Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СЕНДЕН ӨЧ АЛАМ...»

№509 3-август-9-август, 2012-ж

– Уйкудан көзүм илинип кеткен экен, мени чөнтөк телефонумдун кыска шыңгыры ойготту. “Туулган күнүң менен, жарыгым!..” Ушундай үч ооз кеп билдирүү, адаттагыдай, дал түнкү саат 12де. Ушул сенин немистигиң да жанымды кашайтып жиберет. Уйкумду бузганыңа жиндене, бир чети унутпай, болгондо да элден мурун, дал 12де куттуктаганыңа жеңилдене дем тартып жаздыкка баш койдум. Эми уктамак кайдан? Өмүрүм, кубаныч-кайгыларым, тарткан ызам көз алдыма тартылып, алкымды муунта келип көз жашка айланды. Жети жыл болуптур. Жыл сайын туулган күнүмдө куттуктап ыйлатасың. Жыл сайын туулган күнүмдө “сенден сөзсүз өч алам, мына көрөсүң, мени жоготуп алганыңа бармак тиштеп өкүнө турган болосуң!” деп өзүмө сөз берем.
Анда мен өтө эле баёо элем. Мен жакшы болсом, айланадагы адамдар да жакшы болот, мен жакшылык кылсам, адамдар да жакшылык кылат деген ойдогу, турмуштун ачуусун тата элек бакыраң көз элем. Ошол күндөрдө сага жолуктум. Таанышкан эле күнү сенин торуңа түшкөнүмдү, андан эмне айла кылсам да кутулбасымды сездим. Ошону сезип, артымды карабай качтым. Ооба, кадимкидей эле качып кеттим. Курбум Мээримдин туулган күнүнө чогулганбыз. Сен бир досторуң менен кошо келиптирсиң. Салат жасашып ашканада жүргөм. Бака-шака болуп эле ошол жакка кирип келдиң. Мага карап күлүп, белимден имере тартып, бетимди аарчып калдың. Кашайгырдыкы, дагы баягы адатымды карматып бетиме майонез сүртүп алган экенмин. Ашканага кирип, тамак баштасам эле бетиме бир нерсе сүйкөп алам, канча абайласам да болбойт, деги эле болбойт.
– Жөн эле айтып койсоң болбойбу? "Наглый" адамдарды жаман көрөм.
Булкуна колуңдан чыгып кеттим.
– Ээй, биринчи рахмат деп коюп, анан урушсаң боло, бетиңди тазалап бербедимби, башка балдар көрө электе. Менин атым Аман.
Күлүмсүрөп колуң сунуп туруп калдың. Абалым өзүмө күлкүлүү туюлуп, “бырс” күлүп жибердим. Сен кошо каткырдың. Токтоно албай көпкө күлдүк. Өтө шар, чечкиндүү адам экенсиң. Эки сааттын ичинде эле мени менен эзелки тааныштай боло түштүң. Атүгүл бир нече жылдап жигитим болгондой мага кожоюндук кыла баштадың. Өтө эле жылдыздуу экенсиң, туруштук бере албай, алсырап, сага жеңилип бараттым. Дос-курбулар арасында “недотрога” атагым бар, оңой менен бирөөгө ийиле бербеген жан элем, сенин алдыңда алсыздыгымдан чочулап, эч бирине түшүндүрүп айтып отурбай кечеден кетип калдым. Тимеле азыр бирөө билектен алып кетирбей койчудай шашып, качып кеттим. Сен байкабай калдың. Чын эле кетирмек эмессиң.
Сени сүйбөй коюш мүмкүн эмес эле. Сендей адамдардын жүргөн жери майрам. Сендей адамдар кайгыны да, коркунучту да, алдына туура келген ажалды деле ууртунда жылмаюу менен тосот. Сендей адамдар депрессия, өзүнө ишенбей күмөн саноо, санааркоо деген эмне экенин билишпейт. Сендей адамдар беттегенин бербейт, жетем дегенине жетет, алам дегенин алат. Бир жаман жери... Сендей адамдар бир жерге токтоно албайт, бирөөгө биротоло байлана албайт. Ошол илгертен келе жаткан мыйзамды бузуп, сени токтотом, өзүмө байлап алам дегем. Кайдан?
Экөөбүздүн сүйүүбүзгө алгач ишенишпеди, анан таң калышты. Сени жакшы билген досторуң “кезектеги оюнчукпу?” дегендей кабыл алышты. Ачык эле айтып да жатышты. А менин кезектеги оюнчук болгум келбеди. Сени сүйүп, жүрөгүм өрттөнүп жатса да баш чайкадым. Кучагыңа боюмду таштагым келген маалда шарт бурулуп басып кетип жүрдүм. Жеңилүүнү билбеген жаның мен жок деген сайын артымдан түшүп кууп алдың, оюндун кызыгына берилип кеттиң. “Жигиттер кыздарды сүйүп ката кылат, аларды сүйдүрүү керек” деген принцибиңди буздуң. Мени сүйүп калдың. Анан экөөбүздүн мамилебиз акындар жазып, ырчылар ырга салган улуу махабат дастанына айланды. Досторубуз кубанды, таң калышты, кызыгышты, суктанышты, көз артышты. Мына, мына эми чыныгы бийиктикке жетебиз, бирге болобуз, үйлөнөбүз деп ойлоно баштаганымда турдуң да басып кеттиң. Кыйратып түшүндүрбөдүң. “Мен үй-бүлө куруу үчүн жаралган адам эмесмин... Оставим не законченный роман, в парке на скамье” деп кыңылдай ырдап басып кеттиң. Канчалык кыйынчылыкка, каршылыктарга даяр болсом да, сенден мындай соккуну күткөн эмесмин. Көнүмүш турмушуңду, атаңды, энеңди да таштап алып Орусияга кете бердиң. Эмне болуп кеткенин түшүнө албай, дендароо болуп эле кала берипмин, үч-төрт күндөн кийин эсиме келип, анан ыйладым. Ыйлай берип көз жашым да кургады. Ошондо өзүмө сөз бергем. “Мыкты бир жигитке турмушка чыгып, бактылуу үй-бүлө курам. Өмүрдө эң негизгиси, эң маанилүүсү үй-бүлө экенин далилдейм. Бактылуу экенимди сага көрсөтөм. Мени жоготуп алганыңа өкүнөсүң” дегем.
Андан бери жети жыл өттү. Чын эле турмушка чыктым. Мени сүйгөн, сыйлаган, үй-бүлөнү негизги орунга койгон, барктаган адамга. Уул-кыздуу болдум. Үй-бүлө очогуңда аманчылык, бардарчылык, ырыскы-ынтымак болсун деп тилешет эмеспи. Менде ошонун баары бар, демек, бактылуумун. Бирок... Сен биротоло жоголуп кеткен жоксуң. Дайыма туулган күнүмдө куттуктайсың. Унутпайсың. Эч кимге ордуңду бербейсиң, дагы деле. Дайыма түнкү саат 12ни какканда куттуктайсың. Чалбайсың. Жөн гана үч ооз кеп жазасың. Үнүңдү уккум келет, өзүңдү көргүм келет. Кандайсың, кайдасың, кандай болуп өзгөрдүң?.. Мен бактылуумун, үй-бүлө күткөн, балалуу болгон адам гана чыныгы бакыт эмне экенин түшүнөт. Демек, мен жеңдимби? Сенден өч алып бүттүмбү деги?

Айдай
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(46)
07.08.2012. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдай сиз бактылуусуз! Откон кунду эске албастан алдыга карай умтулунуз! Балдарыныздын бактысына болонуп мээримдуу эне болушунузду каалайм!
07.08.2012. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жок, сиз женген жоксуз, окунучтуу, сизди жакшы тушунуп турам себеби оз башыман откон андай, ошон учун айтып жатам сиз дагы эле суйот экенсиз ал адамды, озунузго озунуз айталбасаныз да сезилип турат, андай жаралган сезимдер туболук кала берет, тушунбогон башынан отпогон адамдар айтышы мумкун ушунча жыл эч кандай суйуу болушу мумкун эмес деп, бирок сиздин жазгандарыныз боюнча сиз дагы аны суйот экенсиз, болгону аралык тоскоол болуп жатат, эгер ал кайра келсе сиз эч нерсеге карабайсыз
07.08.2012. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу жашап жаткан уй булонузго да, ошондуктан сиз женген жоксуз, сиз женилдиниз, тескеринче ал сизден оч алды, сиздин журогунуздо суйуу сезими очмойунчо сиз анын алдында алсызсыз...
07.08.2012. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны тез арада унутуу керек бир кун куйоон билип калса бактылуу экенинди чыгаратго чиркин!
07.08.2012. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде ушуга окшогон окуя болгон. Айрымасы мен эркек, ал аял. Оч алдым деп эсептебейм, антип да ойлобойм, минтип СМС деле жазбайм. Болгону аны ар кун сайын бир эстеп, жашоосу озу каалагандай болушун тилеп коем. Себеби бул турмушу озунун да тушуно кирбесе керек кыз кезинде. Озундо да бир аз куноо бар, мумкун Аллахтын буйругудур.
07.08.2012. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oo 4indiginda kiziktuu okuya eken! Bizge, taktap aytkanda adam balasina usun4alik ku4tu mahabat sezimin bergen eken bah 4irkin, kan4alik araket kilbayli jene albaybiz, antkeni jurogubuzdun tupkurunon orun algan al sezim! Birok men suyup kaluudan korkom!
07.08.2012. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылын жайында болсо унут суйгонуну. Аягы жаман болот. Ал эркек эмес окшойт сени албаса.
07.08.2012. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En negizgisi ui bulo. Al adamdy suison da kuison da ui bilono sak bol.
08.08.2012. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
самы главно ден соолук керек сени алдаса болду аны игнор ет унут ошондо бактылу жашай аласын
08.08.2012. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурлук жолдошун жанында балдарын бар андан артык дагы кандай бактылуулук керек.эркек киши кызганчак болуш керек .аялын кызганбаган эркек бейишке кирбейт деген.сим картанды 7жылдан бери алмаштыртбаган жолдошуна тушунбодум.албетте суйуш оной унутуш кыйын.бирок жене билиш керек
08.08.2012. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оууу таттааааалго унутта эми жети жылдык жигитинди
08.08.2012. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sizge suktanam mende oshol bakyttyn bir tamchysy da jok(siz baktyluu adamsyz..oshol bakytty bekem karmap bir gana alga umtulunuz..baktyluu bolunuz!
08.08.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да бактылуу суйууго кабылгым келет.
08.08.2012. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ме сага суйуу!
08.08.2012. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле унут балдарын бар экен ээрин билип калса барбы ошол жерде олтуротго.
08.08.2012. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы бактылуу болгула. бирок чындап эле 7и жылдан бери бир номерде жургону жомокбу деймда. эмнеси болсода бактылуу балалуу болгула алла таалам ар бир пендеге бакыт нурун чачсын.
08.08.2012. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сизди тушунуп турам!эмнеси болсо дагы бардык нерсеге коз жумуп алдыга умтулунуз,балдарыныздын келечегин ойлонуз!эмне себептен баланын кетип калганы мага да кызык болуп жатат!
09.08.2012. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Suiuun kuchtu eken Ejeke, Jeti jylda janagy eme jerge kirbei, Je ejekemdin jurogun tynch koiboi, duraiyndyn BAATYRY erkeksinda
09.08.2012. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-бакыт эне болуу бактысы
09.08.2012. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да өч алам дегем. ((( Эээх... Жашоодо баары биз ойлогондой боло бербейт экен...
09.08.2012. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакан жок мындай тоок суйуну жазбай деле койсо болот абдан жонокой экен бири-бирине окшогон жашоо.
10.08.2012. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмнегедир ишенген жокмун бул историяга, коркомдолуп жазылып калыптыр, анан 7 жылдан бери телефондун номерин озгортпой эмне кылып журот
10.08.2012. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо да андан бери симкарта чирип кетмек. кыскасы жомок го
12.08.2012. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lira@super.kg деп турбайбы буга чейин жазылып келе жаткан "романдар" ушул адамга таандык.
15.08.2012. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жанында жакшынакай куйоосу турса башка жигитти ойлогон,бул копкондук.....номеринди алмаштырсан деле sms келип жатабы?
16.08.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi baaaai anda och alyp emne siz madjahet je vahabistsizbi iya?
24.08.2012. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жолугууну каалап анан бир куну жолугасыз а бирок аны коруп еле сиз аны суйбой турганынызды тушуносуз.Ушунча убакыт отту а сиздин суйуунуз мурункудай болбой калган экоонордун тен жашоонордо башка адамдар пайда болгон ал адам сизден алыстап кеткен
01.11.2012. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй-було-бул чыныгы бакыт. Ал нерсеге эч нерсе жетпейт. Жанында сени сыйлаган жарын болсо, балбылдаган балдарын болсо, Ата-Энен, бир туугандарын болсо, андан откон бакыт жок. Байлык, бийлик- булар келип-кетээр нерселер.
05.12.2012. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
siz al adamdy siuot ekensiz. siz balanyz jana kuonuz u4ungana bakttyluudaisyzgo. a al adm emnege keti sebebin bilishke araket kylbadynzby? birok uibulo en sonun bakyt 4ynygy siuu tuboluk jurokto kala beret kez kezde kozgolup koi4u adaty bar.
05.12.2012. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
o4 alushtyn keregi emne emne paida ozunuz ele kyinalas. al da siz da bakttyluu bolunuzdar. men suigonumdon o4 alysh u4un jongana oz ustundo seni shashpa saga a9sh bolup albasamby dep koi4umun. kudai sulogonundu berebi kim bilsin dagy siulogonumdoi kutusuz jerden aga a9sh bolup kaldym bolgondo dagy aga jakyn bolgon dosunun suktusu bolup kaldym
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо