Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАРВИНГ же жашылча-жемиштерди кооздоп тууроо өнөрү

№510 10-16-август, 2012-ж

Конок тосордо өзүңүз жакшы билген даамыңызды даярдап алып, “бул мындан башка нерсе билбесе керек дешпейби” деп кабатырлана бересиз. Мындай учурда карвингди жардамчы кылып, даамыңызга өзгөртүү киргизе аласыз.
Карвинг – англисчеден которгондо "кесүү", "оюу" дегенди билдирет. Бул өнөр Чыгыш өлкөлөрүндө пайда болуп, алгач темир, жыгач усталар аркалаган. Кийинчерээк бул өнөрдү ашпозчулар да өздөштүрүшкөн. Чындыгында, карвинг бир топ чеберчиликти талап кылат. Ошентсе да биз сиздерге анын эң жеңил түрлөрүн сунуштайбыз. Даамдуу гана эмес, кооз жасалгаланган тамак-ашты конокко тартуулоо – ар бир айымдын кыялы. Эмесе, кыялыңызды ишке ашырыңыз!

ЖАШ КАРВИНГЕРДИН ЭСИНЕ:

  • Карвинг жасоо сизден кылдат жана чыдамкай болууну талап кылат.
  • Столуңуз өтө бийик жана өтө жапыз болбошу шарт.
  • Колдонуучу аспаптарыңыз курч болушу зарыл. Мүмкүн болсо атайын карвинг үчүн арналган бычактарды сатып алганыңыз оң.
  • Кооздой турган тамак-ашыңыз менен даярдаган жасалгаңыздын түсү, даамы окшош болушу шарт.

ЖАШЫЛЧАЛАРДАН ЖАСАЛГАН КАРВИНГДЕР
Жашылчалардын бардык түрүнөн карвинг жасоого болот. Бирок тандап алган жашылчаңыз чоң, таза, жылмакай болушу шарт. Мындай карвингдер менен көбүнесе эттен жасалган муздак тамактарды жана салаттарды кооздоого болот.

Бадыраңдан жасалган гүл. Бул гүлдү жасоо үчүн бадыраңды узатасынан 1-1,5 миллиметр калыңдыктагы тилимдерге бөлүп алабыз. Андан соң тилимдерди бурап-бурап астыңкы бөлүгүнө бекитип, гүл формасына келтиребиз.

Лотос гүлү. Аарчылган пиязды тигинен коюп, түбүнө жеткирбестен бир нече бөлүктөргө бөлөбүз. Андан соң муздак сууга салып, акырындык менен катмарларын жазабыз. Эми аны кызылча салынган сууга бир малып алсак, күлгүн түскө боёлот да калат.

Ромашка гүлү. Помидорду кайнак сууга бир малып алып, аягына жеткирбей бөлүктөргө бөлүп кесебиз. Анан этияттык менен кабыгын сыйрып, кесилген жерге тегерек бадыраңды салып койсок, "гүлүбүз" даяр.

Картошка розасы. Картошканы аарчып, жууп-тазалап, курч бычак менен калыңдыгын 1-1,5 миллиметрден кылып кесиңиз. Бул розабыздын желекчелери болуп саналат. 1 литр муздак сууга 1 чай кашык туз салып, ага кесимдерди 2-3 саат чылап коёбуз. Буга тиш чукуучу чийлерди да салууну унутпаңыз. Картошканы майга кууруганда чий күйүп кетиши мүмкүн. Эми чийдин жардамы менен кесимдерди бекитип, роза жасап, кызыган майга кууруп коёбуз. Мындай ыкма менен шалгамдан, кызыл кызылчадан да ак, кызыл түстөгү розаларды жасоого болот.

БАЛДАР ҮЧҮН КАРВИНГДЕР
Түрдүү гүлдөр, жаныбарлар менен кооздолгон тамак-аштар кимдин гана көңүлүн бурбасын?! Көңүлдү гана эмес, табитти да ачат. Мындай ыкма менен тамак жебей кежирленген балдарды да тамактандырууга болот. Андыктан балаңыз үчүн карвингдердин түрүн жасоодон эринбеңиз.

МӨМӨ-ЖЕМИШТЕРДИ КООЗДОП КЕСҮҮ
Мөмө-жемиштерди жууп, чоң идишке додо кылып үйүп, ортого коюп коймой – адатыбыз. Эгер ошол мөмөлөрдү туура кесип, табакка кооздоп салып койсок, биринчиден, дасторконубузга өзгөчө көрк кошот. Экинчиден, үнөмдүү болот. Дегеним, 4-5 мөмөнүн түрү менен бир нече табакты толтура аласыз. Үчүнчүдөн, мөмөлөрдүн баарын аарчып- тазалангандыктан, ашыкча таштанды чыкпайт. Мунун бир жаман жери – эрте кесип койсоңуз, кээ бир мөмөлөр кургап, карарып кеткендиги. Андыктан лимондун ширесинен чачып коюуну унутпаңыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(16)
13.08.2012. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонунго, бундай чеберчиликти кайдан уйронсо болот, айткылачы барайын, Дамира рахмат сага дагы кененирээк жазчы
13.08.2012. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат силерге.Биздин тетя Гулябыз жасагандай соонун го. Грузинский кафеде да кооздолгон салатарды коп жасашат.
13.08.2012. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шикарнооооо)рахмат Супер инфо)))
13.08.2012. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ai tigi gulunor narciss emes ele Lotos go?
14.08.2012. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tareg, рахмат! Катачылык кеткен, түзөтүлдү!
14.08.2012. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чооон рахмат
14.08.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Банан м.н карвинг жасоодо убакытты карап жасоо керек, ону бузулуп, столдун коркун ачпай тескерисинче карарып кетиши мумкун.
14.08.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эка555, туура айтасын.
14.08.2012. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ека555, туура айтасын. Эртерээк туурап койсон банан жана алма карарып кетет. бир аз лимондун ширесин чачып койсо болот. Тексттен бул кенеш жазылыптыр. Негизи бардык момо-жемиштерди оз убагында, десертке, тамактан кийин берген эле он деп ойлойм.
15.08.2012. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо соонун го! мага абдан жакты, убакыт болсо жасап кором созсуз!
15.08.2012. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soonun goo,jakty,men jasap korop
15.08.2012. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо соонун экен го!
16.08.2012. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде 2 эле жашылчанын кесилгенин корсотуп айтып бериптир аа калгандарын деле айтып коюшса болмокда. Момо жемиштердин кантип жасалышы туралуу эч бир маалымат жокго??Эн оной помидор менен бадран эле. калгандарында жазып коюшса жакшы болмок...ошого карап жасамакбызда...
16.08.2012. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЖАШЫЛЧАЛАРДАН ЖАСАЛГАН КАРВИНГДЕР,ушулардын жасалышын билгим келип жатат.. Динира Арстанова...
16.08.2012. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир жашылча-жемиштин кесилиши тууралуу баяндай берсе гезиттин баарын эле ошол тууралуу маалыматтар ээлеп калат го. Бул жерде жалпы "Карвинг" искусствосу тууралуу кыскача баяндалган.Дамира эже кыска-нуска маалыматынызга рахмат! Алдыдагы иштеринизге ийгилик!
19.08.2012. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооо керемет кооз экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо