Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Касиети күч ШАБДАЛЫ

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Учурда базардан жаңы бышкан мөмө-жемиштин түрүн табасың. Алардын ичинен өзүнүн сулуулугу, жыпар жыттуулугу менен өзгөчөлөнгөн шабдалыны кимдер гана тамшанып жебейт. Бир тиштегенде ширеси чачырап...
Баарыбыздын сугубузду арттырган бул мөмө көп нерсеге даба экен.

ТАРЫХЫНАН
Шабдалынын качан пайда болгондугу тууралуу бүгүнкү күнгө чейин так маалымат жок. Айрым окумуштуулар анын мекени катары Иран өлкөсүн эсептешет. Ал эми айрымдары "бул мөмө алгач Кытайда өстүрүлүп, кийин гана Европа, Орто Азия өлкөлөрүнө тараган" деген кептерди айтып келишет.
Дүйнөдө шабдалы түшүмдүүлүгү жана өстүрүлгөн аянты боюнча алма жана алмуруттан кийинки 3-орунда турат. Бүгүнкү күндө анын 3 миңден ашуун сорту белгилүү. Кыргыз жергесинде анын “Майфиевер”, “Кардинал”, “Лола”, “Эльберта” сыяктуу сорттору көп өстүрүлөт. Шабдалы түктүү жана сыйдаң болуп экиге бөлүнөт. Бул эки түрүнүн тең пайдалуу касиеттери бирдей.

КАСИЕТИ КҮЧ ШАБДАЛЫ
Бышкан шабдалы кантка, калий, кальций, фосфор, темирге жана А, В, С, Р витаминдерине бай. Андыктан шабдалы бат-бат суукка уруна берген, ичи көп каткан, аз кандуулук менен жабыркаган адамдар үчүн табылгыс азык. Мындан сырткары бул мөмөнүн курамындагы заттар жүрөк кан тамырларынын иштешин жакшыртат. Ошондой эле бул мөмө заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан, бөйрөктөгү майда таштардан арылтат.
Шабдалынын мөмөсү гана эмес, анын данегинин да баалуу экендигин баарыбыз биле бербесек керек. Данегинин 50 пайызы майдан, 25 пайызы белоктон турат. Данеги ачуу жана таттуу болот. Таттуу данегин бадам сыяктуу жегенге болот. Ал эми ачуусу шарап, спирт ичимдиктерин жасоодо колдонулат. Мындан сырткары данегинен косметологияда кеңири колдонулган шабдалы майы алынат.
Шабдалы түгү аллергия жаратышы мүмкүн. Андыктан шабдалынын түгүнө аллергиясы барларга сунушталбайт. Курамында канттын өлчөмүнүн көптүгүнөн кант диабети жана семиздиктен жапа чеккендер да бул мөмөдөн баш тартышканы оң.

ШАБДАЛЫ МАЙЫ
Шабдалынын мөмөсү да, майы да косметологияда кеңири колдонулуп келет. Мисалы, анын мөмөсүнөн жасалган маска беттин терисин ар кандай зыяндуу заттардан тазалайт, жашартат жана серпилгичтигин сактайт. Ал үчүн шабдалыны эзип, бетке 15 мүнөт койгондон кийин жылуу суу менен жууп, азыктандыруучу бет майдан сүртүп коюу гана жетиштүү. Эгер тери майлуу болсо, анда шабдалынын боткосуна 1 чай кашык картошка крахмалын кошуп коюу оң.
Ал эми шабдалы майын чач, каш өстүрүүдө, бетке маска жасоодо, денеге массаж кылууда колдонуп келишет.
Жылуу шабдалынын майына таза чүпүрөктү малып, бетиңизге 10-15 мүнөт жапсаңыз, майда бырыштардан арыла аласыз жана териңиз жумшак, жылмакай болуп калат. Ошондой эле бул май менен макияжды да тазалоого болот.
Шабдалы майын эриниңизге сүйкөсөңүз, ал аны жумшартып, азыктандыргандан сырткары серпилгичтигин жогорулатат. Бул май менен колуңузга массаж жасоо менен териңизди азыктандырып, тырмактарыңызды бекемдей аласыз.
Шабдалы майы менен денеге жасалган массаж арыктоого жардам берет жана целлюлиттин алдын алат.
Шабдалынын гүлү да пайдалуу. Андан чай даярдап ичсеңиз, нервди тынчтандырып, жөтөлдү басат.


АШКАНАДА
Ашканада шабдалыны десерт катары гана колдонбостон, андан ар кандай азыктарды даярдап келебиз. Көбүнесе шабдалыдан компот, мармелад, кыям, как жасалат.

Ширелүү шабдалы
Керектелүүчү азыктар:

  • Шабдалы – 700 грамм
  • Кумшекер – 100 грамм
  • Суу – бир жарым стакан

Даярдоо ыкмасы:
1. Шабдалыны таза жууп, ортосунан ажыратып, данегин алып салабыз. Кесилген жагын төмөн каратып, үстүнө кайнак сууну жаба куябыз. Муздагандан кийин кабыгын сыйрып, банкага тизебиз.
2. Сууга кумшекерди салып кайнатып, шабдалы салынган банкага куюп, капкагын жабабыз.
3. Банканы мискейге салып, 0,5 литрлик банканы 10, 1 литрлик банканы 12 мүнөт сыртынан кайнатабыз. Андан соң капкакты жапкыч менен бекитип коёбуз.
Мындай консерваланган шабдалы жегенге жана ар кандай таттууларды жасоодо ке­рек­телет.

Шабдалы пирогу
Керектелүүчү азыктар:

  • Ун – 200 грамм
  • Май – 100 грамм
  • Кумшекер – 100 грамм
  • Жумуртка – 1 даана
  • Көбүрткүч – 1 чай кашык

Толтурмасына:

  • Быштак – 400 грамм
  • Каймак – 200 грамм
  • Кумшекер – 120 грамм
  • Жумуртка – 2 даана
  • Крахмал – 2 аш кашык
  • Жарым лимон
  • Консерваланган шабдалы

Даярдоо ыкмасы:
1. Каймак майды эритип, ага кумшекерди кошуп аралаштырабыз. Эми жумуртканы, көбүрткүчтү жана унду салып камыр жууруйбуз.
2. Камырды жайып, табанын четине чейин чыгарып салабыз. Анан аны жарым саат муздаткычка салып коюу керек.
3. Эми толтурманы даярдоого киришебиз. Идишке каймакты, быштакты, кумшекерди, крахмалды салабыз. Буга жумуртканы чагып жана лимондун ширесин сыгып кошобуз.
4. Анан камырдын ичин бул толтурма менен толтуруп, үстүнө шабдалыны тизебиз. Пирогду 180 градуста ысып турган духовкада кызарта бышырып алабыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


Касиети күч шабдалы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(13)
SUPER.KG видео
28.07.2012. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм аявай пайдасы копкен го.
30.07.2012. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдалынан кампот жасагым келип кетти,эми базарга баруум керек.
30.07.2012. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдалыны балама кобурок беруум керек экен,витаминге байго.
30.07.2012. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдаалынын майы даяр турдо сатылабы,билгендер болсо жазып койгулачы,сураныч.
05.08.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида, oa,baardyk ele aptekalardan tapsa bolo(persikovyi maslo)
31.07.2012. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshi maalimattar jaziliptir.Duhovka-mesh.
31.07.2012. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдалы жегим елип кеттиго кыргыстандагыдай шабдалы жок бул жакта ,
31.07.2012. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ah' ushu orozo ubakta :)))
01.08.2012. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдаалы майы аябай пайдалуу турбайбы. Дарыканадан коргом, эмнеге пайдаланышат деп ойлоп койгон элем.
01.08.2012. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдаалынын ден соолука пайдалуу экенин эми да билип алдым,бугун Азамат менен Абылайга ала келбесемби.
02.08.2012. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайга шугур быйыл шабдаалы жакшы салыптыр, тойюп жеп алсын балдарыбыз
SUPER.KG видео
02.08.2012. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кай жерден тапсак болот экен кочотун айтып койсонуздар!!!!!!!!
04.08.2012. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен шабдаалыга жонодум жургуло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо