АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (аягы)

№509 3-август-9-август, 2012-ж

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бүгүн акыркы анализдердин жыйынтыгы чыгып, дарыгерлер оорунун диагнозун так коюп, баарын ачык айтышмак. Жаннат ичинен толкундануу менен дарыгердин сөзүнөн үмүт кыла палатада күтүп отурду. Аңгыча дарыгер да кирип келди. Кабагы бүркөлүп тургандай, колунда толтура кагаздары бар. Бурчта турган отургучту алып келип Жаннаттын жанынан орун алды. Бул учурда Жаныбек күтүүдөн тажадыбы же жаман кабар угуудан корктубу, айтор, жарым саат мурун сыртка чыгып кеткен болчу.
– Жолдошуңуз кайда?
– “Сыртка чыгып келем” деди эле.
– Таң калычтуу, неге мындай учурда сыртка чыгып кетет, сиздин жаныңызда болуунун ордуна? Телефону бардыр, тезинен чакырыңыз.
– Азыр. Мына чалып жатам.
Жаныбек келгенче дарыгер эч бир үн катпай отуруп алды. Тек гана көз айнегинин үстүнөн кагаздарга үңүлөт. Жаннаттын бүт денесин майда калтырак басып, муздак тер чыгат. “Эмне болду, анализдерим оң жыйынтык бербедиби?” деп сураганга оозун камдап барып кайра токтойт. Жыйынтыкты угуудан коркуп турду. Жаныбек алысыраак басып кеткен экен, он мүнөттө араң келди. Жаннат үчүн бул он мүнөт он жылдык убакыттай сезилди.
– Ии, келдиңизби? Сиз кызык адам экенсиз. Мындай учурда аялыңызды жалгыз таштап кеткениңизге жол болсун.
– Чынын айтсам, мен да коркуп турам,- деди Жаныбек күнөөсүн мойнуна алган баладай башын шылкыйта.
– Анда келиңиз, отуруңуз. Байкасам, Жаннат дагы жанатан коркуп, калтырап турат. Менин колумдагы бул кагаздар силерге кубанычтуу кабар айтып жатат. Жаннат, эмчегиңизде шишик бар, бирок бул өмүрүңүзгө кооптуу эмес экендиги далилденди. Кыскасы, сиз токсон жашка чыгып той бересиз. Болгону, тезинен операция кылышыбыз керек. Бирок, бирок... Бир эмчегиңизди толугу менен алып салууга аргасызбыз. Макул десеңиз, эртеңки операцияга камдана бериңиз.
– Макулмун. Кубанычтуу кабарыңыз үчүн рахмат,- дегенден башка Жаннат эч бир үн ката албай шолоктоп ыйлап турду. Бул көз жаш кубанычтын көз жашы эле. Ал тургай Жаныбек да жашып кетти. Экөө бири-бирин кыса кучактап көпкө турушту. Дарыгер жылмая караган бойдон чыгып кетти.
– Куттуктайм, жаным, мен сага айтпадым беле. Экөөбүз жетелешип карылыктын доорун сүрөбүз. Самат менен Айжамалдын жакшылыктарына чогуу күбө болобуз. Эми мен сени эч качан таарынтпайм, экинчи көңүлүңдү оорутпайм деп убадамды берем. Кетирген каталарым үчүн дагы бир ирет кечирим сурайм.
– Баарын унутабыз, Жаныбек. Жаңы турмуш баштайбыз. Чынын айтсам, бүгүн дагы бир ирет төрөлгөндөй болуп турам. Мен үчүн бүгүндөн башталган жашоом башка өмүр, башка турмуш. Сага да бүгүн гана жолуктум, мурда эмне болгонун мен билбейм. Жетим болуп чоңойгонумду да, кыйын турмуш башымдан өткөнүн да, катуу ооруга чалдыгып, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүргөн күндөрүмдү да бүгүн сызып салдым. Экинчи ал күндөрдү эске салбайм.
– Туура кыласың. Бүгүндөн башталган жашообуз башкача бактылуу жашоо болот.

xхх

Арадан күндөр өттү. Жаннат операциядан кийин он күн өтпөй үйүнө кайтып келген. Алгачкы күндөрү дарыгерлерге тез-тезден каттап турганы менен, азыр баары унутта калды. Анын бар болгон жумушу – балдары. Алардын жанында болуп, ар бир кыймылын көрүп турганы үчүн Кудайга ыраазы. Балдары да апасыз өткөн күндөрүн унутуп калышкандай.
Жаныбек өз иштери менен алек. Бир ирет Жаннатты кечки тамактанууга өзү жакшы көргөн кафеге чакырып, ал жерден курсактуу бир кишинин мойнуна асыла кучактап отурган Алинаны көргөн. Ичинен тиги кишини аяган бойдон эч бир үн катпады. Болгону, Алинага мурдагыдай суктануу менен эмес, жийиркенүү, иренжүү менен көз жүгүртүп койду.
Кадимки күндөрдүн бири эле. Жаныбек да жумушунан жаңы гана келген. Аңгыча сырттан Айжамал чуркап кирди.
– Апа, апа-а, Улан байкемдер келишти. Карачы Айназиктин көйнөгүн. Жеңем кипкичинекей көйнөк кийгизип коюптур.
– А-ий, Айназик супсулуу кыз болгон го, ээ? Кана, келчи мага. Киргиле үйгө.
Айназик – Улан менен Тумардын кызы. Там-туң басып, көргөн көзгө кубаныч тартуулап турган кези. Самат менен Айжамал Айназикти тегеректеп, “мен жетелейм” деп талашып ары жакта жүрүшөт. Жаныбек, Жаннат, Улан, Тумар тапчанда ынтымактуу чай ичип отурушту. Бир кезде Жаннаттын Тумарга калтырган аманаты аткарылбады. Бирок ал аманат азыр эч кимдин эсинде жоктой...

(Аягы)

Айнура Болот кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
06.08.2012. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутту акырыыыыы....
06.08.2012. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооххххх акыры бутту.
06.08.2012. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп буткончо денеми калтырак басты. Эхх аягы жакшылык менен бутконуно шугур. Бар болунуз автор )))
06.08.2012. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анча кызыктуу эмес экен
06.08.2012. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылык менен буттуу э!
06.08.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылык менен бутсо экен деп тилеп окуп олтурдуум эле , аягында аябай суйундум жакшылык менен бутконуно.
06.08.2012. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина жанагы менен эмне болду экен Афтор. Пафтор болобу?
06.08.2012. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай жакшыы баардыгы бактылуууу го сонун аяктады э
07.08.2012. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да аябай раазымын ..мчндай ооорууулардан алыс кылсын алла таалам ..мындай оооорууунуу кочо кыздарына насип етсин эсине киришет эле
07.08.2012. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен айткандай болуп чыкты го!1сандагы комментарий
07.08.2012. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
v reale raskaz otpadnyi
07.08.2012. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy buttu degenge kowulam!
08.08.2012. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аманат аткарылбады дегенине тушунбодум
08.08.2012. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх,бутту мына ошентип...Ылайым бактылуу омур сургуло Жаныбек Жаннат...
08.08.2012. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы аяктаптыр. Афторго рахмат!
09.08.2012. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да аябай жакты рахмат
10.08.2012. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
И деги ушундай жакшылык менен буткону дурус эле болду!
15.08.2012. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшылык менен буткону темасына жарашпай калгандай
29.08.2012. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ух эмне болот экен десем жакшылык менен бутту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо