Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МУРЧ – ТАТЫМАЛДАРДЫН ПАДЫШАСЫ

№509 3-9-август, 2012-ж

Мурч (кара калемпир деп да айтылат) – лиана сыяктуу чырмалып өсчү өсүмдүк. Мекени – Индия. Тактап айтканда, Керала (мурун Малихабар. Кыргызча которгондо “мурчтун мекени” дегенди билдирет) аймагы. Мурч өсүмдүгүнүн бийиктиги 15 метрге дейре жетет. Бир жылда 2 ирет мөмө берген мурч 25-30 жыл жашайт.
Татымал катары өс­түрүлөт. Атайын иштетүүдөн өт­кө­рүп, ак, кара, жашыл жана кызыл түрлөрүн да алышат.
Кара мурч. Өсүмдүктүн анча быша элек мөмөлөрүн чогултуп, дароо кайнак сууга салышат. Андан соң кургатышат. Кургаган мөмөлөр кара өңдө болуп калат.
Ак мурч. Бышкан мөмөлөрдү 1 апта сууга салып, сырткы кабыгын жумшартып алышат. Кабыгынан ажырап, ак өңдө болуп калган мөмөлөрдү кургатып коюшат.
Жашыл мурч. Быша элек мөмөлөрүнө кү­күрттүн диоксидин кошуп кургатышат.
Кызыл мурч. Муну алуу деле жашыл мурч сыяктуу жүрөт. Бирок кургатканда күкүрт диоксидинин ордуна башка химиялык затты кошушат.
Жашыл жана кызыл мурчту маринаддашат жана жаңы бойдон колдонушат. Кара мурч бүтүн, тоголок бойдон жана майдаланган түрүндө пайдаланылат. Мурч – ичтейди ачып, тамактын аш болушуна жардам берет. Суюк жана коюу тамактарга, соустарга, салаттарга, маринадга, томаттарга жана башкаларга кошулат.

Колдонулушу
Тери оорусунда. Хнага кошулган мурчтун упасы көп элдерде тери ооруларын, анын ичинде малдан жугуучу чакалайды (темирөткү) айыктырууда колдонулат.
Дем алуу жана башка органдардын оорусунда. Ангинада, жөтөлдө, бронхитте 1 аш кашык майдаланган мурчту 1 стакан таза балга аралаштырып, 2 маал 1 аш кашыктан кабыл алуу талап кылынат. Ушул эле рецепт этек кир кармалганда же келбей калганда колдонулат жана заара кубалоочу каражат катары да эсептелет.
Эркектердин бел кубаты тө­мөн­дөгөндө 10 аш кашык майдаланган мурч менен 10 аш кашык кумшекерди аралаштырып алуу кажет.
Анан даяр аралашмадан жарым чай кашыктан 1 стакан сүткө салып, аралаштырып ичүү сунушталат.
Куяңда, остеохондроздо, муундардын оорусунда төмөндөгүдөй рецепт колдонулат. 1 стакан зайтун майына (оливка) 1 аш кашык майдаланган кара мурч кошуп, жай күйгөн отко коюп 5-10 мүнөт кайнатуу кажет. Майдын илеби кайтканда сүзүп алып, ооруган жерге шыбай берсе болот.
Ич көпкөндө 1 лавр жалбырагы менен 1 тоголок мурчту майдалап, аралаштыруу кажет. Муну жылуу чай менен ичүү сунушталат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо