Гүлзина Мамаева: «АКМАТ БАКИЕВ МЕНИ КОЛДОГОНУ ЧЫНДЫК»

№507 20-июль-26-июль, 2012-ж

«Алтынчы күнү кечинде», «Насыйкат», «Өптүрүп койчу жүзүңдөн» деген ырларды визиттик карточкасына айландырган Гүлзина Мамаева биз менен маек курду.

Саламатсызбы, маегибизди кичинекей Гүлзина эже тууралуу маалыматтан баштабайлыбы?
– Саламатчылык, жакшы болот. Эсимде, 6 жашыма чейин “р” тамгасына тилим келбей “таайынба мага, жайдайы кайа, өзгөйтсөң эми мүнөзүңдү...” деп ырдай берчүмүн. Аным улууларга кызык сезилип, кайра-кайра сурана беришчү. Менде да тартыныч деген жок, дароо созуп кирер элем. Мектепте такай майрамдарда ырдап жүргөм. Команда болуп жарышып калганда өзүм эле ыр чыгарып айтып салчумун. Мектепте окуп жүргөндө өткүр кыз болдум. Мугалимдер сыртка чыгып кетти дегиче доскага чыгып ырдап кирет элем.

– Ырга шык эмгектен келип чыктыбы же талантпы?
– Таятам аты чыкпаса да жамактап ырдаган төкмө акын, азыркыга чейин той-мааракелерде жамактап калат. Үйдө деле баары жакшы ырдашат. Жадакалса кичинекей бөбөгүбүздү бешикке бөлөгөндө жөн терметсең уктабайт.

– “Сен үчүн бир тамчы сууга чөгүп өлөм” деген сүйүү каттары сизге да келсе керек...
– Биз мектепти бала кыял менен эле бүтүп кетиптирбиз. Ар кандай кече болуп калса, жеңил бийге балдар чакырса да “экинчи келбей коём” деп бийлечү эмеспиз. Айылдагы мектебим 9 жылдык болгонуна байланыштуу кийин Винсовхоз деген жердеги Гагарин мектебине келип, 10-11-классты уладым. Ошондо бир бала кат жазса, дароо эле күйөөгө тийип кетчүдөй сезилип, аябай корккон элем. Анда ырдайм деген кыялым күч болуп, «Достук» деген ансамблге кирип алгам, көп деле балдарга көңүл бөлчү эмесмин.

– Ошентип чыгармачылыкка тартыла баштадыңыз...
– Ооба, бир жолу Каныкей Эралиева биз жакка концерт коюп келип калды. Ишенесиңби, ошондо концерттин башынан аягына чейин ыйлап отургам. “Мен чоң сахнага ырдап чыга албай каламбы?” деген ой мени ээлеп алган.

– Чоң сахнага чыкканда кандай сезимдер болгон?
– “Достукта” ырдап жүргөм. Бир күнү даярдыгы жок эле жер кыдырып, анан аягында менин айылыма гастролдоп барабыз деп калышты. Айылдаштарымдан сүрдөдүмбү, айтор, оозум кургап, эл жылмайып ырдаса, мен үңкүйүп кабагымды бүркөп алыптырмын. Андан соң 2002-жылы “Жалал-Абад азем түндөрү” деген чоң фестивалга катышкам. Максатым баш байгени утуу эмес болчу. Аттуу-баштуу ага-эжелер менен ырдаган чоң сыймык болгон. Анда да ийгиликтүү ырдап, гала-концертке чейин катышкам.

– Сизди колдогондор көп болдубу же бут тоскондорбу?
– Чынында, колдогонго караганда бут тосуулар көп болду. Жаңыдан чыгып келе жатканда артымдан сөз кылып, жаманатты кылгысы келгендер кездешти. Аны угуп, мен көп ыйлачумун. Санаалаш ага-эжемдер, ата-энем мени колдоп, “элге көрүнүп калган экенсиң, эл сени сөз кыла беришет. Ырдабайм десең, анда эшикти кулпулатып отуруп ал” деп күч беришчү. Ошентип жүрүп, азыр бышып калдым окшойт андай сөздөргө, көп көңүл деле бөлбөйм. “Мага бекер пиар болуп жатат да” деп күлүп коём. Кыргыздын канына сиңип калган турбайбы, эки адамдын башы бириккен жерде ушак сүйлөшөт экен. Адамдын жакшы жагын эмес, эгер ал чалынып кетсе, «жыгылып кетти» деп айтканды жакшы көрөт экенбиз.

– Ушак деп жатасыз, бул Акмат Бакиев экөөңүздөрдүн мамилеңиздерден улам чыкса керек...
– Акмат Бакиев – атамдын бир тууган инисинин жакын досторунун бири. Ал кичинемден бери ата-энемдин колунан чай ичип, катташып жүргөн киши. Элге таанылып калгандан кийин мени ар кандай чоң кечелерге чакырып ырдатып калчу, мени колдоп жүргөнү чындык. Бизде атактуу адам менен болсо эле, экөөнү сүйлөштүрүп, жадакалса балалуу кылып салат эмеспи. Менде да ошондой окуя болду. Мен балалуу болсом, бир күнү жетелеп чыкмакмын да, бала деген бир жерге катып койчу буюм эмес го. Башында буга аябай капаланып ыйлап жүрдүм. Атам “Акмат менин иним болот. Чындыкты эл билбесе, биз билебиз” деп сооротуп жүрдү. Апам ооруп жүргөн эле, бир күнү мени чакырып алып, «менин артымдан жүрүп чыгармачылыгыңдан алыстап кеттиң. Жеке концертимди берем» деп жүрдүң эле, ошонун үстүнөн чык» деп калды. Ошол сөздөн соң 2008-жылы Ош, Жалал-Абадда жеке концертимди бердим. Андан соң эле апам каза болуп, аза күтүү салтына ылайык, мен жоолук салынып, көк кийип калдым. Ошону эл көрүп, «концертин уюштуруп берди, эми мына, жоолук салынып жүрөт. Бул Акматка турмушка чыгып алган» деп сөз чыгарып жиберишиптир.

– Сөз айтып, балким, демөөрчү болом дегендер чыгып жаткандыр...
– Кыз бала эркектей эмес экен да, сүйгөн адамын үйгө ала качып келип отургузуп койгондой. Шашып, адамды билип-билбей турмушка чыгып алып, кийин төркүнүнө барганда мени тосуп алчу апам деле жок. Ал эми демөөрчү боюнча, «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп калбадымбы.

Гүлжамал Бөрүкулова
jalalabad@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
23.07.2012. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык, анда эмне учун былтыр Ахмат Бакиев сиздин уйунуздон кармалды экен...?
23.07.2012. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ахматтан го баласы жок болушу мумкун,бирок ошол ДОСТУК ансамблинин жетекчисинен кызы бар да.Кызы озуно окшош,жанылбасам беш алты жашар болуп калды.
24.07.2012. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйлагандан болок нерсени билбейт окшойт
24.07.2012. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Достук" ансамблинин жетекчиси Муктар деген киши менен ысык мамилеси бар, экөө кайда болбосун жетелешип басып жүрөт деп менин да укканым бар. Мынча чырлуу кыз болбосо...
24.07.2012. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзина эже жакшы адамды коп соз кылышат коро албагандар дейт!Атам “Акмат менин иним болот. Чындыкты эл билбесе, биз билебиз дептир туура айтата!Жанакы Достук ансаблинин жетекчисинен кызы бар деген бул жалган!Болбогон ушак
25.07.2012. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлзина эже аябай жөнөкөй кыз. "Достук" тобунун жетекчиси Мухтар байке асыл адам деп билем. Кайда болбосун Гүлзинаны ээрчитип, элге ырларын сиңирүүнүн аракетинде. Болгону ал өтө жумшак мүнөз киши, аяр сүйлөп, көңүлчөк дагы. Экөөнүн ортосунда эч кандай жакындык жок, мен буларды жакшы билем. Эл оозунда элек жок дейт, айта беришет тура..
"Алтынчы күнү
25.07.2012. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечинде" ыры өзгөчө "дүң" болду окшойт. Кыз кишиге чыгармачылыкта кыйын. Эми тандаган жолунда чалынбай, ийгиликтерди даамдай берсин!
25.07.2012. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оой теменени капка беките алмак беле.Кызы бар мен оз козум менен коргом.Муктар менин тууганым болот.Аялы тытынып эле журдуго Гульзинадан кызы бар экен деп.
28.07.2012. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх мусулмандар неге адамдардын артынан кирише беребиз.кайсы куну барбыз кайсы куну жокпуз аны жалгыз Аллах гана билет.кызы барбы баласы барбы ар бир инсан куносу болсо Алланын алдында озу жооб берет.биз жон гана ийгилик каалап койгонубуз дурус инша'аллах
14.08.2013. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульзина эже! Чыгармачылыгынызга ийгилик. Анча мынча ушактарга конул болбонуз. Биз сизди жакшы билебиз жана сыйлайбыз. Турмушта оз ордунузду таап бактылуу болунуз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо