ЖЫЛДЫЗДУУ БАЛДАР КАНДАЙ КИЙИМ КИЙИШЕТ?

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Голливуд жылдыздары өздөрүнүн гана атактуулугу үчүн жан үрөбөй, балдарын да сүйрөй жүрүшөт. Ал тургай белгилүү басылмалар жыл сайын дүйнө жылдыздарынын эң стилдүү балдарын аныкташат. Быйыл бул сыйлуу наамды Дэвид жана Виктория Бекхэмдердин 1 жаштагы кызы Харпер багындырды. Ал эми биздечи? Бул суроого жооп табууга көмөктөшүп, биздин шоу дүйнөдөгүлөрдүн балдарын сынга койдук. Атактуулар балдарына кандай кийим кийгизип, кайдан сатып беришет, бир төгүлүп-чачылып айтып алышсын.

АЙЫМА – АНЖЕЛИКАнын кызы
Саркеч айым Анжеликанын улуу кызы Айыма да апасын тартчудай. Төрт жарым жаштан жаңы ашса да, кийим тандоо жагына өзү кийлигишет экен. Анжелика бул тууралуу мындай дейт:
– Айыманын бала бакчага кийген кийимдерин гана дүкөндөн албасак, конокко кийчүлөрүн өзүм тигем. Себеби кызым “мама, мен сиздикиндей көйнөк кийгим келет” дей берет, анан өзүмдүкүнө окшоштуруп тигип берем. Айыманын гардеробунда 8 эң кымбат көйнөгү бар. Алар менин кичине кезимде сахнага кийген көйнөктөрүм. Ал кезде баасы 100 доллар болсо, азыр алар 500 доллардай турат го. Акыркы жолу кызыма 3000 сомдун тегерегинде купальник алып бердим.

МАЙРАМБҮБҮ – БАКЫТ БАЙСАРИЕВдин кызы
Бийчи, шоумен Бакыт Байсариевдин кызы Майрам азыр 2 жашта. Атасы “күлүп койчу, сүрөткө түшөбүз” десе, тим эле жылмайып катып калат экен. Анан да атасын Быйтыбай деп чакырганы кызык.
Эми кичинекей Майрамдын гардеробун сөз кылалы. Майрамга ата-энеси кийимди көбүнчө базардан эле алып, сууктан же ысыктан качкан маалда гана дүкөндөргө баш багат экен. Анан да бийчи мырза өзүнө атайын костюм тиктиргенде кызына да тиктирет. Майрамдын эң кымбат кийими 7000 сом болсо, арзаны – бекер. Бекер дегени, Бакыт мырза кээ бир тааныштарынан бир көйнөк алса, экинчисин белек кылып койгон учурлары да болгон.

ШААСЫН – АСЫЛ АПАСОВАнын кызы
Жылдыздарды “жаратуу” жагынан мыкты адиске айланган продюсер Асыл Апасованын кызы Шаасын учурда 2 жаш 3 айга толду. Апасынын жанына киши жолотпой, быйтыйган колдору менен түртүп, “кет, менин апам” деп эле турат экен. Асыл эже кызы жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Шаасын мени ушинтип кызгана берет. Бир жолу Канат Култаев бетимден өөп учурашып койсо, ыйлап калбаспы! Эми ини же сиңдилүү кылсам, мындай эркеликти таштайт деген ойдомун. Азыр жалгыз кыз болуп, көңүлүмдүн баары ушул кызымда. Ал эми кийим-кечекти ар кайсы дүкөндөрдөн алам. Кымбатына карабайм. Бул көйнөктү кесиптешим Сүйүн Токсобаев Америкадан Мирбек Атабековдун сүйгөн кызы Мэкага тандатып алып келген. Кызым чоңойгондо саркеч бийкечтерден болот окшойт. Дегеним, менин көйнөктөрүмдөн кокус жагып калса, “чеч, мен кием” деп чыр салат.

РАЯНА – ГҮЛАНДА менен АЙБЕК КАРЫМОВдун кызы
“Ата келди” деген сөздү көп кайталаган Гүланда менен Айбек Карымовдун 1 жаш 11 айлык кызы Раянага кийимди көбүнчө таенеси алып берет. “Кызыңдын кийим-кечегине капчыкты канчалык деңгээлде “арыктатасың”?” деген сурообузга Гүланда: “Кызымдын стилдүү болушунан эч нерсе аябайм. Атасынын анча деле иши жок. Раянанын кийимдеринин эң арзаны 700 сомду чапчыса, жакында эле 3000 сомго сатып берген юбка эң кымбаты болду окшойт”,- деп жооп берди.

РУСЛАН – РОЗА ШАКИРОВАнын баласы
Русландын арзан кийими 350 сом болсо, кымбаты 7000 сомго чыгат экен. Оюнчуктарынын арасында 10 000 сомдук машинасы да бар. Баласынын кийими, стили туурасында сүйлөшүп отурганыбызда Руслан сөзгө аралаша кетти эле, биз да микрофон сундук.

– Атам кийимди “Таш-Рабаттан” сатып берет.

– Бул көз айнекти кайдан алдыңар?
– Апам мурдагы “крутой” очкимди тебелеп кеткен да. Анан бүгүн тамак ичкен базардан сатып берди.

– Чоңойгондо ким болосуң?
– Атамдай боксёр болом, моминтип-моминтип дубалды согом.

– А атаң кимди согот?
– Апамды согот. Моминтип урат.

Колу менен өзүн бетке муштап көрсөтүп кирди. Уулунун бул сөзүнө апасы мындай комментарий берди: “Эми бала көргөнүн айтат да. Жолдошум кээде баланы көнсүн деп муштагылап кирет, андайда мен ортого түшөм. Ошондо мени да урумуш болуп коёт, ошону айтып жатат го”.
Руслан муну менен эле токтоп калбастан, "Салтанат эжем менен атам да урушкан". Муну укканда шаштысы кеткен Роза эже: “Ий, балам, ай. Абийирдин баарын төктүң го, ха-ха. Анда Руслан 1 эле жашта болчу. Эжем Салтанат менен жолдошум айтыша кетишкен эле. Ошону айтып жатат. Эми андай учурлар жашоодо боло берет да”,- деп уулун алаксытууга шашты.

РУЗАНА – ГҮЛЗИНАТ СУРАНЧИЕВАнын кызы
Гүлзинат Суранчиеванын кызы Рузана учурда 3-класска көчтү. Гүлзинат эже кызы тууралуу буларды айтты:
– Балалуу болгондо балаңдан эч нерсени аябай калат экенсиң. Кээде дүкөн кыдырып калганда өзүмө бир нерсе жагып калса, андан көрө тамак-ашка же үй тиричилигине жумшайын деп ары түртүп коём. Бирок кызыма ылайык кийим көрсөм, кымбатына да карабай ала бермейим бар. Чет жактарга чыкканда кызыма көп нерсе алам. Мисалы, бул көйнөгүн Дубайдан алып бергем. Кызымдын кышкы кийимдери 200 доллардан жогору. Ал эми арзаны 500 сомдун тегерегинде. Мисалы, жакында эле Араб Эмираттарынан 300 долларга 999 пробадагы алтын сөйкө сатып бердим.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Жылдыздуу балдар кандай кийим кийишет?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(46)
30.07.2012. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт Байсариевдин кызы аябай ширинтай экен.
30.07.2012. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арзанын туура эле айтыптыр бирок кымбатын ото ашырып ийиптир.Гулзинат ото мактанчак келин дайыма элден ашыкча матанып журо берет кудай тобоо.
30.07.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakyt baisariev jakty
asylapasova da niche
30.07.2012. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баары эле аябай мактанып салышыптыр го. Анжеликанын озум тигип берем дегени жакты. Азамат!
30.07.2012. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульзинаттын кызы аябай татынакай экен
30.07.2012. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Токмокто иш сапары менен болуп, анан стадионун карасам, Гульзинат бийлеп жатыптыр, суукта Грузовиктин устундо. Быйл апрельде болду. Коргон кебетесин корсон, ал эмес мен уялдым. Куйругу накаченный эмес, бирок жармашкан шым кийип, абдан начар корунуптур. Мен ошондой болбой анчалык акчам болбосо да, 100 эсе жакшына болуп турам. Ошого мен баарына ишенбейм. Алдамчылар жана мактамчылар
10.09.2012. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
malikadina, ха ха ха туура ай кудай ай неге мынчалык? Туура айтасын
31.07.2012. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынын бобоктору таттуу экен, озгочо Роза Шакированын уулу Руслан абдан жакты...Омурлуу болушсун...
31.07.2012. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликанын кызы жакты
31.07.2012. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эже оло жагат....гуланда эже толуп алыптыр го...баары эле баласын жакшы коруп... кем кылбай алып берет да кымбат болсо да...
31.07.2012. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят деген нерсе такыр эле жоюлуп баратабы, эмне деги, Гүланда төшүн биротоло эле бери эле таштап койбоптур! Колундагы кызы эртең эле бойго жетет, ушуну көргөн кызды кийин кыйын болсо тыйып алсын. Алжайтып-жалжайтып кийген эле эмне кооздук экенин билбейм, жөн гана беттин түгөнгөнү да!
31.07.2012. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anjelika dele aldap atat, al men iwtegen magazinge kelip any men obslujivat' etken elem owondo ozuno 1 kofta anan bilegen kyzdaryna futbolka alyp maga tuwurup skidka menen berbeisinerbi degende o4up ele kalgam...
31.07.2012. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
роза эженин ырлары жагат.баласынын манастын урпагымын дегени жакты.
31.07.2012. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
роза эмне дээрин билбей шыбап койду го баласынын айтып салгандарын
31.07.2012. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anjelika super.al emi roza ejkebiz aran kutulup ketti go
01.08.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baisarievdin kizi tattuu gooooo
01.08.2012. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликанын кызы озуно аябай окшош экен
01.08.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр кийимдер ошондой кымбат. баарыныкы туура деп ойлойм. баладан эч нерсени аябай калат экенсин балалуу болгондо.
01.08.2012. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульзинат укмуш апыртып салыптыр го.Анжелианыкы го жакшы туура эле айткан го
01.08.2012. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзинатка капа болуп кереги жок. Туура тушунгуло анын мунозун
02.08.2012. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Roza ejebizdi uyat kylyp kouptur go balasy)))
02.08.2012. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роза Шакированын баласы тартынбаганы жакты) Роза эже жашыргандарын айтып салдыго))
02.08.2012. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн арзаны 500 сом... бизде 200 сомдун футболкасын кымбат де алышпайт
02.08.2012. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гуланда уйалбай айбеке тийгенби
02.08.2012. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гуланда эжебиз аябай эле толуп алганго... Байсариевдин кызы менен Шакированын баласы жакты... Ошентип кымбат кымбат кийимдерден алып чонойто бериниздер, омурлорун берсин...
03.08.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзинат эженин кызы менен биргеликте жеп жаткан балмуздагы арзан экен, Кийимдери деле ошондой болсо керек! :)) Кудай озун кечир!!
04.08.2012. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orozonuzdar kabil bolsun
06.08.2012. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kiyigen kiyimin surap jatsa u4urdan paidalanyp Gul'zinat aksuardy aita ketiptir,jakwy i4inde kalyp ketse buk bolup kalmak da,any da tuura tuwungulo...

Mirbek atabekovdun suigon kyzyna tandapyp alyp keliptir a tak ovtoritet
06.08.2012. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канчалык кымбат болсода болсода баары бир чупурокда!балдарынын омурун берсин
SUPER.KG видео
01.11.2012. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анжелика олгучон мактанат окшойт э
26.03.2013. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мумкун калп айтып жатышкандыр биз кайдан билебиз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо