№511 17-август-23-август, 2012-ж
Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу милиция кызматкерлери баласын бейкүнөө сабап, 11 миң доллар акчасын тартып алганын айтып чыкты.
«АТА, СИЗГЕ АЙТПАЙЫН ДЕГЕМ, БОЛБОДУ»
«Уулум үй-бүлөсүн Ошко таксиге салып жиберип, өзү кайтып келатканда машинасы бузулуп калат. Уста чакырып, күтүп турса, жанына милициянын машинасы келип токтоп, орган кызматкерлери документ сурашыптыр. Документин көрсөтсө, «бул фальшивка!» деп колун кишендеп коюшат. Унааны тинтишкенинен «акыңар жок» десе, каткырып күлүп, «именно» ушундай машина издөөдө эле, акыбыз бар!» дептир. Анан уулумду участкага алып келип, башына пакет кийгизип сабап, кыйнашыптыр. Уулум «ата, сизге айтпайын дедим эле, бирок мыйзамдуу чечкенге болбой жатат» деп телефон чалды»,- дейт эл өкүлү.
МИЛИЦИЯ БАШКАЧА СҮЙЛӨЙТ
Окуяга катышкан опертоптун өкүлү Каныбек Эгамбердиев таптакыр башка версияны айтууда. 11инен 12-августка караган түнү унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшүп, издөөгө чыгышат. Кызыл-Кыяда айнектери караңгылатылган Мерседести шектүү деп текшермекчи болушат. Унаадан бир эркек чыгып, унааны эмненин негизинде карап жатышканын түшүндүрүүнү талап кылат. Милиция кызматкерлери документтерин көрсөткөндө депутаттын уулу алардын бирин уруп жиберет. Ушундан кийин аны кишендеп, участкалык бөлүмгө алпарышат. Бул адам Баткен облустук прокуратурасынын кызматкери Каныбек Бакиров экени аныкталат. Унаадан эч кандай 11 миң доллар акча тонолбогондугун айтат милиция өкүлү.
Окуяга байланыштуу биз Турсунбай Бакир уулун кыскача кепке тарттык.
– Турсунбай мырза, уулуңуздун бейкүнөө жабыр тартканын айттыңыз. ИИМ «чатакты депутаттын уулу баштаган» дейт. Депутаттык ишмердигиңизге байланыштуу атайын буюртма болушу мүмкүнбү?
– Чатакты уулум баштап, аларга кол көтөрдү деген жалган. Биринчиден, уулум арык жигит. Мектепте окуп жүргөндө автоунаанын астында калып, спорт менен да машыккан жок. Колу кишенделүү болсо, төрт автоматчан милицияга күчү кантип жетсин?! Экинчиден, наркологиялык экспертизага бир эмес, эки жолу алып барышса, врачтар «канында спирт ичимдиги, наркотикалык зат жок» деп корутунду чыгарыптыр. Үчүнчүдөн, Баткендин калкы аз, уулумду, анын унаасын баары эле тааныйт. Милициянын «сени тааныбаппыз, ушундай унаа издөөдө эле» дегени – жомок!
Мен бул окуяны өкмөттү отставкага кетсин деген кагазга кол койгонум, ИИМди катуу сындаганым менен байланыштырып жаткам. Бирок Кадамжай районунун тургуну Юлдашев Камалидиндин мага жөнөткөн СМСи баарын өз ордуна койду!
Ал «ажы аке, былтыр Кызыл-Кыя милициялары аялымды зордуктап, балдарымды токмоктоп, кылмыш ишин козгоп мени абдан кыйнашты. Сизге да кайрылгам, колдоочулары күчтүү экен, депутаттык катыңыздан кийин деле бул ишти басып коюшту» дейт. Милициялардын аты-жөнүн сурасам, ошол эле уулум келтирген фамилиялар жүрөт. Тобо, эркек болушса уулумдан өч албай, менден алышпайбы?!
– «Жанындагы 11 миң доллар акчасын тартып алышыптыр» деп жатасыз, бул эмне болгон акча экен?
– Окуядан 4-5 күн мурда «ата, Бишкекте Мерстердин баасы канча болуп жатыптыр, билип бериңизчи?» деп сураган. Баасын айтсам, «жок, өзүбүздө түзүгүрөөк экен, кардар чыгып жатат, сатам» деген болчу. Мүмкүн, ошол акчадыр...
Автандил Добулбеков
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
1 | 2 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |