«СУПЕР СУЛУУЛАР» СЫР БӨЛҮШӨТ

№511 17-август-23-август, 2012-ж

«Супер-Инфонун» салтына айланган «Супер сулуу» сынагынын 6-сезону старт алганы жарыялангандан тартып телефондун кулагы тынчыбай келет. «Мен да катышат элем» деген эле кыздар. Сынакты баштаардан алгач биз мурунку жеңүүчүлөр менен маектешип, алардын сынак тууралуу ойлорун уктук.

«СУПЕР СУЛУУ-2007»

АЙГЕРИМ КУБАНЫЧБЕК кызы

– Кепти сулууга көз арткан жигиттерден баштасак...
– Андайлар көп эле болот. Кызыгы, акыркы күндөрү мага казак жигиттери көп сөз айтып калышты. Аларда келбет десең келбет бар, красавчиктер. Бирок мен сырткы келбетке деле көп маани бербейм. Эң негизгиси, жигит ак көңүл болуп, мени сыйлап турса жетиштүү.

– Байкашымча, социалдык түйүндөрдө сага кызыккандар көп экен.
– Эки жыл болду, социалдык түйүндөргө киргениме. Ошондон бери, ишенсеңиз, 75 миңдей досум бар. Почтанын өзүнө эле келген суроо-талаптар 7000ден ашат. Мынча көп суроо-талапты убактым болсо эле кошпосом, дээрлик кошпойм деле.

– Эмнеден улам сага достошууга көп сунуштар түшөт?
– Көбү сүрөттөрүмдөн мени модель же ырчы деп ойлошот экен. Айрымдары "Супер сулуунун" жеңүүчүсү болосуңбу?» деп кызыгып калышат.

– Сулуулар сынагын жеңдиң, өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
– Сулуу дебесем да, жылдыздуу, жагымдуумун. Сыртың жылтырак, ичиң калтырак болгончо, ички дүйнөң менен сырткы келбетиң төп келишип турганы жакшы эмеспи.


«СУПЕР СУЛУУ-2008»

ЧИНАРА КЕРИМКУЛОВА

– «Супер сулуу» сынагынан өзүң үчүн эмне алдың?
– Сынакты мен жашоомдогу чоң сыноо катары кабыл алгам. Сыноону жеңип, сынакты утуп алдым, демек, жашоомдо көп нерселерди жеңдим.

– Малайзиядан тышкары да чет өлкөгө чыгып каласыңбы?
– Ооба, саякаттан рахат алам. Германия, Франция, Италия, Малайзия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдү кезип, жаңы жер, алардын эли, тарыхы менен таанышып жүрөм.

– Байлык сенин жашооңдо кандай ролду ээлейт?
– Биринчи ролду ээлебейт, адамдык сапатка карайм. Байлыктын көп болгону деле жаман. Жигитим деле жөнөкөй бала. Буюрса, жакында экөөбүз баш кошсокпу деген пландарды коюп жатабыз. Эгер байлыкка кызыксам, анда мага сөз айткан бай жигиттердин бирин эле тандамакмын.


«СУПЕР СУЛУУ-2009»

БЕГАЙЫМ АЛИСОПИЕВА

– Бегайым, эмне жаңылыктарың бар?
– Быйыл окуумду аяктап, кызыл диплом алдым. Азыр ар кайсы жакка жумушка чакырып жатышат. Бирок азырынча карьера деген нерсени ойлонбой, жеке жашоомду түптөө менен алекмин.

– Сулуунун бактысына кайсы жигит жазылды экен?
– Менин бактыма чүйлүк жигит жазылган экен. Экөөбүз чогуу окуганбыз. Учурда сот тармагында иштейт. Көпкө сүйлөшүп жүрдүк. Жакында турмуш курганы турабыз.

– Сынактарга дагы катышып калсаң, колдойбу эми?
– Биринчиден, менин статусум азыр башка болуп калды. Сынактарга катышканга деле мурункудай каалоо жок. Азыр жумуштарга келген сунуштарды караштырып жүрөм. Буюрса, турмушка чыгып, жайгашкандан кийин иштейм го.

– "Супер сулуу" аталгандан кийин кандай сезимдер болду?
– Сынак бүткөндө ушундай бир укмуш жеңилдеп калдым дейсиз. Анткени сынак учурунда аябай чымырканып калган элем.

– Сынакка катышкан кыздар кандай сапатка ээ болушу керек?
– Катышкан адам чечкиндүү, ишеними күч болушу кажет. Анан сөзсүз сырткы келбети келишкен, өзүн татыктуу көрсөтүшү абзел.

– Аткарылбаган кыялдарың барбы?
– Кичинемде тарыхый кинолордо роль жараткым келчү. Башкы роль болбосо да, таасир калтыра тургандай болсо...

P.S. "Супер сулуу-2009" сынагынын дагы бир жеңүүчүсү Бакыт кызы Жамиля жана калган жеңүүчүлөр тууралуу кызыктарды кийинки сандан окуй аласыздар.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(27)
20.08.2012. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим кой эми Казак жигиттерден алыс эле бол кыргыз эле жигиттерден тап!
20.08.2012. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мышык сары майга жепей, мурдун чуйруйт дейт. Айгерим кыргыз жигиттеринен артык табыш кыйын, биздин жигиттерди деле чанба
20.08.2012. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Күлкүнү келтирген кыздар экен го ))). 2009-жылдагы кыз гана өз ордун билген кыз экен. Калган экөөнүн өзүлөрүнөн сөзү чоң, күлкү келтирээклик маек куруптур.
20.08.2012. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
da 2009 dun culuucu oz ordun bilgen kyz eken.2 cu aman bolcun
20.08.2012. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ozundu maktagandan olgon4o ka4 deit go jaman kulku keleerlik intervyular eken...
20.08.2012. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер сулуларга кыздардыле тандай бербей балдардыда тантдап корбойбу кызыкттуурак болобу деймда
20.08.2012. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айгеримге Казак жигиттери кызыгып атса ошолор красавчик болсо тийип эле албайбы кыжырга тийип башка улуттун балдарын мактабай озубуздун КЫРГЫЗ балдарына эч кайсы балдар тен келбейт анан болушсун биздин МЫРЗАЛАР!!! Чинара жана Бегайым турмуш жолунарга ийгилик каалайм,бактылуу болгула!
20.08.2012. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегайымдын интеллекти жогору экени билинип турат,азаматсын.Мусулман аялзатына биринчи орунда уй було анан гана карьера болгону жакшы.
20.08.2012. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу Айгерим сен жигитти сыйласан анан сени сыйлаган жигит табылат
21.08.2012. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кыздары баарысы сулуу....
21.08.2012. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
glamur13, Кыргызымдын балдары деле красавчик, бирок кыздар кичине эле келбети келишсе чон суйлоп калышатко озу айрыкча кыргыз балдарына, а болок улуттун балдарына агып калышатко оздорунчо эле
21.08.2012. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим фигуран ниче экенгооо бирок капатан жакпады жылдызын жок экен
21.08.2012. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иши кылып кыздарга бийлик бербесин, берип койушса анан ушинтип казактар менен же тажиктер менен кетишет анан красавчиктер менен
21.08.2012. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегайым жакшынакай экен тиги экооно караганда...
21.08.2012. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
звесданутый маек деп койсо болобу
22.08.2012. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим алдап койдун э? Мен сени жакшы билемго.
22.08.2012. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм кыздар кыздар ар ким ар кандай суйлойт Бемага уй булолук бакыт!
22.08.2012. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен чындыкты жаздым эле эмне очуруп койдунар
эх мейли мейли
22.08.2012. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Abdan suluu , baktyluu kyzdar eken!!! Myndaiga jetken da, jetpegen da bar!!! Kelgilechi kop syn taga berbei, alar uchun kubanyp gana koelu!!! Ak jol jana ak joluk silerge kyrgyzymdyn kymcha bel suluulary!!!!!!!!
24.08.2012. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ciara, Ой Ой ой кандай гана акылдуу соз айтыпсыз ))) мен да кошулам . Бар экенго жакшы туура сын айта турган адам. Башкалардын созу коро албастыктан башка нерсе эмес
22.08.2012. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим жанынан сүрөттөгүдөн алда канча жылдыздуу.
23.08.2012. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан болсо коро албай эле журосунор да.эми не болуптур казак жигити ашык болсо болгондур да сразу эле баса калып шыбап киресинер да
24.08.2012. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
казакстанда кыздар калбай калганбы,кыргыздын кыздарын чекеден алып кетип атышат!
24.08.2012. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коруп эле жатабыз))))))
24.08.2012. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айгеримди кыргыз жигиттери карабай койгон го ыя? Айласы кеткенде казактарга жагалданып калыптыр, "красавица". Кыргызымда жакшы соз бар эмеспи: "оз агасын агалай албаган - озгонукун сагалайт" деген))))))))))
25.08.2012. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Быйыл окуумду
аяктап, кызыл диплом
алдым. Азыр ар кайсы
жакка жумушка
чакырып жатышат.
Бирок азырынча
карьера деген нерсени
ойлонбой, жеке жашоомду түптөө
менен алекмин.
26.08.2012. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boss77, эмне кайталап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо