Алтынай Эмилбекова, модель: «МОДЕЛДЕРДИ «КОБРА» ДЕП КОЁБУЗ»

№510 10-август-16-август, 2012-ж

Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 17-май
Бою – 169 см
Салмагы – 48 кг
Параметри – 86-59-92
Учурда – студент

– Алтынай, моделдиктин эмнесин жактырып, бул кесипти аркалап келесиң?
– Сыналгыдагы моделдердин басканын карап, аларды туурап басуу жоругум кичине кезимден эле бар болчу. Кийин чоңойгондо бул тармакка жол издей баштадым. “Боюң жетпейт” десе деле кайра барып жатып, акыры кабыл алышты. Негизи, мен өзүмө ишенем. Кастингдерде керек болсо бою 180 сантиметр болгон кыздардын жанына туруп алсам да, көбүнчө мени тандашат. Негизи, модель катары иштеп жатканым менен, журналисттик кесипке окуп жатам. Модель катары 30га чыккандан кийин эч кимге керегим жок болуп калат да. А журналисттик кесип түбөлүктүү.

– Биздин өлкөдө модель болуп өзүңдү багууга мүмкүнбү?
– Атам “кызым, мен силер үчүн жашап жатам. Эмне керек болсо сурай бергиле, таап берем” деп калат. Бирок мен өзүмдү өзүм камсыздап калдым. Иш жакшы болгондо 20 миң сомго чейин табам. Өзүмө жетет.

– Дүйнөлүк практикада моделдердин атаандаштыгы абдан күч. Бизде кандай?
– Бизде деле ошол. Негизинен, мушташып кетпегени менен, кыздар арасында урушуулар абдан көп. Тилдери узун. Өч алуу деген бар. Мисалы, быйыл эле “Бишкек сулуусу” сынагына катыштым. Улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн көйнөк даярдагам. Чыгар алдында анын белдигин таппай калдым. А көйнөк белдиги жок жөн эле этеги кенен көйнөк болуп калат. Акыры сахнага чыгып баратып бир актёрдун бут кийиминин боосун чечип, белиме байлап алып чыктым. Кайра келсем дивандын үстүндө турат. Ким алганы белгисиз. Андай учурларда мен да бирөөнү уят кылып өчүмдү алгым келет. Бирок андай жолго бара элекмин. Моделдик агенттикте эки жыл иштеп калган кыздарды “кобра” деп коюшат. “Кобра” статусуна жеткендер кыйын да (күлүп). Башында мен деле жапа чегип калгам. Көргөзмөлөргө сунуш түшүп турса деле, “бүгүн болбой калды” деп чалышчу. Ошон үчүн баары менен жакшы мамиледе болуш керек.

– Сен да “кобрасыңбы” анан?
– Менин деле иштегениме эки жыл болуп калды. Ошондой го. Негизи, моделдер "А", "В", "С" деген категорияларга бөлүнөт. "А" – эң жогоркусу. Мен дагы жакында эле бул бийиктикти багынттым.

– Бикини менен подиумга чыга бересиңби?
– Жок, чыкпайм. Бир жолу чыгып көргөм. Ал меники эмес экен. Жан дүйнөм да жол бербейт.

– Сулуу болуунун оорчулугу көппү же жеңилдигиби?
– Сулуу болсоң, баш оору көп. 18 жашка чыксам да, көптөгөн көрө албастыктарга дуушар болдум. Бирок өзүмдүн күчүм менен баарын жеңип келем.

– Кандай жигиттер жагат?
– Мага жөнөкөй жигиттер жагат. Ырчы, таанымал дегендер жакпайт. Себеби мен өтө кызганчаакмын. Нурлан Насип менен анын "Эркелетсемби?" деген ырынын клибине тартылгандан кийин тааныш болуп калгам. Дос катары жакшы сүйлөшөм. Бир ирет “аялың үйлөнгөндөн кийин ырчылыкты ташта десе, таштайт белең?” деп сурасам, “жок” деди. Андайлар мага жакпайт.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Алтынай Эмилбекова: "Моделдерди "кобра" деп коёбуз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(49)
SUPER.KG видео
15.08.2012. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ailiasatka. kyrgys tilin emi anglis tiline almawtyryp alganbysgo.
SUPER.KG видео
15.08.2012. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат! Жонокой кыз экен. Ийгилик сага Алтынай
SUPER.KG видео
15.08.2012. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
клипте и суротто озун айткандай жакшынакай корунот экенсин, ну живой андай эмес экенсин, ушуну айтса керек сулууну сулуу кылган косметика деп. "дайыма озунду карап журушун керек"- деп айтып жатпайсынбы? лицонду карап алсан болмок, угри бастырбай,
15.08.2012. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мактанчаааак го ээ
15.08.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай эле мактанып алдыго ,сулуулугун деле байкабадым краска менен баары эле сулууго,
15.08.2012. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
анча сулуу эмесго, клипте аябай сулуу корунгон,...
SUPER.KG видео
15.08.2012. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
жакшынакай кызыктуу кыз экен! мага жакты!!!
16.08.2012. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан экоо пара болмок экен)) азыр жаш да бул кыз, кийинчерээк токтолуп калаттыр.
16.08.2012. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
realduu syilogon ozunun ishin jakshy bilgen kyiyn ele kyz eken. Azamatsyn!!
SUPER.KG видео
16.08.2012. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аябай сулуу кыз!!!! Кеп жок Иштерине ийгилик Алтынай
SUPER.KG видео
16.08.2012. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бетинди эмне будур басып кетиптир го жашоода ото эле жагымсыз экенсин сенден сураныч клиптегидей чаптанып журсон жакшы болт эле.
SUPER.KG видео
16.08.2012. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дагы озунду аябагандай эле сулуу сезет экенсин аны эч качан теледе айтпа ото уят.
16.08.2012. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
an4a dele 4ykpaptyrgo....
Klipte aiabai soonun korungon ele
SUPER.KG видео
16.08.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Просто она не телегеничная, по-моему. А так, в жизни Алтынай оочень даже симпотная
SUPER.KG видео
16.08.2012. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
азаматсын кеебирки кыздарга окшоп ойсоктоп орусча суйлобостон, Кыргызча татынакай жооп бериптирсин сага чоон чоон ийгилик каалайм
17.08.2012. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ai baaai jakyndan tartpai ele koiboptursuzdar,,altynaidy fotogo tartyw kerek eken bolgondo da alystan
SUPER.KG видео
18.08.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бетине ардекени чаптай берип угри басып кетиптирго чон кыз..???
19.08.2012. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы нерсекен.
19.08.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бойдок будур чыгып кетиптир биринчи насиптин клипинде коргонумдо жылдыздуу корунгон эле анча деле эмес экен и мактанчаак экен
19.08.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озун мактагандан алыс бол деп айтат карындашым озунду коп мактабагын озунду бир жолу сулуу сезип албагын анча деле эмес экенсин капа болбо ачык айткан жакшы деп ойлойм
19.08.2012. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшынакаааймын еле дейсин бетинден андай эмес экенсин.
19.08.2012. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudaidyn bergeni da,kudai kandai kylyp jaratsa da shugur kylysh kerek.maiyp kylyp jaratyp koiso ne kylmak elek anda.ugri ubakylu ketirse bolot.stilin ozgortso ele adam ozgorulot.ushundai kezde ugri 4ykpasa ka4an 4ygat anan.
19.08.2012. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча кемсинткенди жактырасынар????ачык,шайыр кыз экен.Болгонун болгондой айтыптыр,мактанса мактанчудай эле го.
SUPER.KG видео
25.08.2012. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кашынды туура чийсен болмок?! анан бетине Алтынайды тартып келсен болмок экен....
SUPER.KG видео
28.08.2012. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бетини тазалап алчы!!!
SUPER.KG видео
12.09.2012. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чындыгында бул кыз суротко жакшы тушот экен, а живой коргондо сулуу деле эмес,,,ал эми клипте болсо укмуш сулуу болгон болчу . жакшы макияж кылып журуш керек экен и кирпик эктирип алыш керек гоооо
SUPER.KG видео
15.09.2012. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кашты ото эле чегинен чыгарып чийип алыпсын! калган жакшы!
22.09.2012. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ona ne prosto simpoti4naya. Bolee. KraSOTkA! Intersno duwoi kakaya? Biraz maktan4ak bolso dagy jakty, milaya ulybka upast' ne vstat').
Elnurin- tura aitat.
Janet Zinerit alypbereimbi ugrilerindi ketiret.
Ozunordun kawynar kulaka 4ein bolgondon kiyin bawkany jamandabagyla. Abdewa ostorojno koz tiyet
SUPER.KG видео
30.10.2012. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ujas,..klipte jakshinakai go..
SUPER.KG видео
07.12.2012. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынай на сколько вы работаете моделью, вы дожны знать правелы и категории, вы ошибаетесь на счет категории Самый низкий категория это С, а самый высокое категория это А, А+.
А на сколько вы Модель с категории "С" вы пока стажорка
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо