Өмүрбек Андарбеков: «ЫПЛАС ЫРЧЫЛАР КӨБӨЙДҮ»

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Ома аттуу ырчы сахнаны аттаары менен эле катуу чыккан. Болгондо да чет жерлерге барып кыргыздын желегин желбиретип. Бирок негедир Бакиев бийлигин жыйыштыргандан кийин эле Ома жаңы ыр жаздырбай, сахнага көп чыкпай калды. Учурда уюштуруу иштери менен алек болуп жүрөт.

– Салам, Ома, кандайсың? Сени таң атпай эле спорт залынан таптык. Канча жылдан бери машыгасың?
– 8 жашымдан бери күрөш менен машыгам. Мен өзүмө ушул күрөштүн негизинде кандайдыр бир эркектик сапаттардан жүктөп алдым десем болот. Башында апам мени бийге берип салган. Бир жылча бийге барып жүрдүм. Балдар «биздин атаман бийчи» деп шылдыңдай беришкенинен, намыстанып спортко ооп кеткем.

– Ырчылыкты токтотуп спортчу болоюн деген оюң бар го?
– Чыгармачылык менен алек болгон адам башка эч нерсе менен алагды болбошу керек экен. Ал эми мен учурда көп иштер менен алек болуп, чыгармачылыкка 100 пайыз дитимди коё албай жаткандыктан аксап жатам.

– Чынында, бир туруп уюштуруу иштери менен чуркап жүрсөң, бир туруп абройлуу бир топ сынактарда кадырлуу калыстар тобунун катарында отуруп каласың. Ушундай сыйлуу жерлерге сени ким чакырат?
– Мен ойлойм, абдан бактылуу адаммын деп. Өзүм жаш болсом да, «калыстык кылып бер» деген чакырууларды көп эле алам. Муну чыгармачылыгыма болгон сый-урмат деп эсептейм. Мындай чакыруулардан улам кыргыз маданиятына кандайдыр бир тиешем бар экен деп сыймыктанам. Андан тышкары жаш таланттарга жардам көрсөтүп, чет мамлекеттерге чейин алпарып жатам.

– Арсен, Айбек, дагы?
– Омар, Мирбек Атабеков, Ралия жана башкалар.

– Омар, Арсен, Айбек, Мирбек жана сени «өздөрүн элита ырчылары деп эсептешет» деп калышат. Ушул чынбы?
– Мен өзүмдү элита же элита эмесмин деп айта албайм. Ырчыларды чыныгы эмгектин артынан такшалган жана эмгеги жок пиардын артынан чыккан ырчылар деп бөлө алам. Ал эми жогоруда аты аталган ырчылар күнүнө алты сааттан ырчылык менен машыккан жигиттер.

– Сен Көркөм кеңештин мүчөсүсүң. Бул тууралуу эл «өзүнүн мыкты ырлары деле жок, анан Эл артисттерин кантип сынайт?» деп айтып жүрүшөт...
– Менин Көркөм кеңешке мүчө болуп калышымдын бир себеби – ушул күнгө чейин фонограмма менен ырдап көрбөгөнүм. Аппаратуранын жаман же жакшы сапатына карабастан, жалаң жандуу ырдап келем. Анан да дүйнөлүк деңгээлдеги сынактарга катышып жүргөндүктөн, биздин чөйрөгө да жаңылык кошот деген максатта чакырылгам десем болот. Негизи, мени сынактарга чакырганда ырымдын көп, аздыгына карабайт. Болгону, «үндүү балдар келишет, ошолорго калыстык кыл, алардын диапозонунун кенендигин, деги эле чыгармачылык жааттагы мүмкүнчүлүгүн карап бер» дешет. Эң негизгиси, мени «дүйнөлүк сынактарга көп катышып, тажрыйбалуу болуп калды» деп да чакырышат. Учурда бул кеңештин иши токтоп турат. Себеби көп каршылыктар болду. Бул бир чети. Экинчиден, азыр ыплас ырчылар көбөйдү.

– Ыплас дегениң эмнең?
– Ыплас ырчы деп үнүн компьютердин жардамы менен жасатып алып ырдагандарды айтып жатам да. Менин бул сөздөрүмдөн соң, балким, кээ бирлер ырчылык өзүнүн иши эмес экенин сезип, токтотушар.

– Анда ошондой ыплас ырчылардын бирин көзгө сайып көрсөтө аласыңбы?
– Жок, мен бул же тигил деп айта албайм.

– Бакиев бийликтен кеткенде сенин «башымды ийип уялдым» деп айтканың бар. Ошол кездеги бийлик берген 3 бөлмөлүү үйдө жашап жатасыңбы?
– Ооба, ошол үйдө эле турам. Эми «Бакиев үй берген» деп айтып жүрүшөт. Бирок мен ойлойм, ошол кезде кайсы президент болбосун, өзүнүн атынан эмес, элдин атынан белек кылмак. Себеби Америка жактан олжолуу келген кыргыздардан биринчи мен болдум окшойт. Ошол кезде башымды ийип уялганымдын себеби – «кыргыздар бири-бирин атып жатышат» деген кабарды Европада жүрүп укканымдан.

– Баса, ошол медалдарды сатып алган деп шек санагандар да чыкты эле...
– Кандай ушак кептер айтылбасын, чындык бешенемде турганда мен эч нерседен кам санабай жашоомду уланта берем!

– Ак үй, Көк үйдө жөлөп-таяган бирөө болсо керек, ээ? Жалаң гана мамлекеттик деңгээлдеги концерттерден байкап калам?
– Негизи, мен мамлекеттик иш-чараларга сөзсүз катышам. Себеби мамлекеттик концерттердин бюджети аз болот. А мен андайда дайыма «мага гонорар төлөбөй эле койгула, андан көрө башка ырчыларга меникин кошуп көбүрөөк кылып бергиле» деп айтам.

– Оо, анда сенин бир «жирный» акча тапчу булагың бар окшойт?
– Бизнесим бар дегенден алысмын. Мурда суу башы мыкты болчу, анан төл башы, кийин мануфактуранын ээси кыйын болчу, ал эми азыр маалыматы бар адам мыкты. Ошондуктан бүт тармакта маалыматым болгондуктан, кандайдыр бир иш-чараларды уюштура алам. Ошого байланыштуу ырчылыктан сырткары да кирешем бар.

– Кел эми, жеке жашооң тууралуу кеп кылалы. Бойдокчулуктан тажай элексиңби?
– Отузга чыгып калдым. Буга чейин туугандардын көбү эле «Өмүрбек, 25ке чейин үйлөн, анан кыз тандап каласың» деп калышчу, бирок мен бул сөздөргө көп көңүл бурчу эмесмин. Азыр болсо «үйлөнгөнгө жараша мыкты үйлөнүшүм керек» деп жатам.

– «Жакшы кызды эшиктен издебе, үйдөн кара» дешет экен. Буга кошуласыңбы?
– Ооба, атамдын иниси «сен дискотека-кафелерден өзүңдүн болочок жубайыңды таппайсың. Ал үчүн маршрутка троллейбустарга түшүп жүр, чыныгы ыймандуу кыздар ошол жакта болот» деп бир тамашалаган.

– Анан коомдук транспортторго түшүп көрдүңбү?
– Жок, автобус, троллейбустар болбосо да, кандайдыр бир шарттар менен болочок жубайыма акыры жолугам деп ишенем.

– Жоодар көзгө эрте жолук. Маегиңе рахмат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Өмүрбек Андарбеков: "Ыплас ырчылар көбөйдү"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(52)
30.07.2012. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын жигити Омурбек Андарбеков, жакшы маек куруп берипсиз. Ар бир суйлогон создорунуз орундуу. Чон рахмат!
SUPER.KG видео
30.07.2012. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bopos туура айтасыз.Анан да спорт менен машыккан адам болсо курсагы саландап калганын.... :))
SUPER.KG видео
30.07.2012. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыплас болсо да ырчыларыбыз көбөйө берсин,ыплас мыкачылар көбөйбөсүн.
30.07.2012. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде белек берсе таанышы деп кечке ушактайбыз Бакиев деп,а Атайга деле берди эле кана уй эмес эч нерсе жок аны эмне деп ушактабайбыз.Берсин буюрсун эмгеги туурабы Бакиевке рахмат!Атайдын уйунун документи куйуп кетип бербей калганын окудунар беле? Гулжигит менен Атайдын налог толошун талап кылгандачы андан коро туураны туура деп колдойлу да анча мынча ырчылардан коро биринчи уксанар ушул баланын ырын анан сындагыла сонун ырдайт.
30.07.2012. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай Атай,Гулжигит дагы толтура ырчыларыбызга ийгилик каалайм! Кыргызстаныбыздын атын чыгара бергиле!Бар болгула!канчалык ушак болсо значит ошончолук чон адамдарсынар! конул бурбагыла !Биз силер менен сыймыетанабыз!
31.07.2012. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
remma, Гулжигит го Гулжигит,а бу башка да? Атай Гулжигит чыныгы талант,а бул жигит не? Бир да ырын укпапмын,тобоо. Муну тамашоудан эле коруп калчум,дайым катышатго,акча ыргытып коет болуш керек,ошонучун катышат да,а так как ырчы катары билбейт экемин.
30.07.2012. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурбектин ырын уксанар,башкалардан кандай айырмасы бар экенин билет эленер,ал чыныгы ТАЛАНТ!
31.07.2012. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ymytjanat, чота не верится?
31.07.2012. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аласын алжайтып отуруп алганын
31.07.2012. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirpik, жарыпсынго,корушсун а так дегенго э.!ой боорумай!
31.07.2012. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анысы менен ишинер не озунун иши да
31.07.2012. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabai semiriptir ))) yrchy degen bardyk jagynan jakshynakai bolush kerek da bul jonele yrcgy emes kolokosu menen ele jurot ))))
31.07.2012. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ELIMA91 - коомдук адепке туура келбеген сөзү үчүн 50 күнгө банга!
SUPER.KG видео
31.07.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас !!! биринчи озундун отурушунду ондосон!!! тарсайбай!!!
SUPER.KG видео
31.07.2012. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы сүйлөйт экен...
31.07.2012. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Ушул баланын адамгерчилигин, суйлоо манерасын аябай сыйлайм! Бактылуу босун!
SUPER.KG видео
31.07.2012. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талтайбай эле отурса болмок, УЯТ Ома!!!!
31.07.2012. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omurbek baike sizdei adamdar menen syimykmanabyz! Siz Kyrgyztandyn syimygysyz! Jashtarga ulgu bolyp kelez. Adamgercheliktyy, ashkan akyldyy insansiz. Jashoodon irahat alyp jashanyz. Men sizdi syilaim jakshy korom. Jipara koz chantyryp kalsanyz meni estep koiynyz.
31.07.2012. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tirkelgen surottordu kantip alsa bolot. Usul bettegi aitilachi?
01.08.2012. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогону орду менен экен...Чыныгы-Мырза го...
01.08.2012. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бой которосуз мактанчааксыз ырларын угуп эле журом канаттандырарлык эмес.Ильяз сизден жаш бирок жакшы ырдайт.Фонограмма ырдап эле журдунуз элегооо байкесии Атай молодец тубаса талант.
SUPER.KG видео
01.08.2012. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
seket, "тарсайбай" ха-ха-хаааааа.....
01.08.2012. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким ар кандай ушак айта берет. Оманын даражасына жетип алгылачы айланайындар! Акча берсенер да чакырбайт калыс болуп бер деп
01.08.2012. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООО супер инфо расса суроо бериптир (какшыктагандай кылып)я шоке )))) Но жигит молодец.
02.08.2012. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жугургондуку эмес буюргандыкы)эпетесен аласын дейтко...
SUPER.KG видео
02.08.2012. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))) ха ха эле , бирок чын эле жаман корунот экен )))
02.08.2012. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул ырчы такыр жакпайт!
03.08.2012. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwul yr4ynyn bir da yryn ukan emesmin i magada jakpait
05.08.2012. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ким? Ырчыбы? Кыргыздар койгулачы, эки ыр ырдаса ырчы деп...дагы анын бироосу элдик ыр,озу чыгарса куйдурмок экен. Бул-озу "ыпластардын" бироосу. Акчасы гана кобуроогу болуш керек. Ыр бар го Лампочкасын, андан кийин чыраксын, андан кийин тутунсун деген, ошол жарашат буга.
SUPER.KG видео
12.08.2012. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fyyyyy kyroshko katishsa dele champayat go,bashka jerde ele tartsa bolmok reportajdarin
SUPER.KG видео
10.05.2013. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
машинада болсо кокурогу томпойуп калыптыр аял кишилердикиндей болуп 1 размер
SUPER.KG видео
25.06.2013. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талтайбай адамга окшоп олтурсан болмок интервю берип жаткандан кийин
SUPER.KG видео
26.06.2013. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротко тушуп жаткан фотомодельдерге окшоп отуруп алыптыр да, кичине эркекке окшоп отурса болмок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо