№510 10-август-16-август, 2012-ж
Соңку мезгилде футбол боюнча улуттук курама командалардын эл аралык мелдештерде көргөзгөн жыйынтыктарына карата ФИФА жаңы рейтингди жарыялады. Кыргызстан өзүнүн “куттуу” 196-орунунан жылган жок. Ал эми рейтинг башында Испания курама командасы болсо, анын артында Германия жана Португалия курама командалары бар. Кызыгы, алдыңкы ондукка Орусия менен Бразилия кирбей калды. Негизи, бизде футболду өнүктүрүү үчүн ФИФА 12 жылдан бери иш алпарып келет. КРнын Футбол федерациясы билдиргендей, быйыл да аталган уюмдан атайын кишилер келип, футболду өнүктүрүүнү жаштардан баштоо үчүн машыктыруучулар менен талкууларды өткөрүштү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |