СУЛАЙМАНОВ ЧЫН ЭЛЕ КАЧТЫБЫ?
№507 20-июль-26-июль, 2012-ж
Убагында каалаганын кылган чиновниктердин жооп берчү күнү эми келди окшойт. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 17-июлда экс-башкы прокурор Эльмурза Сатыбалдиевге жана экс-министр Нурлан Сулаймановдун кылмыш иштерине аралашкан-аралашпагандыгы иликтенип жатканын кабарлады. "Ата Журттун" депутаты Нурлан мырза "Транспорт жана коммуникация министрлигин жетектеп турган убакта уурдап-тоноого катышкан" деп шектелүүдө. Ал эми Эльмурза мырзага "2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдөн 3 миллион акча алып чыгып кеткен" деген айып тагылууда. Иликтөө иштери аяктаса, бул иш башкы прокурор Аида Салянованын колуна өткөрүлүп берилмекчи. Жогорку Кеңеш 2 айлык каникулга чыккандан кийин “Сулайманов чет өлкөгө качып кетиптир” деген кеп тараган. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Нурлан Сулайманов тергөөгө келбей жатат.