ЛОНДОНДО ОЛИМПИАДА, БИШКЕКТЕ ЧЫР...

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Ушуну менен Олимпиада оюндарын расмий түрдө 3-ирет кабыл алып жаткан Лондон Жер планетасынын спорттук борборуна айланды. Ал эми Бишкекте балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекованын соту болуп, аз жерден "Лондон-2012" Олимпиадасына барбай кала жаздады. Демек, "Лондон-2012" тууралуу тема уланат...

ОЛИМПИАДАЧЫЛАР МЕНЕН ТААНЫШТЫРУУНУ УЛАНТАБЫЗ.
(Өткөн сандарда калган 9 спортчу менен таанышкансыздар. Бул жолу акыркы 5 спортчуну назарыңыздарга салдык)

РУСЛАН ИСМАИЛОВ, ок атуу
КРнын Спорт чебери, Эл аралык класстагы спорт чебери
Туулган жылы – 1986-жыл, 22-ноябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою –172 см, салмагы – 60 кг
"Бээжин-2008" Олимпиадасынын катышуучусу
Жетишкендиктери – КРнын жана Казакстандын көп жолку чемпиону

ЮЛИЯ АРХИПОВА, жеңил атлетика
КРнын Спорт чебери, Эл аралык класстагы спорт чебери
Туулган жылы – 1984-жыл, 7-март
Туулган жери – Өзбекстан
Бою – 166 см, салмагы – 54 кг
"Бээжин-2008" Олимпиадасынын катышуучусу
Жетишкендиктери – 10 000 метрлик марафондо Казакстандын чемпиону (2006), КРнын көп жолку чемпиону

ЭРЖАН АСКАРОВ, жеңил атлетика
КРнын Спорт чебери
Туулган жылы – 1985-жыл, 29-сентябрь
Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району, Көк-Сай айылы
Бою – 163 см, салмагы – 53 кг
Буга чейин Олимпиадага катышкан эмес
Жетишкендиктери – Бир катар өлкө чемпиондуктарынын, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү

РАСУЛ АБДУРАИМ, таэквондо
КРнын Cпорт чебери
Туулган жылы – 1988-жыл, 13-декабрь
Туулган жери – Чүй облусу, Панфилов району
"Бээжин-2008" Олимпиадасынын катышуучусу
Жетишкендиктери – Кореянын Ачык Чемпиондугунда 2004-жылы күмүш, 2005-жылы коло медаль тагынган

БЕКЗАТ ОСМОНАЛИЕВ, оор атлетика
Эл аралык класстагы спорт чебери
Туулган жылы – 1988-жыл, 28-декабрь
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Токтогул шаарчасы
Бою –160 см, салмагы – 60 кг
Буга чейин Олимпиадага катышкан эмес
Жетишкендиктери – КРнын чемпиону

ӨЛКӨНҮ “ДАҢАЗАЛАП” БҮТӨБҮЗБҮ ДЕГИ?
Кыргызстан кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиадага жолдомону 20 жыл күтүп, алгачкы жолдомону Айсулуу Тыныбекова алганда катуу сүйүндүк. Аны америкалык "Time" басылмасы "Лондон-2012де" көңүл имере турган 50 спортчунун катарына кошту. Ага карабай спортчу Олимпиаданын алдында сот залында болууга аргасыз. Эске салсак, ал быйыл жазында Бишкек шаарынын 17 жаштагы тургуну менен чатакташып кеткен. Бул маселе Олимпиадага кызуу даярдык көрүлө баштаганда көтөрүлүп, жабырлануучунун апасы Нуриля Кочкорбаева “кызымды сабады” деп сотко кайрылган. “Мындай спортчулар Олимпиадага барардан мурун мыйзам чегинде жаза алышы керек. Спортчу өзүн Олимпиадада физикалык жактан эле эмес, адеп, жогорку интеллектуалдык жактан да көргөзүшү керек”,- деген эле. Бирок Айсулуу бул ойду четке каккан.
Ленин райондук соту ишти эки ирет карап чыгып, акыркы 20-июлдагы отурумунда “спортчу Лондонго барып келгенден кийин калган ишти карайбыз” деген чечим чыгарды. Кыргызчылыгыбызга кейигендер көп. Кыздардын чатагын эле эмес, өлүмдү деле кээде кечирип коюп жатпайбызбы? Мекендин намысын коргоп бара жаткан спортчуну жалпы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кечирүүгө эмнеге болбосун? Же аны Олимпиадага жибертпей коюу менен иш чечилеби? Ушундай ойлор далай кыргыздын канында ойноп турат.
Окуя тууралуу Айсулуу жана спорт коомчулугу эмне дейт?

Айсулуу Тыныбекова, балбан:
“САБАСАМ, АНДА ТУРА АЛБАЙ КАЛМАК”
– Чак түштө көчөдөн 5 кыз, 2 бала тийишти. Ал жерден тиги кыз менен кичине жулмалашканбыз. Сабаган эмесмин. Сабасам, анда тура албай калмак. Сотко берди. Айласыздан биз да сотко кайрылдык, "Олимпиадага баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпагыла" деп. Көп тоскоолдук жаратышты. Сот иштеринен улам канча машыгуу, канча сборду калтырдым. Мен Лондонго ойногону же эс алганы эмес, Кудайдын буйруганы болсо, ийгилик жаратканы баратам.

Байгазы Кенжебаев,
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору:
“СОТ ЭМНЕ ДЕСЕ, ОШОНУ АТКАРМАКПЫЗ...“
– Бул маселе боюнча кайсы бир тарапка тартпайм. Окуя болгонун билерибиз менен кыздын апасынан кечирим сурап, түшүндүрүүгө аракеттенгенбиз. Иш сотко өткөн соң биз аралаша албайбыз. Эгер сот Айсулууну курама командадан чыгаргыла десе, айласыздан макул болмокпуз. Эми Олимпиададан кийин жакшы жагына чечилсе экен...

Мааракелик 30-Олимпиада чоң тарыхый окуя болот. Аны сыналгыдан Жер шарынын 4 миллиард кишиси көрөрү айтылууда. Сыналгы демекчи, бизден КТРК адаттагыдай түз эфирден алып берет. Спортчуларыбыз качан эрөөл майданына чыгарын төмөнкү жадыбалдан көрүп алыңыздар.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


Балбан Айсулуу: "Сабасам, анда тура албай калмак"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(46)
30.07.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болгула.
30.07.2012. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардык спортчуларга ийгилик.КРдын желегин желбирете бергиле...жакшы тилек жарым ырыс
30.07.2012. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу спорт тарабындагы адамдарга тийишкендер коп балким атайы ошондуктан Айсулуу айткандай сабаса чын эле турбай калмак анан жанындагылар карап туруппу танкалыштуу.
30.07.2012. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын атын чыгарган кыздарыбызга ийгилик!
30.07.2012. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабап салды дегени адаттагы эле бут тосуунун бири эмеспи. Чак тушто чындап эле сабаса турбай калмак,же башкалар карап туруптурбу? Не болсо да Айсулууга ийгилик!
30.07.2012. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут тосуп, кара ниет кылбагыла сураныч силерден сот, жабыр тарткан тарап. Биро мен патриотмун деп кыз зордуктаса, экинчиси чыныгы патриотторду тебелеп тепсеп чындыктын тубуно жетпей жатышат.
Негизгиси кыйналган спорт чеберлери сиздерге ак жол!!! Жана албан албан ийгилик калайм Аала ыразы болсун силерге элимдин кыраандары!!!
«тяжело в учении, лехко в бою»
31.07.2012. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанга медаль алып келгиле деп кудайдан тилештеп калабыз.ийгилик саларга
31.07.2012. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИЙгилик
31.07.2012. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирден бирден бөлүп ийгилик каалбай, жалпы Кыргызстандын атынан, жалпы кыргыз элинин сыймыгынан ийгилик кааласак боло.
31.07.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЛОНДОНДО ОЛИМПИАДАСЫНА жолдомо алган спортчулар сиздерге жалпы кыргыз эли ийгилик каалайт! сиздердин жеңишиңер бүт дүйнө кыргыздарынын жеңиши, силердин жеңишиңер жалпы кыргыз элинин сыймыгы! силерден жалпы кыргыз эли айлансын. жеңиш алып келиңиздер. дүйнө элине МАНАСтын урпагы экенибизди таанытып коюңуздар.
31.07.2012. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуунун ордунда мен болсом деле озу биринчи катылган адамга жообумду бермекмин. эми ушул спортто бут тосуулар болбой койсо олобу, озу кыйратып деле ийгилик жараталбай жургондо бул жаатта. Озу тийишкен бала ыйлабайт дейт, андыктан сот адилеттуу болуп, туура адилет чечим Айчулуу тарапка оосун деп тилейм!
SUPER.KG видео
31.07.2012. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызстан!!!
31.07.2012. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик.
01.08.2012. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алың ушул экен Айсулууга эмнеге асыласың! Өзү тийишкен бала ыйлабайт!!! Арсыздыкты коюп, апаңа айт, Айсулууну жайына койсун! Кыргыз кыраандарына олимпиадалык ийгилик!
01.08.2012. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар ушу бироо ийгилик жаратып койсо буттан тартып тушурот,неси болсо да айсулуга ийгилик
SUPER.KG видео
01.08.2012. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга онорун оркундой берсин!!! Ясмина жон эле арызын алып койсо болмок эми....
01.08.2012. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркек
02.08.2012. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак Жол !!!!!! Ийгилик менен кайткыла!!!!!!!!!!!
02.08.2012. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Жакшы тилек, жаым ырыс» дейт, келиңиздер кандаштар, ЛОНДОНДО ОЛИМПИАДАсында дүйнө эли менен тең тайлаш болуп, кыргыздын туусун желбиреткен, кыргыз элинин баатырдыгын дүйнөгө көрсөткөн учурдагы дүйнө коомчулугундагы кызуу таймашка түшкөн спортчуларыбызга чын дилден каалооо-тилек, балатарыбызды берели. спортчуларыбыздын ийгилиги бүт дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын ийгилиги. А
02.08.2012. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спорт турлору анын ичинде курош бул силерге оюнчук эмес.Анын кучун бут дене менен сезгенде гана чыныгы мастер атка татыйт.Аны сезе албагандар-мени урду-деп мурдунун суусун агыза беришет.Балбан кызыбызга ак жол.Спортчулардын баарына ийгилик.
02.08.2012. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздарды бут дуйно ушул спортчуларыбыздан тааныса жакшы болмок, жалан эле пикеттерибизден эле тааныбай. силерге ийгилик спортчулар!!!
03.08.2012. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык спортчуларга ийгилик каалайм, бар болгула. Кыргызстандын желегин желбиреткиле алыскы Лондондо...
03.08.2012. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstanda sporttun baska turloru mashikkan sportcular koboyup, sportko oydoguday konul bolushso abdan sonun bolot ele...
04.08.2012. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iygilik saga KGZ sportchulari ALLAHIM koldosun ar dayim bashka kelgen ar kanday jamandiktardan saktasin
iyy aytkanday janagi saga tiyishken kizdi birotolo sabap salsan bolmok tim ele obujoktonup jon ketip barajatkan kizga tiyiship ...........
05.08.2012. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин 'спортсменка' ойлогон да :' Мен бариибир путевка албайт болушум керек'деп. Бирок ю Ясмин да тийишкен деп жатышпайбы!
06.08.2012. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээээээ медаль жоооооооооооооооооооок!!!!!!!!
SUPER.KG видео
07.08.2012. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
атайын эле тоскоолдук жараткысы келгендердин кылган жоруга да. А балким даже башка мамлекеттин кызыкчылыгы да болушу мумкун. Атайын провокация кылып жатышат. Кандай болгон кундо да, адамкерчилиги бар кыз экени корунуп эле турбайбы. Тиги кыз, жанагы дебей Азалия деп атынан айтып, сый корсотуп жатат. Чыныгы спортчуга таандык сыйкорчулук. Азамат! Ийгилик сага Айсулуу!
SUPER.KG видео
08.08.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азззаммммат кыз экен!!! Молодец. Ийгилик сага.........
10.08.2012. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eeeeeeeeee eki ele sportsmen kaldy,hotya by biroon bir altyn algylachy(((orunga ilinbei kaldyk(((
SUPER.KG видео
19.11.2012. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу азаматсын!Ак жол сага!мен дагы сеникине окшогон окуя кабылган елем 5шаардык кыз "емне бизди карап койдун" деп асылышуп аран кутулгам. жон жерден сени убара кылышты да ошого окшогон кыздар каап.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо