ӨСПҮРҮМДҮН ӨЛҮМҮНӨ СЕБЕПКЕР АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жол кырсыгына күнөөлүү айдоочу кармалды. Ал эки өспүрүмдү сүзүп кетип, алардын бири каза болуп, дагы бирөө ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
19-июлда саат 16:00 чамасында Сокулук районунда белгисиз КамАЗ прицеби менен Маловодное айылындагы кыш заводуна баратып 15 жаштагы велосипедчен өспүрүмдү жана 10 жашар баланы коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен алган жаракаттан улам 15 жаштагы өспүрүм аймактык ооруканада жашоо менен кош айтышкан. Экинчи бала учурда ооруканада жатат.
Жол кырсыгынын күнөөкөрү окуя болгон жерден белгисиз багытка из жашырып кеткен эле. «Сокулук райондук ИИБинин жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан изи сууй электе Ош облусунун Кара-Суу районунун 48 жаштагы тургуну колго түшүрүлдү»,- деп кабарлашты милиция кызматынан.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
01.08.2012. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран омурлор.
03.08.2012. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.
Кана эми, таба эмес тооба, мындан көп жаш балдардын өмүрүн кыйган биздин шаар башчыбыздын баласы акталып чыкты эле, бул айдоочуга кандай жаза болот экен? Менин баамымча, бул айдоочу жөнөкөй эле карапайым, кадимки эле ажалдуулардан экен. Демек, жазасын толугу менен алса керек. Адилеттүлүк болобу же...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо