108 ЖАШТАГЫ ЭНЕНИН ТАГДЫРЫ

№509 3-август-9-август, 2012-ж

Азыр мен сөз кылчу эне 108 жашта. Дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүп, төрдө небере жытына мас болуп отургандын ордуна сыз тамда чымынга таланып жатканы жүрөктү оорутту. Каарманыбыз Кочкор-Ата шаарынын тургуну Зульфия апа учурда тил-сөздөн калып, төшөктө жаткандыктан, майыптар арабасында отурган 60 жаштагы Махамадали деген уулу менен маек курдум.

108ге чыккан эне учурда сыртка кирип-чыга албайт.

“АПАМДЫН ИЧЕР СУУСУ АЗ КАЛДЫ”

– Апаңыз 108ге чыгыптыр, азыр абалы оор окшойт...
– Ооба, көрүп турганыңдай, апамдын колу-буту шишип, тамак жебей, суу гана ичип калды. Колдорунун терисинин целлофандан айырмасы жок, жупжука тартып баратат. Бир аз эле катуураак тартсаң, айрылып кетчүдөй. Бир-эки жума араң чыдагандай эле жаны калды көрүнөт. Мурун баса албаса да, сүйрөлүп жылып жүрчү, беш-он күн болду, азыр сырткы дүйнө менен байланышы такыр үзүлүп баратат. Кээде “ичер суум аз калды окшойт, балам” деп кобурап калат.

– Апага сизден башка каралашар балдары жокпу?
– Бир тууган агам бар. Карыганда кишиге оору жабыша берет экен да. Агам да оорукчан болуп, Ошто дарыланып жүрөт, чамамда. Анын да аялы бар эле, өтүп кетти. Балдары Бишкек жакта, кайрылышпайт деле атасына. Ага деле кыйын, карыганда жалгыз калды.

– Сизчи? Үй-бүлө күттүңүз беле?
– Мен да үйлөнүп, кийин ажырашып кеттим. Бир уул, бир кызым апасы менен кеткен, алардан кабарым деле жок, келишпейт. Андан кийин дагы бир жолу үйлөндүм. Азыркы аялдар жеңил ойлуу болуп кетишкенби, айтор, алдап жан баккан немеге туш болуптурмун. Өзбекстандан алдым эле, такыр колунан иш келбейт экен. “Кой, сенден көрө өзүм жакшы иш кылам” деп аны жолго салып койгом. Ошондон бери апам экөөбүз жашап келатабыз.

– Жашоо-шартыңыздар оор экен, жардамга кол сунгандар барбы?
– Көп болуп калды, Өзгөндөн бир ажы апа 187 миң сом акча берди, жардамга деп. Кулап калчудай болуп турган эски үйдүн жанына жаңы үй тургузуп берди. Андан башка да жардам көрсөткөн кошуна-колоңдор бар. Азыр бизге ушул үйдү бүтүрүп беришсе эле эң чоң жардам болмок.

– Сиз эмне болуп майыптар арабасына отуруп калгансыз?
– Мен 30 жылдан ашуун тракторчу болуп иштедим, кошумча наабайчылык кылып нан жаап жүргөм. Трактор айдап жүргөндө суук тийип калганбы, бутум иштебей, сыздап ооруп туруп алды. 1994-жылдан бери арабага байланып калдым. Эки бутум ооруганы аз келгенсип, азыр көзүм да начарлап, лупа менен гана көрөм. Болбосо такыр бопбоз болуп калат. Ал эми дарыланууга, көрүп жатасың, шарт жок. Врач келип дары берип кетет, анысы жардам деле бербейт. Эгер каражат болсо, дарылансам эле бутум айыгып кетмек. Барган сайын мен да алсыз болуп баратам. Эки жолу жыгылып калдым.

– Алган пенсияңыздар экөө­ңүздөргө жетеби?
– Башында менин майыптыгыма карата аз гана акча алчумун. Мэрге улам кайрылып отуруп, эми бир аз көбөйдү. Апам экөөбүздүкү биригип 6840 сом болот. Ал күнүмдүк тамак-аш, дары-дармектен артпайт.

– Экөөңүздөр тең сыртка чыга албасаңыздар, тамак-ашты ким алып келет?
– Кошуна-колоң дегенден Кудай ажыратпасын. Ошолор каралашып турушат. Дүкөн, базарларга чыгышса, бизге да ала келишет. Кечээ эле үйдү тазалап, жыйнап берип кетишти. Ошолорго рахмат айтамын.

– Үйдүн бардык жагы эле ачык экен, кыштан кантип чыгасыздар?
– Быйыл кантебиз, билбейм... Мурун “Кыргызнефттин” директору Каныбек деген иним жакшы жардам көрсөткөн. Ошол иним ар жылы эле отун, көмүр, акчадан көмөк кылып турат. Быйыл жаңы үй бүтүп, ошого кирип алсак деп тилеп жатам.

– Зульфия апа мурун эмне менен алек болчу?
– Өзбекстандан көчүп келгенибизге 58 жылдын жүзү болуп калыптыр. Атам жок, 1 жашымда каза тапкан. Келгенден бери апам кароолчу болуп иштеп жүрүп пенсияга чыкты. Андан сырткары бизди “туура жолдо жүрүп, уурулук кылбагыла” деп тарбиялаган оор басырыктуу аял эле.

– Маегиңизге рахмат. Ылайым тилеген максаттарыңыз орундалып, ден соолукта болу­ңуздар!

Жашоо бизди ар кандай жолго салып, сынап коёт турбайбы. Өзү майып болсо да, арабасын сүйрөп Зульфия апанын акыркы күндөрүндө жанында болгон уулу Махамадали байкеге бали дедим. Болгону, көп жашап, жашоосунун акыркы барактары кейиштүү аяктап жаткан энеге боорум ооруду. Баса, мен кетерде байкуш эне “суу, суу” деп жиберди. Же арабада отурган уулунун сууга колу жетсечи... Чуркап барып суу ичирдим да, жолумду уладым.

Гүлжамал Бөрүкулова
jalalabad@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(23)
06.08.2012. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул адамдар кудайдын суйгон адамы! алты саны амандар ата-энесин бакпай кетишип жатышат кудай ыйман берсин
06.08.2012. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге 100 жылдык, 1000 жылдык, анан марафон, балан-тукун деген мааракелер коп да, ушундай жардамга муктаж мекендештерибизге жардам беришпейт? Бул абдан окунучтуу.
Азыр коп эле адамдардын 2-3 квартирасы, 2-3 машинасы бар, эмнеге АЛЛА ыраазычылыгы учун деп кол сунушпайт?
Алардын байлагын эсептегенде эмес, бирок мумкунчулугу барда жакшылык кылышса мындан откон кандай ыраазычылык бар?
Алибетте байлык-бийлик бул убактылуу нерсе, бирок ошону туура пайдалануу!
06.08.2012. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматуу мусулмандар, эч качан кайдыгер карабай, колдон келген жардамыбызды берели!
Бул кун ушул менен эле бутуп калбайт!
АЛЛАХЫМ баарыбызга бекем ыйман берсин!
06.08.2012. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайымдан ар бир ата-энени оз балдары караса экен деп тиленем эми
06.08.2012. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин атка минерлерибиздин 1 айлык кирешеси менен ушул тургузулуп жаткан уйдун расходдору жабылып ,ремонт болуп бутмок ,бирок ошол атка минерлердин коздоун май басып калган. Жараткан Алла аларга бейиштин торунон орун берет деген ойдомун!!!
06.08.2012. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энесинин жанында жургону учун азамат дейли. бирок байкап коргулочу бул адамга кудай сыноо жоноткон жокпу?аталуу туруп атасыз оскон эки баласы учун. кабарым жок дейт балдарынан,торотуп туруп таштап кеткен,канынан жаралган баласын кайрылып издеп койбогон эркектерди кудай озу жазалайт.экичи аялды да жолго салдым дейт. аял бул кишиге буюм окшойт,жакпай калса ыргытып жиберген.балалуу болгондон кийин бала учун эркек уйбулого жоопкерчиликтуу болушу керек эле.оз башы менен кетсин
06.08.2012. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кейичтүү тагдыр. Мындай тагдырды душманыма деле каалабайт болчумун.
06.08.2012. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эненин жаткан жериндеги суротун коруп журогум сыздап кетти. 108 жашка жетуу кандай соонун бактылуу.
07.08.2012. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп ыйлап да жибердим Ииии Аллах озу колдоп жардам берсинчи . Боорукер адамдар уйунун бутушуно жардам берсе экен
07.08.2012. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен Жалал Абадтык болсом жардам бермек элем
07.08.2012. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alikov_almaz, Jalal-Abadttyk bolson jardam bermeksinbi je Jalal-Abadtta bolgonundaby|??? Jardam berem degen adam wyltoo aitpait....juroktun tupkurundo jardam berem degen niet boluwu kerek.
08.08.2012. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алыскы туугандан, жакынкы коншу.
08.08.2012. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сага окшогондор жалал абаддык болбогону да дакшы Аликов Алмаз тилим бар деп эле. ...
08.08.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгондук ажы апага чоон рахмат, азыр бир тууганын да 187мин сом бербейт ко, АЛЛА ыраазы болсун, а бул мекендештерибизди кудай озу колдосун!!!
08.08.2012. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне дешимди да билбей калдым биздин чондор ушундайларга бир ааз жардам берип коюшса жакшы болмок.
11.08.2012. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бомбарбио:сен бул адамдарды талкууга албай эле кой андан коро кудайдан корк иш кылганды билбесе туура кылган ансыз деле жашоосу оор экен буту да иштебесе тескерисинче балдары ушул кишиден бир кабар алып койсо экен дечи алдыда эмне кутуп турат билбейбиз да кудайым жардам берсин андан коро
11.08.2012. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боорун ооруйт, бийликтегилер жардам берип койгулачы? сураныч сиздерден
11.08.2012. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jawoodo adam zati kutpogon okuyalar kop bolot. Azirki tapta biri toy berip jirgap jatsa. Biri balaluu bolu suyunu4uno bathp jatat, biri bolso kaygiruu izasin. Degi koy4u ayta bersen koptogon okuyalar bolup jatat,en negizi ooru azabin tartkandar t.a mayiptar, alar u4un soo adamdarday emes. Kan4alik konul a4uuga arkettense da, birok sizdatkan oorusu unutturup koyot. Emi temaga kayrilsa 108 jawtagi apanin jawi ayabay tan kaldirdi, birok balasi ajirawpay jawaganda baldari t.a nebereleri karalawmak b
11.08.2012. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
neberleri karalawmak bele, baykenin ayalin jolgo salgani 4on kata4ilik kiliptir, allah uybulonu beriptir birok bayke ozunun kizik4iligin oyloptur, negizi adam zati sabirduu boluwu abzel! Balkim al ayali karalawip , oz ubaginda vra4ka alip barmak bele!juroktu oorutkan okuya eken!
12.08.2012. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаратканым куч-кубат берсе экен,эненин суротун коруп кадимкидей ыйладым жакшы жашап кетишсин !
12.08.2012. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге биздин мамлекетибизде ушундай энелерди карылар уйуно алып келип карашпайт. Тан каласын адам!
19.08.2012. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul nerseni bizdin chondor okubasa, korboso ukkanda dele togotuwbait! Janagy eneni,uidu korup zeenin keiit,kurulgan ui butuwuno az kalyptyr al da mamlekettik jaktan emes aju apanyn kairyluusu m-n uwul uidu mamleket buturup koiso da bolmok! Jardam bergender bolsi ALLAH raazy bolsun!
23.08.2012. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашында бер мээнетти карыганда бер доолотту.Дагы кошуналарына рахмат жардам беришет экен.Азыркы заманда кишини киши карабайт да Адил Б
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо