№508 27-июль-2-август, 2012-ж
Нарын шаарынын “Ала-Тоо” стадионунда коомдук ишмер Акматбек Сүйүнбаевдин элесине арналган футбол боюнча 15 жаштагы мектеп окуучуларынын арасында республикалык мелдеште Чүй облусунан келген команда чемпион болду. Футболго жалпы өлкөнүн жети дубанынан келген 7 команда катышып, жыйынтыгында Чүй биринчини алса, экинчини Баткен, 3-орунду Талас облусу алып, Нарындын футболчулары 4-орунга илиништи. Мелдештин салтанаттуу сыйлоо аземинде Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, мелдешти өткөрүү үчүн түзүлгөн уюштуруу тобунун төрайымы Чынара Абдраимакунова: “Нарын облусу ушундай республикалык мелдештерди өткөрүүгө кызыкдарбыз жана жардам берүүгө даярбыз”,- деди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |