САРАТАНДА ЧАЛКАЛАП ЭС АЛГАНДАР

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Жайдын ысык аптабына куйкаланып айрымдар шаардагы бассейндерге барып сергишсе, кээ бирлер шаар четин көздөй качышат. Ал эми биздин жылдыздар кайда, кантип эс алып жатышканын өздөрү айтып беришсин.

Гүлзада Рыскулова:
“СТАМБУЛДА ЖЕКЕ КОНЦЕРТИМДИ БЕРЕ ЖАЗДАДЫМ”
– Июль айынын башында бир долбоорго катышып берүүмдү суранып, мени Стамбулга чакырышкан. Анын шылтоосу менен барып эс алып келдим. Долбоорду тартуу иштери болуп жатканда бир кызыктуу окуя болду. Мени тартып жаткандар "комузда ырдап бер" деп суранып калышты. Мен ырдап кирсем, көчөдөгү элдин баары чогулуп калса болобу. Айла жок беш-алты ыр ырдаганга туура келди. Бир-эки түркчө ыр да создум. Ошентип, жеке концертимди бере жаздабадымбы.

Азамат Байматов:
“ПЛЯЖДА УКТАП КАЛЫПМЫН”
– Мен көбүнчө чет өлкөдө эс алчумун. Бул жылы бир чыгынып ата-энем, бир туугандарым менен Ысык-Көлгө барып келдик. Чынында, чоң спортчу болгондон бери убакыт болбой, Ысык-Көлгө бара элек болчумун. Бир күнү кечинде пляжга барып ойлонуп, жылдыздарды карап жаткам. Ошол бойдон уктап кетиптирмин. Үшүгөнүмдөн ойгонсом, эми таң атып келаткан экен. Ошондо гана номерге барып жатпадымбы. Мындан улам дагы бир окуяны эстеп кеттим.
Бир досум менен көлдөгү жайкы караокелердин бирине барганбыз. Мактанбай эле коёюн, бирок аябай жакшы ырдайм. Мен ырдап бүткөндөн кийин эки кыз келип “мен сизди тааныйм, кол тамга берип коёсузбу?” деп сурап калды. Мен кол тамга бергенден кийин “сиз абдан таланттуу ырчысыз, ээ?” деп жатпайбы. Ошол жерден айласыз күлдүм анан.

Бактыгүл Бадыева:
“ЭС АЛЫП БҮТӨ ЭЛЕКМИН”
– Апам, бир тууган, жакындарым менен Ысык-Көлгө барып, бир жума эс алып кайттык. Ысык-Көлдөгү заманбап курулган пансионаттардын бирине баргандыктан, кол тамга сурап кагазын сунган күйөрмандарды кезиктирген жокмун. Ойдогудай, жакындарым менен сонун көңүл ачып келдим. Бирок бул мага чек эмес, мен али толук эс алып бүтө элекмин. Алдыда эс алуу тууралуу пландарым көп.

Бекчоро:
“ТОГУЗ-ТОРОДО ТОҢУП КАЛДЫМ”
– Өзүм Тогуз-Тородон болгонум менен, ушуга чейин тоолоруна чыкпаган экенмин. Эс алып келели деп достор менен тоого чыктык. Чатыр тигип, бийик тоодо 3 күн түнөдүк. Жамгыр жаап салып, түнү менен үшүп чыктым. От жагалы десек, отундар суу. Бир суур менен бир кийик атып, айтор, көңүлдү көтөрдүк. Эми жакында август айында үй-бүлөм менен Таиландга барайын деп жатам. Өкүл атам "үй-бүлөң менен эс алып кел" деген сунуш киргизди.

Гүлнур Асанова:
“ТЕШИККЕ КЫПЧЫЛЫП КАЛЫП...”
– Бул жайда өзүбүздүн Ысык-Көлдө эле эс алдым. Курбуларым менен Кажы-Сайга барып, далай кызыктарга туш болдук. Бир курбум "сууда жакшы сүзөм" деп айтып коюп, суу жутуп алып чөгүп кете жаздабадыбы! Мактанып алгандыктан, чөгүп баратса да билдирбей каткырат (күлүп). А биз аны тамашалап жатат деп карап отура бериптирбиз. Акыры аны сууруп чыгып, “сен эмне, өлүп баратсаң да күлүп өлөсүңбү?” деп кыйла жемеледик. Мен да сууда жакшы сүзө албайм. Ошол окуядан кийин курбум экөөбүз жээкте эле жүрдүк.
Бир күнү тааныштарыбыздын туулган күнүнө бармай болдук. Кетип баратканда жолду кыскартмакка жыгач дарбазадан ашып түшмөк болдук. Мырзалар үстүнөн эле ашып кетишти. Курбум болсо ортолорундагы ачыктарына батып кетсе, мен да анын артынан башымды сала коюп, же ары өтө албай же артка кайта албай кыпчылып калсам болобу! Мени акыры эптеп сууруп чыгышты.

Лунара Бекиева, Гүлжан Эшбаева
star@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

АКЫРКЫ ЖОЛУ КАЧАН ЭС АЛДЫҢЫЗ?

Турдубай Кочкоров,
финансист-экономист:
– Эгемендүүлүктү алганыбыздан бери мен эс ала элекмин. Жаштыгымда бир жолу курортко баргам. Андан бери иштеп эле келе жатам. Үй-бүлөм чоң болгондуктан, камсыз кылуу үчүн 20 жылдан бери өргүүгө чыкпай иштеп келем.

Нурбойл Жарматов,
студент:
– Негизи, ар жылы көлгө барып эс алып келгенге каражат бөлөм. Быйыл да Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна барып эс алып кайттым. Аябай кооз жер экен, ойдогудай эс алып, келгениме бир эле жума болду.

Айжан Айталиева,
Баатыр эне, пенсионер:
– Ден соолугума байланыштуу быйыл эс алганга шашпадым. Азыр дарыланып жүргөн учурум. Биз жакта – Аксыда "Падыша-Ата" деген жакшы курорт бар. Барарым менен ошол жакка барып эс алам, буюрса.

Кубан Кадыров,
куруучу:
– Мен жумуш деп жүрүп эс алганды деле билбейм. Эс алып жатып алсам, үй-бүлөмдү ким багат? Бир күн иштебей койсом, акчасыз калам. Ошондуктан акыркы 3-4 жылдан бери эс алуу эмне экенин билбей деле калдым.

Бадыгүл Калбаева,
үй кожойкеси:
– Чолпон-Ата – мен ар жылы барып эс алчу жай. Бардык шарты бар пансионаттар көп болгондуктан, ар жылы ошол жерге эле барам. Августтун башында кайрадан барып эс алып келсемби деп турам.

Бакыт Замирбеков,
банк кызматкери:
– Өзүм жакында эле эс алуудан келдим. Ысык-Көлдөн башка жайга барып эс алганды элестете албайм. Көлдөн өтөрү жок. Мен барганда аба ырайы да көңүлдөгүдөй болуп турду. Ал жакта бир жарым ай бою жаттым.

Жазгүл Абдылдаева,
сатуучу:
– Ысык-Көлгө барып он күн эс алып келдим. Жай айында эс алганга эмне жетсин? Жакшы иштөө үчүн эс алып да туруу керек.

Гүлжан Эшбаева
koom@super.kg


Саратанда чалкалап эс алгандар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
28.07.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЫССЫК_КОООЛ жакында барабыз
SUPER.KG видео
29.07.2012. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МЕН 8жыл болду Ысык колго бара элегиме,бирок абдан сагындым!БАРА албасам быйыл жакын СОЧИге барып эс алып келем деп турам!
SUPER.KG видео
30.07.2012. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koldon bugun keldim. klassno))))
SUPER.KG видео
30.07.2012. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 jyl boldu kolgo bara elegime. Buiursa sentyabr'da Kyrgyzstanga baryp,Kolumo baryp es alyp kelem :-)
30.07.2012. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы убакта копчулук башка олколорго барып эс алып атышат Аллага шугур ушунчалыкка жеткирген! Каражат, шарт бар маалында эс алып, конул ачып алган жакшы мен да ар жылы озубуздун кооз жерлерден сырткары Казахстанга барып эс алып келем.
30.07.2012. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба эс алганга не жетсин биздин керемет Ысыкколдон айланайын
SUPER.KG видео
31.07.2012. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооой достор койгулачы эми озу жаш кыз экен жаны иш баштаганда албетте ката кетиретта анан барып жетишет....
SUPER.KG видео
31.07.2012. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эс алганы только Ысык колго,башка чет олкого барышса болбойбу биздин жылдыздар
31.07.2012. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекчоронун иниси Эрчоро менен бир Универде окуйт элек бирок ден соолугуна байланыштуу толук окубай окуудан чыгып кетти.Абдан Жакшы жигит иниси.
SUPER.KG видео
31.07.2012. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizdin Ysyk-Koldon otoor jer jok!!!
SUPER.KG видео
31.07.2012. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да жакында Кыргызстандын бермети деп эсептелеген Ыссык-Колдо эс алдым, колду карап отуруп, дагы да болсо баргым келип отурат)))
31.07.2012. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А эмне акыркы коммент не в тему?
31.07.2012. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktygul bayagy ele maktanganyn koiboptur, zamanbap dep aitpai koiso biz kvartirada ele eken dep oilop kalbait elekda
03.08.2012. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ramyata_ik, ха ха хаа... Не болей!
31.07.2012. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Байматов ким?
01.08.2012. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар эс алганды жакшы оздоштуро элекпиз...
SUPER.KG видео
01.08.2012. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааа, сагындыыым Ысык-Колумду!!!! Буюрса 2-3 жылдан кийин созсуз барам! Азыр болсо тынч океандын жээгинде отурам.....
SUPER.KG видео
01.08.2012. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Issyk-Kul- kak Miami Kyrgyzstana.
02.08.2012. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жакшы
03.08.2012. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ramyata_ik, жайлаптырсын го!
05.08.2012. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыссык колго эмне жетсин. Аккан суудун кадыры жокта башка олкодо суутуп койуптурбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо