутушканына деле кайыл болуп, кетем дей бериптирмин.
Шаарга кетериме бир күн калганда апам чыттан сонун көйнөк тигип берген. Аны улам карап, такыр кийгим келбейт десең, ичимден «жок, муну бир гана шаарга кием» деп. Апамдын мени бекетке алып келип узатып жаткандагы түрү азыркыга чейин көз алдымдан кетпейт. Ошондо биринчи жолу апамдан алыска кетип жаткан элем. Экөөбүздүн коштошуубуз аскерге баласын узаткан эне-баладай эле болгон. Бишкекке жеткиче көз жашым тыйылбай шолоктоп барганмын.

«ӨКСҮК, КУСАЛЫГЫМДЫ КҮҮ АРКЫЛУУ ЧЫГАРАМ»
– Айылдан келерим менен Самара Токтакунованын колуна түшүп, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга кыйынчылыксыз эле өтүп кеттим. Окуум менен катар Эстебес Турсуналиевдин «Эл шайырлары» тобунда иштеп, алар менен гастролдорго чыгып калдым. Чынында, мен бактылуу экенмин. Анткени Жараткан ар бир эле адамга Эстебес Турсуналиев, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Мыктыбек Үмөталиев, Толтой Мураталиев өңдүү залкар адамдар менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк бербесе керек.
Мен өзүм комузчумун, ичимдеги ой-толгоо, муң-кайгы, өксүк-кусалыгымды бир гана күү аркылуу чыгара алам. Башка музыкалык аспаптарда мыкты ойносом да, жүрөккө эң эле жакыны комуз боло алды. Анткени бир гана күүнү мыкты билген адамдар комуздун эмне аспап экенин жакшы түшүнүшөт.

«ФИЛАРМОНИЯДАН КЕТКЕНГЕ АРГАСЫЗ БОЛДУМ»
– 15 жашымдан бери иштеп, экинчи уям болуп калган филармониядан эки жыл мурун кеткенге туура келди. Себеби көп. Бир чети ошол учурда апам ооруп, аны бейтапканаларга көрсөтүп, жумушка убактым жок болуп калды. Экинчиден, жумушка белгилүү себептер менен барбай калсаң деле жетекчилик «рапорт жаз» дей берчү. Үчүнчүдөн, айлыгы 3600 сом эле, анан да пландалган концерттерге көп чыкчубуз. Кечинде алып келип филармонияга таштап коёт, андан ары такси менен кетесиңби, жөө кетесиңби, эптеп үйүңө өзүң жетишиң керек. Акыры чыдабай, шартыма байланыштуу жумуштан кеткенге аргасыз болдум.
Көпчүлүк адамдар сурашат, «эмнеге наам ала элексиң?» деп. Менин муунумдагы ырчылардын дээрлик көбүнө «Эмгек сиңирген артист», «Эл артисти» деген наамдар берилди. Мага 5 жыл мурун Ардак грамотасын беришкен, азырынча сыйлыгым ошол. Мисалы, мен өмүр бою мамлекетке иштедим, берсе деле жарашат болчу.
Мүнөзүм эркек сыяктуу, ушакка жокмун, бетке шар айтканды жакшы көрөм, абдан ак көңүлмүн, адамдарга жакшылык гана кылгым келет. Бирок көп убактарда кылган жакшылыгым өзүмө кайтпай калат.

«БУТ ТОСУУЛАР БОЛУП ЭЛЕ КЕЛАТАТ»
– Бут тосуу ар бир чөйрөдө кездешет. Мен бул нерсени мыйзам ченемдүү көрүнүш деп карайм. Мага бут тосуулар болуп эле жүргөн жана болуп эле келатат. Мен алардын жоругун этибарга албайм деле. Эсимде, Малайзияга гастролго кетүүгө даярданып жатканда мага кол салуу болгон. Лифтке эми түшөйүн деп жатсам, артымдан эки орус кыз келип бети-башымды тытып, чачымды жулмалап, мен коргонуп, тепкиленгениме болбой сабап кетишкен. Көрсө, ал буйрутма иш экен. Мени Малайзияга барбай калсын деген максатта ошондой буйрутма беришиптир. Бирок бетимдеги жарааттарды жашырып, эптеп Малайзияга барып келгем, ага карабай.

«АПАМ ШАШЫП "БУЛ КОШУНАНЫН ҮЙҮ" ДЕП САЛЫПТЫР»
– Бир жолу Италияга иш сапар чыгып калып, жетекчибиз Эстебес Турсуналиевге айтпай, «ооруканада жатат» деген кагаз ачтыра коюп чет өлкөгө кетип калгам. Эстебес ата өзү аябай жоопкерчиликтүү жетекчи болчу. Апама «мени ооруканада жатат деп коюңуз» деп айтып кеткем. Бир күнү Эстекем телефон чалып, апамдан менин кайсы ооруканада жатканымды сурайт. Апам менин кайсы ооруканада жатканымды билбесин айтат. Эстекем «анда эртең чалам, күйөөсүнөн кайсы ооруканада жатарын сурап коюңуз, биз жамаат менен барып коёлу» дейт. Эртеси апам жуунуп жатса, телефон улам чырылдайт. Апам байкуш шашып келатып кафелден тайгаланып, бир чети эмне деп жооп айтарын билбей карбаластап келип трубканы алып, «айланайын Эстебес, биздин үйдө телефон иштебей калган, мен кошуна орустардыкындамын. Алар жаман көрүп жатышат, экинчи бул жакка чалбачы» дей салган экен. Кесиптештерим кийин айтышат, Эстекем биринчи ишенип трубканы коюп салып, анан ойлонуп, «мен Токтобүбүнүн үйүнө чалсам, «бул кошунанын үйү» дейт да...» деп түшүнүп-түшүнбөй кызык болгон экен.

«БИЗ АЖЫРАШКАНДАН КИЙИН АЛ АДАМ КИШИ КОЛДУУ БОЛДУ»
– 19 жашымда «Ак-Марал» тобунун бийчисине турмушка чыгып, 3 жылдан кийин ажырашып кеттик. Биз ажырашкандан кийин ал адам киши колдуу болуп каза тапты. Учурдагы үй-бүлөм менен бактылуу доорду сүрүп жүрөм. Жолдошум мамлекеттик кызматта иштегендиктен, менин гезит-журналдарга чыкканымды жактыра бербейт.
Эки баланын энесимин. Уулум Чыңгыз 18 жашта, учурда Юридикалык академияда студент, ал эми кызым Медина 9 жашта, жеке менчик мектептердин биринде билим алат. Үйдө тазалыкты абдан катуу кармайм. Учурда мен үчүн үй-бүлөм биринчи орунда. Аялзаты катары өзүмдү бактылуумун деп эсептейм.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Токтобүбү Черикчиева: "Атайы буйрутма берип мени сабатышкан..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
SUPER.KG видео
21.07.2012. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yrahmat ayabay kiziktuu maek boluptur. Talantinizdi baalaibiz, Chygarmachylygynyzga iygilik, anan koro albastik degen ar dayim bolo beret eken, birok kizdar liften sabaganga araket kilgani ayabay okundurdu.
SUPER.KG видео
21.07.2012. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын аял экенсиз! Уйбулонуз менен бактылуу болунуз!
SUPER.KG видео
22.07.2012. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Allahim baardik plandarinizga jetkirsin, sizdi el suyot, iygilik sizge :)
SUPER.KG видео
22.07.2012. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сизге эжеке!баягы-баягы дегендей эжеке ошол эле жаш бойдон экенсиз,бирок сизге узун чач жарашат экен,чыпчын айтам хе-хе.маегиниз жакты чымындын учканы угула тургандай тынчтыкта угуп отурдум.бактылуу болунуз.супер азаматсынар ушундай сонун маек курганынарга,чыгармачыл ийгилик!
23.07.2012. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сизге Токтобубу эже бар болунуз
23.07.2012. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдарга жакшылык кылганыныз жакшы экен. Бирок адамдардан жакшылык кайтат деген ойдо жасабаш керек. Адамдардан кайтпаса кудайдан кайтат. Бул турмушта ар кандай кор албастык, ичи тардык, анан да бут тосуулар болуп келген жана боло берет. Ага эч конул чоктурбой оз ишинизди кыла бериниз. Ит уро берет кербен журо берет. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм.
23.07.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтобубу эже сиздин интервюнуздан бир окуя эсиме тушо калды.Аяш атамдын колунда иштеп,анан аяш атам озум жактырган Токтобубу Черчиеванынын концертине алып барам деп бирок спектакл коргону барганбыз!Муну менен айтайын дегеним сиз коп кыргыздын журогундосуз!Талантынызга таазим!
23.07.2012. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинизге ийгилик.ушул эжекебиздин Болбой калдым колукту деген ырын таппай журом жардам берип койгулачы
23.07.2012. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandaycha siylyk ala elek, kyzyk? kyrgyzdyn en jakshy talanttu, madaniyatka salymyn koshkon adam go Toktobubu eje. Bashka "jasalma jyldyzdarga" syilyk bergenche ushu ejeni iraazy kylyshpayby.
24.07.2012. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
milli бизде кобунчо олгондо берет да Борончу айткандай
24.07.2012. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтобубу эжеге ийгилик, уй булоонуз менен бар болунуз
SUPER.KG видео
24.07.2012. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз!!!
26.07.2012. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичи тарлар, же өздөрү жашабайт адамча, же өзгөнү жашатпайт. Алардын өздөрүнүн колунан келбейт, колунан келгенди көрө алышпайт, бут тозушат. Жүрөгү таза киши кана жеңишке жетишет. Ошондуктан, вперед и с песней! Токтобүбү эже!
SUPER.KG видео
28.07.2012. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтобубу эже унунузго, талантынызга таазим, кобуроок ырдасаныз жакшы болмок.Сиздин ырларынызды 94-жылдардан бери угуп келем, сизден жаны ырларды кутом,ишинизге ийгилик жана бакыт каалайм.
SUPER.KG видео
13.09.2012. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтобубу эженин бир ыры жагат, ырдын аталышын билбейм бирок "ак жолукту кыйгач байлап" деген ыры жагат. ар бир ырдаган ыры жан дуйнодон орун алат Бактылуу болунуз
SUPER.KG видео
11.10.2012. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай кучтуу жана кооз ун менен ырдабай жургонуно тушунбойм. Баягы кыргыздын коро албастык оорусу болсо керек, дагы бироо Токтобубунун жолун тосуп ырдатпай жатат го деп ойлойм. Кыргызстанга ушундай кучтуу ырчылар аябай керек, эми деле ырдаса болмок. Супер-Инфодон сураныч дагы ырларынан жуктоп койгулачы. Токтобубу сизге ийгилик, жакшы пландарыныз бар экен, алар да ишке ашуусун каалайм.
02.04.2013. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтобубы эже, бар болунуз! Кудайым сиздин уй-булонузду, чыгармачыгылынызды колдосун!
Медиа-портал
04.07.2015. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул маегинен кийин бой которгон ырчы деп ойлоп калдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо