№510 10-август-16-август, 2012-ж
29-июлда Казакстандын Бурабай аймагында панкратион боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттери катышкан мелдеште кулатуу багытында машыга баштаган 9 мушкер биздин намысты талашты. Алардан 60 килограмм салмакта Эгемберди уулу Кубаныч 1-орунду ээлесе, Төлөгөн Сарыков (65), Эрнис Оморбеков (70) жана Нуралы Мансуров (75) финалда утулуп, 2-орунду ээлеп кайтышты. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда гана өткөрүлүп келген мелдеш биринчи жолу эл аралык деңгээлде өттү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |