Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ынак Осмоналиев: «ИЧКИЛИККЕ БЕРИЛИП, АРАКЕЧ БОЛУП КЕТКЕН ЖОКМУН»

№509 3-август-9-август, 2012-ж

– Ынак байке, кандайсыз, экөөбүздүн жолугушуу аябай кечеңдеди. Бирде чалсам Таласта, бирде чалсам Суусамырда жүрдүңүз...
– Биринчиден, сиздерге рахмат, эстеп чакырып койгонуңуздарга. Жок болуп, көрүнбөй кеткен себебим чыгармачылыктан сырткары жеке жумуштарым менен алек болуп жүрдүм. Таласта эс алып, анан жамандык-жакшылыкка барып дегендей. Суусамырда дегеним, жайдын аптабында ден соолукту чыңдайлы деп үй-бүлөм менен эс алып келдим. Албетте, чыгармачылык калып калган жок. Буюрса, обондор жаралып жатат.

– Интервьюга чакырсам “корком” дейсиз, неге?
– (Каткырып) Эми ырчылар эмнени айтса, ошону жазасыңар да. Коркунуч деле болгон жок. Бирок азыр кишинин башын айландырып туруп коркунучтуу суроолорду берип баштайсың, мен кантип жооп бергенимди билбей калам. Анын үстүнө чыгармачылыктан бир аз оолактаганга сууй түшүпмүн. Баягы сабакты көп калтырып жүргөн баладай болуп, кайра чыгармачыл адамдар менен иштешиш мен үчүн бир аз оор болду.

– Анда дал ошондой суроолор менен баштайын. Сизди “ичкиликке берилип кетип, дааватка чыгып жаны калды” дешкен. Ошондуктан ойлоп отургам, азыр сакалчан Ынак кирип келет го деп.
– Көрүп турганыңдай элемин. Бангладешке барганым жок. Айтпайын десем, айтыла турган сөз болуп жатат да. Ыймандан, динден кабары бар кишимин. Өтө көп билем деп айтпайм. Бардык нерсе азыр сатылып калбадыбы. Ал эми ыйман бул эч жерде сатылбайт. Даават дегендин кыргызча мааниси “ыймандын мээнети” дегенди билдирет. Адам дааватка чыгып, өзүнүн кулк-мүнөзүн, адебин, ата-энеге, бир тууганга кылган мамилесин оңдоп жана жалпы мусулмандар кандай жашаш керектигин, чыныгы мусулман болууну үйрөнөт. Дааватка чыгып турам, дааваттан бузулуп кетиптир деген адамды көрө элекмин.
Ичкиликтен башка деле адамдын күнөөсү көп. Биз, адамдар, ушундай экенбиз да, өзүбүздө турган кемчиликти көрбөй, бирөөнү айтып ушактайбыз. Ошол нерселерден тыйылыш керек. Кемчиликсиз адам болбойт. Ичкен эмесмин деп моюнума албай койбойм, ичкем. Ичсем кээде чатак кылып койчумун, аны да моюнга алам. Адам оңолом десе, аракет кылса оңолот. Мен ичкиликтин түбүнө түшүп кеттим, аракеч болуп кеттим дегенден караманча алысмын. Адамдар кичинекей нерсени чоң кылып айтышат. Ичип койсоң “мас болуп жатыптыр” дейт, мас болуп жатсаң “арыкта жатат” дейт көркөмдөп. Анын сыңарындай, эгер мен арак ичип кетсем, анда аракеч бойдон калмакмын.

– Андайдан алыс эле бололу, бирок “шоу дүйнөдөгү эркектердин көбү дүңк, баңгизат деген балакетке илээшип алышыптыр” деген кеп бар. Арасында Ынактын ысымын кезиктирүүгө да болот экен?..
– Карасаң, кызык да, “Ынак арагын коё албай, баңги болуп кетиптир. Анан дарыланып жүрөт имиш” деген сөздү ар кандай вариантта өзүм да уктум. Эл оозунда ушак сөздөр айтылып турат экен. Азыр “жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” дегенди, тескерисинче, адамдар оозу менен үйлөп, чөптү учуруп коюшат. Эгерде мен аракеч же баңги болуп кетсем, анда минтип жүрмөк эмесмин. Алар деген үй-бүлө күтө албайт. Алардын барар жери түрмө же мүрзө да. Бирок мен дүңк, баңгизат деген нерселерден алысмын.

– “Мумиядан” соң дымыңыз чыкпай калды, мурдагыдай “тигүүчү кыздарга”, “таластык жердеш кыздарга” деп айлуу түндө серенада айтпай да калдыңыз...
– Ырчылар арасында сөз бар, “эгерде адамдар сен тууралуу сүйлөп, ушак чыгарып турса, анда сен эл эсиндесиң” деген. Эми бир аз көрүнбөй калсам, шумдук сөздөр чыкты. Чынын айтсам, чыгармачылыкка баш-отум менен киришип иштебейм. Бир жылда бир ыр жазып койсом жүрө берем. Көңүлүм келсе, ыр качан бышканда, хит болоруна көзүм жеткенде гана аранжировка жасатам. Мисалы, “Мумияны” 3-4 жолу аранжировка жасаткам, сөзүн бир жылдай оңдоп жүрүп, анан чыгаргам. Дагы ырларым бар, Кудай буюрса, “Таласым” деген бийлегенге ылайыктуу, шаңдуу ыр жазып жатам. Ырдалбай көмүскөдө калган ырларым да бар.

– Сиз ырдап чыккан соң гана ырлардын автору табылчу эле...
– Мен эң башында “Алыстаба” деген ырды чыгарып, ошол менен элге чыккам. Андан кийин “Таластык кыз, татынакай жердешим”, “Жаш сезим” деген ырлар менен таанылдым. Ошентсе да өзүмдүн ырларымдан сырткары эски ырларды элге жеткирип аткаруучу катары аткарып жүрөм. Мисалы, “Мумия дарың жок белени” бала кезимде атам ырдап жүрчү. Бир күнү атама “мен кичинекей кезимде ырдачу ырды ырдап бериңиз” дедим. Бул ырды атам радиодон угуп, бир куплетин эле жаттап калган экен. Анан атам билбеген авторду мен кайдан билейин? “Мындай ырды уктуңар беле?” деп артисттерге ырдап берсең, сенден мурда ырдап жибериши мүмкүн. Анткени ырчыларда андай шыктар бар эмеспи. Ошентип ырдап чыктым, кийинчерээк автору табылды. Ош драма театрда иштеген ноокаттык Кудайберген Темиров деген байке экен. Кыскасы, ал мага ыраазы, мен ага ыраазы болдук, дагы бир жолу ага ыраазычылык билдирем.

– Мындан төрт жыл мурда “аялым эркек төрөмөйүнчө төрөтө берем” деген элеңиз, үй-бүлө мүчөңүз толукталдыбы андан бери?
– Дагы деле ошол сөзүмдөн кайталекмин. Эркек төрөмөйүнчө төрөй берет. Кызды берген Кудайым эркекти да берер. “Үч кызы бар адам бейиштик” деп пайгамбарыбыз айткандай, балким, бейишке билет алып койгондурмун (күлүп). Келинчегим “Дордойдо” айымдардын бут кийимин сатат. Улуу кызым 5-классты бүттү. Ортончум алтыда, кичүү кызым төрт жарым жашта. Келинчегим Сырга экөөбүз төрт жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Быйыл чогуу жашаганыбызга 14 жылдын жүзү болот. Мурда анда-санда кызганычтан казан-аяк кагышып турчу. Азыр андайдан оолакпыз. Келинчегим да динден түшүнүгү бар, намаз окуган адам. Ал өзүнүн күйөөсүнө кандай мамиле жасашты билет.

– Кантсе да ырчы эмессизби, азыр деле жеңебизде кызганычтар болобу?
– Болот. Бирок баары келип эле менин жүрүм-турумума байланыштуу да. Мен эч кандай кызганычка “повод” бербесем кызганбайт. Атайын кызганат бекен десең же кызганычын бекем катып алабы, унчукпайт. Анан кээде “неге мени кызганбайсың?” деп сурайм. Ал “кызганганда эмне, мен сага ишенем” деп жооп берет.

– Устатым деп кимди эсептейсиз?
– Мектептен эле ырдап жүрчүмүн. Азыр ойлоп көрсөм, Майрамбек Осмоновдун ошол учурда убактысы да болбоптур да. Бир ай аркасынан кубалагам. Акыры үйүнө издеп таап бардым, коноктор бар экен. Үйүнө киргизип, “мобу бала ырдайм деп жүрөт, байкап көргүлөчү” деп ырдаткан. Ошентип, ырыма аранжировка жаздырып, 2004-жылы концертинде алып чыккан. Ошондо ушунчалык сүйүнгөнүмдү айтпа, “Ош базарынан” Асанбай кичирайонуна чейин жөө баргам. Ошол болчу концерттин афишаларын жабыштырып, жолдун аркы бетинен берки бетинде жүрдүм. Ал учурда азыркыдай баннер, жарнамалык щиттер жок. Краска менен материалга жазылган көрнөк-жарнактарды бакка чыгып кере тартып койчубуз. Клей менен камырды аралаштырып афиша чаптачубуз. “Дордойдо” иштейт элем, иштен чыгып, ботала болуп афиша чаптамай жумушум. Маймылчасынан даракка чыгып афиша илип, колуңду даракка тытып түшөсүң. Анан Майрамбек байкеге “өзүңүздүн сүрөтүңүздү көчөдөн көргөн кандай ырахат болуш керек” десем “оо, кайф-кайф” дегени эсимде. Ошондо ошол “кайф” менде да болсо экен дечүмүн. Тилегим ишке ашып, афиша илдирип, концерт да берип калдым.

– Ал кезде баары эле ошентип ырчылыкты баштаган да...
– Ооба. Жакут Сыдыков, Санжар Бердибеков, “Кеңеш” тобундагы Мүзүр болуп спорттук сумкаларыбызды көтөрүп “Россия” кинотеатрында жүрчүбүз. Кимдин концерти болбосун, ырдайлы деп суранып. Ырдаганыма ырахат алып маршрутка менен жүрчүмүн. Азыр эми коомдук унаага деле түшө албайсың. Жылдыз болуп кетип маршруткага түшпөй калдым дебейм. Түшмөкмүн, базарга деле иштемекмин. Ырдай турган убакыт кечинде, кечке чейин оокат тапкандын уяты деле жок. Болгону, адамдардын түшүнүгү бир аз азыраак да. Келип алып намыска тийген сөздөрдү айтышат. Айылда кара жумуш кылып көнгөндүктөн, колумдан бардык иш келет. Мен деле кадимки чолок шым кийип алып үй краскалап, сыртка таштанды көтөрүп чыккан адаммын.

– Бир жолу балалык кез тууралуу айтып отуруп “лампочканы бычыратып жеп салгам” деп оозумду ачырдыңыз эле...
– Ооба, жегем. Балалык кезге кайтып бара албайбыз, ал мезгил өттү. Жаштыкты туура пайдаланыш керек экен. Жаштыкта нелер гана болбоду. Мына, 34 жашка келдим. Мектепте таанымал да болдум. Милиция да болдум. Милиция академиясында окуп, ал жактан “отчисление” да болгом.

– Азыр токтолдуңузбу же?..
– Азыр деле эркекчилик кээде ойноп кетет. Жоро-жолдоштор менен чогулганда кылгылыкты мен баштайм. Бир жолу “Жоокер жылдыз” деген телеберүү уюштурулуп, ырчыларды аскерге алпарбады беле. Ошондо да байкуш балдарга түнү менен көп эле нерселерди көргөздүм. Камчы Сарыбаевден башкасына.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


Ынак Осмоналиев: "Ичкиликке берилип, аракеч болуп кеткен жокмун"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(27)
SUPER.KG видео
04.08.2012. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
alaiga anan men 4akurdumbu 9 barup alup konsert koio albasan bir jarum ai jurboi ele ketip kala berbeisizbi 9
SUPER.KG видео
04.08.2012. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз жандуу эмесмин дейт, кыздарга жакын экени суйлогон созунон байкалып эле турбайбы.
SUPER.KG видео
04.08.2012. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Турдакундун ырын (Айлуу кечти)уурдап алып ырдап чыккан сон сыйлабай калгам бул ырчыны.
SUPER.KG видео
04.08.2012. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх люди,вечно вы недовольные
SUPER.KG видео
04.08.2012. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болуптур я Ынакка
SUPER.KG видео
04.08.2012. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi tim ele biro menen bironun emne iwiner bar.
SUPER.KG видео
05.08.2012. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан сонун маек болуптур!!!Ынак байкеге чыгармачылыгына да ийгилик жана бизнесине да ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
06.08.2012. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торото беребиз, торото беребиз дейт го :),мог бы другие слова подобрать,"сделать" одно дело, а рожать это святое
SUPER.KG видео
06.08.2012. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mumia degen irdu ushul jigit irdait turbaibi maga ayabay jagat unu sonun nostayashiy talant dep ushunu aitsa bolot, kairaa kaira uksan da tajabai turgan ir azamat
SUPER.KG видео
06.08.2012. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ынак аке ийгилик сизге!!!
06.08.2012. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iwinizge iigilik! Yrlarynyz aiabai jagat
SUPER.KG видео
06.08.2012. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен коро албай койдум токтоп калып жатат
07.08.2012. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахнадан алыстабай жакшы ырларды чыгарсаныз. Сизден жаны чыгармаларды кутобуз.
07.08.2012. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БАРАкелде,бар болунуз!
SUPER.KG видео
07.08.2012. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн башкысы аман эсен, жакындарынын жанында сый болуп журо берсин. Бизге эмне?... Негизинен ото сынчыл калк келебиз. Жок дегенде озунун уй-було, туугандарына атак данктуу. Биргеликте кыргыз шоусун дуйнолук аренага алып чыккыла. Азаматсынар кыбырай бергиле кыр ашасынар!
07.08.2012. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iygilik,jany yrlardy kutup kalabyz...
07.08.2012. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yrlary jakwy, jakwy da yrdait e!
08.08.2012. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тигуучу кыздарга деген ырыныз азыркы учурдун талабына ылайык хит ыр
08.08.2012. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде Ынак. Жонокойлугун жагат. Бардык "ырчы" соройлор сенден уйронушсо, короче АЛГА!
08.08.2012. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
+5
Болгону, адамдардын
түшүнүгү бир аз азыраак да.
09.08.2012. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынак Осмоналиев тырыш кирип кетиптир го сизге? ийгилик болсун!
24.08.2012. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздары куурчак куурчак кыздар экен коз тийбесин омурлорун берсин
SUPER.KG видео
13.10.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ынак эркек экенсин молодец!!!
SUPER.KG видео
21.10.2012. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
maga Ynak yrchy emes agai boidon kaldy okshoit bizge muzyka sabagynan berip kaldy ele.men sizdi jakshy bileeem. glavnoe sizdin ishterinizge Iigilik aman bolunuz.)))
SUPER.KG видео
07.11.2012. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базарда иштегени, соодагер экени билинип турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо