№511 17-август-23-август, 2012-ж
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында жергиликтүү калк айылдык имамдын жасаган иштерине нааразычылыгын билдирип, айылга келген дааватчыларга каршы болууда. Бул маалыматты угуп, маселе тууралуу жакындан таанышып, анын себеби эмнеде деген суроого жооп издеп көрүүнү чечтик.
Үстүбүздөгү жылдын 10-август күнү Ак-Булак айылдык Маданият үйүнө эл таң заардан эле чогула баштады. Ал жерден айыл өкмөтүн, милиция кызматкерлерин, молдокелерди жана карапайым элди кезиктирүүгө болот. Чогулган элдин саны 100дөн ашык. Чогулушка Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсейитов, Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Айгүл Өзүбекова, Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз Сагындыков, Ак-Суу райондук имамы жана Ысык-Көл облустук укук коргоо башкармачылыгы чакырылган экен.
Мындан 8 ай мурун Ак-Булак айылында дин иштерин көзөмөлдөөнү Байбосунов Асанмухаммед аркалап, эл анын ишине ыраазы болчу. Бирок Асанмухаммед молдо муфтият өткөргөн аттестациядан эки жолу өтпөй калган. Анын ордуна Имангазы уулу Исмайыл шайланган. Азыр Исмайыл имамдын ишине калктын нааразычылыгы көбөйүп кеткен. Мисалы, июль айында Ак-Булак айылынын 93 жаштагы Сагызбай аттуу аксакалы каза болуп, анын үй-бүлөсү мал сойбостон, сөөктү 7 сааттын ичинде жерге жашырышкан. Ошондон улам айыл элинин маркумдун балдарына, айылдык имамга болгон нааразычылыгы күчөгөн. Айыл тургундары “Исмайыл молдо кыргыздын каада-салтын бузуп, сөөк жашырууда салтыбызды колдонтпой, деги эле жашоодо жаштарды туура эмес тарбиялап жатат” деген ойлорун айтышат.
Жуман Алдакеев, аксакал: “Мен Куранды которгон кишимин. Сөөктү, негизи, жерге 6 саатта коюш керек. Бирок узун чапан кийип, сакал өстүрүп, өспүрүм кыздарга жоолук салып, бети-башын орогон туура эмес”,- дейт. Ал эми Динар аттуу айым: “Ата-энени сыйлоо акыркы сапарга узатууда да билинет. Жоктоп ыйлап, сөзсүз мал союп, өлүккө келген куда-сөөккө жакшылап тамак берүү шарт. Молдокелер болсо “өлүктө ыйлаба” дешет”,- деп күйүп-бышты.
Ал эми дүйнө салган Сагызбай аксакалдын уулу Акматов Мухаммед: “Атам "көзүм жумулса, сөөгүмдү эртерээк жерге койгула" деген керээзин айткан. Биз, туугандары, анын керээзин аткардык”,- деген оюн билдирет.
Чогулуштун катышуучулары Ак-Суу районунун имамын сүйлөтпөй, “ток этер жерин айт, сени укпайбыз” дешти. Ал эми облус казысы башта түшүндүрүүгө аракетин кылса, акырында “өзүңөр билгиле” дегенге аргасыз болду.
Элдин талап кылганы: айылдын имамдыгына мурдагы Асанкары молдону кайрадан бекитип берүү, намаз окуган айылдыктар сакал-мурутун алып, узун чапанын чечип, жөнөкөй адамдардай жүрүүсү, мектепке окуучулар жоолуксуз келүүсү болду.
Ысык-Көл облусунун казысы Сагындыков Алмазды кепке тарттык:
– “Бүгүнкү имам, дааватчылар кыргыздын каада-салтын бузуп жатышат” дегенге оюңуз...
– Кыргыздын айрым бир каада-салттары динге туура келбесе, аны колдонбошубуз керек. Дааватчылар өздөрүнө берилген көрсөтмөлөр менен чектелиши зарыл. Салт өзгөрүлүп турат. Ал эми шарият өзгөрбөй турган нерсе экенин эскертким келет.
– Байбосунов Асанмухаммед жумуштан эмнеге кеткен?
– Бир жолу ал молдокенин ичимдик ичип алып мечитте жүргөнүн Ак-Суу районунун имамы көрүп калган экен. Тактоо үчүн ага Куран кармата келгенде Асанмухаммед молдоке аны ыргытып жиберген. Биз, албетте, ыйык Куран китебин кармап сөз берген адамга ишенебиз да.
– Эми айыл имамы ким болот?
– Кимди молдо кылып шайлашат аны айыл эли өздөрү эле чечип жатышат. Бирок мен облус казысы катары ал кишини имам деп эсептебейм.
Акырында чогулушка катышкан жетекчилер калк койгон талап-сунуштарды оң жагына чечүүгө жана көпчүлүктүн суранычы боюнча Ак-Булак айылына мурунку имам Байбосунов Асанмухаммедди бекитип берүүгө сөз беришти.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |