Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Бир бүркүм... ПРОКУРОР ПАРА АЛЫП КАРМАЛДЫ...
№508 27-июль-2-август, 2012-ж
- Ысык-Көл районунун прокурору жана анын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалып, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду.
- 2013-жылы Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Апсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси өткөрүлөт.
- Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык мэриясына 76 троллейбус сатып алуу боюнча токтомго кол койду.
- Ош-Бишкек автожолундагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннель 17-октябрга чейин саат 23:00дөн таңкы 5ке чейин жабылат.
- "M-Vector" изилдөө компаниясынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда гезит басмаларынын ичинен "Супер-Инфо" лидер деп табылды.
- "M-Vector" компаниясынын изилдөөсүндө www.super.kg сайты Кыргызстандагы интернет маалымат булактарынын ичинен 3-орунга чыкты. Алдыда Акипресс жана 24.kg сайттары.
- Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги жарым жыл ичинде цементтин баасын арзандатууга убада берди.
- "Ош сити – өзбек махала" ыры соттун чечими менен Кыргызстанда мыйзамсыз деп табылды.
- Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Равшан Сабировду үй камагына чыгарды. "Качып кетпейт" деп 6 депутат кепилдик бериптир.
- Кыргыз парламенти көтөрүп чыккан демилгенин негизинде КМШга кирген өлкөлөр арасында Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык негизделиши мүмкүн.
- Мыйзамсыз түрдө ок атуучу куралдарды сактоо жана бийлик өкүлдөрүнө зордук көрсөтүү айыбы менен күнөөлөнүп жаткан Камчы Көлбаевдин жакыны Адилет Касенов Араб Эмираттарынан Кыргызстанга алынып келинди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0