ҮЙЛӨНҮҮГӨ АКЧА ТОПТОП БҮТӨ АЛБАГАН АЛЕКСЕЙ ЧАДОВ

№510 10-август-16-август, 2012-ж

Атактуу актёрдун жашы 32де болсо да, али бойдок. 5 жашында атасыз калып, көп кыйынчылык тартып жүрүп турмуштан өз ордун тапкан... Көпчүлүк кыздардын кызыгуусун арттырган орусиялык актёр Алексей Чадов тууралуу кызыктуу маалыматтар төмөндө.

Толук аты-жөнү – Чадов Алексей Александрович
Туулган жери – Орусия, Москва шаары
Туулган жылы – 1981-жыл, 2-сентябрь
Сүйүктүү актёру – Микки Рурк
Фобиясы – Бийиктик
Роль жараткан эң көрүнүктүү тасмалары – "Түнкү күзөт" , "9-рота", "Мираж", "Күндүзгү күзөт" , "Чоң шаардагы сүйүү" , "Чоң шаардагы сүйүү-2" жана башка 30дан ашык тасмадан тапсаңыз болот.

АЛЕКСЕЙ ӨЗҮ ЖӨНҮНДӨ

  • "Жайкысын парашют менен учканды, бийик тоолорго чыкканды жактырам".
  • "Көп убактымды бекер короткум келбейт. Ошон үчүн сериалдарга тартылууну жактырбайм. Бир нече жолу сериалга тартылуу сунуштарын четке каккам".
  • "Бош болгондо өзүмө жаккан тасмаларды кайталап көрүүдөн тажабайм".
  • "Ар кандай жанрдагы ырларды жактырам. Акыркы күндөрү “Nirvana” тобунун ырларын көп угуп жүрөм. Ал эми Мадоннанын ырларына караганда өзүн жактырам. Көбүнчө чет элдик ырларды угам. Орус эстрадасын анча жактыра бербейм".
  • "Бүт дүйнөгө саякаттоо – менин максатым".
  • "Мени балык уулоо боюнча чебер десе болот. Кыйын балыкчымын".
  • "Кыялкечмин. Бирок кыялкечтик мен үчүн кымбат баалуу шакек белекке берүү эмес. Ал башкача".

АТАКТУУ БИР ТУУГАНДАР
Акыркы кезде Орусияда кино жаатында эң жарык күйгөн жылдыз – Алексей Чадов. Ал Москвадан анча алыс эмес Солнцево аймагында туулуп-өскөн. Алексей беш жашка чыкканда атасы каза болуп, апасынын тарбиясында калган. Үй-бүлөдө эки бир тууган. Байкеси Андрей Чадов да белгилүү актёр. Экөөнүн ортосу бир гана жаш болгондуктан, бала кезинде көп урушуп, мушташканын эстешет. Кийин бир аз эс тартып калгандан баштап экөө бир туугандардан гана болбостон, эң жакын досторго айланышат.
Алексейдин актёрдук кесипти аркалаары мектеп курагынан эле байкалган. Себеби актёрдук чеберчилик боюнча ийримдерди калтырчу эмес. Бул тууралуу ал: "Менин биринчи мугалимим Вячеслав Кожихин атайын мен сыяктуу шакирттерине арнап чакан театр ачып, менин карьералык тушоом ошол жерден кесилди. Евгений Шварцтын "Кызыл шапкечен" ("Красная шапочка") пьесасында коёндун ролун аткарып, Анталияга жолдомо утуп алганым эсимден кетпейт",- дейт.

ЖЫЛДЫЗ ООРУСУНА КАБЫЛА ЭЛЕК
Алексей Щепкин атындагы театралдык орто окуу жайында окуп жүргөн кезде режиссёр Балбанов жаш актёрлорго кастинг жарыялаганын угуп калат. Бул кастингден кийин болочок актёрдо күтүлбөгөн мүмкүнчүлүк түзүлүп, Сергей Бодров, Ингеборга Дапкунайте сыяктуу белгилүү актёр, актрисалар менен чогуу иштешип калат. 2002-жылы "Согуш" тасмасындагы Иван Эрмаковдун ролунан кийин анын зоболосу көтөрүлүп, калың журтка тааныла баштаган. Ал тургай бул ролу үчүн “Мыкты актёр” наамын алган. Жыйынтыгында бир топ аттуу-баштуу режиссёрлор менен иштешип, аты алыска тарап, ушул күнгө чейин отуздан ашык тасмаларда роль жаратты. 2003-2005-жылдары Муз ТВ каналында "Pro Kino" шоу- программасынын алпаруучусу болууга да жетишкен. Атактуулуктун бийик тепкичине чыкса да, ал ушул күнгө чейин жылдыз оорусуна кабыла элек, жөнөкөй жигит.

АКТЁРДУН ТОРУНА ТҮШКӨН АЙЫМДАР
Сүйүүнүн миңдеген жолу – жыргалы, кууралы, шору, атүгүл оорусу да болот. Каарманыбыз да сүйүүнүн ачуу-таттуусун башынан өткөргөндүгүн айтат. Анан да “качан үйлөнөсүң?” деген суроого 31 жашка чыгып калганына карабай, дайыма тамаша иретинде “азырынча акчам жок, топтолсо той кылам” деп жооп бергенден тажабайт.
Лёшанын алгачкы жана эң узак сүйүү романы актриса Агния Дитковските менен болуп, аны менен үч жыл чогуу жашаган. "Жакында баш кошушат экен" деген сөздөр айтыла баштаганда экөө эки башка жолго түшкөнүн элге жар салышкан.
Андан соң көркөм гимнастика боюнча Европа чемпиону, актриса жана модель Зарина Мухитдинова менен болгон сүйүү мамилеси тууралуу кеп чыккан. Кийинчерээк ырчы Светлана Светикова экөөнүн мамилеси ачыкка чыккан. Бул эле эмес, Катрина, Мика аттуу кыздардын да жигити экени тууралуу кептер тараган. Катя Алексейдин биринчи сүйүүсү Агниянын курбу кызы эле. Минтип айымдардын жүрөгүнө чок салып, аларды тез-тез алмаштырганынын себебин Алексей "мунун баары Агнияны сүйгөндүгүмдүн айынан" деп түшүндүргөн.

Алмагүл Турдалиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
13.08.2012. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агния менен уйлонсо, жакшы болмок ))
Жакшы кыз, Агния
14.08.2012. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Светлана менен бул эмес,иниси Андрей Чадов мамиле тузуп келет.Ушул маалыматынарды тактап койсонор)))
17.08.2012. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алексей Воробьёв актриса Оксана Акиньшинаны таштагандан кийин, Агния Дитковските Алексей Чадовду таштап, Оксана Акиньшина кетип, экоо чогуу журуп калган... Шоу бизнесте экоосу чон жанылык кылган. Анын артынан коп нерселер болгон. :) Ар кандай ушак кептер...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо