САХНАНЫН САЛМАКТУУСУ КИМ ДА, АРЫГЫ КИМ?

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Сахна адамдарынын боюнун узундугун жана салмагын сурап чыкканыбызда төмөнкүдөй жоопторду алдык. Бирок ал жооптордун 100 пайызга так жана туура экенине биз кепилдик бере албайбыз. Боюнун кыскалыгын, салмагынын аздыгын же ашыкчалыгын бурмалап жашыргандар болсо, алардын өз эркинде калды.

ИСА
"Ай, эжеке..." деп ырдаган кичинекей Иса Өмүркулов азыр 80 килограмм салмактагы жигит болуп чоңойгон. Бою – 184 сантиметр. Ананчы?! Бир жагынан Асыл эжеси бапестеп, экинчи жагынан апасы ар бир кадамын көзөмөлгө алып бөпөлөп турушса, Иса чоңойбогондо ким чоңоёт? Эжекелерине тийишип ырдаган Иса эми "Сүйүү жазына" мас болуп, жыргал жашоо дал ушул жигитке жарашып тургандай.

САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА
Сайкал Садыбакасова кичинесинен эле томпойгон кыз экенин билебиз. Топтогу Айжамал, Гүлнара, Кенже өңдүү эжекелери бирден шоколад алып берсе эле канча калория... Ошентип отуруп убагында салмагы жагынан 70ке чыгып кеткен ырчы кыз "диета кармап жүрүп 55ке түштүм" дейт.Анан да "болду, эми өмүр бою ушул салмакты сактайм" деп өзүнө сөз берип отурган чагы. Бой жагына келсек, Кудайга шүгүр, 170 сантиметр.

АСКАТ МУСАБЕКОВ
"Аруузатым" деген ыры жакшы багып жатабы же дайыма жанында жүргөн жубайы, кыл кыякчы Залина басса-турса жолдошунун курсагын ойлоп турабы, айтор, Асакебиз 90 килограммды чапчып, көзгө толор салмагы болгону менен, ырчы өзүн анчалык толукмун деп эсептебейт. Анткен менен "сахна адамы болгондон кийин бир аз арыкташ керек го деп, көп жумуш кылып жатам" дейт ырчы. Бою болсо 179 сантиметр.

АЙБЕК ЗАМИРБЕК уулу
Шоу-бизнестеги дагы бир кыздардын көзүн күйгүзгөн мырза – Айбек Замирбек уулу. Айбектин бою 187 сантиметр болгону менен, салмагы 75 эле килограмм. Шоу чөйрөдөгү Арсен, Омар сыяктуу досторунан Айбекке майлуу орун тийбей жатабы, ким билет?.. Же зыңкыйып көп кыздардын көңүлүн буруунун аракетиби? Айтор, бой деген бар жана ал чын эле далай көздү күйгүзөт. Ага салмак дагы кошуп койсо, андан да көп көздү сүйдүрсө керек эле.

НУРЛАН НАСИП
Нурлан Насип ар кимди эркелетип жүрө берип, кайра жооп ала албай арыктап кеткен окшойт. Же продюсери Канат Кадыржандын мээрими эки баланы эркелетүүгө жетпей жатабы? Анча-мынча кыздардын салмагы деле 58 килограммдан ашат да. Же Канат түшкөн пайданы бөлүштүрүүдөн бир аз калыстыкты кармабай жатабы? Айтор, 171 сантиметрлик бойго салмагы жарашса сонун болмок.

РОЗА ШАКИРОВА
Роза эжебиз үнү жагынан да, салмагы жагынан да сахнадагылардын салмактуусуна кирет десек болчудай. Бою 164 сантиметр болгонуна карабастан, салмагы 68 килограмм экен. Эжекебиз кээ бир ырчылардай болуп сахнада деле көп ары-бери чуркабайт, бийлебейт дагы. Ананчы, баласын жыттап, жолдошуна эркелеген бакыт кимге гана жакпасын?! Бирок боюна дал келүү үчүн баары бир арыктоо керектигин ырчы өзү да билсе керек.

ДОБР
Спорт менен машыгып, өзүн чымыр денелүү алып жүрүүгө аракеттенген Добрдун салмагы мурда 85 килограмм болчу. Үй-бүлөлүк маселелер жаш жигитти жүдөтүп жиберген окшойт, азыр арыктап, 78 килограмм болуп калыптыр. Антсе да 169 сантиметрлик боюна салмагы бир аз ашыктык кыларын билип, арыктоо үчүн өзү да машыгууларын улантууда.

ЧОЛПОНАЙ
Бир карап "ырчылык жашоонун жарашкандыгынын белгисиби же Чолпонай башкаларга окшоп тамак тандап, диетага отурбайбы?" дейсиң. Бирок ырчыны узун бойлуу, суйкайган сулуу дегендер да бар. Анткен менен "ар кимдин табити ар башка" демекчи, “Чопа бир аз гана формасын сактаса...” деген мырзаларды да угуп калабыз. Чолпондун айтымында, бою 164 сантиметр, салмагы 53 килограмм экен.

АТАЙ
Сакадай бою менен килейген ийгиликтерди жаратып жаткан Атайды бул ирет сөз кылбай койсок болбос. «Шайтандын чоңунан эмес, кичинесинен корк» дечү беле? Оригиналдуу бийи менен кыргыздын атын далайга таанытып, өзү да атактуулукту багынтты. Ооба, бийлеш үчүн арык болуу ыңгайлуу. Бирок атакка балкыган күн келгенде да Атай жыргатып толбоду. Мейли, кантсе да Атайыбыз 169 сантиметр бою жана 60 килограмм салмагы менен арабызда аман болсун!

НЕЛЯ
Албетте, бала төрөө, бирди эмес, экини төрөө көпчүлүк айымдардын келбетине өзгөрүү алып келет. Чимириле бийлеп, ийиле ырдаган Неля бир кезде 50 килограммдык салмакта болсо, азыр эки наристенин апасы боло туруп 55 килограммга жеткенин айтат. Бою – 168 сантиметр. Мурда мырзалардын көзүн күйгүзө сахнада чыгыш бийин бийлеген Неля азыр андай өнөрү менен күйөрмандарын суктандыра албай калды көрүнөт. Анткени, өзүңүз баамдагандай, фигура андай нерсеге жооп бербей калган.

МИРЛАН БАЕКОВ
«Продюсер жок кыйын турбайбы» деп катуу ойлонуп жүргөн Мирлан Баеков 169 сантиметр бою менен 62 килограмм салмакты көтөрүп жүрөт. Бул ырчы мен тааныгандан бери эле ушундай калыпта. Үйлөнгөнүн укканда эми бир аз салмак кошот го дегем, бирок күткөнүмдөй болбоду. Ошол эле бойдон. Же Созул жеңебиз жапалдаш Мирландын курсагын жакшы тойгуза албай жатабы?

ЗАРИ
Зари келбетин сактайм деп берилип кетип, ашырып сактап алган окшобойбу. Көпчүлүк айткандай, же муну "породага" шылтайбызбы? Билбейм, айтор, ырчынын салмагы көз тоёрлук эмес. Бою 175 сантиметр болсо, салмагы – 54 килограмм. Бойду го Кудай аябай берген экен, бирок салмакка бир аз көңүл бурсак, баары жарашып калчудай. Үй-бүлөлүк жашоо көпчүлүк адамдарды өзгөрүүгө алып келчү эле. Күтө туралы, балким, Зари да толор.

АРМАН
Ырчы Арманды да арык мырзалардын катарына коштук, себеби ырчынын 177 сантиметр боюна 70 килограммдык салмагы бар. Сырттан караганда өтө арык көрүнөт десем, көпчүлүк мага кошулса керек. Ырчынын бир аз толуп, боюна салмагы жарашкан мырзалардын катарына кошулушуна тамакты даамдуу бышырган келинчек гана жетишпей жаткан өңдүү. Өзүңө жар тандоодо ушул жагына көңүл бөлүшүң керек экен, Арман.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(32)
30.07.2012. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал 10кг азайтып койгон го 65кг болуш керек, 55кгдай корунбойт го.
30.07.2012. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Сайкалды 3-4 ай мурун эле коргом, эч кандай 170 эмес, бою 160 эле чыгат. Вес 60-62 болушу мумкун.
30.07.2012. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исаны окуп алып тан калдым аябай чонойуптур.
30.07.2012. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saikaldy 55 kg ekenine iwenbedim kantip ele tez arada 55 ke tuwup kalat?
30.07.2012. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо биздин жылдыздар бойлорун бир аз остуро коюшканбы .
30.07.2012. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да анча деле ишенбедим. Бой олчогуч менен салмактоочу таразаны кошо ала жургонунордо так салмагы менен бою бизге да маалым болмок.
30.07.2012. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал 55 эмес 65кг болсо керек,Зари эконун салмагын тен кылып коюшуптур
30.07.2012. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо бизге эмне,арыкпы толукпу ырдап журо беришсин.100кг болсо да сонун ырдашса болду.боюм мынча,салмагым ушунча деп лапша илишсе да коруп эле журобуз хе-хе.
30.07.2012. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сайкал менен неля 55тен коп чыгат болуш керек))) Зари 54 чыгып жаткандан кийин Сайкал уялбай кантип айтат 55 деп)))
30.07.2012. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чолпонайды ким айтат 53 чыгат деп, салмактуу болуп турат го, Сайкал экоо 10 килограмм ашыкча урдурушуптур. баеков менен атайды болсо балдар ууру бой келишет деп жоруп койдум. Неля тимеле назик боло калганын 60ты чапчыйт го, акыркы жолу коргондо болпоюп толгон экен.
30.07.2012. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ааай ииий, мен мобу кебетем менен 49-50 кгны чапчыйм, Сайкал, Чопка, Нелялар туура эмес таразага тушуп алышкан го. Же кыялындагы салмактарды айтышканбы... ))) Зари 54 кг экенине ишенем... )))
30.07.2012. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зари арык, чыныда бою узун кыз.. А Сайкал менен Чолпонай туурасын эле айтышпайбы?)
30.07.2012. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай менен М. Баеков 160 ашпайт, Атайдын озунун анкетасын коргом 162 деп турган.
30.07.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cholpnai 55 min deptir anda Zari mn birdei bolup kalat go?Colponai Zarini janynda doo bolso kerek,tuurasyn ele aitywpaiby!
30.07.2012. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздикилер курсагынын салмагы боюнча жакшы эле,ал эми башка мамлекеттин ырчыларынын талантынын салмагы дуйнолук сахнаны ийилтуудо
30.07.2012. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буларга караганда мен стандартмынго 175 75
30.07.2012. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ОШ базарга барып таразага тушкуло , силердин таразанар туура эмес тартат экен.
30.07.2012. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Сайкалды коп эле коруп калам экобуздун бойубуз бирдей эле корунот мен 72 чыгам сен менен бир аз толукда коруносун
30.07.2012. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
he he 4yn ele kalp aityp koiuwuptur e!
31.07.2012. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
достор,туура айтасынар,баары салмактарын жашырыптыр. кемитсе 5 кг.га чейин кемитсе ишениши мумкун болчу кээ бирлери.
31.07.2012. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким билет
31.07.2012. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tarazaga oz kozynor menen tartyp, maalymat bersener ishenit4tuu bolot ele. Cholponai Zaradan dagy aryk ekenine kozum jetpeit:)
31.07.2012. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул жерден Иса, Аскат, Роза, Нурлан, Добр жана Зирилердин айтканы туура деп ойлойм калгандары жалгандан эле уруп согуп коюшту окшойт...
31.07.2012. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AFRODITA-89, мен да ошентип ойлойм. Особенно Сайкал катуу калп айтыптыр )))))))))))
31.07.2012. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койсонорчу е мен Сайкалды жакында эле кордум, чынында аябай арыктаптыр болушу мумкун!
01.08.2012. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан 171болуп кетиптир го менимче 171 чыкпайт же булар сахнада кичирейип кетишеби
01.08.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калгандары стандартко дейм же кийинки сандан кутобузбу?
01.08.2012. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкалды жакында эле кордум калп айтып койгонго
02.08.2012. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арыктар семиргиле семиздер арыктагыла
04.08.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
арыктар семирбей еле койгула семирсенер арыкташынар керек болот семиздер созсуз арыктагыла диета емес кетмен кармап талаага чыксанар бат еле арыктап кетесинер
12.08.2012. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал ото эле назик коруном деп аракет кылыптыр, солокотуна жараша салмакты айтса болмок 75-8ого салмагы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо