Нурзада Жолдошова, ди-джей: «БАК БАЗАРЫНДА ОТУРАМ»

№510 10-август-16-август, 2012-ж

“Канча убакыттан бери шоу-бизнес тармагында жүрөм, артымдан ээрчиген бир дагы жаман ушак кепти уга элекмин. Ал адамдын өзүнөн” дейт ырчы, ди-джей Нурзада Жолдошова. Ал бизге чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кеп куруп берди.

– Кандайсың, Нурзада, сени сахнадан көрбөй, радиодон укпай калдык...
– Ооба, акыркы кездери ооруп жүрөм. Негизи, радиодо иштеген кулакка зыянын тийгизет экен. Жакында эле айылдагы үйдө той бергенбиз. Ошого барганда кулагым катуу ооруп, онтоп эле жатып калдым. Туугандарымдын баары менин өтө эркелигимди эске алып, “ооруган деле жоксуң, жөн эле эркелеп жатасың” деп ишенишпейт. Ыйлап жатып дарыгерлерге барсам, “кулактын тарсылдагына доо кеткен” деп коркутушту. Бирок акыры дарыласа болорун, укпай калуу коркунучу жок экендиги далилденип, он күн ооруканага жатып чыктым. Эфирге мурдагыдан азыраак чыгып калганымдын себеби да ошол. Кулактын ооруганы ырчылыкка да терс таасирин тийгизип жатат. Үнүмдү катуу чыгарсам эле бир кулагымдын ичи жарылып кетчүдөй сезилет. Ырдай албайт экенсиң.

– Жаман болуптур. Эми эмне болор экен?
– Ооруканада жатып, ден соолук жанга батып турганда “башка тармакка кетем, ырчылыкты да, ди-джейликти да таштайм, даңк-дүңк деген музыкалардан алыстайм” деген чечим чыгаргам. Бирок акырындан ден соолук ордуна келе баштагандан тартып кайра бул оюмдан кайттым.

– Башка чөйрө болгондо каякка?
– Менин өзүмдүн кесибим журналист да. Ошол тармакта деле кетсем болот же илим жолуна түшүп кетүү мүмкүнчүлүгүм деле бар.

– Ырчылык тармагында жакшы эле аракет кылып келесиң. Бирок элдин эсинде көпкө чейин сакталып, хитке айланган ырыңды уга албадык...
– Бул да туура. “Бардык нерсе өз учуру менен болсо, ал түбөлүктүү болот” деп коёт эмеспи. Андыктан күн сайын жаңы ыр жаздырып, жан талашып аны хитке айлантыш керек деген ой менде жок. Бир чөйрөдө жүрө берүүдөн тажап кетем. Шоу чөйрөсүндөгү кээ бир адамдардын жүрүм-турумун көрүп, ырдагым да келбей кетет. Талантым бар деп айта алам. Бирок талантка көбүрөөк эмгек жумшаш керек. Ырчылык мага тайларым тараптан өткөн. Айтылуу Улукмырза Полотов менин бир тууган таякем болот. “Башыңа консо бак, бага бил сак” дейт, азыркы бактымды кармап калуу мага жетиштүү.
Менин сөз көтөрө албаган жайым да бар. Жакшы сөздү үнүн катуураак чыгарып, башкача тон менен айтып койсо деле ыйлап калам. А популярдуу болуш үчүн мындай мүнөз эч жарабайт.

– Мисалы, кандай сөзгө ыйлашың мүмкүн?
– Жакында эле досторумдун бири “Нурзада, сен аябай көтөрүлүп кетипсиң, бир аз ылдый түш” деп айтты. Бул сөз менин сөөгүмө жеткендей болду.

– Бул жылдыз оорусунун “симптомдору” эмеспи?
– Эми пенде болгондон кийин андай болушу да мүмкүн деп ойлодум. Ошол сөздү уккандан бери өзүмдү аябай катуу көзөмөлдөп жатам.

– Минтип жан дүйнө согушу болуп турганда ким менен сыр бөлүшөсүң?
– Курбуларыма, эжелериме айтпаган сырларымды апама айтам. Эч бир жанга айтпаган сырларым да бар. Менин мүнөзүм ушундай, сүйлөгөнгө караганда көбүрөөк ойлоном. Жанымда жүргөндөр “зеригип кеттим” деп көп айтышат. “Нурзада, сүйлөсөң боло” дей беришет. “Радиодо кантип сүйлөйсүң?” деп да таң калышат. Бул мүнөзүм кичине кезимде эле бар болчу экен. Сүйлөбөй, өзүм менен өзүм жүрө берчү экенмин. Анткен менен чечкиндүүмүн.

– Дагы кандай мүнөздөрдүн ээсисиң?
– Тамашакөймүн, таарынчаакмын, ачуум абдан чукул, эркемин. Дагы-дагы көп сапаттарым бар. Айта берсе бүтпөйт.

– Эркелик сапатыңа кичине токтоло кетсек...
– Ха-ха... Кичине кезимде абдан эрке болуптурмун, 7 бир туугандын эң кичүүсүмүн да. 4 эжем, 2 байкем бар. Бирөө жиниме тийип койсо эле босогого чуркап барып отура калып, үйдө болгон бут кийимдин баарын сыртка ташып ыргытып салчу экенмин. Үйдөгүлөр да ошол кылыгымды көп айтышат.

– Азырчы, азыр бирөө жиниңе тийсе эмне кыласың?
– Жок, азыр жиним келсе, бир сыйра ыйлап алышым мүмкүн. Абдан жашыкмын. Бирок жашымды эч кимге көрсөтпөй, жалгыз отуруп ыйлаганды жактырам. Анан да музыканы катуу чыгарып алып болушунча жыргап бийлеп алам. Кээде курбуларымды үйгө чакырам.

– Жигитиңчи?
– Жигитпи? Жигитим жок да.

– Качан анан турмушка?
– Шаштыргандар көп. Бирок бул өтө жоопкерчиликтүү нерсе. Ага олуттуу көңүл бурам. “Тагдыр таразасы өтө кылдат, өтө так, бирөөнүн пейилине берет бак” деп коёт эмеспи. Эми окурмандар дагы мени бул сөз менен жакшы түшүнүшөт болуш керек, бак базарында отурган чагым.

– Жакшы экен, кардарлар көппү анан?
– Эми базар болгондон кийин кардар сөзсүз түрдө болот да. Эң татыктуусуна, маңдайга жазганына туш болсом экен деген тилегим бар. Ал кардарлардын баарын сынап көргөнгө убактым дагы жок, эң татыктуусун күтүп отурам. Балким, мен сулуулукту көздөн эмес, сөздөн издеп жаткандырмын.

– Сени кесиптештериңдин арасында Чыңгыз Мырзаевге жабыштырып коюшчу дешет...
– Мен жумушка келгенде эле Чыңгыз байкени көрүп, өзүмдүн бир тууган байкеме аябай окшоштургам. Байкем катары жакшы көрөм. Эми кесиптеш болгондон кийин эфирге чогуу чыгып калчубуз, түштөнүүгө чогуу барып же бир иштер менен бир жакка чогуу кетчүбүз, ошону тамашага салып айткандар болсо керек да. Чыңгыз байке экөөбүздүн ортобуздагы бир туугандык мамиле түбөлүктүү деп ойлойм.

– Ушул күнгө чейин башыңа чоң сүйүү келди беле?
– Жүрөгүмдү жарадар кылып кеткен сүйүү болгон эмес. “Жакшы адам сүйгөндү билет” деп коюшат. “Мен эмне, жаман адаммынбы?” деп өзүмө суроо берип коём. Бирок мен сүйүүнү да “контролдой” билем. Анткен менен жактыруу сезимдери болгон. Түбөлүктүү болуш үчүн жүрөктү угуу керек.

– Жанды койбогон күйөрмандар да көп болсо керек...
– Мен коркунучтуу адамдарды чөйрөмө жолотпойм. “Карындаш, чай ичип келбейлиби?” деген күйөрмандар көп эле. Анын ичинде жаш балдар да бар, улуу, үй-бүлөлүү байкелер да, чиновниктер да бар. Бирок андайларга мен тамашага салып эле “жеңем менен келсеңиз барам” деп кутулам. Жубайын ээрчитип келип, мени сыйлап кеткен күйөрмандар да бар. Жумушка белегин көтөрүп келгендери да болот. Бир жолу Коён жылын тосуп жатканда, 31-декабрда бир күйөрманым тирүү коёндорун алып келиптир. Аны бир нече күн үйдө багып, анан айылга берип жибергем. Дагы бирөөсү бар эле, күн сайын жумуштан кийин сыртка чыксаң, гүлүн көтөрүп күтүп турган болот. Тажаганымдан акырында катуу айтып кутулгам. Азыр да кээде кат жазып таштап кетет.

– Турмуштан өз ордуңду табууңа тилектешпиз, бар бол.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Нурзада Жолдошева: "Бак базарында отурам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
12.08.2012. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзада ийгилик!
13.08.2012. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushu yrchy kyz jagatda! Sagynamyn degen yry rasa jagatda.
13.08.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйууну да контролдой билем дегени кандай анан жакшы адам суйгонду билет дейби
13.08.2012. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Данк Дунк музукалардан тажадым дейби.
Жигиттин жок болсо. Ылдыйрааак тушсон мен бармын.
13.08.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жигитин барго неге жашырасынар
13.08.2012. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин эн жакшы коргон бал тилдуу диджейим, Нурзада талантын оркундой берсин, эч качан ооруба, ден соолугун чын болсун, кыргыз элине булбулдай унун менен кызмат кылып журо бер. Дуйнодогу баардык жакшылыктарды каалайм, бактылуу бол. Нурзада сени менен кантип жоолугуп баарлашсам болот. Менин 3 кызым бар, баары сенин талантынды жакшы коруп кумир тутушат.
13.08.2012. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага чачы кызык корунду...
13.08.2012. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жакшы коргон ди-дижейим го. Кыргызстанда жургонумдо Кыргызтан обондорун угат болчум. Жузунуздон кулку кетпей, озунуздой жылдызду инсанга жолугушуунузду каалайм.
13.08.2012. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун!
SUPER.KG видео
14.08.2012. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзада сага бакыт ийгилик каалайм!!!!!!
14.08.2012. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кызды тилекке каршы таныбайт экенмин
SUPER.KG видео
14.08.2012. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aksynyn adamdary super
14.08.2012. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тааныйт элдин баары эле
SUPER.KG видео
14.08.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уну, необычный! Эн мыкты DJдин катарын толуктайт.
14.08.2012. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимге кандай...? Бирок мен Нурзада эжекени келечекте мээримдуу, ыймандуу, суйкумдуу келин болсо керек деп элестетем. Анткени айтылган сыпаттар баардыгы бар эжекеде. Аман болуп, ар дайым жакшылыктардын коштоосунда болунуз.
14.08.2012. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзада эженин соз байлыгына тан калдым. Кыргыз тилин жакшы окугандыгы корунуп турат. Жалпысынан маегиниз жакты.
14.08.2012. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бети аябай жалтырап калыптыр го. Эт менен челдин ортосунда жургон ди-джей-ырчы деп билем.
14.08.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
радиодо эфирде отурганда эки сөзүнүн бирине макал кошуп сүйлөгөнү жага бербейт ушул кыздын... эфирде отурганда макалдар жыйнагын алып алып окуй эле бергендей...
14.08.2012. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzadany kop4ulugu oto jasalma kyz dewet. Anan sozdu ozunuzgo katuu alganynyz jaman eken. TESTIER kyz okwoisuz. Adam degen, airyk4a a9l kiwi, soz kotorumduurook boluwu kerek. Sebebi al kele4ektegi ene, ui-bulonun kutu. Kyiyn kuioogo tiygende kantesiz? Ui-bulodo a9l-erkek kakys kukusu degen bolup turat. Munun baaryna 4ydai alasyzby? Lu4we azyrtan al adatynyzdy tawtanyz.
15.08.2012. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
популярдуу эмессин да, ошол учун артындан ушак ээрчибейт
15.08.2012. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созсуз популяр'н артынан ушак ээр4ибейт да, адамдар кааласа ко4одогу бомжду деле ушактай беришет. Нурзаданы коро албагандар аз болсо керек, ошон у4ун ушак айтылбайт десенер жарашмак да. Бирок бардык эле адамдын артынан ушак ээр4ибей койбойт, балким ал ушактарды Нурзада озу укпаган 4ыгар...
16.08.2012. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзаданын кайгылуу ырларды окуганы жагат. Голосу аябай сонун, диджейлик жагынан 70%, ырчылык жагынан 30% жагат. Бактылуу болсун.!
16.08.2012. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-bailyk den sooluk, 2-bailyk ak jooluk, dewet emespi. Andyktan Nuri eje, dj bolup iwtebei ele koiunuz. Dagy den-soolugunuzdu jabyrkatyp emne kylasyz? Andan koro tatyktuu joldow tandap, tezireek turmuwka 4ygynyz, jawynyz dagy uje 25ke kirip kaldy. Tandap jurup tazga jolugup kalbanyz. A9l kiwi u4un 1-o4erd ui-bulo boluwu kerek.
18.08.2012. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нурзада мыкты дид ырчы катары жакшы таныйбыз да уну сонун соз жок оргинал озуно жолукам аябай озгоруп турат экен ьир карасан нурзада-Бир карасан мин зада
SUPER.KG видео
18.08.2012. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шахзода ырчы кызга окшош...
SUPER.KG видео
19.08.2012. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уну соонун экен-уккун эле келе беоет экен! бул да озунчо талант да-молодец!
SUPER.KG видео
31.08.2012. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нурзада уну абдан жагат озу да сулуу созу да сулуу мага жагат талтнтына тазим Аэлита
SUPER.KG видео
09.09.2012. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзада кыргыздын Шахзодасы ээ. мммуууах...
SUPER.KG видео
27.11.2012. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzada Shagzodany emes Shogzoda Nurzadany tuurait.Unu en soonun bawkalarga okwop maktanbagan,jonokoi yimanduu ekeni talawsys.Azamatsyz.
SUPER.KG видео
27.11.2012. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Di djei dep uwunu aitsa bolot,sozgo 4e4en jana adamger4iliktuu sapaty tan kaltyrdy.Syimyktanam kyrgyzda uwundai soonun adamdar bar ekenine.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо