Айгерим Расул кызы: «МЕНИ КӨРӨ АЛБАГАН КЫЗДАРДЫ ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗАГА ЧАКЫРАМ»

№509 3-август-9-август, 2012-ж

Өзүн ырчы, актриса жана режиссёр катары сынап жүргөн шоу-бизнестин дагы бир өкүлү Айгерим Расул кызын маекке чакырдык. Көптөн бери сахнада көрүнбөй калган маектешим бул ирет ачылып сүйлөп берди.

– Айгерим, бир кезде атың чыгып, жаштар “дискотека түнкү Бишкекте” деп ырдап калышты эле. Акыркы кезде андай хит ыр укпай калдык...
– Азыр кино тартуу менен алек болуп жүрөм. Ырчылыкты таштаган жокмун. Тескерисинче, мени акыркы убакта тойлорго көп чакырып жатышат. Ошко кино тартканы бардык эле, күнүнө 2-3 тойго чакырылып жатып, акырында операторум “кино тартканы келдикпи же сени тойлорго ырдатканы келдикпи?” деп уруша баштады.

– Ошко барганыңдан пайдаланып, биротоло алып калалы дегендер да четтен чыкса керек?
– Андайлар бар. Бирок мага азырынча эрте. Көп нерсе жасашым керек. Мен эркектей ойлоном да. Ата-энеме жардам берип, бутума тургандан кийин гана турмуш курам.

– Анда болочок жолдошуң бутка туруу керек деп ойлонбой деле койсо болот экен да?
– Жо-ок, ойлонушу керек. Ал да аракетчил, тапкыч, иштерман болушу зарыл.

– Күйөрмандарыңдын кылык-жоруктарын ата-энең жакшы эле түшүнүшөбү?
– Негизи, күйөрмандардын көбү менин жаныма басып келүүгө духу жетпейби, коркобу же тоготпой коёт дейби, айтор, менден алыс өтүшөт. Жаныма келгендер бар. Бирок алар да тартынып араң сүйлөшөт.

– Кино тартып жатасың, актрисалыкка, ырчылыкка да аралаштың. Кандай кыялдарың бар?
– Эң башкысы, бактылуу болсом дейм. Анан кинолорумду тартып алышым керек. Мен тарткан кинону бир адам көрүп жылмайып койсо, ата-энем мен кылган иштер менен сыймыктанса, сүйүүмө жетсем, ошол бакыт. Атымды эмес, өзүмдү чындап сүйсө, ошол да бакыт.

– Атың үчүн сүйгөндөр көп болгон го?
– Кээде өзүмдү же атымды сүйүп жатканын түшүнбөй деле калам. Адамдардын мени тааныбай туруп мен жөнүндө сөз чыгаргандары жакпайт. Сыртымдан көрүп, көптөр бой көтөргөн кыз деп ойлошот. Ким мага кандай мамиле жасаса, мен да ошондой мамиле кылам. Жөнөкөй болсо, мен да жөнөкөймүн. Мага кыйын болгондорго мен андан он эсе кыйын болом.

– Керек кезде “Айгерим, Айгерим” деп, иши бүткөндө артты карап басып кеткен адамдарга жолуккансыңбы?
– Жаңы чыгып жатканда ишенчээк болчумун. Баарын өзүмдөй көрүп, мени бирөө жамандайт деп такыр ойлочу эмесмин. Азыр артымдан сүйлөгөндөргө капа болбойм. Жөн гана ал адам кандай экенин билип калам. Бирок кайра эле ошол адамдын жакшы жагын издей берем.

– "Айгеримди ала качып кетиптир" дегенди угуп калдык эле...
– Негизи, менин дарегиме ушактар көп айтылат. Деги эле ушактар ханышасы болуп кеттим. "Айгерим арабга тийиптир, Расул андан мынча калың алыптыр" деген сыяктуу сөздөр чыга берет.

– Андайларга көнүп калсаң керек?
– Ооба, көнүп калдым. Эки Айгерим жашайт да. Бирөө өзүм, бирөө элдин айткан сөздөрүндөгү Айгерим.

– Сени ачык кийинет деп да көп сындашат...
– Мен кийген кийимди башка ырчы кыздар деле кийип жатышат. Чындыгында, менин боюм, бутум узун. Ошондуктан мен кийген кийимдер көрктүүрөөк көрүнөт. Бул мактаныч эмес, болгонун айтып жатам. Шоу-бизнесте кийимде чек жок. Бир гана турсий, лифчикчен чыкпасаң болду. Башкалар ошону менен деле чыгып жатышпайбы. Мен көп болсо кыска юбка, чыгыш костюмун кием. Негедир башкалар кийсе көрбөйт да, мени эле көрө беришет. Кыргыз улуттук кийимдерин деле көп кием. Аны эч ким сөз кылбайт. Ар бир адамдын өз ою бар. Менин да өз оюм бар. Кийимдеримдин баары өзүмө жагат.

– Көрө алышпайт деп ойлойсуңбу?
– Көрө албайт деп айтпайм. Бирок мага көп асылышат. Эл шоу-бизнестеги кыздардын кимиси кайсы чоңдор менен жүрүп, машина, үй алдырып жатканын да билет. Бирок негедир жаш болсом да өзүм эмгектенип, ата-энеме жардам берип, түз жүргөн мени эле жамандай беришет. Эгерде ушунчалык эле кимдин ким экенин билгилери келишсе, кыргыз шоу-бизнесиндеги кыздарды чогултуп гинекологиялык экспертиза өткөрөлү. Мен андай нерсеге даярмын, макулмун. Биринчилерден болуп катышам. Ким катышпайм десе, ошондо гана кимдин ким экенин биле аласыздар деп ойлойм.

– Шоу-бизнесте атаандаштарың барбы?
– Мен антип ойлобойм. Бирок мен “Шоу-бизнес сулуусу” наамын жеңип алганда атаандаштык бар экенин байкадым. Баары чогулуп турган жакка барып калсам, мени деп калышты. Сүйлөйүн деп жатсам, кыздардын баары эшикке чыгып кетишти. "Ушундай да болот экен да" деп таң калдым. Эгер башка бирөө жеңип алса, мен ошол кызды куттуктап жанында турмакмын. Мени менен курбу болуп жүргөндөр да унчукпай коюшту. Ушунчалык ичи тардык, көрө албастык бар экенин ошондо көрдүм.

– Сени "Расул Маматкуловдун кызы эмес" дегендерге жообуң кандай?
– Бир жолу Казакстандан “сен менин кызымсың” деп бир олигарх келген. Анын Айгерим деген кызы кичинекей кезинде жоголуп кетиптир. Анан дисктерден мени көрүп калып, интернеттен издеп, сураштырып мени таап келип, “алып кетем” деген. Ишенген жокмун. Мен билем да, кимдин кызы экенимди. Мен Расул Маматкуловдун кызымын.

– Өзүңдү сулуумун деп ойлойсуңбу?
– Сулуумун. Көпчүлүк “ички дүйнөсү сулуу болуш керек, сырткы сулуулук маанилүү эмес” дей беришет го. Аларга азыр ким ишенет? Түрү суук бирөө менен ким сүйлөшөт? Азыр жашоо ушундай. Ичи чирип калса да, сырткы турпаты сулуу болгон адамдарды карашат.

– Сөздү спорт тарапка бургум келип жатат. Спортчу мырзалар жагабы?
– Ар бир мырза спортчу болушу керек. Ал эми аялзаты тактадан айырмасы жок болбой, ийилчээк болуу үчүн бийди үйрөнүп алышы керек. Баягыда айылга барганда бир эженин уй саап отурганын көрүп калып, мен да саап көрөйүн дедим. Эртеси колдорум ооруп калыптыр. Ал да спорт экен да. Анан да “эже, сүрөткө тартып коюңузчу” десем, “эл сени менен сүрөткө түшүп жатса, сен уй менен сүрөткө түшөсүңбү?” деп күлдү.

– Кел, кичинекей кездеги сүйүү окуяларыңдан эстейли да, маегибиздин аягына чыгалы...
– Мектепте эркек балдарга окшоп жүрчүмүн. Бир жолу 14-февралда бирөө мага кат жазыптыр. Мен аны сабап салгам. Кийинки жылы 14-февралда мага эч ким кат жазбай калган. Ушул убакка чейин сүйүп көрө элекмин. Бирок сүйүүгө аябай ишенем. Келечекте чоң сүйүүгө кабылгым келет.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Айгерим Расул кызы: "Мени көрө албаган кыздарды гинекологиялык экспертизага чакырам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(193)
10.08.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл оозунда элек жок демекчи. Ушак дагы озунчо бир политика, оозу бош, кыларга иши жок адамдар учун. Айгерим кечирип кой бирок сен айтасын духу жетпейби же коркобу деп? Анын туура деле эмес сен дагы Аллах таала жараткан бир макулук инсансын. Болгону ИИЙЛЧЕК болсон. Далай сынакта ийилип бирок сынбайсын деген ойумду айтмакмын. Туура эмес деп эсептесен менин ойумду кечирип кой.
10.08.2012. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгеримди аябай таланттуу дебейм, бирок сулуу, татынакай, аракетчил. Анан көпчүлүк колдонуучулар "көрө албастык" деген сөздү көп колдонушуптур. Негизи эле тиешеси бар жерден деле, тиешеси жок жерден деле ушул сөздү кыргызга чаптай беришет. Ушул нерсе мага жакпайт. Кемчилигин айтса эле көрө албастык болуп калабы? Ушул сөздү этият колдонсок.
10.08.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим азамат!
10.08.2012. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага чын журоктон баары бир! :)))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))))
10.08.2012. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ужас кино тарткылачы атандын гору десе.:)))) А то баары эле комедия болуп кетти.
10.08.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындап еле ото еле ачык киет. сулуу болуштан да кымбат нерселер бар айгера туура тушун сулуу болом деп журуп озуно соз тийгизип алба. сулуулуктун да чеги болот. оз жолу менен дегендей.
10.08.2012. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим Жараткан сени ото сулуу кылып жараткан! Сыртын да ичин да сулуу экени билинип турат. Дайыма алдыга умтула бер! Сенде баардыгы бар болгону бузукулардын созуно кирбе демекчимин. Анан дагы сенин создоруно толук кошулам азыркы учурда адамдын ички сулуулугуна эч ким конул бурбайт. Азаматсын коптогон ийгиликтерди каалайм! Ушактарга конул бурба сен жонундо соз кылып сага убакыт кетирип жатышса демек сен алдыдасын! Мындай баркка жетиш дагы кыйын. Бар бол, бактылуу бол.
10.08.2012. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айгерым расул кызы сага жараткандын жакшылгы жар болсун !!! кыргызымдын ыйбалуу ! ыймандуу бактылуу кызы болуп жүрө бер !
11.08.2012. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айгерим сага ишенем азаматсын адамдардын айтканын конулуно алба алга умтул. Сени сыйлайм ийгилик сага.
11.08.2012. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыска кийнгенин кыргыз кызына тура келбейт кыргыз кызы кыргыздай болушу керек
11.08.2012. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой мага десе жыланач болуп алсын. Озун Айшвария сезип алыптыр го,жонокойуроок болбойбу дейм... А так ниче эле дечи,тока слишком сезип алыптырго?
11.08.2012. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким коро албай суйлосо озуно, Айгерим кичинесинен аракет кылып Кыргыздын жылдызы болуп отурат. Ал эми биздин элдер бут Кыргызстана эмес, озунун айылына пайдасын тийизе албайт да суйлойт десе эле суйлош беришет экен да. Айгеримдин суйлогон создору да ордунда, тарбиялуу кыз экендиги корунуп турбайбы. Айгерим менен сыймыктанышыбыз керек, а кийим эч нерсени чечпейт, эн негизгиси душасы таза болуш керек. Кыргыз эли озу эн карангы эл, кечээ эле компьютерди уйронуп алышып кыйынсый беришет экен да.
11.08.2012. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн негизгиси Айгерим чындап эле жакшынакай кыз коро албай деле жазган жок адамдар албетте адамдын кемчилигин айтса ал коро албастык эмес деп ойлойм чынында эле сулуу кыз анан кийин кийим жагына жакшы конул бурса андан дагы сулуу болсо керек Айгерим сен аябай жакшынакай кызсын кыргыздын улуттук кийимдерин кийип чыксан албет
11.08.2012. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Айгерим так держать.
11.08.2012. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gul-555 ты не умничай геп ачык кийингенде эмес! кандай кийинсе да туз жакшы журсо болду азыр 21 кылым современный болуш керек коха болуп журобербей ! айгеримге жарашат ачык кийинген анан мине узун койнок кийсинби лолу кызга окшоп ! адамдар правильный боло беришетда озу((
12.08.2012. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр жашоо ушундай. Ичи чирип калса да, сырткы турпаты сулуу болгон адамдарды карашат. Ичин чирип калганын элдин баары билет
12.08.2012. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино тартуу менен алекмин дейт ,кино тарта элек сен эле калдын эле,сенден кыйын аты чыккан кинорежиссерлор деле кыйрата алышкан жок.Колдон келген ишти жасаш керек да,кинолорун ош базардын денгээлинде экени корунуп эле турат,бугун корсон эртен унутуп кала турган,анан оозду коптуруп КИНО ТАРТТЫМ дегендин кажети барбы.
13.08.2012. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец кыз бала орундуу отуруп суйлогон тарбиялаган атасына рахмат откондогу бактыгул бадыеваны коруп сага 5 баа берем а бб га фуууу 1 коптук кылат ар ким эле звезда боло бербейт ошого эл астында озун кармаган жакшы
SUPER.KG видео
13.08.2012. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейонстун кийиминдей кийим кийсен эле баары тан калып тарс жыгылып суктаныш керек экенби? Ну и что что Бейонс! Ал баарына эле икона стиля эмес да! Андай кыйын болсон озундун стилинди иштеп чыгууга аракет кыл!
14.08.2012. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай, эмне мынча бироонун соогун кемиргенди жакшы коросунор?? Айгерим татынакай, таланттуу, эстуу-акылдуу, ата-энесин урматтаган кыз го. ой эмне болуптур эми ачык кийинсе? ачык кийингендер аз экенби? Эмне болуптур Маматкуловдун кызы болбосо эмне экен, торогон ата эмес баккан ата дейт!!!
14.08.2012. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsin aygerim orozon kabil bolsun oylogon oi maksatina jet!
19.08.2012. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бесит меня!!!! обужоктоно берет калпеле!!
04.09.2012. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер биринчи Айгеримдей болуп алгылачы, ушундай талантту жаштарыбызды колдошубуз керек. Аларга сын тагып артка кетирбей. Алга кыргызымдын жаштары!
04.09.2012. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийимин сындабай эле койгулачы!Фигурасы норма,буту туз,кыска жарашат да!За то журокто го,кийимде эмес,же эмне узуун кийсе эле болдубу силерге?Татынакай кыз,бир гана вокал жактан кобураак сабак алыш керек
SUPER.KG видео
10.09.2012. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!!!
SUPER.KG видео
15.09.2012. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон кишилердей копту коргондой болуп суйлоп бериптир
SUPER.KG видео
20.09.2012. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматт ушундай болсон чындыгында "так держать", сен озун ачык кийинип жаман создорду тилеп алат экенсин болбосо соз деле кылбайт болуш керек)
04.03.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шоу бизнестин кыздарынын баары бузулса анда сен деле ошолурдун бир экенсин да, ыйман берсин башка кыздарга
12.03.2013. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kosi, беш кол тен эмес. Озуно ишенген учун акмын деп атат буга дагы журоктуу адам болуш керек мынтип айткан
28.05.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гинекологиялык экспертиза o-8
03.09.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии Айгерим таланттына тазим аябай жагасын,бирок эмнеге "Братандар"деген кинон интернет булактарына чыккан жокко чыкса жакшы болмок.Сайкал аябай сулуу кыз э мага жагат кылыктары да озууно жарашат жузу тунук ак жумал козу жылдыздуу кызго мен суктанып кетем чачтарына да соз жок.
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо