Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АМАНАТ же КРИМДҮЙНӨ ЧЫРЛАРЫ

№509 3-август-9-август, 2012-ж

Мурда эки жылда бир кинонун бет ачарын күтүп көрсөк, учурда кыргыз кинолору ар эки күндө бирден коюлуп жаткан убак. Ал кинолордун канчалык деңгээлде жакшы же жаман экени кинотеатрларга келген элдин агымынан эле байкалып калат. Ал эми биз сөз кыла турган тасма – криминалдык драма жанрындагы “Аманат” тасмасы.

Өлкөсү – Кыргызстан
Жанры – Драма, боевик
Режиссёру жана сценарийин жазган – Айбек Дайырбеков
Продюсери – Съездбек Искеналиев
Сүрөтчүсү – Орозбай Абсатаров
Композитору – Эркин Мээрканов
Ролдордо – Съездбек Искеналиев, Сакын Карабаев, Эмил Борончиев, Садыр Сагынбаев жана башкалар
Урааны – “Айтылган сөз – атылган ок”
Тасманын узактыгы – 1 саат 30 мүнөт
Бет ачары – 3-май, 2012-жыл
Бюджети – 25 миң доллардын тегереги

БАЛДАР ҮЙҮНДӨ ӨСКӨН АМАНАТ
Аманат 2 жашынан баштап балдар үйүндө өскөн. Ал сыртынан турмуштун запкысын тарткан, ойчул, олуттуу көз караштагы адамдай көрүнчү. Анткени турмуш аны тегирмен ташынан көп өткөргөн. Аманаттын ишенгени, бүркөлгөн кабагын жазган бир гана сүйүктүүсү Элиза болчу. Бирок Элизанын ата-энеси да Аманатты теңсинбей, кызы менен болгон мамилесине каршы чыгышат.
Сүйгөнүнөн ажырап, кыйналып жүргөн кезде Аманат ата-энесинин көзү тирүү экенин билет. Ошондон баштап анда “ата-энемди табам” деген чоң үмүт пайда болот. Көрсө, Аманат шаардагы белгилүү криминалдык чөйрөнүн авторитети Хандын жалгыз уулу экен. Окуянын жүрүшүндө көп жылдардан бери чет жерде жүргөн Хан шаарга келип, уулу менен аялын таап, тасма соңунда душмандарынын колунан курман болот.

ИШ ПРОЦЕССИНДЕ...
Фильмди тартуу иштери ызгаардуу январь айында башталгандыктан, кыштын суугу чыгармачыл топту бир топ эле жүдөткөн. Суук аба ырайынан тажаган кино жаратуучулар тартуу иштерин жаз айларына жылдырсакпы деп да ойлошкон.
Фильмде 90-жылдар сүрөттөлгөндүктөн, ошол жылдарда курулган үйлөрдү тартууга туура келген. Аманаттын ата-энесинин үйүн Жайыл районундагы айылдардын биринен, бүтүп-бүтпөй калган имараттарды Бишкектеги конуштардан тартышкан. Каармандардын атышуу учурунда куюлган жасалма кан атайын буйрутма менен алынып келинген. Мындай канды Голливудда да кино тартууда колдонушат.

Тасманын продюсери жана башкы каарман Аманаттын ролундагы Съездбек Искеналиев:

“Съездбек “Боз салкында” жакшы аткарды эле, мунусу кандай чыгыптыр?” деп кызыгып келгендер да болду. Жашоодо жайдары, шайыр болгондуктан, мүнөзүмө такыр туура келбеген, жашоого пессимисттик көз караш менен караган, оор басырыктуу Аманаттын ролун аткаруу кыйын эле болду. Кейипкеримдин образын татыктуу ачып берүү үчүн мага атайын мастер-класс өтүшкөн. Жыйынтыгы көңүл жылытарлык эле болду го деп ойлойм.

– Эсте калган эпизод...
– Фильмдин аягында Хан каза болгон үй тааныштарыбыздын жаңы курулган үйү эле. Ханды атканда актёр алаканындагы кнопканы басып, анан кан куюлуп кетмек. Тартуу учурунда ошондогу атылган кан терезеге, пардага, дубалдарга чачырап, катуу атылып кеткенинен актёрубуз да жабыр тарткан. Биз чыгармачыл топ менен үйдүн залына чачыраган боёкту тазалап жүрдүк. Ушул эпизод өзгөчө эсте калыптыр.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Аманат" тасмасынын ачылышы болуп өттү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
12.05.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi-bai bir jakwynakaile kino okwoit,timele ''kyrgyzdarga jarawpaiby''degenin kara?!bul kino rejiserdun birin4i tasmasy bolup atpaiby,bara-bara takwalat da.arak i4ip,mas bolup muwtawyp,ayildagy jakyr4ylykty tartkan tasmalardan tuzugurookgo,4et elde korson da uyalbaisyn...iygilik kyrgyz kinosuna!!!!
SUPER.KG видео
13.05.2012. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми мындай кинолор жаны эле чыгып жатпайбы барып барып жарашып эле калат просто бизге оон учурап жатат себеби мындай кинолорду орустардын же американын кинолорун коруп жургонбуз да
SUPER.KG видео
14.05.2012. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун кино окшойт коруш керек экен азыр жакшы кыргызстанда жакшы кинолор тартылып алга кыргызым.Москвага да кино коюп келсенер сураныч
SUPER.KG видео
05.08.2012. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз кинолорунда башкы бир эле ката(башкасын айтпай эле коёлу) - аткаруучулук жагы сценарийдин аткарылышы. Бул ката кимдики актерлордукубу? Жок! Бул ката, баса белгилеп айтып кетким келет, режиссерлордуку. Албетте, актерлор баары жакшы деп атканым жок муну менен, актер деген сцена солдаты да. Же болбосо окко салыштырсак болот. А мылтык болсо режиссер. Мылтык каякка мээлесе ошол жакка барып тийүүгө тийиш. Режисер деген эң ириде өзү күчтүү а
SUPER.KG видео
05.08.2012. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир сценадагы ар бир актердун образын алды менен режиссер өзү элестете, ойной билүүсү зарыл. Кийин ошол образды актердон талап кылышы керек. Айтып атпаймынбы режиссер бул сүрөтчү деп, ал сүрөттү калем менен эмес турмуштагы элементтер менен тартат(актерлор, алардын кийимдери, арткы жасалга фон айтор бардыгы - ал сүрөтчүнүн боёгу). Мен өзүм эч кандай режиссер эмесмин биро киноманмын десем болот
06.08.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул кинону россиядагылар саргарып кутот экенбизда.
06.08.2012. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртерээк Россиягада койгулачы.
06.08.2012. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суперде жалан эле россиядагылар отурат окшойт...
06.08.2012. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Екатеринбургка качан келет экен эээ!!!! Кайсы кафеде коет экен эми бул кинону ДК ВОС или КАФЕ БЕРЕКЕ
07.08.2012. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да эртараак келсе жакшы болмок москвагада
07.08.2012. 07:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kino orto dengeelde tartylgan. Jaktyrbadym.
07.08.2012. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино качан дискке чагат достор
07.08.2012. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дискке бир эпчил кинотеатрдан эптесе чыгат, же 1 жылдан кийин мумкун чыгат.
08.08.2012. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коро элекмин жакшы эле болсо керек.
08.08.2012. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кызыгып отурам,оркундой берсин кыргызым!
09.08.2012. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино жакшы эле, бирок сездбек баикенин ордуна башка бироону тартышса болмок, аткарган ролу спектакль сыяктуу болуп калган!!!
10.08.2012. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
potriot, pikirine kowulam, kinonu korbodum birok S'ezdbekti oluttu adamdyn rolunda estete da albaim. Adiletti tartywsa bolmok
09.08.2012. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино керемет эле жаралган өңдөнөт, ийгилик, кыргыз киносу өнүгүп өсө берсин!
Айрым сиюжеттери "Достор" фильмине окшоп калбайбы? видое фотоаппаратта тартылланы байкалып турат, ийгилик болсун!
09.08.2012. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men da kyzygyp kaldym go
13.08.2012. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коруш керек
SUPER.KG видео
11.11.2012. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кино деген бул-кыйно. оңой иш эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо