Диана Овганова: «КӨЙНӨГҮМ ЖОК, «ДҮЙНӨ СУЛУУСУНА» БАРБАЙ КАЛДЫМ»

№509 3-август-9-август, 2012-ж

Үстүбүздөгү жылдын май айында “Кыргызстан сулуусу-2012” сынагы болуп өттү. Сынакта Диана Овганова аттуу 18 жаштагы кыз жеңүүчү деп табылган. Ал “Дүйнө сулуусу-2012” сынагына катышууга жолдомо алып, өлкөбүздүн намысын Кытай жергесинде коргоого аттанмак эле. Бирок улуттук көйнөктүн айынан 18-августта боло турган “Дүйнө сулуусу-2012” сынагына бара албай, арманда калды.

БИЙЛЕГЕНДИ ЖАКТЫРГАН ДИАНА
Туулган жылы, күнү
– 1994-жыл, 22-май
Улуту – Кыргыз
Боюнун узундугу – 178 см
Салмагы – 53 кг
Параметри – 87-60-92
Хоббиси – Бийлөө
Жакшы көргөн гүлү – Орхидея
Жакшы көргөн тамагы – Лагман

– Диана, маегибизди эң актуалдуу маселеден баштасак. “Кыргызстан сулуусу-2012” наамын алган селки “Дүйнө сулуусу” сынагына барбай калганын уктук...
– Ооба. Тилекке каршы, ошондой болду.

– Себеби эмнеде?
– Чынын айтсам, себептери абдан көп. Алардын эң башкысы демөөрчү таппаганым болду окшойт. Акырына чейин чуркадык, апам да колунан келген жардамын көрсөтүп жатты. Бирок мына самолёт учат дегенге чейин дүйнөлүк сынакка кийип чыкчу улуттук көйнөк таппай койдук. Сынактын шарты боюнча, ар бир өлкө өзүнүн улуттук кийимин даңазалаш керек болчу. “Кыргызстан сулуусу-2012” сынагында кийип чыккан кыргыз көйнөктү ижарага сурасак, күнүнө 1000 сомдон төлөш керек экен. А мен Кытайда бир ай жүрүшүм керек эле. Бизде кайдагы 31 миң сом? Апам өзүнүн машинасын сатып, жол киремди, алып бара турган сувенир белектеримди, калган кийим-кечектеримди алып берген. Кыскасы, акчабыз жетпеди. Көйнөгүм жок, сынакка барбай калдым, алып койгон билетим да күйүп кетти.

– Жардам сурап мамлекетке, эл-журтка кайрылдыңбы?
– Ооба, бийге даярданып жүрүп, Айсулуу Токомбаеванын бийин издеп КТРКнын архивине баргам. Ал жерден Рабиха Алыбаева деген эжеге жолугуп калып, шартымды айтсам, “Ала-Тоо” программасынан элге кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Андан тышкары кай жактарга гана барган жокмун. Акыры кетер күнүм жакындап, айла таппай турганда ыйлап Ак үйдүн 6-кабатына чейин бардым. “Чет элге барып суктанарлык ийгилик жаратып келген бийчи Атай деле бир кезде сага окшоп ыйлап келген. Бирок жолун өзү тапты” деп узатып коюшту. Акыры айлам кеткенде "барбаганым деле оң болду, окуумдун контрагы 53 миң сом болсо..." деп өзүмдү сооротуп койдум.

– Бүтүндөй Кыргызстандан бир да демөөрчү чыкпаганы таң каларлык экен...
– Бирөө да чыкпады десем калп болуп калат. “Мадина” ЖЧКсы бир аз жардам кылды. Анан дизайнер Олег Беда сынакка кийип чыга турган 8 костюм тигип берген.

– Кебибизди “Кыргызстан сулуусу-2012” сынагы тууралуу уласак. Кантип катышып калдың?
– Бир күнү эле интернетте отурсам, “сынакка катыш” деген сунуш менен анкета келди. Эч нерсе оюмда жок эле анкетаны толтуруп койдум. Андан көп өтпөй, кастингге чакырышты. Ошентип, финалга чыккан 10 кыздын катарына кошулдум. Сынак өттү, наамдар тапшырылып жатат. 2-орун да, 1-орун да берилди. Гран-При деген менин эсимден таптакыр чыгып кетиптир, ичимден “мен баарынан эң артта калып, мага наам да берилбейт экен да” деп турам. Бир маалда эле “Кыргызстан сулуусу-2012” – Диана Овганова” деп жатпайбы. Турган жеримден ыйлап жибердим. Аябай сүйүндүм. “Дүйнө сулуусу-2012” сынагына болгон чакырууну колума алганда ушунчалык кубангам. Бирок арты мындай болорун билген эмесмин.

– Буга чейин да сулуулар сынагына катышып турчу белең?
– Жо-ок, тартына берчүмүн. “Жеңишти албай калсам эмне болот?” деген ой мени мындай сынактардан оолак кармачу.

– Бирок подиумга чыгуу кыялдарың бар беле?
– Кичине кезимден эле модель болууну кыялданчумун. Сыналгыдан көргөндө “качан мен ушул кыздардай болуп подиумга чыгам?” деп суктанчумун.

– Моделдик жаатта да өзүңдү сынап көрдүңбү?
– Дизайнерлер Асан, Үсөн Бердибаевдердин жана Олег Беданын көргөзмөлөрүндө подиумга чыгып жүрөм.

– Сулуу болуунун өзүнүн жоопкерчиликтери бар болсо керек. Кайда барба, элдин көңүл борборунда дегендей...
– Албетте, кыйынчылыктары бар. Кичинерээк кезимде көчөдөн балдар карап калса, ичимден “оо, мени карап жатышат” деп мактана басып калчумун. Азыр көңүл деле бурбайм. Бирок сулуулар сынагынан баш байгени алгандан бери кыздарга үлгү болуп жүрүүнү өзүмө талап кылып алдым.

– Сулуулукту сактоо үчүн кандай аракеттерди кыласың?
– Чынын айтсам, көп деле боёнбойм. Анан элге окшоп фигура сактайм деп диета да кармабайм. Табиятымдан эле ушундаймын.

– Жакшы экен. Өзүң тууралуу да айта кетсең...
– Мен 1994-жылы 22-майда Бишкек шаарында төрөлгөм. Атам мен 1-классымда эле каза болуп калган. Иним экөөбүздү апам жалгыз өзү чоңойтту. Быйыл мектепти аяктап, КРСУнун стоматология факультетине тапшырдым. Келечекке пландар көп. “Дүйнө сулуусу” наамын багынтсам деген тилегим бар.

– Тилектериң ишке ашсын. Маегиңе рахмат.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Диана Овганова: "Көйнөгүм жок "Дүйнө сулуусуна" барбай калдым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(54)
07.08.2012. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тообо суйлошу кандай туштукчо "эде эде" деп журот гооо
SUPER.KG видео
07.08.2012. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz kyzynyn oz denesin biroolorgo danazalaganyn ushul ubakytka cheyin ech bir jerde/jayda ukkan emespiz..."Urkundo da kyrgyz kyzy oz denesin biroolorgo danazalap korsotkon emes"... Kudayim suluuluktu jakshy maksatta koldonunuz dep sizge beriptir, Kyrgyz kyzy dal oshonu atkaryp kelgen...
SUPER.KG видео
07.08.2012. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
silerdi bilbeim men iwengen jokmun
07.08.2012. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
18 жаштагы кыздар ушундай улуу корунушобу? сулуусу сулууле экен, бирок 24-28 жаштай корунот экен, коп боёнгондуку окшойт
07.08.2012. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чачын соонун кылып остуруптур, абдан жакты, озуно да жарашат экен
07.08.2012. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай эле чон корунотко...жылдызы жок экен..бирок чач менен бой бар экен..
07.08.2012. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suluu kyz eken ,koro albaganynardy koisonor bolo!!!
07.08.2012. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
s 94go???daaa... i v pravdu govoryat 4to was devuwki kak na silitrah rastut,kogda ispolnitsya 30 kak oni budut vyglyadet???
08.08.2012. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыз жана аябай эле бул кызга туура багыт корсото турган адам керек ошондо бул кыз ачылган айгул гулундой сулуу акылдуу кыз болуп чыгат
08.08.2012. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барбаганын ырас болуптур,ан сайын шермендесин чыгарып келмексин Кыргызстандын.
Озу "Кыргызстан сулуусу 2012" конкурсунда женуучу деп табылганын эле баарын кейитти эле,эми минтип барбай калганын кубандырып отурат. Бул коро албастык же сени акаарат кылганым эмес болгону оюмду айттым. Ал эми сен адашып,алган наамга,дуйно сулуусу конкурсуна ат салышчу кыздар такыр болокчо болуш керек.
08.08.2012. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barpynynkyzy, иии сен еле укмуш сулусунасында .бир татынакай кыз болуп туратко.сен кайдан билдин балким барып калса женип келет беле
11.08.2012. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dia-omur, ТЕЛЕВИЗОР деген созду туура айталбаган "КЫЗ" сага кайдагы женишти алып келет?? Мээнди иштетип жазчы.Булар ат салышкан сынакта биринчи орунда сулуулук эмес ,бардык жагынан топ келишкен сулуу болуш керек,эгерде тушунсон,
09.08.2012. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сени деп боюму остуро баштадым
SUPER.KG видео
09.08.2012. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Диана кыргыз тилин так уйрон. кыргыз тилинде (эде)деген соз жок, эле деп суйлоп жур.
10.08.2012. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлошун кантет эде меде деп аяш авалардан окшойсун э?
10.08.2012. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол койнокту берип турбаптырда ким болсо да балким женип калганда ыраазы кылат эле да бул кыз деле . Кандай адам экен ошол койноктун ээси койногун суйунуп деле берсе болмок дуйнолук конкурска кийип чыкса балким койнойтун ээсине да сунуштар тушмок .
SUPER.KG видео
10.08.2012. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
научись хотя бы интервью давать!!!
SUPER.KG видео
10.08.2012. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар кимдики озуно ай корунот козуно демекчи менин суйгонумо жетпейт экен.Сулуулугу орто ото деле сулуу эмес озбекче суйлоп жатабы бул гокуууууй кыргызча сабак берет окшойм бул кызга
11.08.2012. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бою сонун экен,чачыда сонун экен.чачын узун болсо сонун корунот экенда сырттан караганда.
SUPER.KG видео
12.08.2012. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Esli vy schitaete chto ona krasavica KR, to togda moya devuwka miss vselennoi)))
SUPER.KG видео
12.08.2012. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыздын сулуулугу чачында эле болбосо башка жеринен коро алган жокмун, туугандар!
12.08.2012. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогонуно караганда Баткендик болсо керек.Эде,шо деп
12.08.2012. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай суйлосо да,кандай бойонсо да дуйно сулуусуна жолдомо алгандан сон барыш керек болчу да.
Бир койнокту мамлекет учун 30 кунго бере албаганына тан калдым.
13.08.2012. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tushtuktun dialektisinde suiloso emne boluptur??? Dialekt/aksent bul bir belgiluu aimaktyn maaniluu ozgocholugu! kulturasy jana jashoo obrazy menen tygyz bailanyshta. Dialektte suiloo adamdyn intellekti menen ech kandai bailanyshy jok!!!
SUPER.KG видео
13.08.2012. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдагы сулу кичине кийин кийгенди уйронсо болмок ачынып чачынбай эвропейский стил страшно уууужас когда покрывайте вашу телу сохраните от огня ............
SUPER.KG видео
15.08.2012. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Диалектисине караганда Баткендик окшойт.
SUPER.KG видео
19.08.2012. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tushtuktun dialektisinde suiloso emne boluptur??? Dialekt/aksent bul bir belgiluu aimaktyn maaniluu ozgocholugu! kulturasy jana jashoo obrazy menen tygyz bailanyshta. Dialektte suiloo adamdyn intellekti menen ech kandai bailanyshy jok!!!
SUPER.KG видео
09.09.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлогону жаккан жок.Кыргызча суйлогон сон,так суйлосо.
10.09.2012. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча ичинер тар кудай тообо баардык кыздарга мындай бой, сулуулук, наам бериле бербейтко
SUPER.KG видео
09.10.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге кыргыз болгондон кийин озбекче кошуп суйлошот (((((((((((((((((((((((((( фу фу фу фу и ей надо учится разговаривать на кыргызком без акцента
SUPER.KG видео
09.01.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suilogondorunu ugup alergiya bolup kettim. kichine suilogondu uironso bolmok.
27.06.2017. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
где она сейчас кто знает?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо