Бек Исраилов: «ЭЛИМДИН НАМЫСЫН КОРГОО ҮЧҮН АРАКЕТ КЫЛАМ»

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Учурда коомчулуктун көңүлү Латвиянын Юрмала шаарына бурулуп турган кез. “Жаңы толкун-2012” сынагына Кыргызстандын атынан жаш ырчы Бек Исраилов аттанган. "Жеңишти канжыгага байлап келем" деп кеткен Бектин абалын сурап байланышка чыктык.

– Кандайсың, Бек?
– Рахмат, Кудайга шүгүр.

– Сынак кандай жүрүп жатат?
– Жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Быйыл абдан күчтүү катышуучулар көп. Мен да өзүмдү жогорку деңгээлде көрсөтүүгө аракет кылып жатам.

– Жеңишке жетем деп айта аласыңбы?
– Эми буюрганы болот го. Күчтүү катышуучулар көп, андыктан азыр эч нерсе айта албайм.

– Сен үчүн, негизгиси, катышуубу же жеңүүбү?
– Кичинекей кезимден "сахнага чыгып ырдасам экен же жөн эле ушул жерден концерт көрсөм экен" деп эңсечүмүн. Кудайга шүгүр, ошол тилегиме жеттим.
Азыр болсо Кыргызстандын аты­нан келип жаткандан кийин биздин желекти бийик көтөрүп, мыкты деңгээлде ырдасам деген – башкы максатым.

– Атаандаштарың менен таанышууга жетиштиңби?
– Келгенибизге он күндөн ашып калды. Күнүгө репетицияда көрүшө берип, баарыбыз достошуп калдык.

– Юрмала кандай шаар экен?
– Абдан кооз. Аба ырайы бат -баттан алмашып турат экен. Анан бул жердин өзгөчөлүгү, өздөрүнүн тарыхый архитектурасын жоготпогону, башкача айтканда, эски үй, ресторан, мейманканаларды бузбай, ошол бойдон сактаганга аракет кылышат экен. Биз да ошондой мейманканада жашайбыз.

– Ар бир кыргыз жараны сенин жеңишиңе үмүттөнүп турганда аларга эмне деп айта аласың?
– Биринчиден, кыргыз элиме чоң салам! Кыргызстанды абдан сагындым. Баарына ыраазычылык билдирем. Менде абдан чоң жоопкерчилик бар экенин түшүнөм. Биздин элдин намысын коргоо үчүн колумдан келген аракетимди жумшайм.

– Аракетиңдин акыбети кайтып, жеңиш менен келишиңди күтөбүз.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
30.07.2012. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилииииик...
30.07.2012. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!сага ийгилик!!!
30.07.2012. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!сага ийгилик!!!
30.07.2012. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Эмне болгон кундо да биз сени колдойбуз. Ийгилик
31.07.2012. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым куч кубат берип Кыргызтандын желегин желбиретишине тилектешмин ийгилик Бек
01.08.2012. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен башындаэле айткам Жаш деп! УКтабай кыргызстандын чыгышын кутуп отургам .Экинчи кунундо 11 орунга ырдады.Стильисттерден жардам алса да болмок.Формасыда начар.
02.08.2012. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага ,женишке жет ылайым Бек. кыргыстандын желегин желбирет кокко .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо