Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТААНЫШУУ ЖАНА ТААНЫШТЫРУУ АДЕБИ

№511 17-23-август, 2012-ж

Жашоодо бардык нерсенин өз адеби, эрежеси бар. Ошол эрежелерди жакшы билип, сактаган адамга бир топ жеңил болот. Мисалы, сизге адамдарды бири-бири менен тааныштыруунун эч кандай кыйынчылыгы жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок мунун да өз адеби бар.

  • Сизди бирөө тааныштырып жатканда уялып-кысынбаңыз. Таанышып жаткан адамыңыздын көзүнө тике карап учурашып, кол алышыңыздар. Эгерде колуңуз бош болбосо, жөн гана баш ийкеп койсоңуз болот.
  • Тааныштырууда жашы кичүү адамды улууга тааныштырат.
  • Коомдук этикетте эркекти аялга тааныштырыш керек болсо, ишкер этикетте бул мааниге ээ эмес. Ишкер этикетте катардагы кызматкерди жетекчиге тааныштырышат.
  • Үй-бүлө мүчөлөрүн жөн гана «менин уулум», «менин келинчегим» деп тааныштыруу талапка ылайык. Ата-энени тааныштырууда да ушул эле эреже сакталат.
  • Ал эми конокто кеч келгенди эрте келгенге тааныштыруу эрежеси бар. Чогулуп отурган компанияга бир жаңы адам кошулса, анын атын баарына угуза катуу айтып коюу жетиштүү. Отургандар ага кол берип, өз аттарын өздөрү айтышат.
  • Үй кожойкеси келген коноктун жынысына жана жаш курагына карабай алдынан тосуп алуусу керек. Эгерде чакырылган коноктор орду-ордуна отуруп, кече башталып калгандан кийин келсе, кожоюн аны отургандарга жалпы эле тааныштырып, бош орунга отургузуп коёт. Кечиккен адам кийин жанындагылар менен өзү таанышып алат.
  • Коомдук унаада таа­ны­шы­ңыз менен барат­каны­ңызда аялдамадан дагы башка таанышыңыз унаага түшүп калды. Мындай учурда аларды тааныштыруунун кажети жок. Эгерде сүйлөшө турган сөзүңүздөр жалпы болсо, анда тааныштырууну унутпаңыз.
  • Эгер үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири жумуш ордуңузга барып калса, аны кесиптештериңиз менен тааныштыруунун зарылчылыгы жок. Айрыкча кесиптештериңиз менен кызматтык мамиледе гана болсоңуз.
  • Эркекти башкалар менен тааныштырып жатканда ал ордунан туруп турууга милдеттүү. Ал эми аял аны өзүнөн бир топ улуу, даражалуу адамдар менен тааныштырып жатканда гана турса болот.

kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(5)
20.08.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш рахмат.
21.08.2012. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат! Ушундай этикет боюнча кобурок жазылса кандай жакшы болмок.
26.08.2012. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоодогу эн манилуу кенештер го. баары танышуудан башталат да)
30.08.2012. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат жакшы кенеш экен
15.09.2012. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат. Сонун кенеш.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо