Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАЛАЛ-АБАДДА «КӨПӨЛӨКТӨР» КОЛГО ТҮШТҮ

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

24-июль күнү Жалал-Абад ШИИБи өткөргөн “Көпөлөктөр” деп аталган операцияга катышып, көп нерсеге күбө болдук. Башкача айтканда, денесин сатып сойкулук менен күн өткөргөн кыздарды кармоого катыштык. Кармалган кыздардын арасында оозунан эне сүтү кете элек чырактай кыздар бар экени иренжитпей койгон жок.

СОЙКУ КЫЗДАР ЫЙЛАШАТ...
Алгач эле 3 топтон турган топ шаардын Москва көчөсүн көздөй бет алып, жепирейип сыны кеткен үйдү басып кирип барышты. Сыртынан жөнөкөй гана үй көрүнгөн бул жер, чынында, кыздар денесин сатыкка коюп иштеген сауна экен. Сойкулардын бирөө жөн гана кармалып берсе, экинчиси парданын артына жашынган жеринен колго түштү. Жашынган кыз бул чөйрөдө жаңыбы, айтор, кылган күнөөлөрүнө эми гана саресеп салгандай өксүп ыйлап алды. Алгач “эмне кыласың?” деп ажылдаган “мамочкасы” кийин момпоюп эле машинага түшүп берди. Баса, “мамочкасы” деле өзбек улутундагы жапжаш айым экен.
Экинчи “точка” “Бажалар” деп аталган притон болду. Дарбазасын ачып бастырып киргенибизде так “иш процесси” жүрүп жаткан экен. Эки кардар жигит Москвага иштегени кетип жатып “заряд” алганы келгенин айтышат. Сойкулардын бири жапжаш чырактай өзбек кызы болсо, экинчиси жай басып, тамекини буркурата тартып, милиция кызматкерин тоготуп койбогон орто жаштагы өзбек улутундагы айым болду. Кийинки сапарыбыз Курманбек көчөсүндө жайгашкан сауна эле. Узун кулактар бул жакка суук кабарды жеткирип коюшкан бейм, сыртына чоң кулпу салып качып кеткенге үлгүрүшүптүр.

“ЖАКЫНДА ЭЛЕ 2000 СОМ БЕРИП ЧЫГАРЫП КЕЛДИМ ЭЛЕ...”
Биз барган бул притон өтө эле эмгекти талап кылды. Ичинен кулпулап алышса, сыртында кабанаак иттен айырмаланбаган ажылдаган аялдын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып турду. Кулпуну бузуп кирип барганыбызда ичинде эч нерседен кабары жокпу же ачып кире албайт дешкенби, айтор, энеден туума жылаңач жаш кыз “кызматта” экен. Тинтүү учурунда склад жактан караңгы жерге жашынып алган дагы бир кыз табылды. Жанагы сүйлөнүп жаткан “мамочкасы” көрүнөт, өзбек улутундагы аял “буларды жакында эле 2000 сом берип чыгардым эле” деп бир топ сүйлөнүп калды. Кайра “менин прокуратурада таанышым бар. Арыз жазсам, керек болсо өзүңөр колуңар менен алып келип бересиңер!” деп кыйкырган бойдон калды.
Бир жолку “кызматы” 160 сомго бааланган биз барган кийинки притондун кыздары эң арзан деп саналышат экен. Кадимки үйлөрдө кардар кабыл алышарын билдик.
“Нур” деп аталган притондун кыздары бир “кызматына” 400 сом деп баалашты өздөрүн. Мурун да көп жолу кармалышканбы, айтор, бир да эмоция жок, жылмайып туруп беришкени таң калтырды. “18 жаштамын” деген секелек өзбек кызы жүрөт арасында. Аны көчөдөн көрсөм, кадимки апасына эркелеп чоңойгон кыз деп ойломокмун. Ата-энеге эркелеп, билим алып, өзүн өстүрүүнүн ордуна анын ушул жийиркеничтүү жолду тандаганы, албетте, жанды кейитти. Мындай маалыматтар чагылгандай тез тарап кеттиби, айтор, калган сауналардын эшиктерин кулпулап, иштебегендей түр көрсөткөнгө жетишишти.

“СОЙКУЛАРГА МЫЙЗАМ ЖОК”

Жалпы сойкулук жана жүргүзүлгөн операция боюнча
ШИИБинин басма сөз кызматкери, подполковник
Таалайбек Сусунбаев төмөнкүдөй маалыматтарды берди:

– ИИМдин атайын жөнөтүлгөн буйругунун негизинде, Жалал-Абад ШИИБинин коомдук коопсуздук бөлүмү, кылмышкерлерди издөө бөлүмү биригип, “Көпөлөктөр” деген операция жүргүздүк. Негизги максатыбыз – сауналарда денесин саткан сойкулардын жугуштуу ооруларды башкаларга жуктурушунун алдын алуу. Бүгүнкү кармалгандардын арасында жашырып жатышканы менен, жашы жете электер деле болушу мүмкүн. Ал эми бирөөсү “Өзбекстандан келдим” дегенинен, ага административдик протокол толтурулуп, мыйзамсыз чек араны бузгандыгы үчүн убактылуу кармоочу жайга камалып, андан өздүгүн тактоочу жайга жөнөтүлөт. Мындан башка кармалган кыздарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи мындай ишке барбашы керектиги тууралуу эскертүү берилип, коё берилет. Дагы кийинки жолу ушундай иштер жасала турган болсо, анда булардын иши сотко өткөрүлөт. Буларга мыйзам жок болгондуктан, соттун чечими менен акчалай айып пул салынат. Азыр ар биринин кол манжаларынын издери алынат. Жалал-Абадда адам өлтүрүү болуп, өздүгү аныкталбаган кыздар чыккан. Ошондуктан алардын өздүгүн тактаган маалыматтар, архивге жөнөтүлөт.

СОҢКУ СӨЗ
Бул эки саатка жетпеген убакыттын ичинде жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы. Сауна деп аталганы менен, алар иштеген жерлерде кыйраткан шарт жок. Өзүн жарыбаган акчага баалап, эрте күндө жаман жолго түшүп, арам оокат күтүп жан баккан кыздарга бир чети бооруң ооруса, бир чети жинденесиң. Бир нерсе болсо эле заманга шылтап, “акча жоктун айынан ушул ишке бардым” деп мүңкүрөшөт. Бирок акчаны арам эмес, адал жол менен тапканга эмнеге болбосун? Мына, ыйык Рамазан айы башталган учур. Сойкуларга барганы деле, сатканы, алганы деле напсисин тыйбайт тура мындайда.
“Айрымдары сыз жерлерде иштеп, сыртка деле чыкпай жата беришет, кардар күтүп. Анан кургак учукка кабылат же болбосо ар кандай жугуштуу ооруларга дуушар болушат. Бир күндө көп кардарды тейлегендер медициналык текшерүү эмне экенин деле билишпейт. Ага келген кардар алардан ооруну жуктуруп, аялына барып өткөрөт. Ошентип, бир жолку жыргалдан өмүр бою азап чеккендей оору арттырышканын түшүнүшсө болор эле”,- деп милиция кызматкерлери кейип калышты.

Гүлжамал Бөрүкулова
Jalalabad@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(81)
31.07.2012. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алардын тарыхын сурап келсен бир кезде ата энеси суйгон кызы,бироонун аялы,бироонун суйгон кызы болуп чыгат... А бирок тагдырдын бир запкысы жашоого болгон коз карашты озгортот да,ушул долго алып келет. Мен жигитмин,бирок кыздардын ушул долго тушушуно биринчи эркектер куноолу болот,кээде гана оздору. Биз оюбузду айтабыз кенешибизди беребиз бирок,кообу угуп эле тим болот... Кудайым ар бирибизге сабырдуулук,журогубузго ыйман берсин!!!
16.08.2012. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bektur92, adam buttan ketse turay sozdon ketse turbayt
31.07.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
olup ketkirler,bashka ish tabpay kalgansip,ey koygulachi ish degen toltura,izdesen tabilat,alar onoy ookat dardinda,jalkoolor,jatkan jerinde akcha tabish uchun gana buljerde.
31.07.2012. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi booi ozdorunun omuruno ozdoru balta chabywyp emne kalywat..Allah ar biribizge yiman bersin..
31.07.2012. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ботом тиги штан кийген озбегинен бери бар окшойт ээ?
31.07.2012. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myna sagaa wumduk keremet ..ar kim birin4i ozuno bekem bolup kiyin eskertip turbasa uwulda,jaratkan jalgyz allahym ozu saktasyn, bul iwtin kunoo su kan4alyk ekenin biliship myndai iwtin jazasy tozokto kan4a kuiushun owol ubakyt kelgende gana bilishet,, myndai iwke bargandyn kunoosu 10 adamdy olturdu degendin kunoosun i jazaasyn alat,, erkekter namys kerek,ozunun kyzyna, ayalyna apasyna, kyzganbagan erkekterde ozunun mamleketine kandai kyzgany4y bolmok ele,erkekti namys koiendu kamyw kesiptir!!!!
31.07.2012. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эшеке гилем жапсан деле эшек баары бир ошону кылат алар
31.07.2012. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыздарды кармаардан мурун ушуларды сатып алып жаткан адамдарды да кармаса болмок.Аларман мырзаларга чон айып толотуш керек.Аларды сатып ала турган аларман жок болсо эле озунон озу жойулмак,бул жерде кыздар эле куноолу эмес,сатып алып жаткан капчыгы калын мырзаларда куноолуу.
02.08.2012. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arno2008, Эн туура айтыпсын созуно кошулам
01.08.2012. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйлап ыйлап жардамды бир гана Аллахтан тилегенден башка арга жок
01.08.2012. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектерден сойкуларга болгон суроо-талап коп болгон учун, кобойуп жатат болуш керек...
01.08.2012. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун баары ыймансыздык чет элди туурап ушугу барып атат
01.08.2012. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Закондуу турдо уруксат бериш керек. Ошондо айына текшеруудон отуп ооругандары азаят. И мамлекетке налог толойт. Мамлекетке да пайда болмок. Мин турдуу штраф салганын менен бул иш боло берет. Ошого закондуу турдо уруксат бериш керек
01.08.2012. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Makentay, күлдүрөсүң го,ыя, закондуу балитчилик кылганга уруксат берилеби, анда Кыргызстан неге айланат?
16.08.2012. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Makentay, emne sen tuugandaryny alyp kelip jaigashtyrasynby?ozum bar dep suylobo baaryna insap bersin baarybyzdyn ejebiz karyndashyhyz bar
01.08.2012. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
makentay.100пайыз кошулам
01.08.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en jakwysy bulardy katuu jazalaw kerek.owondo akyryn azaiywat.zakondun chyndygynda paidasy tiybeit.bir gana jalalabadda emes butkul kyrgystanda jainap ketti soikular.
01.08.2012. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйман берсе экен Аллахым ошол кыздарга деги эле баарыбызга
01.08.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйман берсин ошол кыздарга!кыздар силер келечекте эне болосунар козунорду ачкыла!азыркы жугуштуу инфекциялардан сактангыла!
01.08.2012. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul korunush akyrky ubaktarda konumush adatka aylanuuda. Bul bolgonu Jalalabad shaaryndagı bir kancha jer...Osh, Bishkek, Karakol tem bolee koldo azyr sezon....
01.08.2012. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки тараптуу иштешет акча анан кандырыш да керек да? Алардын жаны жокпу? Мунун баары телевизордон коруп уйронуп эрте жетилген жаш кыздар.
02.08.2012. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
160 сомго денесин саткандан коро туалетте пол жуубайбы
03.08.2012. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын Кумушай сага кошулам
03.08.2012. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meder-2012 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
03.08.2012. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тууййй атан ушунча убара болуп жазган комент...очурушуптур мен тушуно албайм эч бирде орус тилинде жазба бир туруп бир адашып жазып алсан кайдагы бан-сан деп чыгасынар ну ладно вообще есть такая причина бан?
03.08.2012. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Есть спрос найдется и товар бул нерсени жок кылууга мумкун эмес болгон и боло берет, бирок санын азайтып сапатын жогору кылса нормально болот ко ))) 160 сомго бишкекте бир кун кечке иштейсин алар болсо бир саатта табат экен да соонун го ))) тамаш айтам бир паста жек коруп жибердинерби ))) жоюуга аракет кылыш керек )))
03.08.2012. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir cheti Mekentai tuura aitat. Zakondu turdo bolso anda bolot. Neligalno ishtegen jerlerdi toktotush kerek.160 som eto uje slishkom.ujaaaas.
04.08.2012. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын ар бирибизге инсап берсин. Мен озбектерден мындай чыгат деп ойлобоптурмун.
04.08.2012. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай озу сактасын
04.08.2012. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
без комментариев андайлар жаман көбөйдү
05.08.2012. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bular kandai kyzdar bolup ketti eken
05.08.2012. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazbiike,
05.08.2012. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah taala Quranda aitkan "kim de kim denesin satip soikuluk menen ish kilgan bolso tozokton jynysy menen oozunan ot chugarip koyom degen........."hey musulman bir tuugandar oshonu biz da bilip KORUP TURUP turup toktotposok , tigi duinodon bizge arystanishat eken emne uchun sen ushunu bilip , korup meni toktotpodun deyt anan biz emne dep joop berebiz ........?!
05.08.2012. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah taala Quranda aitkan "kim de kim denesin satip soikuluk menen ish kilgan bolso tozokton jynysy menen oozunan ot chugarip koyom degen........."hey musulman bir tuugandar oshonu biz da bilip KORUP TURUP turup toktotposok , tigi duinodon bizge arystanishat eken emne uchun sen ushunu bilip , korup meni toktotpodun deyt anan biz emne dep joop berebiz ........?!
11.08.2012. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozbek ulutunun kyzdary eken. Alardyn myndai iwterge barywyna ayabai tan kaldym. Alar ozdorun eldin kozun4o yimanduu korsotkonduguno tan kaldym. Kyzdar kyzdar oilongula. Kandai ene bolosunar anan
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо