КЫРГЫЗСТАНДА ФУТБОЛ КАЧАН ОҢОЛОТ?

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Жакында КРнын Футбол федерациясынын башкы катчысы алмашты. Мурун бул кызматты аркалаган Нуртазин Жетибаев Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына кызматка орношконуна байланыштуу анын орду Асылбек Кадралиев менен толукталды. Асылбек мырза жаңы иш пландары тууралуу айтып берди.

– Жаңы кызмат ордуңуз кут болсун, Асылбек мырза! Бул орунга кандайча келип калдыңыз?
– Бул кызматка убактылуу милдетин аткаруучу болгонум тууралуу буйрук үстүбүздөгү жылдын 22-июнунда чыккан. Ал эми 17-июлда кызматка кириштим.

– КРнын Футбол федерациясынын алдыдагы пландары кандай?
– Биринчи кезекте өлкөбүздөгү футболдун азыркы абалын изилдедик. КРнын Футбол федерациясынын АФК жана ФИФА менен кызматташуудагы долбоорлоруна көз чаптырып чыктык. Эми эл аралык уюмдар жана жергиликтүү бизнесмен, ишкерлер менен байланышты курчутуу концепцияларын иштеп чыгабыз. Футболду өнүктүрүүгө көп каражат керектелгендиктен, ушул планды ишке ашыруу аракетин көрөбүз.

– Жакшы. Айтсаңыз, бизде футбол деги качан өнүгөт? Азыр ФИФАнын рейтингинде 198-орунда турабыз. Эмне жетишпейт?
– Биздин футбол эмнеге артта калып калган? Буга миң түркүн жооп бар. Алгач мамлекет жана коомчулук ата мекендик футболго көңүл буруп, абалын талдап көрүшү керек. Эгер коомчулук көбүрөөк көңүл бурса, талап артып, кызматташтар да көбөйөт. Азыр биздин футболдук оюндарга бекер болсо да, бир жан басып барбайт. Бул маселелерди жакында чечкенге аракеттенебиз. Бул үчүн өлкөдө 4-бийлик ээлери делген ММКлар жардамга келишсе, футболду өлкөбүздө жайылтууга зор салым кошот эле.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
31.07.2012. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба, бийлик конул буруш керек. Ошондо онугуу болот беле футболубузда.Кыргызстандын аймактарында таланттуу балдар коп, ошолорго да конул буруш керек.
31.07.2012. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз картайып кетпесек болгону биздин озубуздун футболисттер дуйнолук полеге чыкканча)), кантседа умут кылып, колдойлу:) Футболдой кызык оюн жок болсо керек негизи))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо