№510 10-август-16-август, 2012-ж
Ош облусунун аймагында ВИЧ вирусуна чалдыккан 290го жакын бала бар. Алардын 100гө жакыны бул жылы 1- класска кабыл алынуусу керек. Ош шаарындагы орто мектептер ВИЧ илдети жуккан (облус аймагындагы ооруканалардан жуккан) балдарды мектепке кабыл алуудан баш тартып жатышат. Ош шаарындагы орто мектеп жетекчилери мунун себебин «башка окуучу балдарга да жугуп калат деп кооптонуудабыз» деп көрсөтүшөт. Балдардын энелери бул көйгөйдү чечип берүү максатында Ош шаардык мэриясына кайрылышкан. Бирок оң жооп алыша элек.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |