Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бактыбек Асакеев: «НАРЫНДА КЫМБАТКА САТЫЛЧУ ТАШТАР ДА, ЖАПАЙЫ АДАМДАР ДА БАР»

№511 17-август-23-август, 2012-ж

Аймактарга редакциябыздын кеңселерин ачуудагы башкы максат – окурмандарыбызга жакын болуу. Арыз-дартын же кубаныч-сүйүнүчүн бөлүшкүсү келгендердин баары эле Бишкекке келе албайт да. Нарындагы кеңсебиз жаңы ачылганда эле орто жаштагы киши баш багып калды. Угуп отурсаң, Теңир-Тоонун бүт сыры анда катылгандай.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Бактыбек Асакеев 54 жашта, учурда Нарын шаарында жашайт. ИИМдин ардагери, учурунда Каржы полициясында да эмгектенген. Өзү жаратылышка байланыштуу кызматта иштөөнү бала кезинен каалаган экен. Органдагы кызматын тапшыргандан кийин Нарынга келген туристтер менен иштешип, аңчылыкка чыгып, эң кызыктуусу, сай бойлоп түркүн түстүү, түрдүү формадагы таштарды чогултуп келет.

– Көпчүлүк көңүл бурбаган, күндө тебелеп-тепсеп өтүп кеткен таштарга кандайча кызыгып калдыңыз?
– Кичинемде эле, атам менен сайга балык уулоого барып жүргөндөн тарта кызыга баштагам. Андан кийин ортодо унутта калып калды. Кийин жумуштан отставкага кеткенде убакыт кенен болуп, кайрадан кызыгуум ойгонду. Биринчи тапкан ташымдын учу гана көрүнүп туруптур, мындан алты-жети жыл мурун го дейм. Карасам, бети оймо-чиймеленип, жаныбарлардын элесине окшошот. Ташты казып, кийин эки-үч кишилеп үйгө көтөрүп келдик.
Ага чейин Нарын суусунун жээгинен чет жердиктер, айрыкча корей улутундагылар таштарды атайын терип кетет деп угуп калчумун. Беш-алты жыл мурун корейлердин тобу келип, Кочкор, Кара-Кужур сууларын бойлоп, Ат-Башыны аралап, өтө көп сандагы, өзгөчө кара таштарды алып кетишкен. Жалал-Абаддан жылаңач аялдын айкелине окшош ташты да таап алышып, кийин аны 1 миллион долларга сатышкан деп уккам.
Ошентип, мен да акчасына эмес, жөн гана таш искусствосун терең сыйлаган адам катары балык кармаганы чыккан сайын көрүнүшү кызыктуу, кичине-чоң таштарды топтоого кириштим.

– Бул таштарды кандайдыр бир максат менен чогултат чыгарсыз...
– Октябрь айында таштардын көргөзмөсүн уюштурайын деп жатам. Шарттан пайдаланып, түрдүү формадагы таш чогултуучуларды жардамга чакырам. Бекер эле берсе, андан жакшы, сатып алууга деле даярмын.

– Ташты сатып аласызбы?
– Эмнеге болбосун? Арзан бааны айтса, албетте, алам. Азыр мен чогултуп жаткан таштардын тагдыры келечектин колунда, бир күнү алар чоң баалуулукка ээ болуп чыга келиши мүмкүн. Нарында жумушсуздар көп дешет, биз ташты сатып деле байысак болот.

– Сиз таштан киреше табуунун булактарын да изилдеп чыккан окшойсуз...
– Интернеттен карадым. Япон менен корейлер таштардан бак жасап коюшат экен. Акыркы учурда мындай көрүнүш Орусияда мода болуп жатат. Жер үйдө тургандар короосунун ичин ар кандай таштар менен кооздоп чыгышат. Менде алардан жүз эсе кызыктуу таштардын коллекциясы бар. Демек, кыргыз эли өтө бай жердин кожоюну экенин далилдесе болчудай.

– Кайсы бир жердин атагын ашыруу үчүн жөө жомок, уламыш керек. Нарында ушундай барбы?
– Бизде жапайы адамдар бар. Чын. Алар Арпа жакта болушат. 1998-1999-жылдары жапайы адамдарды жергиликтүү эл көрүп калыптыр эле. 2001-жылы ошол көргөндөрдүн эки-үчөөсүнө мен бир кызматкеримди кошуп, иликтеп келүүгө жөнөткөм. Алар жапайы адамдын изин видеого тартып келишкен. Ошол кассета менде сакталуу. Издин чоңдугу гезиттин бир бетиндей десем жаңылышпайм.
Кийин көбү келип канча издешти, бирок таппай кетишти. Алар жапайы болсо деле адам. Оңой менен карматышпайт. Бирок алар дале ошол өрөөндө жашаарына ишенем. Кызыккан адамдар болсо, Арпага жакын аймактагы элден, чек арачылардан сураштырса эле белгилүү болуп чыга келет.

Эльвира Караева, Алмагүл Турдалиева
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(27)
20.08.2012. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тобо,башкасы бутуп,таш сатканыбыз калдыбы?
20.08.2012. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зима не будет болуп жатабы дейминда,жапайы адам бар Нарында деп айтпай эле койсо болмок корбогондон кийин
20.08.2012. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oa bar chyyn!kop ele jerde baR!misal,kreditin toloy alvay,mitinge chygywkandar...sabatsiz moldonu kordop,japayi salttar uchun dinge karwi chykkandar...
20.08.2012. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элестетип жатам, таш сатып жургонубузду:))
20.08.2012. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
operaledi Сабыр кылсан сатасын тилегинди берсин
20.08.2012. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сат-сат сата бер,
Ар кызыка бата бер.
Ондурушун калбай калганда.
Эх кыргызым колтугундун кылын сат!
20.08.2012. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура.. кытайлар аябай кызыгып журот.таш менен байысанар болот деп.. боом ущелясындагы иштеп жаткан кытайлар тан калышып бутушпойт
21.08.2012. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче жапайы адамдардын болушу ыктымал деп ойлойм.Илгертеден бийик тоонун арасында жашаган адамдар,ошол жердин абасына,шартына ылайыкташып жашап калып,совет бийлиги орун алганда да алар адам арасына келип жашай алышкан эмес деп окуганым эсимде,анткени ото бийик жер менен,биз жашаган жердин абасы башкача болуп бийик тоонун адамдары коно алышкан эмес.
21.08.2012. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынакей сагаа! Кыргызстандын кенге бай экендигинин белгиси.... Бул байкеге конкурент жок бекен ыя?
21.08.2012. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтпай койсо болмок, эми конкурент болуп Нарынга барып таш терип бизнес жасайбыз)))
21.08.2012. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюмча бул таштар жон гана таштар эмес,тарыхый баалуулук болуп саналат дейм,эгер аларда оймо-чийме,жаныбарлардын сүрөтү болсо ошондой.Мындай таштарды мен да сатып алууга даярмын,алчу кишилер да көп!
22.08.2012. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсин кетсе,таш сат!
22.08.2012. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таш бул таш емес- илимий булар минерал- биз таш деп атагандан бир нерсе тапса болот. Акиташ бышыра елкте жонокой еле таш - бышырсан акча алып келген акиташ.ит.д.такыр болбосо ошол жердин тарыхый изи.Ар бир таш канчалаган жылды катып жатат.
22.08.2012. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир ташта канчалаган бирикмелер бар. Кыргызстанда баары бар суу таш, кум бак иий койчу бут жаратылыштын сулуугу - бйиликте турган адамдарыбызда гана аларды баалай турган дух- патриот, туура жолго салган адамдарыбыз жок. баасын билсе только оз чонтокторуно - келечектеги жалпы жаш муундарга деген ой такыро жок. ушундай байлыкта - ен кедей жарды, сурамчыл кредитке баткан мамлекте болгонубузга эн окуном - ...
22.08.2012. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зато баткенге Эч ким барбайт даже оздоруда барбайт ( тынар айтмакчы)
22.08.2012. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maksb86 причом тут Баткен.ээни айтса,бээни айтып жатасын го
22.08.2012. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maksb86 chegip algan go))). KG'de jurup Naryn menen ele Batkenge bar elek ekem....Alla nasip etse baryp biz da estelike bir eki taw ala kelebiz go.
22.08.2012. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таш сатса эмне экен,таш тугонуп калмак беле :-)
24.08.2012. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuura biz tawten kop paida tapsak bolot eken dep men bul makala 4ykkanga 4eyin ele oilodum ele,antkeni bizdin olko tawtarga bai,andan ar turkun nerselerdi jasap satsa bolot.M:Germanyadan men tawtan jasalgan 4yraktardy,ar kandai aialdar u4un kooz jasalgalardy korup aiabai tan kaldym,aga bolgon turistterdin da kyzyguusu abdan 4on eken.Demek biz dele jasasak bolot.Bul satuu emes dostor iskusstvonu bawka elderge korsotuu...
24.08.2012. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kettim Narynga:)
25.08.2012. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапайы адамдар бар не только Нарында 100%
25.08.2012. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Japayi adamdardy tapsa alardy da satat go.. kyzyk baasy kancha bolot eken???
26.08.2012. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чондорубуз алтындын баарын сатып бутуп карапайым калка таш калыптыр да
27.08.2012. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iwine iygilik
16.09.2012. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарында таш болсо сатыш керек аны,Мамасали аканин портериге жуктоп
12.10.2012. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пайдалуу таш болсо сатса болоор.
12.10.2012. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
История Санкт-Петербурга
Петр издал 24 октября 1714 года «Указ о привозе на речных судах и сухим путем на возах приезжаю¬щих к Санкт- Петербургу по определенному числу КАМНЕЙ».
Указ также предусматривал количество привозимых камней: на судне — 30, на лодке — 10, а на теле¬ге — 3 камня. За каждый не довезенный камень взыскивалось по гривне. Этот указ был в силе 62 года, и лишь в 1776 году его отменили.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо