Жамал Абдыкеримова: «АТАМДЫН ЫРЛАРЫН ЭЛГЕ ЖАЙЫЛТКЫМ КЕЛЕТ»

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

“Сени бөпөлөдүм, жолуң төтөлөдүм,
Аны сезгендирсиң, менин көпөлөгүм”.

Бул тил сындырчу ыр саптары эсиңиздедир? Адатта Бразилия сериалдарынан гана серенадаларды укчу эмес белек. Бул жолу кыргызча «Серенада» аткарып күйөрман топтогон Жамал Абдыкеримова конокто.

– Жамал, алгач сизди элге тааныткан “Серенада” аттуу ырыңыздын жаралуу тарыхына токтолсок.
– «Серенада» ырымдын сөзү, обону ыраматылык атам Садыралы Абдыкеримовго тиешелүү. «Серенада» – мен үчүн атамдан калган баалуу белек. Алгач ал ыр комузда ырдаганга ылайыкташтырылган болчу. Мен атамдын ырдаганын угуп калып, “мен ырдап чыгайынчы” деп суранып жатып алгам. Ырды жаздырып бүтүп, “Кыргызстан Обондору” радиосуна алпарып берип койгон болчумун. Кийинчерээк эле популярдуу болуп кетип, бир айча мыкты ырлардын катарынан түшпөй жүрдү.

– Азыр эми чыгармачылыкта такыр эле көрүнбөй кет­тиңиз...
– Туура. Чыгармачылыгымдын бир нукта уланбай калышына күйөөгө тийип кеткеним себеп болду. Жашоодо ар кандай сыноолор болот экен да. Мени Кудай ден соолугум жактан далай сынга салды окшойт. Ооруп калып, бир жылда үч-төрт жолу дарыланууга туура келип жатат. Анан да күйөөм себепкер болуп, ыйман жолуна түштүм. Азыр беш убак намаз окуп жүргөн кезим. Бирок көөдөнүмдө ырларым соолуй элек. Кээде үйдө комузда кол ойнотуп калам. Демек, чыгармачылык дүйнөдөн алыстай элекмин. Буюрса, жакында жаңы ырларым чыгат, азыр жаздыруудамын.

– Кайсы жердин келини болдуңуз?
– Жолдошум Таластан болот. Мен ооруган учурда жанымда болгон адам ошол. Ал да ыйман жолунда, бирок чыгармачылыкка өтө жакын адам. Быйыл түтүн булатканыбызга 7 жыл болду. Ушуга чейин бир да жолу ырчылыгыма каршы сын айткан эмес. Ал менин демөөрчүм да болуп келет.

–Кайындарыңыз кайсы та­магыңызды тамшанып жешет?
– Кайненем ашты, ал эми жолдошум бешбармагымды тамшанып жейт. Кайненем орус мүнөздөгү аял. Өз апамдай көрөм. Жаңы келген убагымда таң эрте туруп, эшиктерди шыпырып кирчү элем. Көрсө, Таласта андай салт жок экен да. Бара-бара ал “кылыгымды” таштап, жүгүнгөндү үйрөндүм. Азыр болсо ар күнү кайындарыма жүгүнүп турам.

– Жакынкы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз..
– Атамдын ырларын элге жайылткым келет. Анын тек­ше­рүү­сү­нөн өтүп, жети жылда бышып жетилген “Сен менден жүзүң буруп басып кеттиң” аттуу ырымды жаздырып жатам.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
30.07.2012. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamal kaida boldu eken dep jurgom, Talastyk bolup ketken tura. Saga bakyt, chygarmachylyk igilik kaalaim.
30.07.2012. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыралы аке отуптур да э?Жайы жаннаттан болсун.Жакшы адам эле.
31.07.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамалды кичине кезинде билчум...эки кочо наары жашашчуу..атасы жакшы киши болчу..топурагы торколуу болсун.
31.07.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйман жолудан чыкпа сага үйбүлөлүк бакыт.
31.07.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamal atandyn arty kayırduu bolsun, bir ubaktarda Jamal esinde bolso ekoobuz birge litseyde okugan elek. Chygarmachylygyna iigilik, bakyt kaalaymyn!
31.07.2012. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшик шыпырган кылыгынды токтоттунбу? э
02.08.2012. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атан айабай жакшы адам жайы жанатан болсун
28.12.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамал эженин келечегим сага баратам деген ыры соонун ыр эле тапбай журом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо