Айкөл Аликжанова, модель: «ТИЙИШКЕН ЧИНОВНИКТЕРДЕН КУТУЛУУ КЫЙЫН»

№510 10-август-16-август, 2012-ж

Өткөн сандарыбыздын биринде подиумдун жылдызы болгон мырзалардын пикирин угуп, моделдик кесиптин оор-жеңил жактарын ачып берген элек. Бул ирет модель кыздар бизде конокто.

Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 30-август
Бою – 170 см
Салмагы – 51 кг
Параметри – 83-61-90
Учурда – студент

– Айкөл, айтсаң, кайдан жүрүп моделдик кесипти аркалап калдың?
– Негизинен, биздин өлкөдө моделдик эми гана өнүгө баштагандыктан, аны кесип деп айтууга болбойт. Хобби катары алектенип келем. Анын үстүнө бул кесиптин өмүрү өтө кыска. Жаштыкты талап кылат. Мен бала чагымда модель эмес, модельер болууну самачумун. Бирок тагдыр ташы ушул жакка ооду көрүнөт, 19 жашымда модель болуу тилегим пайда болду. Алгач моделдик агенттикке барганымда боюм 165 сантиметр болуп албай коюшкан. Бирок мен кийин дагы 5 сантиметрге өстүм. Моделдердин арасындагы эң эле бою кыскасы мен болсом да, жакшы эле ийгиликтерди жаратып келем.

– Сырттан караганда модель болуу, албетте, суктанарлык иш. Анын кандай кыйынчылыктары бар?
– Абдан оор кесип. Мисалы, элестетиңиз, мен боюмдун кыска болгону үчүн подиумга чыкканымда дайыма такасы 14-15 сантиметрлик бут кийимдерди кием. Ага чейинки даярдыктарда да ушул эле така. Сөөгүңө чейин какшатат. Сен аны элге билдирбей, абдан ыңгайлуу болуп тургандай басып көрсөтүшүң керек. Анан да диета. Айына бир жума диета кармап турмайым бар. Андайда күнүнө эки ирет гана тамактанам, же эртең менен-түштө, же түштө-кечинде. Бир анекдот бар эмеспи, “балдар, силер кыздардын кыялында бир гана ак боз атчан жигит бар деп ойлосоңор жаңылышасыңар. Кыздардын кыялы – көп жеп, бирок толуп кетпөө” деген. Анын сыңары, даамдуу тамактарды жегенди жактырганым менен, ушинтип кээде өзүмө чек коюуга туура келет. Ал эми подиумдун сүрү өзүнчө кеп. Аны сезүү гана керек. Бой-келбетиң, көз карашың аркылуу адамдарга оюңдагыны жеткиришиң керек. Ал эми фотосессия учурунда 2-3 метр бийиктиктеги дубалдын кырында, жарда, сууда сүрөткө түшүшүң мүмкүн. Кычыраган кышта жеңил көйнөк менен сыртта фотосессиялар болот.

– Ушундай оорчулуктардын артынан өзүңө эмне пайда табасың?
– Модель болуп кыйратып деле акча таба албайсың. Өзүңдүн керегиңе жарагандай кирешеси бар. Кээде айына миң, эки миң сом же таптакыр эч нерсе жок калсам, эң көп дегенде 200 доллар табам. Бул сунуштарга байланыштуу. Бирок өзүңө болгон ишеним жакшырат, кантип кийинип, кантип басып-турууну үйрөнөсүң. Анткен менен сулуу болгонго жараша ошончолук акыл керек деп айтат элем. Себеби ар кандай азгыруулар, тийишкендер, артыңдан ушактап, көрө албагандар көп болот. Мода көргөзмөлөрүнө барганда сөзсүз жаныбызга ишеничтүү адамдарыбыздан алып албасак, тийишкендерден кутулуу кыйын. Андайлардын арасында чиновниктер да бар.

– Эл арасында “сулуулардын ичинен акылдуулар өтө аз чыгат” деген кеп бар...
– Ооба, көзгө чоң эле адам көрүнгөнү менен, ушунчалык жаш баладай кыял-жоругу бар кыздар да көп. Кылыгын көрүп айласыздан күлөсүң. Бирок мен андай эмесмин. Мага ата-энем абдан жакшы тарбия берген.

– Сулуулук сенде бар. Мисалы, интернеттеги сулуулар сынагын жеңдиң. Сулуу болуу жакшыбы же жаманбы?
– Талаш суроо. Негизи, жакшы десе болот. Адамдардын мамилеси жакшы болот. Анан да, эң башкысы, жакшы жигитке турмушка чыгып алууга мүмкүнчүлүк бар (күлүп). Коркунучтуусу, көрө албагандар көп болот.

– Жигитиң барбы?
– Талапкерлер бар. Бирок акыркы чечим чыгара элекмин. Буюрса, чечимди бир жылдан кийин чыгарып, дароо эле турмушка чыгып алсам деген ойлорум бар. Албетте, ага чейин элимдин желегин чет өлкөдө желбиретип, “Дүйнө сулуусу” сыяктуу сынактарга катышкым келет.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Айкөл Аликжанова: "Моделдер жалгыздыкка кабылышат..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
14.08.2012. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da devushka klass,s razumom,jelayu udachi...
SUPER.KG видео
14.08.2012. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krasivaya...no nastoyashie modeli doljny imet' rost kak minimum 180sm chtob kogda kabluki odevaesh' i u tya rost about 190sm...ya ne znayu kak v kg modeling industry no v amerike samaya nizkaya model' is like 180-185...
SUPER.KG видео
14.08.2012. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бардык жагынан келишкен сулуу кыз экен, бирок бир кана чон кемчилиги бар экен, кыргызча суйлобойт экен. Эне тилинди билбесен, мин сулуу болсон да, элдин кадыр-баркына жана сыйына жете албайсын.
SUPER.KG видео
15.08.2012. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ona prosto super, nu kak budto krasata dano tolko ei. . . Suppeerr pretty gorl.
SUPER.KG видео
15.08.2012. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
To est GIRL! !
SUPER.KG видео
15.08.2012. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татынакай кыз экен бирок эне тилин билбеген элин суйуп жарытпайт деген кеп бекеринен айтылбаса керек.Карындашым кол жерде болуп коп тил билген адамдар менен байланышып журом,бирок канчалык коп тил билсе дагы квргызчаны так суйлошот суктанам
SUPER.KG видео
15.08.2012. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец, грамотно построенная речь. в человеке должно быть все прекрасно: и лицо, и одежда и душа-это про вас.
SUPER.KG видео
15.08.2012. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красивая спору нет,и речь грамотная. Только вот надо былo на кыргызком языке. А так хвала тебе Айкол.
SUPER.KG видео
15.08.2012. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidashiwa, сайттын жана гезиттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Башка учурда сайттын башкармалыгы комментарийди өчүрүп, авторун жазалашы мүмкүн. Эреже окуп келиңиз, 10 күн банга!
Модератор MiranA түзөттү 15.08.2012 09:16
SUPER.KG видео
15.08.2012. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Мисс-интернет-2012" жана МегаКомдун рекламасында (тариф Волна)...
SUPER.KG видео
15.08.2012. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ailiazatka сен америкадан келген окшойсун го э???
SUPER.KG видео
15.08.2012. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da wikarnaya devuwka,glavnoe umnaya.super .uda4i.
SUPER.KG видео
15.08.2012. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Модел деп айтса болот экен. Жакты.
SUPER.KG видео
15.08.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл ичин "Кудай сулуулук берсе, акылын азайтып бербейт" деген ой аралап келет. Бирок, бул видеону коргондон кийин андай эмес экенине даагы бир жолу ынандым. Адам бир убакта кел бети менен да, жан дуйносу менен да, акылы менен да сулуу боло алат!
15.08.2012. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргызча суйлосо болбойбу?
15.08.2012. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
samat-91, орусча суйлосода ал кыргыздын кызы.
16.08.2012. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
IlyasMasirov, кыргыздын кызы экенин билип туруп айтып жатамбы.эгерде улуту башка болгондо айтпайт элем.
20.01.2022. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
IlyasMasirov,чокун
SUPER.KG видео
15.08.2012. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сулуулукту да, акылды да бериптир!!! азамат!!!
SUPER.KG видео
15.08.2012. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
озунчо эле суулу го
SUPER.KG видео
16.08.2012. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Айкол!Аман бол!
SUPER.KG видео
16.08.2012. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман бол!
SUPER.KG видео
16.08.2012. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Да красивая, смышленная, но звездится по-хлеще чем Атабеков(это мне изчестно после личного знакомства с ней). Не понравилась она мне совсем, такие как она остаются одни, я думаю...
SUPER.KG видео
16.08.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чындыгында сулуу, акылдуу кыз экен. Бирок Кыргыз тилин билиш керек кайда журсо да.
SUPER.KG видео
16.08.2012. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
минтип ойсоктоп мин орусча суйлосон да орустар учун Кыргызсын же онугуп кеттим деп ойлойт ойлойсунбу?
17.08.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орус тили-жылдыз да,Биздин ушул заманда!Бирок,КЫРГЫЗ ,кыргызча,Сулобосо жаманда!!!!!Кыргыз тилинде маек курса жакшы болмок....
17.08.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
девушка с достаточно сильным характером, хорошим воспитанием и образованием. перспективная модель.
SUPER.KG видео
18.08.2012. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айкол она и в жизни очень красивая, общительная, добрая и не высокомерная... У нее и голос очень приятный, она очень хорошо поёт... Молодец Родная я рада что увидела тебя спустя столько лет...
19.08.2012. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красивая......
21.08.2012. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу кыз экен суроттору аябай жакты аман болсун, ийгилик! Орусча суйлогону менен нукура кыргыз кызы экендиги сыймыктантат.
SUPER.KG видео
23.08.2012. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мен жактырып калдым ушул кызды, себеби конкурс мезгилинде кун сайын Айкольго добуш берип журуп конуп калыпмын, мени туура тушунунуздор.
SUPER.KG видео
17.09.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы татынакай суулууу кыз екен кыргызчаныда уйронуп алсан жакшы болмок
20.01.2022. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактар итерип журот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо