Айпери Кулбаева: «МЕН МЕГАЖЫЛДЫЗ БОЛГУМ КЕЛБЕЙТ»

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Жагымдуу музыка чыкса ээк таянып кимдер гана рахатка батпайт. Ал үчүн маанилүү ыр, жүрөккө жетчү обон керектелет. Алардын катарын "Сагынуу", "Элегия" аттуу ырларды аткарып келген Айпери Кулбаева толуктайт.

– Саламатсызбы, Айпери, иштериңиз кандай болуп жатат?
– Саламатчылык. Рахмат, баары жакшы.

– Ырчылык кесипке келишиңиз туурасында айта кетпесеңиз болбос...
– Кесибим музыка мугалими. Кичинекей кезимден эле ырдап, бийлеп, "Манас" айтып, мектепте окуп жүргөндө райондук, облустук кароо-сынактарда катышып келгем. Жалпылап айтканда, ырчылык Жараткандын мага берген белеги десем эч бир жаңылышпаган болом.

– Үй-бүлөңүз барбы?
– Бойдокмун. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, мен төртүнчүсүмүн, үч уул, эки кызбыз. Мени ушул даражага жеткирген ата-энемди да кошо кетпесем болбос. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жерге-Тал айылында 1987-жылы 29-февралда туулгам.

– Сырттан караган адамга өтө назиксиз, а жашоодо кандай адамсыз?
– Эркектер менен чоңойгонум үчүн мүнөзүм да, кылган ишим да бир аз эркек балдарга окшоп кетет. Мени атам көбүрөөк тарбиялагандыктан, эркек мүнөз болуп калсам керек. Кичинемде балдарга кошулуп алып машыкчумун. Бирок эркектин ишин да, кыздын ишин да алып кете алам.

– Сизди "Кутман Султановдун жубайы менен душман" деп угабыз, ошол чынбы?
– Кудай сактасын. Бул сөз Кутман экөөбүз дуэт ырдап чыккандан кийин айтылса керек. Мен бирөөгө эч качан душман болуп көргөн эмесмин. Эгер душмандарымды билсем да, аны душман деп эсептебейм. Кутманга келсек, биз сахнадагы кесиптеш гана адамдарбыз. "Келинчеги менен душман" деген сөз кайдан чыкканына таң калам.

– Ырчылардан өзүңүзгө кимдерди атаандаш деп билесиз?
– Эч кимди. Менин жашоодогу негизги максатым, жакшы иштерди кылуу менен бирге бирөө алдыма таш ыргытса, мен анын алдына аш коюучу инсанмын. Башка бирөөлөр мени атаандаш десе дей берсин, мен антпейм.

– Акыркы жылдары өлкөбүздөгү кароо-сынактардын жеңүүчүсү болуп, алдыга эч кимди өткөрбөй келе жатасыз. Тааныш-билиш деген ортодо ойногон жокпу?
– Жок, менин кароо-сынактардан талантыма карабай жеңдирип коё ала турган таанышым жок. Болсо да  андай кылууга намысым жол бербейт. Болгону, талантымдын баарына жумшап жатам, эмгектенип жатам, ошолор мага жеңиш алып келүүдө. Мага тарбия берген эжей-агайлардын эмгегин ушул жолдор менен актап жатам десем болот. Мен мегажылдыз болгум келбейт. Ырчылыкта лампочкага окшоп бир жанып, өчүүнүн кереги жок, андан көрө ошол нерсенин ар бир тепкичин өз күчүң менен басып өткөн эң эле жакшы жол деп билем.

– Турмуш жолунда жолдошуңуз "кесибиңди ташта" десе эмне кыласыз?
– Бул суроо мени да кыйнап келет, ушул күнгө чейин мени түшүнгөн жана ырчылык кесибимди сыйлаган инсанды Жараткандан тилеп жана издеп келем.

– Улуттук кийимге басымды көп жасайсыз, аларды кайдан аласыз?
– Улуттук кийимдерибизди биз кийип өнүктүрбөсөк, анда ким өнүктүрмөк эле? Анын үстүнө кийимдин жабык болушун жактырам. Ачык кийим кийип сахнага чыккан эмесмин.

Уулбү Каныбекова
Osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
30.07.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз кызы ушундай намыстуу болуш керек, Азаматсыз жакшы маек куруп бериптир,
30.07.2012. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
интервьюсу жакты. Молодец! Алга!
30.07.2012. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn Aiperi maegin jakshy boluptur.Aiperinin klipterin kirgizip koigulachy suranych ,,,
30.07.2012. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ommiy da timele. bul ejeni taanybait ekenmin
30.07.2012. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ырчы соройлор чачтан кобойду, бул ким болуп кетти!
31.07.2012. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадалец
31.07.2012. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыска кийсен дуйно жузу боюнча эркектер жатыш керек экен деп ойлойт и аракет кылат акча берип койот болду кете берет
канчалык узун кийип намыстуу болсон мас адамда сенден айланып отот уялып кордунбу айрымасын
01.08.2012. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamatsyn ayperi senin yrlaryng bizge jana magan abdan jagat senin unung bulbuldan algansenbe nee?? kytayda ayperynyn yrlaryn jakderyp ugushat sagan alban -alban iygilikderdi kaalaybyz jalpy kytaydage kyrgyzdarden atynan. soonun mayek bolupdur......yr4e degen mana ayperi emesbeken malades
02.08.2012. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айпери синдим чыгармачылыгында ийгиликтер коштоло берсин. Тилеген тилегине жет, ойдо болсон обок, ылдый болсон жолок боло турган кыргыздын мыкты жигити омурлук жолдош болсун!!! Дайыма мукам унун менен бийиктиктерди багынта бер!!! Бар бол!!!
03.08.2012. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кыздын элегия деген ыры жакты...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо