«ЫСЫК-КӨЛ-2012» ФЕСТИВАЛЫ

№509 3-август-9-август, 2012-ж

Көпчүлүк көрүүгө ашыгып күткөн «Ысык-Көл-2012» эл аралык фестивалы жайдын жагымдуу кечтеринде, 26-27-28-июлда кереметтүү көл жээгинде болуп өттү. Кайсы бактылуу өнөрпоз байгеге коюлган Хонда үлгүсүндөгү автоунаага ээ болот, акчалай сыйлыктарга ким татыктуу болот, чыдамсыздык менен күтүп жаттык. Акыры жеңүүчүлөр аныкталды. Фестиваль жогорку деңгээлде өтүп, татыктуулар түркүн сыйлыктарга ээ болушту.

ФЕСТИВАЛЬ ТУУРАЛУУ
Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданында эл жыкжыйма. Айрымдар фестивалдын катышуучуларын колдоо үчүн келсе, кээ бири жагымдуу музыкага суусап бул жерде. Шатыраган кол чабуулар жаңырып, көпчүлүк күткөн кече башталды. Фестиваль чоң масштабдуу болгону менен, баш аламандык орун алган жок. Бардыгы өз орду, өз убагы менен өткөнү кубандырды.
Адегенде эле «Шаттык» бий ансамбли кеченин көшөгөсүн ачты. Аны улай Гүлнур Сатылганова «Ысык-Көл» деген ырын ырдап, көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурду. Алып баруучулук милдетти бир эмес, 6 адам аркалады. Нурзат Токтосунова, Шайырбек Арапов, Назира Айтбекова кыргыз тилинде алып барса, Эрмек Нурбаев, Галина Горноженко жана Нурсултан Майназаров орус тилинде, кези келгенде тажик, якут тилинде дагы сүйлөп элди таң калтырышты. Анан дагы сахнанын оң тарабында өз ээлерин күтүп эки автоунаа турду.
Фестивалга бул жылы Кыргызстан, Казакстан, Якутия, Орусия жана Түштүк Кореядан мыкты ырчы-чоорчулар келип, жалпы катышуучулардын саны 22ге жетти. Алардын 11и фольклор боюнча болсо, калган 11и эстрада жаатындагылар. Бизге баарынан кызыгы, Якутиядан келген катышуучунун номери болду. Оозу жана көмөкөйү менен ар кандай добуштарды чыгарып, кээде ышкырып да жиберип жатты. Көрүүчүлөрдүн бири таң калуу менен караса, дагы бири суктанып, дагы бири коркконунан ыйлап жаткан баласын сооротуу менен алек. Казак боордоштор бий жагынан алдына киши салчудай эмес, сынакка келген үч катышуучу тең так секире бийлеген бийи менен эсте калды. Албетте, комузун колго алып, жан дили менен үн созуп турган жердештерибизге "бали" дебешке мүмкүн эмес.

КАРА КЫЛДЫ КАК ЖАРГАН КАЛЫСТАР ТОБУ
Калыстарды КРнын Эл артисти Түгөлбай Казаков жетектеп, төрагалыкты өз мойнуна алды. Андан тышкары КРнын Маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев, КРнын Эл артисттери Анарбек Ибраев, Самара Токтакунова, Саламат Садыкова, Гүлнур Сатылганова, Керим Турапов. Тажикстан Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бахтиёр Ибрагимов, Казакстан Республикасынын Эл артисти Нагима Ескалиева ошондой эле КТРКнын башкы мүдүрүнүн орун басары Кайрат Иманалиев менен КРнын Эл акыны Анатай Өмүрканов да калыстардын катарын толукташты. Калыстык кылган эл артисттер өздөрү дагы ыр белек тартуулашты.

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР

Таймаш абдан кызуу жүрүп, акыры эки күн тынбай ат салышкан катышуучулардын арасынан жеңүүчүлөр аныкталды. Мыкты даярдыгы, башкалардан айырмаланган таланты менен баш байгеге коюлган 2 темир күлүккө эстрада жанры боюнча Курал Чокоев ээ болсо, фольклор жаатында жаш комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу ээ болду. Жеңүүчүлөр өз кубанычтары менен бөлүшө кетишти.

Курал Чокоев: «МАШИНА АЙДАГАНДЫ БИЛБЕЙМ, ЭМИ ҮЙРӨНӨМ»
– Буга чейин сынактарда баш байгелерге ээ болуп эле келгем, бирок мындай белекти биринчи жолу алышым. Эмгектин аркасында жеңиш бар экен, минтип унаалуу да болуп калдык. Негизи, мен машина айдаганды билбейм. Бирок эми сөзсүз үйрөнөм. Буюрса, бул унаам айдаганга такыр жарабай калса дагы сатпайм.

Закирбек Дүйшөнбек уулу: «СЫНАКТАР КӨП ӨТКӨРҮЛСӨ, ЖАШТАРГА СТИМУЛ БОЛОТ»
– Кубанганымдан эч нерсе айта албай толкунданып жатам. Өзүм намаз окугандыктан, фестиваль болгонго чейин Кудайдан суранып, дуба кылып жаттым. Мындай сынактар көп өткөрүлүп турса, жаштарга стимул болот деп ойлойм. Бардык уюштуруучуларга рахмат.

Баш байгеден кийинки сыйлыктын ээлери Якутиядан келген Юлиана Кривошапкина менен казакстандык Сандугаш Садубакасова 1-орунду алып, 80 миң сом байгеге ээ болушту. Экинчи орунду багындырган фольклор жанрынан Азамат Отунчиев менен Назбек Кенчибаев, эстрада жаатында Айбек Бакытбеков менен Адилет Азимбек уулу 60 миң, 3-орундун ээлери фольклор жанрынан Асылбек Насирдинов менен Нурбек Серкебаев, эстрада жанрынан Шахзада Стамалиева менен түштүк кореялык Ли Ган Сок 40 миң сомдон алып кетишти. Андан тышкары 5 миң сом өлчөмүндө 7 катышуучуга сыйлык берилди.

МААРАКЕДЕН КИЙИН
Жеңүүчүлөр бирин-бири куттукташып, кубанычка батып турса, айрымынын билгизбегени менен, баш байгени алдырып ийгенине ичи ачышып тургандай. Алып баруучулар оор жүктөн кутулганына кубана шаңдуу музыка чыга калса бийлеп жатышты. Ырдап бүткөн ырчылардан кол тамга алгысы келгендер андан, алар менен сүрөткө түшкүсү келгендер мындан көп. Кээси жылмайып аларга макул болсо, керсейип четке каккандары дагы бар. Акырында Динара Акулова, Токтобек Асаналиев, «Кыз-Бурак» тобу, Ырыскелди Осмонкулов, Адил Чекилов, Актан Исабаев, Гүлнара Тойгонбаева, Айчүрөк Иманалиева, Арсен, Анжелика жана башка ырчылардын коштоосунда жагымдуу концерт тартууланды.

БАШ БАЙГЕДЕН КУРУ КАЛГАН КАТЫШУУЧУЛАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Эмил Балтагулов:
«КАЛЫСТАР ТОБУНА НААРАЗЫЧЫЛЫК ЖОК»
– Фестиваль жогорку деңгээлде болду. Чынында, быйыл катышуучулар мыкты даярдык менен келишиптир. Калыстар тобуна нааразычылык жок, себеби алар – улуу инсандар. Мында жеңбесек, башкасында сыйлыкка ээ болорбуз. Такыр куру калбастан, 5 миң сом алдым.

Гүлнур Асанова:
«КЫРГЫЗБЫЗ ДА, КЫРГЫЗЧЫЛЫК БОЛУП КЕТТИ»
– Мен бул фестивалга келатканда эле билгем, Закирдин жеңерин. Кыргызбыз, кыргызчылык болот да. Негизи, уюштуруу жагына нааразычылык жок. Баары жакшы. Бирок, менимче туура эмес болгону, фольклор жаатына комузчуларды кошуп койгону болду. Эстрадага деле чоорчу, гитаристтерди кошпогон сыяктуу эле чыныгы ырчылардын таймашы болуш керек болчу. Закир татыктуу жигит, бирок андан башка да татыктуулар бар болчу.

Айзат Анарбекова
star@super.kg


"Ысык-Көл - 2012" фестивалынын жыйынтыгы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
04.08.2012. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мобу Гулнур деген кыз катышпаган конкурс деле калбады го дейм,болду да эми,надо и честь знать дегендей.Ошончо эле озун таланттуумун десе чет олколордо откон конкурстарга катышсын,анан утпай калып мындай тигиндей дей бербей.Жылдан-жылга канча деген таланттуу жаштар чыгып жатат,аларга да орун бериш керек го.Канчалык озунду таланттуу сезбе,сенден да таланттуулар бар экенин унутпа.
SUPER.KG видео
04.08.2012. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой-ий сонун болгон окшойт.куттуктайбыз баарын!
SUPER.KG видео
04.08.2012. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмил Балтагулов сонун жооп бериптир азаматсыз))
SUPER.KG видео
05.08.2012. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмил балтагулос кайсы калыс жонундо айтып жатат .гулнур сатылганова эмеспи.....
SUPER.KG видео
06.08.2012. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конечно Гулнур Сатылганова, туура эмес баа коет я не раз замечаю, походу подкуп
SUPER.KG видео
06.08.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курал бул ырчыны биринчи корушум же маани бербегенминби билбейм негизинен Закирбек жакшы комуз чертет,Эмил Балтагулов менен Гулнур Асанованын чыгармачылыгын баалайм бул жерде да кыргызчылык болуп кеткендей.
SUPER.KG видео
06.08.2012. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рыспай Абдыкадыровдун ушул ыры аябай жагады.
SUPER.KG видео
06.08.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аспапчылар менен ырчыларды эки бөлүшсө болмок дегенди туура айтат. Экөөнү жарыштырыш туура эмес, менимче.
07.08.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulnur, nookattagy festivalda dele sen algan jeniw dele kyrgyzchylyk mn bolgon. tatyktuu ele alywty.
08.08.2012. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фестивалдын видеосун кошуп койунуздарчы сурыныч супер инфо
08.08.2012. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульнур Асанова мурун эле женбедин беле кичине калыстык керек да кечкеле сен ута бермек белен
SUPER.KG видео
09.08.2012. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмил татыктуу болсо да женилгенине чычалабайт экен ушундай сабырдуу бол. Сага бааны эл берсин.
09.08.2012. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men kubany4tamyn Zakirbek Asylbek Nurbek kuttuktaim silerdi tatyktuusunar urraa urraaa
SUPER.KG видео
10.08.2012. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закирбекти мен виртуоз деп баалайт элем, комузду укмуш чертет. Ал баш байгеге татыктуу. А Гүлнурдун аракети жакшы, бирок анын үнүндө кандайдыр бир калтырак бар, ырдаганда калтырап кетет. Анан да укмуш аткарган ырын уга элекмин.
SUPER.KG видео
12.08.2012. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер адашып атасынар башка болушу мумкун. Гульнур кечээ эле Эмил менен бир концертте жакшы учурашты.
SUPER.KG видео
14.08.2012. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыртынан кулуп ичинен пышып жаман коргонун кайдан билесин. Эмил красавчик кыргызымдын ыймвндуу ырчы жигиттеринин бири Уважаю!!! Коро албаган Гулнур С. томон баа берген, Кыргыздар ушундайбызда таланттуларды колдоштун оордуна кордойбуз, коро албайбыз! Кыргызымдын наркы кайда жоголуп баратат. Ал эми фестивалга келсек туура эмес уюштурган, эч качан эки багыттагы жанр 1 номинацияга жарышуу бул акылсыздык, Комуз менен Вокал бул 2 башка жанр, уюштуруучулар зээригип ушул жагын туура эмес кылып коюшкан!!
SUPER.KG видео
14.08.2012. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча жакшы уюштурушуптур 2 категорияда уюштурушса болмок, (Фольклор жана Вокал же эстрадалык ырлар) просто 2 номинация болсо акча, байге коп кетет деп кыска ойлогонда уюштуруучулар!!! Анысы да мейли Калыстарга жаным кейийтда, калыс кылып сыйлап чакыргандан кийин калыстыгыны кылбайсынбы кай жактагы короалбастыгыны бул жакта корсотпой, Короалбастыгынды уйндо корсот, жолуксан бетине ачык айт короалбастыгынды, антип талантын сындырбай, сага окшогон кыргызымдын талантын жок кылып жатышат!!! Уят э!!
SUPER.KG видео
14.08.2012. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Р. Абдыкадыровту да тируу кезинде короалбай жамандап чыгышкан, кийин козу откондон кийин Наам берип, сыйлык берип, эстелик куруп, ырдын пири Рыспай деп эскерип калышты. Ээй кыргызым козунду ач, козу откон инсанга ал курук Наам, Сыйлыктарынды башына тартабы, ушунчалык сыйлап Наам берип кыйын адам коруносунор, а тируу кезинде сыйлап колдоп койбойсунарбы ошону!!! Алдында аккан суунун кадыры жок деген соз бекеринен эмес!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо