ШИШКЕБЕК ЖАСАЙБЫЗ

№509 3-9-август, 2012-ж

Жай! Тоо! Шишкебек! Түтүнгө ышталып шишкебек бышырып жегендин өзү эле рахат эмеспи. Шишкебек жасабаган кишиге, албетте, бул иш оордой туюлса керек. Бирок аны жасоо мен ойлогондон алда канча жеңил экенин ашпозчулар менен сыр бөлүшкөндөн кийин билдим. Эмесе, ашпозчулардын сырларынан...

ЭТ ТАНДОО
Шишкебек эттин кайсы түрүнөн жасалбасын, аны туура тандап алуу керек. Негизинен, жаш малдын этинен жасалган шишкебек жумшак жана ширелүү болот. Андыктан жаш малдын муздаткычта тоңдурулбаган этин тандап алууну эске алыңыз. Жаңыдан союлган малдын этинен да дароо шишкебек жасоого болбойт. Анткени андагы тарамыштар 3 сааттан кийин гана жазылгандыктан, аны тууроодо кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Шишкебекке малдын арткы сан эти, төш эти, кабыргалары жана ич эттери жарайт.
Тоок этин тандоодо да өзгөчө көңүл буруу керек. Бардык эле тооктун эти шишкебекке жарай бербейт. Бройлер породасындагы же 1 жылдык тооктун эти, канаттары шишкебек жасоого ылайыктуу. Өзгөчө тооктун сан этинен жасалган шишкебек ширелүү жана даамдуу деп эсептелинет. Тооктун оң буту көп кыймылда болгондуктан, эти сол бутунукуна караганда бир аз катуураак келет. Андыктан тооктун сол санын тандаганыңыз туура.

МАРИНАДДОО
Маринаддын туура эмес жасалышы шишкебектин даамын бузат. Этти сөзсүз сыр, айнек же чопо идиштерине маринаддоо керек. Маринаддын негизги каражаттары катары туз, шишкебекке кошулчу атайын татымалдар, кинза, имбирь, калемпир, мурч, пияз, суюктуктардан квас, айран, газдалган суу, анардын, лимондун ширеси, өсүмдүк майы, киви мөмөсү эсептелинет. Маринадга пиязды канчалык көп кошсоңуз, шишкебегиңиз ошончолук ширелүү болот. Ашпозчулардын дагы бир сыры – алар этти маринаддоодо уксусту такыр колдонушпагандыгы. Уксус эттин даамын гана бузбастан, бышканда катуу кылып да коёт.

МАНГАЛ, ШИШ ЖАНА ОТУН КАМДОО
Колуңуздан келсе, мангалдын калың темирден жасалган, бүктөмө түрүн тандаңыз. Ал ысыкка чыдамдуу жана алып жүрүүгө ыңгайлуу. Эгер мангал алууга чамаңыз жетпесе, анда корооңуздун бир бурчуна ысыкка туруштук берүүчү кыштан да мангал жасап койсоңуз болот. Албетте, бул эмгекти талап кылат деңизчи. Бирок мындай жол менен жасалган мангалда ысык көпкө сакталат жана көзүңүз жокто эч ким көтөрүп басып кете албайт. Ал эми шиштин калыңынан жана дат баспаган темирден жасалганын алсаңыз, ийилбей, ысык отко жакшы туруштук берет.
Ашпозчулардын айтымында, көмүргө караганда жыгач отундун табына бышкан шишкебек даамдуу келет. Шишкебек бышырууга жүзүмдүн жана сөксөөлдүн отуну ылайыктуу. Эгер мындай отун таппасаңыз, анда эмендин, липанын же мөмөлүү дарактардын (алманын, өрүктүн, алчанын) отундарын колдонсоңуз болот. Ийне жалбырактуу дарактардын отундары шишкебек бышырууга сунушталбайт. Мындай отундун табына бышкан шишкебек чайыр даамданып калат.

БЫШЫРУУ
Отун толук күйүп, кыпкызыл чок болгондо гана бышыруу ишине киришүү туура. Шишке этти тыгыз жана тегиз кылып саябыз. Эт шишке жабышып калбаш үчүн аны өсүмдүк майы менен майлап, отко ысытып алуу керек. Шишкебектин бышыруу мөөнөтү эттин түрүнө жана тилимдеринин көлөмүнө жараша 20-25 мүнөттө даяр болот. Шишкебектин толук бышканын билүү үчүн аны бычактын учу менен ар жеринен тилип көрүңүз. Таза бышкан шишкебектен тунук, ал эми быша элегинен күлгүн түстөгү суюктук чыгат.
Бышкан шишкебекти дасторконго жашылчалар, көк чөптөр жана чокко какталып бышкан жашылчалар менен берген туура. Ошондой эле кургак кызыл шарапка, ак шарапка жана сырага шишкебек эң жакшы закуске болорун унутпаңыз.
Эскерте кетчү нерсе, астмадан азап чеккендер шишкебекти өз рационунан чыгарып салуулары зарыл.
Шишкебек жасоодогу эң негизи сыр бул – шаңдуу компания жана жагымдуу маанай. Андыктан тамагыңыздар даамдуу, эс алууңуздар көңүлдүү болсун!

“ҮЧ МАНЖА” ШИШКЕБЕГИ
Шишкебектин бул түрү койдун, торпоктун кабыргасынан жасалат. Ал үчүн кабырганы туурасынан 2-3 бөлүккө бөлөбүз. Анан кабыргаларды ортосунан 2-3төн кылып ажыратабыз. Эми татымына жараша туз, калемпир, пияз, атайын шишкебекке кошулчу татымалды кошуп аралаштырып, 3-4 саатка тыныктырып коёбуз. Этибиз маринаддалган соң 3 шишке тизип, чокко кактап бышырабыз.

“ЛЮЛЯ-КЕБАБ” ШИШКЕБЕГИ
Уй этин жана койдун куйругун эт өткөргүчтөн өткөрүп, ага майда тууралган пияз, татымына жараша туз, калемпир, мурч, кинза кошобуз. Туурамжыны жакшылап аралаштырган соң колду суулап, таякчаларга бекем жабыштыруу керек. Антпесеңиз, бышырып жатканда ажырап кетиши мүмкүн. Кээ бир ашпозчулар шишкебектин бул түрүн жашылча кошпой жасашса, кээ бирлери койдун ич майына ороп бышырышат.

КУЙРУК & БООР ШИШКЕБЕГИ
Уйдун боорун жана койдун куйругун 3 сантиметр өлчөмүндө чарчы кылып кесип, ага татымына жараша туз, калемпир, зиреден себелеп аралаштырабыз. Андан соң куйрук-боор кылып ирети менен шишке тизип, татымалдар сиңгенче 1 саатка муздаткычка салып коёбуз. Кийин даяр чокко төрт тарабын кактап бышырып, дасторконго тууралган пияз менен берсеңиз болот. Боорду койдун ич майына ороп да бышырууга болот.

ТООКТУН КАНАТЫНАН ЖАСАЛГАН ШИШКЕБЕК
Тооктун канаттарын жууп-тазалап, ага тууралган пияз, татымына жараша туз, мурч, шишкебекке арналган атайын татымал, майда тууралган помидор, майонез, лимондун ширесин кошуп 2 саатка маринаддап коёбуз. Андан соң шишке тизип, бышыра берсеңиз болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


Жүрүңүз, шишкебек жеп келели!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(20)
SUPER.KG видео
06.07.2012. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм.. шишкебек менен муздак сыра ичким калип жатат.
SUPER.KG видео
06.07.2012. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле комурго бышкан шишкебекти жебегиле.
SUPER.KG видео
07.07.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай пайдалуу, кызыктуу корсотуу экен.
SUPER.KG видео
08.07.2012. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм, ням ням.
SUPER.KG видео
09.07.2012. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор шашлыкка кристалик кошту ал эмне деген спецы?
07.08.2012. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охх! Айтпагыла шиш-кебек жегим келип чыкты. Шиш кебекти отундун комуруно бышырса абдан жакшы болот.
07.08.2012. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охх! Аябай курсак ачып кетти
07.08.2012. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wilekeidi keltiret go tim ele.
08.08.2012. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ШИШ КЕБЕК ЭМЕС, ШИШ КЕБЕП, КЕБЕП.
КЕБЕК деген буудай, арпанын унунан айрылып чыккан кесек майдаландысын кебек дейт, аны мал жейт.
09.08.2012. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TolonturCN, Туура айтасыз, кебек - малга берилүүчү жем. Шишкебек кыргыздын даамы эмес, ал ошол түрк тилдүү элдердин "кебаб" деген сөзүнөн алынган, демек сиздин шишкебеб деп атоо сунушуңуз туура деп эсептейбиз. Кыргыз тилинде башка тилдерден кирип, туура которулбай калган сөздөр жок эмес. Биз мындай мисалдардын үстүнөн иштеп келе жатабыз.
09.08.2012. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
info, ийрисин түздөп, тазасын таап, тилибизди өнүктүрүп, телчитип кетсек, ар бир сөз сүйлөмдү таза кыргыз тилинде колдонгонго аракет жасап, тил өзү бир дене болсо ар бир сөз клетка (майда түзүлүш) болгондой, ар бир клетка таза, саламат болсо анда бир бүтүн соо денелүү тил менен жашап жаткан болот элек.
Орусчалыш тил менен шашлык деп атайт экен, ушинтип маалымат булагында
09.08.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вах вах Шишкебекпи-Шикебеппи кыскасы шилекейди агыздыда))
10.08.2012. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun boluptur.ushundai kylyp jasash kerek eken
10.08.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ooh kursagym a4yp ketti
10.08.2012. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сунуштайт элем, "шишке бек" деп жазууну, а "кебаб" деген сөз бизде кийинки 20 жылдан бери эле колдонулуп келе жатат да. А "шишке бек" бизде "кебабга" чейин эле болгон, б.а. анын тарыхы узагыраак дегеним.
13.08.2012. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менимче, "шишке бек" деген эле туура, анткени "шишке бекитилген" деген маанини туюнтат. Кыргыз тилинде бул сыяктуу семантикалык жол ж.б. менен биригип калган сөздөр бар. Алар татаал создордун бириккен соз деген туруно кирет.М:бүгүн - бул күн, быйыл - бул жыл, тобурчак - тоо буурчак. Чаташуу болбос учун "шишке бек" десек, баарыбызга тушунуктуу болот деп ойлойм.
SUPER.KG видео
01.11.2012. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шишкебек даярдаган кафенин адресин жазып жибергилечи сураныч..
Медиа-портал
08.04.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
paidaluu kenewtin teni kaida? taw korgool degen koidun etin dayardagan video kirgisip koigula4i
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо