Лондон-2012: ИШЕНГЕН КОЖОЛОР СУУГА АКТЫ

№510 10-август-16-август, 2012-ж

"Лондон-2012" Олимпиадасы сапарын карыткан сайын биздин медаль алабыз деген үмүтүбүз өчүп барат. Өкүнүчтүүсү, биз ишенген балбандар Арсен Эралиев менен Данияр Көбөнов да "салтты бузбай" жеңилип, эстафетаны кийинкилерге өткөрүп беришти. Балбандардан акыркы болуп Айсулуу Тыныбекова мелдештен четтеди. Урунттуу учурларга көз чаптырмакчыбыз.

СПОРТЧУЛАРЫБЫЗДЫН “ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ”
Ишеним арткан эки балбандын жеңилүүсү кыргыз спортуна түн түшүрүп, тоолор кулагандай болду. “Кыргыз тарыхында эки митингди баштан өткөрүп да мынчалык уят болуп, жер караган эмес” деп кейишүүдө. Балбан агаларынын "жолун жолдоп" балбан кыз Айсулуу Тыныбекова да биринчи кармашта алдырып койду. Бирок биз үчүн Олимпиада таэквондочу Расул Абдураим (10-август) менен эркин күрөш боюнча Магомед Мусаевдин (12-август) кармаштарынан кийин бүтөт. Жыйынтыгы жок Олимпиада эшигин жапкан 12 спортчу кайсы орундарды ээледи?

ФЕЛПС, БОЛТ ЖАНА УИЛЯМСТАР... БҮТПӨГӨН ЖОМОК
Майкл Фелпс. Олимпиада оюндарынын жылдыздары бул жолу да бизди укмуштуудай таң калтыра алышты. "Бээжин-2008де" 8 алтын алуу менен легендага айланган америкалык суучул Майкл Фелпс бул жолу 6 медаль менен чектелди. Башта 2 күмүш алып америкалыктарды түйшөлтүп койгону менен, артынан 4 алтынды багынтты. Муну менен ал Олимпиада оюндарынын тарыхында 18 алтын алган биринчи спортчу болуп калды. Ошондой эле 2 күмүш жана 2 колосун кошкондо, медалдардын жалпы саны боюнча Олимпиада оюндарынын тарыхында жаңы рекорд койду.
Усейн Болт. Дүйнөнүн эң күлүк мырзасы, ямайкалык Усейн Болт азырынча 100 метрликте алтын ала алды. Муну менен ал Олимпиада оюндарынын 4 жолку чемпиону болуп калды ("Бээжин-2008де" 100 метрликте, 200 метрликте жана эстафетада алтын тагынган).
Серена жана Винус Уильямстар. Теннис боюнча айымдар арасында жуптукта алтын тагынган америкалык Серена Уильямс 4-ирет Олимпиадага катышып, алгачкы жолу жекеликте да алтын тагынды. Негизи, ал жуптукта эжеси Винус Уильямс менен "Сидней-2000" жана "Бээжин-2008де" алтын алган.

АЛТЫН АЛБАЙ КАЛГАН АТАКТУУЛАР
Атактуу спорт жылдыздарынын арасында алтын алабыз деген дымак менен барып, тилектери таш капкандар да болду.
Рожер Федерер
(Швейцария, теннис)
Профессионалдык теннистин тарыхында эң титулдуу теннисчи аталган Рожер 4 ирет Олимпиада оюндарына катышып, "Бээжин-2008де" жуптукта алтын тагынган. Жекеликте бул жолу анын жолуна британиялык теннисчи Энди Маррей бөгөт койду.
Мария Шарапова
(Орусия, теннис)
Маша "Лондон-2012де" Олимпиада оюндарында дебют жасады. Орус туугандар анын эсебине эчак алтын жазып коюшкан эле. Баары ойдогудай келгени менен, финалда ал элдешкис атаандашы Серена Уильямска алдырып койду. Күмүш...
Елена Исинбаева
(Орусия, шыргый менен секирүү)
Шыргый менен секирүү боюнча бир катар дүйнөлүк рекорддордун ээси, 2 жолку Олимпиада чемпиону Елена Исинбаеванын Лондонго болгон сапары өтө маанилүү эле. Ал Олимпиада оюндарына 3-алтын эле эмес, жаңы рекорд жаратуу үчүн да келген. Бирок мелдешти башынан эле катачылык менен баштап алган Елена 4,80 метр бийиктикти ашып түшө албай, коло тагынууга аргасыз болду. Бул жерде алтын америкалык Женнифер Сюрга буюрса, күмүштү кубалык Ярислей Сильва эңип кетти.

ОСКАР ПИСТОРИУС
"Лондон-2012де" ТАРдын 25 жаштагы жөө күлүгү Оскар Писториус элди таң калтыра алды. 11 айында тубаса дарттын айынан эки бутун тизесинен кестирип, протез менен жүргөн Оскар 400 метрлик жарышта жарым финалга чыгып, 23-орунду ээледи. Анын буга чейин Паралимпиада оюндарында (мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын оюну) 4 ирет чемпион болгонун билебиз.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
13.08.2012. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми тоо кулады деп анчалыкка кетпегиле. Ушул созду мен маркум Ч. Айтматов каза болгондо гана уккан элем. Балбандар оздору деле тренерлери менен ушунчалык ичтен сызып жаман болуп жатышат. Буйрук жок экен эмне кылабыз эми. Оздору жаман болуп ойлонушуп турганда андай одоно создорду айтпайлычы сураныч.
14.08.2012. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg86, туура айтасыз оздору аран турушса кайра тобосунон ныгыра басканыбыз болбойт го, бул спортчуларыбызды артка тарткан болуп калабыз. Жок дегенде соз менен дем куч берип туралы эмкисинде баары жакшы болот буйруса
13.08.2012. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдон келишинче эле даярданып жатышканын коруп эле жатпадыкпы. Балким даярданууга жакшы шарт тузулгон жок.
13.08.2012. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары бир КЫРГЫЗСТАН АЛГААААААА......
13.08.2012. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча мамлекет биринчи онуккон болушу керек ошондо бардык нерседен чыксак болот Спортко жакшы караш керек биринчиден!
13.08.2012. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Osho medal' kololor bizge burubaptyr! Ozdoru jaman bolup atkanda naborot biz alardy koldop turaly dostor! Kyrgyzystan ardaim birinchi
13.08.2012. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол соз берген акчаларын даярдыка жумшаса болмок да!!! даярдыгы томон экени корунуп турбайбы!!!!!! узб 4 медал таджиг да 1 медал алды!!!!
13.08.2012. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Кыргызстанды тааныта турган ушул спортчуларыбыз эле( Бирок умутту узбойлу ушул менен эле олимпиада бутуп калбайт!Кудай буйруса Рио-2016 созсуз ийгилик жаратабыз!
13.08.2012. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg algaaa!!!
14.08.2012. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!!! Капа болбогула, БААРДЫГЫ АЛДЫДА! Бул Кудайдын текшеруусу, эмкиде ИЙГТЛТК силердин колунарда болот
14.08.2012. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabr - сизге эскертүү!
Билдирүүңүз өчүрүлдү. Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
14.08.2012. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нашими подготовками только такие результаты будут братья боль ще куда наши спортсмены молодцы слава им таких как наших условия х боролись же а редкость как канатбек бегалиев аллах всевышний одорив канатбеку такой талант и одаренность (извиняюсь)удачи вам наши дорогие спортсмены
14.08.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул спорт, бироо утат, бироо утулат
14.08.2012. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтын алыш оной эмес.
14.08.2012. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baari aldida! men ishenem kirgiz sportu da ozun olimpiadan danktay alat!!! alga silerge (sportchularga) taazim etem!!! olimpiadaga barish az da bolso jetishkendik!
14.08.2012. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олимпиаданын алдында биздин бийлик "1-орун алгандарга - 200 000 доллра, 2-орунга - 150 000...." ж.б. убадаларын берди эле. Коркпой эле "1-орунга - миллион, 2 орунга - жарым млн., 3 орунга - 250 000 долл." деп койсо болмок. Баары бир алтын ала албашы анык эле.
14.08.2012. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары алдыда.эми мамлекетке жараша болотта.окмот башчылары бир маанилуу маселелерди чечпей эле бири бирин чукуп жеп отурбайбы. спортсмендер эр журок азаматтар,колунан келгенин кылып жатышат.Баарибир кыргыздар биринчиии.
15.08.2012. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мамлекеттен акча ашбай жатпайбы,,эгер жакшы жардам кылышмакта жакшы болмок,болгон иш болду эми,эмнеси болсода азаматтар,баары жакшы болот ИНШАЛЛАХ!Вся жизнь впереди
16.08.2012. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alsa da albasa da bizdin jelek jelbiredi. Kee bir olkolordo sogush bolup bara albai kalyshty, a kee bir kalk ozunun mamleketin kuralbai olimpiada tushtoruno da kirgenge shaiy jok jurushot. Syn pikirlerinerdi realduu jassanar sonun bolot ele.
19.08.2012. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
медал албагандан кийин ушинтебизда. негизи баруу эмес, байгелуу орун алуу азыр. орун алалбагандан кийин биздин желек желбиреди деген болбойт да
26.08.2012. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буйруса баары алдыда..........ушунусунада кудайга шугур. мыктысынар спортчулар......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо