Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» ТҮРК ЭЛИН НЕГЕ НАМЫСТАНТТЫ?

№507 20-июль-26-июль, 2012-ж

Жанры – Тарыхый драма
Режиссёру – Ягмур жана Дурул Тайлан (ага-инилер)
Продюсери – Тимур Савжи
Сценарийдин автору – Мерал Окай
Башкы ролдордо – Халит Эргенч (Сулейман), Мерьем Узерли (Хюррем, Роксалана), Сельма Эргеч (Хатиже cултан), Небахат Чехре (Валиде султан), Окан Ялабык (Ибрагим паша), Нур Айсан (Махидевран cултан), Мелике Ипек Ялова (Изабелла Фортуна)
Экранда – 2011-жылы 5-январда Түркияда, 2011-жылы 22-декабрда Азербайжанда, 2012-жылы 14-январда Орусияда, 2012-жылдын 20-мартынан ушул күнгө чейин Казакстанда көрсөтүлгөн
Сериялардын узактыгы – 90-100 мүнөт
Тарткан өлкө – Түркия

ТҮРК СЕРИАЛДАР ТОЛКУНУ КАПТАДЫ
"Учурда бизде кайсы өлкөнүн сериалдары популярдуу?” деген суроого жооп издебей деле койсок болчудай. Анткени бул суроонун жообун окурмандардын дээрлик көпчүлүгү билип калды өңдөнөт. Албетте, корей, анан түрк сериалдары. Азыр базарга барсаң, күркөлөрдөн кайсы бир түрк сериалынын уландысын күтүп, диск издеп жаткан кардарды жолуктурасың. Түрк сериалдары менен “ооруп”, бир да сериясын калтырбай көргөн кино сүйүүчүлөр бир эле бизде эмес, бүткүл КМШ өлкөлөрүндө бар. Айрыкча биз төмөндө баян кыла турган сериалды КМШ өлкөлөрүнөн сырткары Европа мамлекеттеринде, араб өлкөлөрүндө да калтырбай көрүшкөнү бизди жагымдуу таң калтырды. Анда Түркиянын тарыхында өчпөз из калтырган Осмон империясынын улуу башкаруучусу Сулейман тууралуу тартылган “Даңазалуу кылым” аттуу тарыхый сериалды баян кылмакчыбыз.

СУЛТАНДЫН ЖҮРӨГҮНӨ ЖОЛ ТАПКАН УКРАИН КЫЗЫ
Сериалда Осмон империясынын 10-султаны Сулеймандын украиналык сулуу Роксаланага болгон кумардуу, ысык сүйүүсү менен анын гареминдеги башка аялдарынын ортосундагы интригалар сүрөттөлөт. Сулеймандын жүрөгүнө жол таап, аны сүйдүрө алган Роксалана секелек кезинде эле вазир Ибрагим паша тарабынан султанга белекке берилген. Куулук, интрига жана арам жолдор менен гаремде жашаган Роксалана Сулейманды азгырып, өзүнө имерип, күңдүктөн мыйзамдуу аялы болгонго жетишет. Анткени ал өмүр бою султандын аялдарынан кордук көрүп жашагысы келген эмес. Ислам динин кабыл алгандан кийин ысымын Хюррем кылып өзгөртүп, султандын башка аялдары менен тымызын согушуп жүрүп отурат. Хюррем бир гана төшөктө кумарлуу эмес, искусствону да жакшы түшүнгөн, айрым мамлекеттик иштерди мыкты өздөштүргөн айым болчу. Сулейманга мыкты кеңешчи да эле. Бирок анын максаты – Сулеймандын биринчи аялы Махидеврандан туулган уулу Мустафаны мураскор эмес, өзүнүн баласын атасынын ордун басуучу катары көргүсү келет. Хюррем амбициясын ишке ашыруу үчүн жолун тоскон бүт адамдарды жок кылууга даяр. Сериал гаремдеги Сулеймандын күң аялдары күйөөсүн бири-биринен кызганып, чыккынчылык кылып, дуба окутуп, урушуп-тытышып, сабатып кеткен сценаларга жык толгон.

СЕРИАЛДЫ ЖАРАТУУЧУЛАРГА ТҮРК ЭЛИ НААРАЗЫ
Сериал жарыкка чыккандан баштап түрктөр анын жаратуучуларына катуу нааразы. Алар тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып калган башкаруучу Сулейманды тасмада шарап ичтирип, кыз жандуу кылып көрсөткөнү, мусулман динин тутунган түрк элинин намысын кемсинткенге барабар дешет. Аталган сериал Түркиянын тарыхында эң көп акча сарпталган алгачкы долбоор. Болжол менен фильмдин жалпы бюджети 7 миллионго жакын долларды түзүп, ондогон өлкөлөрдө эң көп көрүлгөн тасмага айланганына карабай, түрк эли бул кинонун жаратуучуларын жемелөөнү токтотпой келет.

СИЗ БИЛЕСИЗБИ?

  • Түркиядагы радио жана телевидениелерди көзөмөлдөгөн Жогорку кеңешке 70 миңден ашуун адам арыз менен кайрылган. Алардын көпчүлүгү “Даңазалуу кылым” сериалында тарыхый окуялар бурмаланып берилип жатат” деген нааразычылыктарын билдиришкен.
  • Түркиянын премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган фильмдин жаратуучуларын “жаштарга Түркиянын тарыхынын тескей жагын алып көрсөтүүдө” деп айыптаган.
  • Фильмдеги Изабелла Фортуна аттуу образ – ойдон чыгарылган каарман. Анткени чыныгы тарыхтагы ханыша Изабелла I Кастильская эч качан cултандын күң аялы болгон эмес. Ханыша 1504-жылы каза болсо, Сулейман 1520-жылы гана тактыга отурган.
  • Сериалдын үчүнчү сезону быйыл күздө түркиялык “Star TV” каналынан көрсөтүлөт.
  • Cериалдын сценаристи Мерал Окай айым 2012-жылдын апрель айында көз жумган.
  • "Фильмдеги актёрлордун костюмдары Сулейман жашаган доордун кийимдерине окшошпой, тескерисинче, европалаштырылып тигилип калган" деген ойлор айтылып келет.

КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ

Халит Эргенч (Сулейман) 1970-жылы 30-апрелде Стамбулда актёрлордун үй-бүлөсүндө туулган. 2008-жылы актриса Сойсалды Жиземге баш кошуп, бир жарым жылдан кийин ажырашып кетет. Андан соң актриса Бергизар Koрелге үйлөнгөн. Экөөнүн бир уулу бар.

Мерьем Узерли (Хюррем) 1983-жылы 12-августта Германиянын Кассел шаарчасында төрөлгөн. Атасы түрк, апасы немис кызы.

Небахат Чехре (Валиде султан) 1945-жылы 15-мартта Кара деңиздин жээгиндеги Самсун шаарында төрөлгөн. 15 жашында “Түркия периси” наамын алгандан кийин фотомоделдик кесипти аркалай баштаган. Актриса бизге “Тыюу салынган сүйүү” сериалынан тааныш.

Окан Ялабык (Ибрагим паша) 1978-жылы Стамбулда туулган. “Даңазалуу кылым” сериалындагы Ибрагим пашанын ролу үчүн “Анталья” сыйлыгынын “Мыкты эркектин ролу” наамын алган.

Сельма Эргеч (Хатиже султан) 1978-жылы 1-ноябрда Германиянын Хамм шаарында дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы түрк, апасы немис кызы. Кесиби актриса жана модель. Ата-энеси дарыгер болгондуктан, медициналык факультетке тапшырып, бейтапканада стажёр болуп иштеген.

Нур Айсан (Махидевран султан) 1980-жылы 12-ноябрда Германиянын Дуйсбург шаарында төрөлгөн. Атасы түрк, апасы немис улутунун өкүлдөрү. Нур кийимдердин дизайнын чийүүгө кызыгат. Кезинде банк кызматкери, алпаруучу болуп да иштеген.

Лунара Бекиева
kino@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(48)
23.07.2012. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биз дагы МАНАС атабызды кино кылып тартсак болбойбу? сюмбуль ага жагат да мага
29.07.2012. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kumarbeka, MANAS atabyzdyn kinosu bul serialdai kylyp tartyla turgan bolso men karshymyn, sebebi bul serialda taryhta bolbogon koptogon tuura emes jaman nerseler bar, MANAS atama da andai kylynyshyn kaalabaim
29.07.2012. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kumarbeka, Сюмбуль ага хе хе хе
23.07.2012. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
50 сериясына келдим аябай сонун.
23.07.2012. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага оло жагат бул кино.бирок кее бир жерлери менимче туура эмес тартылган.мисалы Сулейман Хюремден 3 балалуу болгондон кийин гана нике кыят.мусулманчлыкта никесиз бала арам деп айтылат го
24.07.2012. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatka19, Шариатты жакшылап окуп уйронуш керек. Шариатта падышага же ото бай адамга колундагы кун б.а. кул аял менен никесиз кошулууга жол берилет. Сериалды жакшылап конул буруп корсон, качан гана Хюррем Сулеймандан азат кыл деп суранып, Сулейман азаттык бергенден кийин эми нике кыябыз деп чыгат. Никесиз Сулейманды жанына жолотпой койот, мен азат аялмын, Шариат жол бербейт деп.
27.07.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
orun, 1саат же 1тунго сатып алсачы?
29.07.2012. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir_kgz, азыр андай кул ээлоо, б.а. феодалисттик коом жок. Ар бир жаран эркин, азат. Кулчулукка адам укуктары жол бербейт. Эч кимдин башка бироону сатып алууга же сатууга укугу жок. Эгер кимдир бироо адамды сатуу же сатып алуу мн алектенсе ( адам аткезчилиги мн) мыйзам алдында жооп берет, мейли Аллахтын мыйзамы алдында же мейли адамдар озу ойлоп тапкан мыйзам алдында болсун.
29.09.2012. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orun, Хюремди ибрагим сатып алып султанга белек кылат.
23.07.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Манас бабабызды турк элине тенегим келбейт (албетте ар ким озуно баатыр, озуно сулуу дегилечи бирок,Манаска теноого болбойт)Эгерде чындап эле турк эли айткандай бурмалап тартса ... АА Манасты мынтууго болбойт!каражаты болсо бери дегенде 35-40 миллион кетет деп ойлойм. Эмнеге болбосун болот,бирок кино жарыкка чыккандан кийин парламентке мындай даттануулар болбош керек.Жалгыз ценарий эчнерсени жазалбайт копчулук жана ынтымак анандагы 7 олчоп жарым кесуу керек ...
23.07.2012. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
suleyman padisha tarihta 'miyzamchi Suleyman' degen lakap menen ati kalgan,kaarduu,miyzamchi temirdey kiyali bekem adam bolgon.Anin oshol ozgocholuktorun kinodo kop chagildirbay,koruuchulordu kiziktirish uchun b.a. reytingge chigarip biznes uchun gana korkomdop,jashtardin konulun bura turgan kilip tartilgan.Antkeni korkomdoboso,serialda ashik,kozbayloolor,ushakchilik,suyuu menen korkomdoboso serial reytingge chigip minchalik sozulmak emes,bul jerdegi maksat- akcha tabuu...
29.07.2012. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elif, sizge koshulam :)
23.07.2012. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nege kirgiz eli turk serialdarin kazakcha,oruscha korushot,al emi korey serialdarin ozbekche? Jashtar,ish izdep jurgon jashtar,turkchodon kotorup diskke jazdirip dele satip ish kilsanar bolot go,azir kop kirgiz jashtari turkcho bilishet...
23.07.2012. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин суйгон сериалым го. Кана бизде ушундай сериал тартылып калынса Хюрремдин ролун аткармакмын. Биз деле Манас атабызды дантап сериал тартсак болот, ал учун каражат коп кетет го дейм. Акчасы коп чондорубуздун бири колдоп берсе Кыргыз ким, кантип пайда болгон Манас атабыз аркылуу дуйно элине таанылмакпыз.
24.07.2012. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jildizka, анда мен Манастын, а сен Каныкейдин ролун коркомуно чыгарып аткармакпыз. :-))
23.07.2012. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
korgum keltat
23.07.2012. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен коруп атып чыдабай турдуруп салып аякы сериясын кордум .Тарыхта Ибрагим паша, Мустафаны олтурткону жаман болуптур
23.07.2012. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aroka_07, канчанчысын кордун .мен 64 таппай атам .кайерден корсом болот
26.07.2012. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dia-omur, мен деле 63 сериясын кордум кузундо 3 сезону башталат экен куто туралы
23.07.2012. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага турк сериалдары абдан жагат баары маанилуу тартылган бул кино да абдан жакшы
24.07.2012. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинону коро элекмин корбоймда жакпайт
27.07.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tilek88.88kg, a sen bir ele seriyasyn poprobui korup, anan bizdei bolup oorup,uktabai kalasyn.)))
29.07.2012. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tilek88.88kg, kolunuzdan kelse korboi ele koiunuz, jawoo serialsyz dagy kyzyk :)
25.07.2012. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
актрисалардын кобунун энеси немис бирок туркчо балакеттей суйлошот...
25.07.2012. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dostor bul kinonun oruschasy kandai jazyp koigulachy
25.07.2012. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijamal-19.90, орусчасы „Великолепный век”. Орусияда „Домашний” телеканалынан берип жатат. А мен туркчосун 63-болумуно чейин коруп буттум.
27.07.2012. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijamal-19.90, Великолепный век.
25.07.2012. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
достор базарларда сатат бекен????????????
25.07.2012. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орусчасы ВЕЛИКАЛЕПНЫЙ ВЕК аябай жакшы кино туну уктабай коргон кундорум болгон 63-сериясында токтоп калган уландысы куздо чыгат aroka_07 сен бироолордон угуп эле жаза бербе андай болбойт Мустафаны оз атасы олтурот китепте ошондой жазылган
26.07.2012. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgstar, мен бироолордон укканым жок интернеттен окугам .Ибрагим пашаны деле Сулайман олтурткон турбайбы.Мунун артында Хюрремдин да кандайдыр бир денгелде тиешеси бар деп жазылганын окуп ошонун негизинде жазгам
02.09.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aroka_07, ey uwakchilar ech nerseni bilip bilbey turup jaza berbesener,Ibragim pawani Suleyman olturtpoyt,ani Huyromdun chon balasi olturot
25.07.2012. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кино 600 серия
26.07.2012. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турк сериялы демекчи мен Фатмагульду коруп ооруп жатам 66 серясынан кийинкиси чыкпай жатат, билсенер айтып койгулачы каерден тапса болот жана дагы озу канча серия???
26.07.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кино менин жумушума дагы тоскоол болуп жатат уйкудан калып жатам аягы качан бутот
26.07.2012. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мнеге турктор бироо кара бироо сары десе кандарында орустар коп турбайбы. Негизи башынан эле орус кыздарга жакын экен да булар.
26.07.2012. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Небахат Чехре 1945-жылы туулган дейби?
26.07.2012. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен сериал кинолорду корбойм коргум дагы келбейт
27.07.2012. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал кинону контактан тапсанар болот!
27.07.2012. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni tan kaltyrgany aktrisalardyn baarysy germaniyada torolup,apalary nemka bolgondoru. turoktordun baarysy ele nemkalarga bash kosho bergenbi deim da? Birok aktrisalarga soz jok, ayabai jagymduu, nazik, suluu. Dovol'no korosunda kinonu. Hyurremdin nastyrnaya bolgonu, ozu uchun ech kimge jol berbei kurowkonu jagat.Negizi ele jalwy serial,maga jagat.
27.07.2012. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orun.маакул ссени м.н маакул болойун бирок.никесиз балдарычы ????? алар арам болбойбу????
29.07.2012. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatka19, жок болбойт. Автоматический брак.
27.07.2012. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
щщщщ бул кино менин суйуктуу куйнолорумдун бири болуп калганго, мага андагы ар бир актриса. актерлордун ролдору жагат мисалы озгочо жакканы Хадича султандын рольн озгочо жактырамын да. Жагымдуу момунтай кыздай болуп журуп женелерини бир, эки ооз созу менен тынчытканы жагатта озуно мыктты жарашкан ошол рольу жана Хуремдин и Сулеймандын рольдру жагат
28.07.2012. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men dagy turkiyeden korup jatam,bardyk turktor jakshy korushot bul seriyaldy,kyrgyzstanda kaisyl jerine keldi eken :)??
29.07.2012. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurul, janylyshasyz, turktor a9bai karshy bul serialga, birok kee birleri da a9bai jakshy korot, turktordun taryhyn jaman kylyp korsotup atkanyna karabastan
28.07.2012. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
montana Фатмагуль 80 серия, онлайн кинодон тапсан болот
29.07.2012. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мен Ибрагим пашаны суйуп калдыыым!!!скрипканы чертсе эзилип кетем го атаганат!
01.08.2012. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
slm gurbet turktordun bary emes bir gana imandary karwy,kalk bolso jakshy korot:)
13.08.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун кино.Баары жакшы аткарган.2чи сезонун чыдамсыздык менен кутуп жатам.Буйурса,жакында Хабардан берилет экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо