Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КАРДАР ТАБА АЛБАЙ, НАРИСТЕНИ ЭНЕСИ ӨЗҮ ӨЛТҮРДҮ»

№511 17-август-23-август, 2012-ж

Чет өлкөдө жүргөн кыргыз боордошторубуздун саны эми Кудайга шүгүр эле. Бизге редакцияга келип кеткен Альбина эже мигранттардын тагдыры тууралуу маек куруп берди. Бирок кеп ал эже тууралуу эмес, ал баяндап берген кыргыз кызынын тагдыры тууралуу.

«30 КИШИ БИР БӨЛМӨДӨ БОЛГОНДУКТАН, ЫМЫРКАЙДЫ ЖАКТЫРБАДЫК»
– Мен айта турган окуя 2008-жылы болгон. Ал кезде Москва шаарында иштечүмүн. Үч бөлмөлүү батирде 30дай адам жашачубуз. Бир күнү, жаңы жылга жакын батирдин кожойкеси колунда жаңы төрөлгөн ымыркайы бар бир кызды ээрчитип келди. Баарыбыз таң атпай ишке кетип, кечинде чарчап келебиз. Баланын ыйына ким чыдамак эле? «Бизге балалуу аялды киргизбеңиз» деп ызылдаганыбызга карабай жайгаштырып кетти. Колундагысы болпойгон эркек бала экен. Кичинекей болсо да мойнун буруп эки жакты карап, үн чыгарып, аябай чыйраак бала көрүндү. Келиндин аты Замира, Кара-Кулжа районунан экен (атын чын айттыбы, калп айттыбы, билбейм). Башында аны 2-3 кыз алып келип таштап кетишкен эле. Алар ошол боюнча келишпеди. «Ай, сен кетем деп айтпадың беле?» десем, «кеткенге акчам жок. Күйөөм келиши керек. Дагы бир аз күтө турайынчы» деп башын жерге салат. «Сенин күйөөң жок экени көрүнүп турат. Калп айтпа, бирөөдөн төрөп алдың. Биз акча чогултуп, салып жиберели» деп билетке акча чогулта баштадык. Баласы түнү менен ыйлап тынчтык бербегендиктен, экөөнү ашканага бөлүп койгонбуз. Күндүз го үйдө эч ким жок. Бирок кечинде баары келип тамак жасайт, жуунат, айтор, баласы менен кыйналып кетти. Ошондо биз менен иштеген жубайлар бар эле «балага убал болуп кетти, «отказ» жазып бер. Биз багып алалы» дешкен экен, тиги келин баласынын баасын 150 миң рублга бычыптыр. Тигилер «андай акча бере албайбыз» деп коюшкан го, айтор, айнып калыптыр. Кийин «баласын сатканга башка кардар издеп жатат» деп угуп, андан такыр түңүлүп калдым.

«КОЛУМДАН ТҮШҮП КЕТИП ЧАРЧАП КАЛДЫ»
– Ошол бала каза болгон күн 16-январь болчу. Жакшы санаалаш курбумдун үйүнөн суук кабар келип, акча чогултуп аны автобекеттен узатып келели деп 3-4өөбүз жөнөп кеттик. Аны узатып үйгө келсек, тиги келин ваннада баласын жуунтуп жатыптыр. Бала үн салып жакшынакай эле жүргөндөй туюлган. Негедир ошол саамда балага аябай серп сала караптырмын. Эмнеге анчалык караганымды азыркыга чейин түшүнбөйм. Ошентип жатып калдык. Эртең менен турсак эле «Замиранын баласы чарчап калыптыр» деп ызы-чуу түшүп калышты. Өзү болсо «баланы жуунтуп жатканымда колумдан түшүп кетти» деди. Колунан баланы жулуп алып карасак, башында эч кандай шишик же так жок. Эркектер «кардар таппай койгондон кийин өзү эле муунтуп өлтүрдү. Муну азыр биз өлтүрөбүз, сабап өлтүрөбүз» деп чыгышты. Андан мурунку түнү кыздардан «тиги баласын чоң адамды ургансып түнү менен дүкүлдөтүп уруп чыгат, өлтүрүп койбосун» деп жатышканын уккан элем.

«ЫМЫРКАЙ ҮЧҮН 10 АДАМ ИШИНЕН АЙРЫЛМАК»
– Айлабыз кетти. Милицияга кабар берели десек, ошол жердеги 30 адамдын 10унун документтери талапка жооп бербейт эле. Дароо эле айдап кетишери же депортация кылып жиберери айдан ачык. Чакырбайлы десек, колубузда өлүк бала. Эртең жооп берип калышыбыз мүмкүн. Арабыздагы бирөө чуркап барып мечитке сүйлөшсө, «өлдү деген маалымдама болбосо, мечиттин территориясына көмө албайбыз» дептир. Тиги жансыз баланы ороп, муздаткычтын үстүнө чыгарып койдук. Мен жанымдагы бир кызды ээрчитип алып Кыргызстандын элчилигине бардым. Кечке кезек күтүп отуруп кирип, Алмаз деген жигитке жагдайды түшүндүрүп, «жардам бере аласыңарбы?» десем, «жок, эже, милиция чакыргыла» деп жооп берди. Менин үйдө күтүп отургандарга «милиция чакыргыла деп жатат» дегенимди укканда эле тиги кыз баланы көтөрүп чыгып кеткен экен. Келип эле таппай калдык. Келгенде «токойго алып барып көмдүм» дептир. Кийин «таштандыга ташталган бала үчүн кыргыз кызы кармалды» деп угуп калдым. Ошол иш күнү бүгүнкүгө чейин алкымымда турат.
Бир жолу бир кыргыз жигит мага келди. «Эже, эмнеге кыргыз кыздары тажик, өзбек балдар менен болуп, өздөрүн видеого тарттырганга уруксат беришет? Алар бизге келип, «мына, силердин кыздарыңар укмуш, карагылачы» деп видеолорду таштап кетишет» деп аябай кейиди. Чын эле кыргыз кыздар көбүнчө тажик, өзбектер менен көңүл ачышат. Ал тургай кыргыз кыздарынан турган бордель бар имиш, тажик, өзбектер үчүн. Ал жерге кыргыз жигиттерин киргизишпейт экен. Көрсө, бирде болбосо бирде тааныш-билиши чыгып калат деген коркунучтан улам ушинтишет экен.
Ата-энелер, кызыңардын тагдырына кайдигер карабагылачы, сураныч. Жок дегенде ишенимдүү адамдар менен жөнөтсөңөр, мындай окуялар болбойт беле...

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(47)
20.08.2012. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шаар коргон эчкиден тунул дейин десен, озун кармап жургон кыздар деле бар. Турмуш куноолу баарына. Жакшы заман болгондо Кыргызстандан чыкмак эмес кыздар. Кыздар силерге кайрылаарым: келечегинерди ойлогула. Башка улутту эмне кыласынар? Намыстуу бололучу кыргыздар!
20.08.2012. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен оз козум менен кордум бир кыз жыланачтанып суротко тушуп mail.ru Га киргизип койуптур . Эми ал кыздын суротуно кыргыздар Ар кыл создорду жазып, кемсинтип , согуп , каргап жатышат , мен да кызыгып корсом военный кийген фурашканы карасам Казакстандын кызы экен . Башка суротторун , данныйларын окуп чыксам казак кызы экен , анан билип билбей Эле кыргыздар согуп жатат бизди уят кылдын деп , Биринчи аныктап анан жазышса болмок , андай кыздар жок эмес бар
20.08.2012. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен оз козум менен кордум бир кыз жыланачтанып суротко тушуп mail.ru Га киргизип койуптур . Эми ал кыздын суротуно кыргыздар Ар кыл создорду жазып, кемсинтип , согуп , каргап жатышат , мен да кызыгып корсом военный кийген фурашканы карасам Казакстандын кызы экен . Башка суротторун , данныйларын окуп чыксам казак кызы экен , анан билип билбей Эле кыргыздар согуп жатат бизди уят кылдын деп , Биринчи аныктап анан жазышса болмок , андай кыздар жок эмес бар
20.08.2012. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар капа болбогула жок емес бар жакшы кыздарда бар жамандарда бар бирок чындап еле россияда жургон кыздардын кобу бузулуп болок улуттун балдары мн журуп жаттыжат жаман соз жазып жакшы кыздардын намысына тийгенден корком бирок бур корунуш ото еле кобойуп бара жатат менда коруп калдым чын бирок екоо баш кошкон екен озбек мн кыргыз кыз аларго макул бирок жамандарында кордум кафе лерге алып барса еле суйунуп меее деп бере калганын ынсап ыйман берсин ошолорго
21.08.2012. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toboo... Bul ene emes ele eki buttuu mesi 4irigen janybar go))
21.08.2012. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин бир жакын адамыма бала керек ошентип багары жок бала болсо алмакпыз
21.08.2012. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол кыздардын аты ким,кайсы жерлик экенин айтса болмок.Ошол кыздардын айынан жакшы жургон кыздарга соз тийип жатат.
21.08.2012. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biroogo zar biroogo kor zaman....
21.08.2012. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа бироого зар бироого кор бала...Кудайым жазалайт эгер апасы куноолу болсо
21.08.2012. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр эми муну окуп кыргыз эли москвадагы баардык аялдарды жек коруп калышат.жаман жургон кыздар жок эмес бар бирок баары эле эмес да.тыкылдап атам апам учун деп иштеп жургон кыздарды коросун.мисалы биздин квартирадагы кыздардын жаман жолдо жургонунькорбодум.былтыр бир квартирада жашадым.тообо ал жерде эже синди азерлер менен жашап алышкан.бир татына сулуу кыздар.беш кол тен эмес да.
21.08.2012. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
150 000 рубль деп кыйын болбойле, канча акча болсо ошону алып баласын берип эле койсо болмок, мына эми оз баласын олтургон учун турмодо отурат
21.08.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башка олкодо жургон кыздар озун кармап иштеш учун баргандан кийин ак мээнет менен акча таппайбы ар нерсеге азгырылбай? Кыздын озунон болот бузулам деген кыз ишеничтуу колдо журсо да бузулат. Иштейм деген кыз жалгыз башкалардын арасында журсо да озуно тын болот! Тиги кыз баланы бага албаса жон эле берип койбойбу баланын убалына калбай эми омур бою азабын тартат. Барыбир олтуруп коюптурго андан коро башка балага зар кыргыз инсан багып алса мындай куноону мойнуна албайт болчу. Акмак экен уят кылган
21.08.2012. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым баарына ыйман берсин .
22.08.2012. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul okuyani aytio bergen ejege da tan kalam.bir jaktan tuura desem kobun4o kowulbaym.antkeni 1) biroonun ayibin jabuu sizdi soopko kaltirat,uwuga da toluk iwenim sizdin da mindan beter ayiptariniz bardir.2) owon4oluk bul kizga keyiptirsin balasi menen jalgiz bolup koyboy senda karalawpayt belen tagdirina boorun oorusa sende da enelik sezim bar bolso? 3)ozu aytip atat bir jandin olumun holodilniktin muzdatki4ina salip koyduk dep bul tuura bi? logi4na oylop korson jolu tabilaar ele komgondun?
22.08.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al jakta jawagan 30 adamdin biroondo da iyman bolbogondugu korunup turat.ankteni baari ele ozun oylop men ele jawayin ama tiybegen oguz min jawasin degen mamile.10 kişini 1 saatka bawka jerge alip bara tursa bolot ele militziya kelip ketkenge.bul jerde kizge sözüm jok e4 nerse dey albaym. al bir kata kilsa 30 kişi min kata kiliptir.bul jaka kelip aytip berip atkani menen ozunun ayibin aytip atkani menen iwi jok.
22.08.2012. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
таза кызды тапкысы келгендерге кенеш: Биринчи озунор тазалансанар анан таза кыздар табылат! Болбосо эшегине жараша тушагы болот.
22.08.2012. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurstan1980, эн туура айтасыз, созунузго 100пайыз кошулам
23.08.2012. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын кыргызымдын кыздары,жигиттери Кыргыз элинин келечегин ойлосонор боло акча деп чет мамлекетке кетип жатасынар маакул жан багыш керек уй булоо багыш керек,бирок андай ыпылас жол менен арам акча менен эмес адал иш менен кылса болбойбу?акыры тигил дуйного эч кандай байлык бийлиги жок жыланач кепинге оролуп кетерибизди унутпайлы!!!!
23.08.2012. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кол тен эмес. Жакшысы да,жаманы да бар.Ыйман берсин кыргызымдын кыздарына.
24.08.2012. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Amangeldi, Эркектерине да ыйман берип аялдарын карындаштарын кыздарын талаага чыгарбай багышсын
24.08.2012. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы элде жудоо корсон зайыпты,ошол элдин эркегине кой айыпты!!!!
24.08.2012. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sanka,kurstan 1980........я с вами полностью согласно......... Кээбир адамдар тушунуп тушунбой, оозуна келгенди оттой беришет. Болгондо да оздору кошуп!!!
24.08.2012. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul kommentariyalardy okup arkim arkandai oiun bildiriptir.4ynygyna kelsek bul ejeni sozdoru 4yndyk bolup jatkan nerseler.bizdin kyzdardyn kobusu ushundai ozbek.tajikter menen jurot konul a4yp korup ele jurobuz sebebi ozbek tajikter soldurop jurot ak4a jakshi tabat anan bizdin aialdardyn aitkanyn alip berip aitkanyn kylgany u4un jurotta a nege kyrgyz jigitteri menen jurboit desen bizdikiler konul burbait artynan 4urkabait (baary emes) no emne bolso da kyzdarybyzga iyman bersin baldarga dagy!
24.08.2012. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйман ынсап орнотсун жараткан ар бир пендесине и акыл берсин. Окунучтуу экен аябай, окуп алып жаман абалда болуп жатам наристеде эмне куноо. Урматту кыргызым таза ак жолго карай багыт алалычы, убактылуу кызыгууга алданбай
25.08.2012. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzdardyn buzuluwuna saman, turmuw kunooluu emes, Mamleket baw4ylary kunooluu, Adamdyk sapatybyzdan ketip peil buzuldu. Birok ak4a tabam degen adam ui jyinasa da ak4a taap karajanyn bagat sossuzturdo buzuluuga baruu emes, Birok tommdogu kyz aldanyp kalgan. ERKEKTER suton ak abadan taza bolup 4yga kelgeninerdi toktotkula4y Tajik, ozbegi jok bizdin ele kyrgyzdar dalaidy kylyp atpaiby, jardam berip korgoiun degendin orduna ozuloru da kumar alyp juruwot,ERKEKTER KA4AN ERKEK BOLOSUNAR?EL JERDI KORGOP
25.08.2012. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tajikterden jok degende ak4a alat, S.x, kalp bolso da az-maz belek alat, a kyrgyzdardan e4 nerse jok, uwak degenden bawka, kyiyn bolup sabapawyp,elge wermende kylyp, ary joktor koldorunan "K" kelbeit desem ardanaar bekensiner jigitter!!!
26.08.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар ким озуно инсап берсин!
28.08.2012. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиден ушул маек курган Альбина эже,..ошол квартирага 30ун баткан ошол бир кичинекей наристе батпай калдыбы,бала деген бала да,же сиз кичиненизде ыйлабай эле ушул бойдон торолуп калдынызбы,..ошол келин мейли ката кетириптир,ошону кагып силкибей батырып койсонор балким ушул окуя болбойт беле..
28.08.2012. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчиден ушундай иш болуп жатканына Кыргызстандын мен эркекмин деп шым кийип жургон эркектери биз куноолубуз..."карабасан катын кетет"деген соз бар...эгер биз тын болсок,эгер биз кыйын болсок,эгер биз намыской болсок,биздин кыз келиндер ушундай жолго барбайт беле...менин Москвада жургонумо коп болду СНГдан эн коп жаш кыз келиндер бул кыргыздар...окууну окуп бутпой туруп келишет,эне суту оозунан кете элек келишет..
31.08.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адамдын алган тарбиясынан,дээринен болушу керек.Кудайым баарыбызды ыймандан айрыбасын.
31.08.2012. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура емес кылыптыр кыз шайтан айдаган ал кызды
03.09.2012. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik_aida - узак убакытка банга!
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо