Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАШЫН ТАШ МЕНЕН ЖАНЧЫП ӨЛТҮРҮП...

№510 10-август-16-август, 2012-ж

Жапжаш кыз аңгинин курмандыгы болду. Жакында Ысык-Көл облусунда жакаңды карматкан окуя катталды. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы болгон жигит кызды зордуктаганга аракет кылып, аягы өлүм менен аяктаптыр.

ДАЛИЛ БУЮМ – КАН БОЛГОН КИЙИМ
Тергөөнүн версиясы боюнча окуя төмөнкүдөй болгон. 31-июль күнү саат 17 чамасында Ысык-Көл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Чолпон-Ата шаарынын Бижай кичирайонундагы алма бакта бир кыздын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген сотмедэксперттер кыз башына катуу тийген соккудан каза болгондугун аныкташат. Кылмыш болгон жердин айлана-тегерегин иликтеп жүргөн милиция кызматкерлери алыс эмес жерден Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу кичиавтобусту табышат. Кичиавтобустун ичин текшергенде кандын издери бар болуп чыгат.
Каза болгон кыздын өздүгү тез эле аныкталды. Ал 1992-жылы төрөлгөн Ош облусундагы Кара-Кулжа районуна караштуу айылдардын биринин тургуну Күмүшай (тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү) экендиги билинет. Күмүшай жайкы убакта Чолпон-Ата шаарында жайгашкан туристтик компаниялардын биринин башкы менеджеринин жардамчысы болуп иштеп жүргөн. Негизги далил катары эсептелген кылмыш болгон жерден табылган кичиавтобусту илинчек кылган оперкызматкерлер бир нече сааттан кийин шектүү деп эсептелген кичиавтобустун айдоочусунун изине чыгышат. Ал 1986-жылы Нарын облусунда төрөлүп, учурда Чолпон-Ата шаарында жашаган Касымбек деген жигит болуп чыккан. Касымбек сыра чыгаруучу ишканалардын биринде сыра таркатуучу болуп иштечү экен. Бирок ал өзүнөн шекти алыстатуу максатында милицияга келип, Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу кичиавтобусун белгисиз бирөөлөр уурдап кетти деп арыз менен кайрылганга жетишкен. Аны менен сүйлөшкөн оперкызматкерлер анын бир нерсени жашырып жатканын сезишет. Касымбектин үйүнө тинтүү иштерин жүргүзгөн учурда кан болгон кийимдер табылган. Көрсө, ал үйүнө барып кан болгон кийимдерин чечип, жашырып койгон экен. Алгач танып жаткан ал далил буюмдар табылган соң кылмышын мойнуна алууга аргасыз болду.

АЛГАЧ ПЛЯЖ, КИЙИН АЛМА БАК
30-июлдан 31-июлга караган түнү Касымбек дүкөндөргө сыра жеткирип жүргөн. Таңкы беш жарымдарда жумушун аяктап, үйүнө автоунаасын айдап баратып, күйүүчү май куюучу жайга жакын жерде турган кызды көрүп калат. Ичиндеги “жинди суу” ойноп кеткенби, айтор, сулуу кызга жакындаштын максаты менен ага үйүнө жеткирип коюуну сунуштайт. Күмүшай Касымбектин сунушуна көнбөй койгондо ал кызды автоунаасына күчтөп сүйрөп салып, көл тарапты көздөй айдап жөнөйт. Көл жээгине барып кийимдерин жыртып, зордуктаганга аракет кылат. Айласы кеткен кыз жардамга чакырып кыйкырып кирет. Кыздын жардам сурап чакырган кыйкырыгы тегеректе жүргөн адамдардын көңүлүн бурушу мүмкүн деп коркуп кетип, Касымбек курмандыгын муунтуп кирет. Карылуу жигитке алынын жетишинче каршылык кылса да назик кыздын күчү жетмек беле, кыз эсин тез эле жоготот. Тынчып калбаган Касымбек автоунаасын от алдырып, шаардын четинде тоо тараптагы алма бакты көздөй айдап барат. Бактын ичине автоунаасын токтотуп коюп, автоунаанын ичинде эле кызды кайра зордуктаганга аракет кылат. Ошол убакта эсине келе калган Күмүшай кайрадан каршылык көрсөтүп кирет. Касымбек алсыз кызды автоунаадан сүйрөп түшүп, жерге жатып калган кыздын башын колуна тийген таш менен чапкылап кирет. Кыз дем албай калганда гана колундагы ташты ыргытып жиберип, кетип калган.

Ысык-Көл РИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысы Айткул Жумагазиев төмөнкүлөрдү билдирди:

– Бул оор кылмышка шектелип 1986-жылы Нарын облусунда төрөлгөн К.Т. аттуу жаран кармалып, толугу менен кылмышын мойнуна алган. Анын үстүнөн Ысык-Көл райондук ИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда ал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул жорукка “жинди суу” күнөөлүүбү же адамдардын айбандыкынан айырмаланбай калган аң-сезими күнөөлүүбү? Адамдын эрки жоктугунан, өзүн кармай албагандыгынан бир ата-эне чырактай кызынан айрылса, эки кичине бала атасынан тирүүлөй ажырай турган болду.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(28)
13.08.2012. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
астафиралла
13.08.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myn4alyk mykaa4y bolup baratat adamdar.Myndai adamdarga olum jazasyn ele beriw kerek.
13.08.2012. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыр заман жакындап калган го дейм жалан эле торолгондон да мыкаачылык менен олтурулгондордун саны кобойуп баратат.
13.08.2012. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul ne degen shumduk bolup ketti?aiban dese,kantipjash kyzga kolu barat?myna uwundai aibandardy dep kan4a ata eneler,kan4a kyzdar azap tartyp juruwot..anan torop tashtap ketti dep baaryna ayal kiwini kunooluu kylyshat,,,emi jash kyzdyn ata enesine ku4 kubat bersin!al emi zookurgo olum jazasyn gana berish kerek!
13.08.2012. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла ынсап берсин баарына!
Кыз танкы саат беш жарымда эмне кылып журду экен дейминда?
13.08.2012. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balia, туура айтасын мен да ошентип ойлоп атам да
18.08.2012. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balia, Байкуш,Кылым ал менин карындашым эле. Биринчи мен да ошондой ойдо элем. Жумуштан чыккан экен...сменин тапшырган ондуу..жанын жаннаттан болсун.
13.08.2012. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй адамдар эмне эле болуп жатасынар озунорду кармагылачы качан супер инфо гезитти окубагын ушундай мыкачылык менен олтуруп кетти зордуктап кетти дегендер созсуз болот эмне деген шумдук устудо кудай бар экенин унутпагылачы
13.08.2012. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ эркек эмес эле манкурт да, ойлогон да бул кыз карангыда жон журбойт деп, эми озунон корсун. Атып салыш керек мындайларды же кыздын бир тугандарына откоруп берсин не кылышаар экен.
18.08.2012. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adilet_3234, туура . анын атасы жон койбойт. тубуно жетет.
13.08.2012. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ee dostor menin tan kalganym baldar japjash aiyly bar turup kuch koldonup kyzdardy emne kylasynar aylynarga bara berbeisinerbi al dele kadimki bala eken manyak emes kyzdar ishenchek bolbogula
14.08.2012. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах озу корсотсун , буга окшогон атаны эмне кылышат
14.08.2012. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн кызыгы туну кыз кочодо не кылып журуптур?
18.08.2012. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nelli, кечиресин саат беште кун чыгып калат.
14.08.2012. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздын жаткан жери жайлуу болсун,эгер ошол жерде кокус милицияга кармалып калсан,акчан жок болсо тез эле мойнуна алдырып коюшат.Билбейм биздин менттер тез эле ,,кылмышкерди''таап алышат го
14.08.2012. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Беш жарымда кыз эмне кылып журот? Шерик менен журсо болбойбу? Машинага зордоп салса эле отуруп калдыбы жон эле? Суроо коп, жооп- олтуруп салды. Бирок деген соз бар. Арам ойлуу мыкаачы. Кыздын жаткан жери жайлуу болсун!
15.08.2012. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астофир Алла !! тоба кылдым!!!
15.08.2012. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эле дайыма кылмышкерлердин аты жонун толук жазышпай беките беришет. Ошентсе кылмышкердин аты билинбей, жашырышат деп да кылмышкерлер кобойо берет да. Андайларды бекитпей суроту менен чыгарып койуш керек.
18.08.2012. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akuma82, колума тиери менен жарыялайм....
16.08.2012. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
“жинди суу” күнөөлүүбү же адамдардын айбандыкынан айырмаланбай калган аң-сезими күнөөлүүбү? Бул да болсо,эркектердин алсыздыгынан болуп жататда...
17.08.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз туну журсо эле олтуруп койсо болобу? Балким жумушунан чыгып келе жаткандыр. Колдо сезон убагында ар кандай да. Адам баласынын ой жугуртуусу мына ушундай. Туну журобу кундуз журобу эми талкуулаштын кажети жок
17.08.2012. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тун жарым эмес беш жарым деп жатат же тун жарымда журсо эле зордуктап же олтуруп койуш керекпи?Ой тобо бир аз ойлонуп суйлогулочу.Адамдардын ан-сезими томондоп бараткан го.Жашоодо ар кандай кырдаал болот.Кандайдыр бир себеп менен журот да.Же эмне ал кыз олойун деп чыгыптырбы?Адам озу кандай болсо, башканы ошондой ойлойт деген улуу соз бар билсенер!!!
17.08.2012. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектердин ан сезиминин ылдыйлаганын болуп жатса к.к
18.08.2012. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш жумушунан чыккан экенда!жаткан жерин жайлуу болсун жээним((
18.08.2012. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тобоо атып салыш кк ошону анын бир тууган эже карындашы жок бекен
21.08.2012. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zorduktoogo bailanywtuu bolgon but jazalardy katuulatyw kerek.
30.08.2012. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги адамдар эмне эле болуп баражатабыз?жаткан жери жайлуу болсун!
01.09.2012. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
takyr ele meesi i6tebeit ko.akmak zoorduktaptyrsyn anan ne boldu?5min jyrgadyn emi omur boi re6etkada bolosun.a9ldy emnege aldyn ele?meesi jok 4mo.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо