Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨЗ КАРЫНДАШЫН ЗОРДУКТАП...

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Адамдардын аң-сезими бузулуп бара жатканынын биринчи кабары ушул болсо керек, Көл өрөөнүн селт эттирген бул окуя кечээ жакында эле болду. 22 жаштагы жигит 13 жаштагы бир тууган карындашын зордуктап жүргөн экен.

СЕЙИЛ БАКТА ЫЙЛАГАН СЕКЕЛЕК
(Окуя тергөөнүн версиясына жана жабыркаган кыздын жакындарынын айтуусуна таянып жазылды)
Үстүбүздөгү жылдын 18-июнь күнү түнкү саат 11де жогорудагы кылмыш катталган. Окуя Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болгон. Жумушун бүтүрүп, үйүнө бараткан Каракол шаарынын тургуну Гүлзада Тилек кызы “Жеңиш” сейил багынан секелек кызды карылуу эле жигит катуу сабап жатканын көрүп, “эмне болду экен?” деп ийин куушуруп өтүп кетет. Аңгыча аркасынан чуркап келген Кымбат аттуу кыз көзүнүн жашын көлдөтүп, жалынып жардам сурай баштайт. Кыздын көз жашын көрүп кайдигер кала албаган айым бейтааныш болсо да Кымбатты колдон жетелеп үйүнө алып кетет (каармандардын аты белгилүү себептер менен өзгөртүлдү). Мына ошондо гана секелектин ыйынын сыры ачылат.
Көрсө, кыз менен жигит бир туугандар экен. Айбек менен Кымбаттын ата-энеси ажырашып кетишип, эки бала эки жерде калат. Ошол кезде Кымбат курсакта, Айбек
7 жашта болгон. Айбек чоң ата-чоң энесинин, ал эми Кымбат таята-таенесинин колунда чоңоюшат. Кымбат 9 жашка келгенде апасы каза болуп, таенесинин колунда калып, 6-класска чейин Ак-Суу районунун Черик айылындагы мектепте окуган.
Жети-Өгүз айылында жашаган чоң ата-чоң энесинен кетип, өз алдынча жашоону баштаган Айбек 2011-жылдын декабрь айында карындашын издеп таятасынын үйүнө келет. “Өзүм багам” деп Кымбатты Каракол шаарына алып келет. Ошентип, көп жылдан кийин кезигишкен бир туугандар шаардан батир алышып, күн өткөрүп келишкен. Алгачкы күндөрү чындыгында эле Айбек карындашына жакшы мамиле жасап, шаардагы мектептердин бирине окууга киргизип, үстү-башын жакшылап карап турганын айтышат. Өзүнүн туруктуу иштеген жумушу болбосо да, майда-чүйдө жумуштардан тапкан акчасын карындашынан аячу эмес.
Каргашалуу бир күнү Айбек достору менен ичимдик ичип келип, Кымбатка асыла баштайт. Көз жашын көлдөтүп “эсиңе кел” деген өтүнүчүн укпай, алсыз кызды күч колдонуп зордуктайт. Ошондон баштап секелек үчүн азаптуу күндөр башталат.
Чыңырып ыйлап жаткан Кымбатты төшөгүнөн тургузуп, окуяны бирөөгө эле айтса, өлтүрүп коёрун айтып коркутат. Даттанары жок байкуш кыз эмне кылмак? Кымбат болгон окуяны эч бир жанга айтпайт. Бул көрүнүшкө “жинди суу” күнөөлүү дейин десең, ал күнү эле эмес, бул жоругун кийин да бир канча жолу кайталап, кичине кыздын денесин каалашынча уйпалаптыр. Кымбат ыйлап качканда аркасынан жетип, сабап, кайра алып келип максатын ишке ашырчу экен. Кымбаттын айтуусу боюнча, мындай иш төрт-беш айдан бери созулуп келген. Эгерде бейтааныш айым жолугуп калбаганда, аны үйүнө алып келип сурабаганда, бул окуя дагы канчага уланат эле, ким билет... Кыздын окуясын уккан айым дароо милиция кызматкерлерине телефон чалып, кылмыш иши козголгон.

“ТАТЫКТУУ ТАРБИЯ БОЛБОСО...”
Ысык-Көл облусунун Каракол ШИИБинин тергөөчүсү Элиза Шалбаева аталган кылмыш иши боюнча төмөндөгүдөй маалымат берди:
– 18-июнь күнү түнкү саат 11де жашы жете элек кызды зордуктоо болгону жөнүндө маалымат түштү. Мен оперкызматкерлердин жетекчиси катары милиция кызматкерлерин чогултуп, окуя болгон жерге жетип бардык. Териштирүү учурунда айыпталуучунун өздүгү аныкталып, ал 1990-жылы туулган А.Т. аттуу жаран экени белгилүү болду.
Изилдөө учурунда Айбек күнөөнү толугу менен мойнуна алып, бирок эмне себептен мындай ишке барганын түшүндүрүп бере албады. Менин оюмча, Айбекке татыктуу тарбия берилген эмес. Айланасындагы достору себепкер болдубу, айтор, ичкиликке берилип, күнүмдүк жашоо менен жашап келген. Айбек сот болгончо эки айлык камакта болот. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту боюнча (өспүрүм кызды зордуктоо) кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Мыйзамга ылайык, ал 7 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

АГАСЫ ЗОРДУКТАСА, АТАСЫ БАШ ТАРТУУДА
Кымбат 18 жашка чыга элек болгондуктан, сүйлөшүүлөрүбүздүн баары Кымбаттын таажездесинин катышуусунда болду. Атын атагысы келбеген мырза төмөнкүлөргө токтолду:

– Мен Кымбатты кичинесинен бери билем, себеби ата-энеси ажырашып кетишип, ымыркай кезинен эле тай жагында чоңойду. Анын атасын бир гана жолу көргөн.

– Атасы кандай ойдо болду экен?
– Окуя ачыкка чыккандан кийин бир туугандардын атасы Орусиядан келип, учурда Айбекти камактан чыгарууга, өзү менен кошо Орусияга алып кетүүгө болгон аракетин жумшап жатат. “Уулум Айбекти алып кетем, кызды билбейм” деп жатыптыр. Андан да күйгүзгөнү, Кымбатка кезигип, “кызым, агаңды аябасаң да, мени аячы! Арызыңды ал” деп жалынып жатат имиш. Ал эми кызды ким аяйт?

– Эмне себептен кызына мындай мамиле жасап жатат?
– Уулу өзү менен чоңоюп калгандан улам болсо керек. Кымбат атасынан алыс чоңойду. Андайды Кудай бербесин, мындай иш башка келсе, уулумду өз колум менен эле атып өлтүрмөкмүн. Эгер уулунун темир тор артында жатышын каалабаса, анда жазасын ата катары өзү берсин дээр элем. Экөөнө бирдей ата болгондон кийин ар бир баласына бирдей кам көрүшү керек да.

– Эми Кымбаттын келечеги кандай болот?
– Буга чейин Кымбаттын таянар тоосу, ишенери таенеси болуп келсе, азыр таенеси да катуу ооруп, төшөктө жатат. Таякелери бага албайбыз дешүүдө. Эми бул кыздын мындан аркы тагдыры эмне болот? Билим алууга мектепке бара албаса, ишенер тууган-уругу жок болсо, бечара кызды мындан ары кандай күндөр күтүп турат? Баарын убакыт көрсөтөр.

Эмне дейбиз, окурман, жаштайынан оор тагдырды башынан өткөрүп жаткан Кымбаттын көчөсүнө да бир күнү күн тийип, жаркырап тийген күндүн нурун жылмаюу менен караар деген тилектебиз.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(75)
01.08.2012. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооо Жараткан озун колдой кор!!! Зордуктоо-бул психологиялык жактан чон травма...
01.08.2012. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тобоо озун инсап ыйман бере кор жараткан туугандар сураныч билгендер болсо жардам берели мен колумдан келген жардамды берем +79826081897 оз кызын танган ата ата эмес айбанго
а балага омур бойу турмо болсо жакшы
01.08.2012. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Soz jok...........
01.08.2012. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТАШ баранга алуу керек тарбия болсун умар радиаллаху анху оз уулун таш баранга алып олтургон мага чалыныз колуман келген жардамымды корсотом 8917 588 90 64
01.08.2012. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай психикалык соккудан кийин кандай кыз болот болду экен...эээх,жардам берем колдон келген Номерим:+79241673256
01.08.2012. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой, ата-бала эки буттуу айбандарго.... Россияга алып кетет имиш,андан коро он гулунон бир гулу ачыла элек кызын ойлосо болоор эле.... Аябай окунучтуу!
01.08.2012. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн ириде атасын жазалоо керек. Мындай атадан жанагыдай анги уулдар чыгат. Олум жазасына татыйт жанагы карындашына кол салган анги. Олтуруш керек мындайларды. Кымбатка кол сунгандын ордуна арызын алууну талап кылган атадан эмнени кутобуз. Баарынан да ошонуку отуп атпайбы акмак десе.
01.08.2012. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тоббооооооо
01.08.2012. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаштарга айтар элем, ошон учун эчкачан ажырашып балдарды экиге болбогуло. ата эненин тарбиясын корбой калса ушундай айбандар жаралат
01.08.2012. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энеси бекеринен ажырашпаса керек, кыз башка бироодонда болуш керек деген ой болушу мумкун ал акмакта?! Мындайларды 2 тозок кутуп турат.
01.08.2012. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай айбандарды кескилеп салыш керек! таш баранга алыш керек
02.08.2012. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата-бала экоо тен акмактар экен.Баланы чыгарып албаса эле зонада эн сонун жашоо кутуп туратко.
02.08.2012. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп жатып мындай макал эсиме тушту "Адам учун,адам болуш эн кыйын" деген. Тигил баланын кантип ушундай ыпылас ишти жасоого дити барды. Айла жок жаканды кармайсын.
02.08.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо кудай оз карындашын да ушинтеби атасы да адам емес екен оз канынан жаралган кызын карабаса агасын асып олтуруш керек
02.08.2012. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алып келип туруп эле кесип салыш керек и все. Башка ушундай клгандарды да ошентиш керек. Ошонд эч ким кылгысы келбей калат. А бул бала болсо эмне болмок эле боло берет деп ойлоду да, адамдын тагдырына балта чаап жатканы менен иши жок. Жашыл мээ десе!!!
03.08.2012. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олот экен эми озун карындашын зордуктаса адамра кайака баратат эээ мусулмандар козунорду ачкыла ибадад кылышты ордуна гуно иштер кооп жазап жатасынар
03.08.2012. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен ишен бейм ким оз карындашын зордуктайт? а если чын болсо ал оз каалоосу менен асынып олуш керек!
03.08.2012. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарбиясыз балага олум жазасын бериш керек уятсыз
03.08.2012. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушундай ишке баргандарга бычып сала турган закон киргизиш керек
03.08.2012. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ata balasy aibandar eken. Eger balany kamabasa kaira kyzga kol salat.
04.08.2012. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ooba tuura aitasin kbs-love baikush bechera kiz ayabai boorum oorudu kudayim bar al kizdin da koroor en jakshi kundoru bardir
04.08.2012. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах алардын жазасын берсин...
04.08.2012. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылы жокко мындайларга катуу жаза бериш керек
05.08.2012. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо эмне болуп баратабыз,окуп алып аябай жаман болдум ушундай эле чыдай албай баратса уйлонсо болмок жаш кыздын тагдырын талкалабай,Кымбаттын бешенеси шордуу экен балким бул кызга да кун тийген кун болуп калаар. . . .
05.08.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыр замандын жакындашы ушуда кудай сактасын
05.08.2012. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олум жазасына татыктуу ал айбан
06.08.2012. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анын кылган иши эркекчиликке жатпайт,бир кандан жаралып ,ошондой ишке барса аны атып салыш керек.
07.08.2012. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбандан айырмасы жок адам экен
17.08.2012. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буга окшогон эки буттуу айбандардын жазасын кудайым озу берсин,атасы да тушунугу жок адам го
05.09.2012. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы менен баласы эми туугандарынын козун кантип карайт десен...жей мындай адамдар журо береби эч нерсе болбогондой болуп... Атасы ошентип жатса..баласына соз деле жок...бийликтегилер каякты карап атышат билбейм... суйлоштуп эле койушса....калп эле минтебиз..тигинтебиз деп..... алардын эмне башыда оорубайт да....окуп туруп... ааа менин балам беле же менин кызым беле деп койот и все... биз онолбой калдык го....башка Мамлекеттерден 20-жыл артта жашайбыз...уят эле....эээ айтсан деле ошол да....
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо